Таштанбек Акматов:
"Адамдардан алыстап табият менен бирге болгум келди"
Союз учурунда Кыргызстандын кой чарбасынын өнүгүшүнө зор салымын кошуп, андан соң Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун председателине чейин көтөрүлгөн Таштанбек Акматовдун учурда кайда жана эмне менен алектенип жаткандыгы тууралуу кызыгып сөзгө тарттык.

- Сизди көп жылдан бери элден алыс жерде деп угабыз, ага эмне себеп болду?
- Жаш кезиңден эл менен аралашып эмгектенип, кызматтарда жүрүп, анан ошонун баарынан калып калгандан кийин адам өзгөчө бир оор учурга туш болот экен. Мен ошол себептүү адамдардан алыс, табият менен бирге болоюн деп "Сырт" жайлоосуна кетип калдым. Адам деле жаш курагына карабастан мен ушуну жасай алам, менин колумдан келет деп өзүн ишендирсе, бардык нерсени ишке ашырууга болот экен, мен башынан өзүмдө калыптанып калган туруктуулук, чыдамдуулукту колдонууга аракет жасадым. Экинчи жагы, эл арасында сөз болуп келгендей, кыргыздын аксакалы болуп туруп, эл ушундай бир кыйын акыбалда турганда акыл-кеңешин айтпай кетип калды, эгер биз жасасак башкача болот эле деген күбүр-шыбыр сөздөрдөн, андай топтордон алыстагым келди. Биз өзүбүз бийик абада, эркин абада жашаганга ылайыкталып калыптырбыз. Адам өзү эркиндик деген сөздү толук түшүнбөйт экенбиз, ал эми чын эле ошондой жагдайга туш болгондо, аны туш тарабынан кыйынчылыктар курчап кысып келгенде гана "чын эле мен эркин эмес экенмин" деп эркиндиктин баркын билет экен.
- Ал жерде мал багуу менен алектенсеңиз керек?
- Азыр эми мурдагыдай колхоз-совхоздор жок болгондуктан, бала-чакам менен топоз жана жылкы багып өзүмдүн чарбамды өнүктүрүп жатам. Кыргызда жылкынын ар кандай түрү, жерге ыңгайлаштырылгандары бар. Андай таза кандуу жылкы тукуму бийикте жүрө албайт, ошондуктан бийик тоого жүрө алган, суукка чыдамдуу, карды тээп оттой алган кыргыздын жөнөкөй жылкысын өстүрөбүз. Ал калың жааган карга туруштук бере алат. Азыр кудайга шүгүр, караанданып келе жатат. "Сырт" жайлоосунун шарты катаал, кышы суук. Андыктан ал жерге топоз да ылайыктуу болгондуктан топозду да асырап жатабыз. Ал да териси калың, жүндүү болгондуктан суукка чыдамдуу, эти даамдуу, сүтү майлуу келет.
- Кыргызстандагы мал чарбасы тууралуу пикириңиз кандай?
- Кыргыз жери мал киндиктүү деп бекеринен айтылган эмес. Мал багуунун ыңгайын таап эмгектенген фермерлер азыр абдан эле малдуу болуп калды. Малды бага биле албаган, аны көздөй албагандар малды канчалык көп сатып алса деле, баягы колхоздор үлүшкө бөлүштүргөндө көп мал бөлүп алышса да бүгүн эчтекеси жок калышты. Эң негизгиси, мурдатан малга аралашып, малдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, анын эмне жемиш берерин түшүнгөндөр гана бүгүн абдан калың байышты. Демократия деп кыргыз мамлекети өзүнчө бөлүнгөндө, элдин турмушу өтө начарлап жакырданып малы жок калган, бүгүнкү күндө кудайга шүгүр, элдин турмушу оңолуп малдуу-жандуу болуп келе жатышат.

"Кыргызстанда бодо көбөйдү"
- Малды асыроонун тамыры эмнеде жатат?
