"Күн каарына алаарда,
аптаптуу жайда кыш болот"
"Ысык-Көл" биосфералык аймагынын башкы директорунун орун басары, доцент Эраалы Барыктабасовдун тастыктоосуна караганда, илимий-техниканын өсүп-өнүгүшү айлана-чөйрөнүн булганышына коркунуч келтирбей койбойт. Демек, экология жаатындагы көйгөйлүү маселе нечен жылдарды кучагына алып, кылымдарды карытып келгендиги талашсыз чындык. "Дегинкиси, жаратылыш байлыктарын коргоо, айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо ар бир атуулдун ыйык милдети болууга тийиш.

Тескерисинче, адеп-ахлактуулуктун жоголушунун, ыйманыбызга камчы чабуунун, мыйзамдарга баш ийбей ар ким өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деген өңдүү кайдыгерлигибиздин, таш боордугубуздун кесепети экологиянын бузулушуна алып келээрин эмнегедир элес албайбыз. Ошондуктан, табият таш боордугуна салса анын каары катуу болоорун эске ала жүргөнүбүз",-мына ушундайча ой бөлүшкөн эколог-адисти кепке тарттык.

- Кандайча айлана-чөйрөнү коргоо тармагына өтүп, экология боюнча мыкты адистердин катарына кошулуп жүрөсүз? Эмне себептен окутуучулук ардактуу ишиңизден баш тарттыңыз?
- Токсонунчу жылдары Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтка КПСС БКнын атайын тапшырмасы менен чоң комиссия келди. Комиссия мүчөлөрүнө бул окуу жайын жоюу зарыл, демек, ийгиликтерге караганда кемчиликтерди көбүрөөк казыш керек деген катуу талап коюлуптур. Ошондо эле, айрымдарыбыз бул туура эмес саясат деп ич ара оюбузду айтканбыз, бирок биздин үнүбүздү ким укмак эле. Коммунисттик партиянын идеологиясына, жүргүзгөн саясатына эр болсоң каршы чыгып көр. Тилекке жараша, институт жоюлган жок, бирок кадрларды Россиядан алып келүү идеясы жаралып, бул сунуштар толугу менен ишке ашты. Россиялык окумуштуу-окутуучуларга биз эч качан көрбөгөн шарттар түзүлүп берилди. Алды төрт, арты эки бөлмөлүү үйгө ээ болушту. Көчүп келген жол кирелери башка ыгым-чыгымдары толугу менен төлөндү. Институттун жетекчилигине каршы пикирибизди билдирип, айрым учурларда кемчиликтерин жашырбай бетине айткан, мага окшогон бир топ окутуучулар ар түрдүү шылтоолор менен иштен кетүүгө аргасыз болдук.
Россиянын ар кайсы жогорку окуу жайларынан сүрүлүп, акыры Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон "мыкты делген кадрлар" 2-3 жылдан кийин кайра кетип калышты. Керек учурда бизди барктап-баалай албаган учкан уябызга кайра келүүдөн биз да баш тарттык. Сөздүн кыскасы, кадрлар талкаланды. Шагым сынып, көңүлүм бөксөрүп жүргөн кезимде, республикалык жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында экологиялык эсептөө маалыматтык борборунун жер-жерлерде бөлүмү ачылып калды. Бул борбордун областта ачылышына маркум Жумгалбек Аманбаевдин эмгеги чоң экендигин эскере кетейин.
Экологиялык эсептөө маалыматтык борборунун областтагы бөлүмүнүн директору бир кезде Пржевальск педагогикалык инститтун ректору болуп иштеген Б.Касымалиев экен. Ошол киши мени жумушка алды. Кийин ал кишинин ордуна мен директор болуп калдым. Ошол учурда, экологиялык паспорттоштуруу кызуу жүрүп жаткан кез эле. Тилекке каршы, бул иш аягына толук чыкпай калды. Экологиялык паспорттоштуруу туура саясат болчу, анткени областтык, райондук, шаардык мекеме, уюмдар менен бирдикте суунун, абанын булганышы боюнча так маалыматтар алынып, ар бир мекеме канча таштанды чыгарат, бул тууралуу да иликтөөлөр жүргүзүлчү. Эколог-адистер өз кесиптерине байланыштуу тапшырмаларды так аткарышкандары менен эсептөөгө келгенде чабал болушаарын өздөрү жашырчу эмес. Мына ушундай иштерге математик катары менин пайдам көп тийди. Ошентип, "Бала сооротуп, Манасчы болуптур" дегендей, ойдо жок жерден эколог-адистердин катарына келип кошулдум.

