Нарын шаарынын тургунуна чөө кол салды
Күмөндөр Усуптегин
Нарын
Мындай маалыматты Нарын аймактык жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн мал доктуру Калыбек Мүсүралиев билдирди. Анын айтымында, окуя 3-декабрь күнү Нарын шаарынын Жайлоо-Бак чөлкөмүнүн жакынкы жеринде тоолордо болгон. Кесүүдөгү кой-эчкилерге 7 чөө тийген. Мал кайтарып жүргөн Нурбек аттуу жаран чөөлөрдү ташкалакка ала баштаганда бир чөө ага кол салган жана аны окуя болгон жерден өлтүргөн. Натыйжада, Чолпонбай Түлөбердиев көчөсүнүн тургуну Касира Турдумамбетованын 8 кою чөөлөргө жем болгон. Касира Турдумамбетованын уулу Болот Абдылдаев чөөлөр өлтүргөн койлордун экөөсүн үйүнө алып келгендиктерин айтат. Ал эми Нарын аймактык жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жалил Алымкулов өлгөн чөөнүн сөөгү экспертизага жөнөтүлөөрүн билдирди.

Кызыл-Дөбөнүн балдары англисче түш жоруп…
Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылындагы орто мектептин алты окуучусу "Англис тили 7 айда" аттуу республикалык сынакта алдыңкы 10 орунду камсыз кылышты. Алардын экөөсү биринчи жана экинчи орундарды ээлешкен. Мындай көрсөткүчтү жараткан айылдык мектептин окуучулары мурда кийин Кыргыз Республикасынын тарыхында болбосо керек.
Сынактын жагдайы мындай. Жыл башында "Discovery Time" аттуу жоопкерчилиги чектелген коомдун деректири Шайлообек Назаралиев Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жана Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин көмөгү аркылуу жогорудагыдай негизде сынак жарыялаган. Айылдык алкакта өткөрүлгөн 9-11-класстардын окуучуларынын арасынан мамлекет боюнча 200дөй билимдүүлөр ат салышкан. Жыйынтыгында түпкүрдөгү Кызыл-Дөбө айылынын алты окуучусу атаандаштарынан алдыга озуп, 1-2-5-7-8-9-орунду камсыз кылышкан. I орунду ээлеген 11-класстын окуучусу Багира Уланова Европанын 7 мамлекетине саякаттоого жолдомо алган. Ал эми II орунга татыктуу болгон Багиранын классташы Адылбек кызы Турсун компьютер менен сыйланган. Борбор Азия Университетинин (БАУ) менеджери Ж.Молдоакматов Нарын облусунан 16 айылдык мектеп, англис тилин тереңдетип окутуу боюнча БАУнун атайын программасына киргендигин, алардын катарында Кызыл-Дөбө айылындагы орто мектеп дагы кошулгандыгын белгиледи. Бул программа 6 айлык мөөнөткө мерчелет жана 22 топто 315 окуучу билим алышууда.

Европалык түрк жарандар Нарында
Улуу Британия, Белгия, Голландия жана Франциядан сапар алышкан 31 түрк ишкерлер тобунун алды Нарынга Курман айт күнү ат арытып келишсе, экинчи топ кийинки күнү тоо койнундагы шаарда болушту. Алардын каржылоосу менен жүзгө жакын уй жана топоз, ошондой эле ондогон майда мал сатылып алынып курмандыкка чалынды. Союлган мал эттеринин бөлүгү Нарын шаардык мэриясынын жана айрым коомдук уюмдардын тизмелеринин негизинде майыптарга, оокаты өтө тартыш үй-бүлөлөргө, карылар үйүнө ошондой эле жатак мектепке таратылды. Ал эми мындай жөрөлгө Кочкор районунда да жасалган. Мындай маалыматты Нарын кыргыз-түрк лицейинин деректири Халил Коч билдирди. Күмөндөр Усуптегин, Нарын

Аксынын тарыхы китепте
Аксылык акын, журналист Абдымомун Калбаевдин "Тарыхта калган изи бар, Аксыда нарктуу киши бар" аттуу түстүү сүрөттөр менен чыккан китеби окурмандардын колуна тийди. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына автор өзү маалымдады.
"Китепти Аксы районунун 80 жылдыгына арнадым, бирок 80 жылдык тарыхты гана эмес, андан баштагы мезгилди да камтыганга аракет кылдым",-дейт А.Калбаев.
Автордун баш сөз ордуна жазган киришүүсүндө Аксы тууралуу "Манас" эпосунда да айтылгандыгы жана азыркы учурга чейинки тарыхы тууралуу кыскача баяндалган.
Мындан сырткары китепте ал жерден чыккан белгилүү инсандардын сүрөттөрү, өмүр таржымалдары жана аларга арналган ырлар да берилген.