- Бардык нерсе бири-бири менен байланыштуу, анын сыңарындай малды багуу талаачылыктан түздөн-түз көз каранды. Азыр талаачылыкты бир топ фермерлер өздөштүрө албай жатат. Анын себептери күйүүчү майлардын кымбаттыгы, техниканын жетишсиздиги болууда, анын айынан нечендеген гектар талаалар иштетилбей эле калууда. Кыргыздар бири-бири менен "Ассолому алейкум, мал-жан аманбы" деп учурашат. Мал менен талаа тутумдаш, талаачылыктын жакшы өздөштүрүлбөй жаткандыгы мал чарбасына да таасирин тийгизет. Ал эми жердин, малдын сырын терең түшүнгөндөр абдан эле жакшы өздөштүрүп кетишти. Мен эгер ашыкча кетпесем азыр бир фермерде кичирээк колхоздун малындай малы бар. Ошондуктан, биринчиден, талаачылыкка көңүл буруу керек. Экинчиден, айрымдар малдын өстүрүү ыкмасын түшүнүп жетише албай, ошондон да ортодо арабөк калып жатышат.
- Эл негизинен кандай малды асыроого басым жасап жатышат?
- Бир кезде Кыргызстан боюнча 12 миллион кой бар эле, азыр койдун башы абдан аз, бодо көбөйдү. Бодо мал ошол союз учурундагы бодо малдын санына жетип калды десем жаңылышпайм. Фермер эмес жөнөкөй эле кыштактагылардын малынын башы онго жеткендер бар. Тескери жагы, бир кездегидей биз анын башын көбөйткөнүбүз менен анын продуктуулугу өнүкпөй жатат. Асыл тукум бодо сатып алып, жасалма жол менен уруктандырса асылдуулугу өсөт эле.
- Айтыңызчы, эмне себептен койдун башы өспөй жатат?
- Кыргызда илгери жаман көргөн баласын койчу кылып, жакшы көргөн баласын ушундан бир нерсе чыгат деп койдон жылкыга сүрчү экен. Элде койдун өзүнүн "жакшы адамды орто, орто адамды жаман, ал эми жаман адамды такыр эле жок кылам деген" тилеги бар деп коюшат. Кыргыз бир нерсеге салыштырып айтат, бирок ошол туура келип калат. Ал эми жылкынын тилеги "жаман адамды орто, ортону жакшы кылам" дейт экен. Менин айтайын дегеним, койду бакканга, аны өндүрүүгө кеткен адам күчү кымбатка турат, ошондуктан кой азыраак. Союз урагандан бери жүнү баалуу, асыл тукум койлордон ажырап бүттүк. Азыр ар ким жөндөмүнө, жашаган климатына жараша кой өстүргөнгө аракет жасап жатышат. Мунун жакшы жагы куйруктуу койлор, кууту жакшы, алар эттүү болгону менен кыргыз койдун териси да, жүнү да эчтекеге жарабай жатат. Бир жолу кой баккан жерге барып көрүп калдым, койлорунун баарынын жүнүн кыркып коюптур, бирок ал жүн даакы болуп, ала турган эч нерсеси жок, өрттөп түгөтө албай жатышыптыр. Муну эч бир жерде албайт дагы, кыркпай таштаганда да койго пайдасы жок. Даакы болгон жүн кийиз болуп тытышып эле эчтекеге жарабайт. Мурда союз учурунда мамлекеттин кол күчү көбүрөөк болчу, жасалма уруктандыруу да жакшы жүргүзүлчү. Сакмал убагында болсо жардамчылар келишип ошончо малды аман-эсен төлдөтүп алчубуз. Союз жок болоор алдында 1988-89-жылдары 6 миллондон ашык тубар койдон башына баш төл алганбыз. Азыр болсо 60 койдон башына баш төл ала албайбыз.

"Кыргыз уяң жүндүү койлору эртеңки күндүн келечеги"
- Койдун кайсы түрүн багуу кирешелүү?
- Кайсы мезгил, кайсы жер болбосун дүйнөнүн бардык жеринде жүн баалуу. Шарттын оордугуна, климаттын катаалдыгына карабай фермерлер кайрадан кыргыздын уяң жүндүү коюна келе турган болсок, бул эртеңки күндүн келечеги болмок деп ойлойм. Буга мамлекет өзү да жардам берип колдошу зарыл. Анткени биз өндүргөн жүндү жууй турган жана жип ийрүүчү Токмоктогу чоң фабрикалардан ажырадык. Азыр болсо анча-мынча жугу менен "Илбирс" турат, ал жүндү, жипти кайдан алып жатканы менен менин азырынча кабарым жок. Ошондуктан, эл жалпы ушул багытта аракет кыла турган болсо, жумуш, кийим, тамак-аш менен камсыз болуп, турмушу оңолот эле. Жүндөн жасалган кийимдерди чет элдиктер талап ала тургандай деңгээлге жете турган мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок да, азыр буга көңүл бурулбай бул маселе көмүскөдө калып жатат.