- Эраалы Жаркынбаевич, "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын келечеги барбы? Экологиялык посттордон түшкөн акча каражаттары кайда жумшалат?
- "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын келечеги, алдыдагы ой-максаттар, аткарыла турган иш-аракеттер тууралу жетекчилик тарабынан демилге көтөрүлүп уюштурулган ар бир семинарда кенен-кесири маалымат берүүгө аракеттенип жүрөм.
"Ысык-Көл" биосфералык аймак ачылаардан мурда эле өндүрүш менен жаратылыштын ортосундагы мамилелерди тактоо максатында Россияда, Украинада аймактык бирдиктүү схема иштелип чыккан болчу. Мына ушул маалымат менен кабардар болгондон кийин, биз дагы дал ушундай аймактык бирдиктүү схеманы иштеп чыгууну пландаштырганбыз. Бул ой-максаттарыбызды ишке ашырууга Жолоочу Турдубаев, маркум Абыл Карымшаков түрткү беришип, акчалай да колдоо көрсөтүшкөн. Демек, мурдатан эле бышып жетилген ойлорубузга аталган аймактын ачылышы ого бетер дем берди десек болот.
Биосфералык аймактын негизги максатына кыскача токтоло кетейин. Башкы максатыбыздын жана аткара турган ишибиздин өзөгүн табигый жаратылыш байлыктарын, маданий мурастарды сактоо түзөт. Мындан тышкары, экологиялык шарттарды, талаптарды эске алуу аркылуу жерди иштетүүнү экологиялык багытта пландаштыруунун алкагында областтын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө туруктуу колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ошондой эле, узак мөөнөттүү экологиялык көзөмөл жүргүзүү, мониторинг жана экологиялык изилдөө, калкка экологиялык билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү иштерин жүзөгө ашыруу максаттарыбыз бар.
Албетте, биосфералык аймактын келечеги жок деп айтуу негизсиз. Кыргызстандын жаратылыш байлыктарына кимдер гана кызыкпайт, кимдер гана көз артпайт. Америкалык бир журналисттин: "Мени Кыргызстанга, айрыкча Ысык-Көлгө чыгармачылык командировкага жиберсе жан деп бараар элем. Асман түстүү көпкөк көлдүн жээгинде жатып, бой тиреген аска-зоолордогу ак мөңгүлөргө көз чаптыруудан кандай ыракат алаар элем" деген пикирин укканым бар. Альпы тоолорун мактап жүрүшөт. Альпы тоолорун көргөм, бирок ал тоолордогу жасалма көрүнүштөргө көз жүгүртүп, биздин Ала-Тообузга эч нерсе жетпейт тура деген ойго келгем. Дүйнөнүн көптөгөн, анын ичинде Европа өлкөлөрүндөгү экологиялык кыйроолорду окуп, угуп да, көрүп да жатпайбызбы. Жасалма жаратылыш парктарында сейил курган чет өлкөлүк туристтер Кыргызстандын ажайып жаратылышына суктанышып, ачык асман алдында, таш жазданып уктаганды самап келишээрин азыр кимдер гана билбейт. Таза абадан дем алып, мөлтүр тунук булактан суу ичкенге не жетсин. Бирок, биз ушул ажайып жаратылышыбыздын баркы-баасын сезебизби?! Кептин баары ушунда. Областтын жетекчилери "биз Эңилчек, Ак-Шыйрак, Хан-Теңири ж.б. ыйык аймактарыбызды сактап калдык, жер байлыгы, эл байлыгы",-деп кийинки муундарга мактана тургандай иштешсе гана алардын эл арасындагы кадыр-баркы көтөрүлбөй койбойт. Тилекке каршы, "айтууга болбой турат" деп илгери бирөө арман кылгандай тилибизди тишибизге катып үн катпаганга көнүп баратпайбызбы.
Биосфералык аймактын уюштурулушу менен Кыргызстандын табигый ресурстарын сактап кала алаарыбызды далилдөөгө жол ачылды деп айтсам эч жаңылышпайм. Анткени Кыргызстан агрардык мамлекеттердин катарына кирет. Республикада ири өнөр жай курулуштары, атап айтканда өндүрүш жокко эсе. Ошондуктан, тоо-токойлорубузду көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек.
Бул биосфералык аймактын ачылышына түздөн-түз болбосо да, кандайдыр бир деңгээлде менин да үлүшүм бар деп ойлойм. Көрүнүктүү окумуштуулардын катышуусу менен өткөн конференцияга катышып, доклад жасагам. Мен тараптан козголгон сунуштардын дээрлик көпчүлүгү колдоого ээ болгон эле. Нобель сыйлыгынын ээси, дүйнөгө таанымал окумуштуу М.Зуков Кыргызстандын табигый ресурстарына суктанып, "немецтердин акчасы бар, каржылык колдоо көрсөтөлү, биосфералык аймак ачалы",-мына ушундай сунуш киргизип, ал толугу менен колдоого алынгандыгын эскерте кетейин. Ошентип, Бириккен Улуттар Уюмунун таануусуна ээ болуп, ЮНЕСКОнун атайын каттоосунан өткөн "Ысык-Көл" биосфералык аймагы 2000-жылдан бери өз иш-аракеттерин жүргүзүүдө.
Экопосттордон түшкөн акча каражаттары областтын санитардык тазалоо иштери, аталган аймактын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, биотехникалык иш-чараларды ишке ашыруу, биосфералык аймактын башкы дирекциясынын эмгек жамаатынын айлык акылары ж.б.жумшалат. Быйыл 12 млн. сомдон ашуун акча каражаты түштү.