- Уяң жүндүү койлор Кыргызстандын бардык аймактарында багууга ылайыктуубу?
- Кыргыз уяң жүнү, айрыкча Ысык-Көл жана Нарын областарында өстүрүлгөн койдун жүнү дүйнөлүк стандартка жооп берет. Себеби бул аймактарда Чүй өрөөнүндөгүдөй отоо уйгак жок, ал жерде малга азык боло турган таза гана чөптөр бар, жүнгө жабыша турган чаң-чабыр, куурай болбойт. Уяң жана жарым уяң жүндү көбөйтсө кыргыз эли үчүн ушунчалык көп пайда алып келет эле деп чынында кейийм. Кыргыз типтеги койлордун жүнү кылчык, ийиргенге, кийизге жарабайт. Мурда союз учурунда биз койдун арасына бир эчки, кара кой жолотчу эмеспиз. Эгерде жүндүн арасына бир эле кара кыл түшүп кала турган болсо, ал кездеме жараксыз болуп калат. Учурунда Кыргызстандын нооту кездемелери дүйнөнүн көп жеринде бааланчу.
- Жайыттарды караган басып кетти деп жатышат. Сиздин оюңузча бул коркунучтуубу?
- Жаратылыш бекеринен жаралган эмес, бири-бирине жем кылып, бири-бирине шайкеш кылып жараткан. Малдын тоюту да ошондой эле ылайыкташкан. Караган мурда деле өсчү, анда биз төө өстүрчүбүз, аны ошол төө жеп жок кылчу. Эми азыр төө жок, караган уругун таштаган сайын көбөйүп жатканы да ошондон. Мурда койдун саны канчалык көбөйгөн сайын жерде ошончолук ныпым чөп калчу эмес. Биз анда да "мал өлүмү пайда болду, себеби өзүн өзү дарылай турган дары чөптөн ажырап калдык" деп кайгырган болчубуз. Эми азыр, Чүйдөгү колдогу багылган малдан башка жайлоодо багылган малдын эти кадимкидей дары эт болуп калды десем жаңылбаймын. Табигый дары чөптөрдүн бардыгы кайра өсүп жетилди, себеби мал аз болуп калды. Мына биздин тоолордун беттери ченемсиз дары чөптөр. Мен көп эле жерде болдум бетинде бир бетегеси жок тоолорду көрдүм. Кыргыз элинин жүрөгүн тоо менен бирге кылып коюптур. Тоонун бетиндеги дары-дармек чөпкө бай касиетти берип койгон. Биз ошону туура пайдалана албай жатабыз, кесепетибиз ошондо болуп турат. Мисалы, бизде узун чөп койго туура келбейт, узун чөп уйга гана туура келет, жылкыга да туура келбейт. Ал канчалык узун болсо ошончолук анын кубаттуулугу да аз болот. 1 килограмм сулудан 1 тоют бирдигин алган зоотехникалык эреже боюнча (жагымдуу, аш болумдуу керектүү заттар) ал канчалык көп болсо, мал ошончолук бат семирет.

"Жайыттарды дары менен тазалоо өзүбүзгө зыян алып келет"
- Жайыттарды караган тикенектен химиялык жол менен тазалоого кандай карайсыз?
- Мен жайыттарды химиялык жол менен тазалаганга каршымын. Эгерде ошончолук эле жыш болуп кетсе, ошол аймакты күздүн күнү мал көчүп бүткөндөн кийин кургап турган кезинде өрттөп койсо, кийин ал чөп чыкпай калат. Андан кийин ал жерден сонун, татынакай бетеге өсүп чыгат. Химиялык дары отоону жок кылганы менен жер кыртышындагы башка чөптөргө доо кетет, алар да ууланат. Аны мал жейт, малдын эти аркылуу адамга келет. Профессор, доктор Мирзакарим Норбеков менен маектешкенимде ал: "мен кыргыздын алмустактан бери келе жаткан дары чөптөрү менен Чыгышта бир канча ооруларды айыктырууга жетише алдым, ал эми Батыштагылар химиялык дары-дармектер менен бир ооруну дарылайбыз деп экинчисин пайда кылып жатышат" дейт. Анын сыңарындай жайыттарды андай жол менен отоодон арылтуу кайра эле өзүбүзгө зыян алып келет.
- Жайыттарды өздөштүрүү кандай болуп жатат?
- Учурда жайыттар жетиштүү. Азыр мал өскөн сайын жайытты пайдалануу да жакшы өздөштүрүлүүдө. Мал баккандар жайыттын категориясына жараша салык төлөшөт, айрым алыскы участоктордо эле мал азыраак болбосо, азыр жыш тартып жайыттар толуп келе жатат. Элдин абалы тынч болуп, аман-эсен турмушта жашап турса жайытты толук пайдаланууга жакынкы беш жылда жетишип калат. Бирок, айрым адамдар жайытты пайдаланып жатып деле "пайдаланган жокмун" деп акча төлөгөндөн качып жүргөнүн жолуктуруп эле жүрөбүз. Аны көзөмөлдөп, ким каякта, канча малы бар деп эсептегенге айыл өкмөттөрүнүн чама-чаркы жете элек. Жайыт боюнча ушундай кемчиликтер да бар.
- Мал уурулук кедергисин тийгизип жаткандыр?
- Мал ууруларын эл оозунда эки аяктуу карышкыр деп коёт эмеспи. Эл бар жерде андайлар болбой койбойт экен. Адамдын маңдай тери, ак эмгеги менен тапкан малын ушул малым мага буюрса экен, ушундан тапкан кирешеме балдарымды багайын деп жүргөндө малын уурдап кетсе, сай-сөөгү эмес, чучугу да сыздайт да. Ал эмес Кыргызстанды башкарып турган генералдар "карышкыр атам деп топозду атып алдым" деп шылтоолоп топоз уурдап кетип жатышат, анан карапайым эл жөнүндө эмнени айтабыз.
- Мал ылаңына каршы кандай чара көрүп жатасыз?
- Союз учурунда ветеринария деген өзүнчө бир чоң тармак эле. Эгерде бирөө бир жактан оорулуу мал алып келсе, ошол чарбанын жетекчиси, башкы адиси жоопко тартылчу. Азыр болсо базарларда көзөмөл жок, тазасы да, оорусу да аралашып эле сатылып жатат. Базардан алынып келинген мал текшерилбей эле жайлоодогу малга кошулуп кетет. Бул зээнди кейите турган көрүнүш болууда. Мисалы, бир эле түндө Оштон мал келет, кайра эле ал жакка бул жактан кетет, ошентип мал аралашууда. Ошондуктан буга өкмөттүк деңгээлде чара көрбөсө, бул жалпы эле журттун келечегине кедергисин тийгизет. Мисалы, бир бруцеллёз болгон уйдун сүтүн канча киши ичсе ошончосу ооруга чалдыгат. Жеке чарбамда болсо жугуштуу оорулар үчүн райондон бөлүнгөн дары-дармектерди өз учурунда берип турганга аракет кылабыз. Болбосо ар бир ооруга жараша вакцина издеп таап, малды учурунда эмдеп турабыз.
- Кыш катаал болчудай, ага даярдыгыңыздар кандай?
- Биз кышкыга тоют камдабайбыз, мал карды тээп эле оттойт. Балдарым убагында барып турат, азыр жылкы баласынан кулундарды, топоздон мамалактарды бөлүп өзүнчө багып жатабыз. Себеби, азыр карышкырдын күч болуп турган учуру, анткени алар жазгы төлүнө кам көрүп үйүгүшүп үйүр-үйүрү менен жүрүшөт. Мындай үйүрлүү карышкырлар өтө коркунучтуу, өтө катаал мезгил ушул кыш айларына туш келет. Ошондой учурларда балдар жардам бербесе бизге абдан кыйын болуп калат. Маектешкен Аймира Жеңишбек кызы