- Областтын аймагына таруу айдап, топоз багуу керек деген сунуш киргизип жүрдүңүз эле. Эмнегедир ал демилгеге дем бергендер болгон жок окшойт.
- Байыртадан бери эле көчмөндүү кыргыз эли таруудан гүл азык жасашкан. Бир куржун гүл азык бир жоокердин жылдык тамак-ашына жетээри кийинки муундар үчүн жомок катары сезилээр. Таруунун ден соолук үчүн пайдасы көп. Бир баш үрөндөн миң баш дан өнүп чыккан өсүмдүк жок болсо керек. Таруудан кайнатылган бозону ичкен, таруудан демделген палоону жеген адам анын даамын көпкө чейин унутпайт. Ал эми апрель, май айларында гана киши колун караган топоз өстүрүүнүн зарылчылыгы тууралу жеке мен эле эмес, тиешелүү адистер да маселе көтөрүшүүдө. Тоң районундагы "Айкол" өндүрүштүк кооперативинин төрагасы Замир Мукашевдин ишмердүүлүгүн мисал катары айтсак болот.

- Ысык-Көлдүн келечегин туризмди өнүктүрүү аркылуу көрүүгө болобу?
- Туризмди эл аралык деңгээлдин талаптарына ылайык көтөрүү керек, чет өлкөлүк туристтерден түшкөн каражат аркылуу элдин социалдык жашоо-турмушун жакшыртуу зарыл,-мына ушундай бийик ополдогу сөздөргө албетте ишенүү керек. Бирок, таяктын эки учу бар дегендей, чет өлкөлүк туристтердин агылып келишинин да тескери жактары болбой койбойт. Жайкы эс алуу мезгилинин учурунда, же эс алуу мөөнөтү аяктаган кезде касиеттүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде эмнелер гана калбайт, үйүлгөн таштандыларды шимшилеген жолбун иттерди көрүп эле жүрбөйбүзбү. Итин да, битин да көлгө түшүргөн эс алуучулар жок деп ким кепил боло алат. Мына ошондон улам, Ысык-Көлдүн келечегин туризмди өнүктүрүү аркылуу гана көрүүгө болот деген пикирлерге эколог-адис катары кайчы ойдомун. Ысык-Көлүбүздүн ыйыктыгына доо кетирбесек дегим келет.
Ысык-Көлдүн ажайып жаратылыш байлыктарын сактоого тийишпиз. Табиятка таш боордук менен кароонун арты жакшылык менен бүтпөйт. "Күн каарына алаарда, аптаптуу жайда кыш болот",-деген даанышман-ойчулдардын накыл-кеби төгүн жерден айтылган эмес.

- Көркөм адабиятка, элдик оозеки
чыгармачылыкка да кызыкканыңызды баамдоого болот. Ар бир сөзүңүздү макал-ылакаптар менен бекемдеп, айтайын деген оюңузду байлап турасыз. Жайсаң ырчы жөнүндө айткандарыңызды угуп жүрөбүз. Билүү чөйрөңүздү ар тараптуу өстүрүүгө кантип убакыт табасыз?
- Кийинки кездери, мектеп окуучуларынан тартып, белгилүү инсандарга чейин эле "убактым жок" деп айтууну адатка айландырып алышты көрүнөт. Убакытты кантип үнөмдөөгө болбосун, болот. Окуйм, керектүү маалыматтарды көңүлүмө түйүп алам. Жайсаң ырчы тууралу көптөр билишпейт экен. "Манас" эпосунун өзөгү Жайсаң ырчыдан башталат. Манас бабабыздан бери эле кыргыз элине мүнөздүү келген көрө албастык, ичи тардык келе жатат. Ырамандын ырчы уулу Жайсаңга уу берип өлтүрүп, ал күнөөсүн жаап-жашырыш үчүн Жайсаңдын жансыз денесине кара чаар жыланды сойлотуп жиберген. Аян аркылуу жазылган "Жайсаң" аттуу китептин бир гана бөлүгүн окудум. Абдан кызыктуу экен, анда башка манасчылардан айырмаланып, окуялар көбүртүлүп-жабыртылып сүрөттөлбөйт, гиперболалык салыштыруулар дээрлик жокко эсе.

Шейшекан Жаналиева, Ысык-Көл