Аялдарга зомбулук токтогон жок
Жалал-Абад облусунда 2001-жылдан бери кырк тогуз аял үйдөгү зомбулуктан улам үйүнөн качып кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Лидер аялдар ассоциациясынын алдындагы "Каниет" кризистик борборунан билдиришти.
Борбордун маалыматына ылайык, акыркы жети жылдын ичинде зордук-зомбулукка кабылган аялдардын 4 134ү телефон чалып, борбор аркылуу юристтен, психологдон керектүү жардамдарды алышкан. Ал эми үстүбүздөгү жылдын башынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, жардам сурагандардын саны 52ни көрсөтүүдө.

Адам укуктары тамаша менен
Жалал-Абаддагы жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) студенттери Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 60 жылдыгын тамаша жана оюн-зоок менен белгилешти.
Аталган датага карата "Справедливость" укук коргоо уюму "Азаттык үнү" коомдук уюмунун колдоосу менен шаардагы үч ЖОЖдун студенттеринин ортосунда КВН өткөрдү. Иш-чара Барпы атындагы областтык театрдын имаратында болду.
"Справедливость" укук коргоо уюмунун башчысы Валентина Гриценконун айтымында, алар декларациянын 60 жылдыгын башкаларга окшобогон ыкмада белгилөөнү чечишкен. "Бир тараптан адамдардын көңүлүн көтөрдүк, экинчи тараптан адам укуктары тууралуу маалыматтарды элге кеңири жеткире алдык. Себеби, КВНдеги ар бир шарт адам укуктарына байланышкан. Эгер биз бул майрамды семинар же жолугушуу аркылуу белгилегенибизде, Барпы театрынын имаратын адам менен толтура алмак эмеспиз",- дейт В.Гриценко.
КВНге Жалал-Абад мамлекеттик университетинен, Экономика жана ишкердик университетинен жана Кыргызстан эл аралык университетинен үч команда катышып, адам укуктарына байланыштуу түрдүү көрүнүштөрдү юмор аркылуу көрсөтүп беришти. Натыйжада, атаандаштарына караганда көп упай топтогон Экономика жана ишкердик университетинин студенттери биринчи орунду алышып, он миң сом акча жана биринчи даражадагы диплом менен сыйланышты.

Сузактыктар жардамдан баш тартпайт
Сузак районунун эли "Камбар-Ата-2" ГЭСинин курулушу үчүн 1 миллион сом жыйнашып, ГЭСтин банктагы эсебине которуп беришти. Бул тууралуу райондун акими Жусупбек Максуталиев билдирди.
Акимдин айтымында, сузактыктар муну менен эле чектелбей, Алай районунун Нура айылында жер титирөөдөн жабыр тарткандар үчүн 8 жүз миң сомдон ашуун акча каражатын да жыйнашты.
Жогорудагы акчалар райондун аймагында иштегендердин бир күндүк эмгек акысын чегерүү аркылуу топтолгон. Санжарбек Эралиев, Жалал-Абад

25-декабрда каникул башталат…
Ысык-Көл областынын губернатору Кыдыкбек Исаев дээрлик бардык мектеп окуучуларын 25-декабрдан баштап, эки ай мөөнөт менен каникулга таратуу керектиги тууралуу маселе көтөрдү. Областтын баш жетекчисинин пикиринде, мектеп окуучуларынын каникулунун мөөнөтүнүн өзгөрүшүнө электр жарыгына болгон чектөөлөрдүн киргизилиши негизги себеп болууда. "Окуучулар кышкы каникулду көңүлдүү жана кызыктуу өткөрүүлөрү керек. Бул үчүн ар бир мектептин алдында муз аянтчаларын уюштуруу, ошондой эле Түп районундагы балдардын "Маяк" эс алуу лагерин иштетүү керек. Кыскасы, окуучулар үчүн атайын түзүлгөн программалар сөзсүз зарыл",-дейт К.Исаев. Бул аргасыздан келип чыккан көйгөйлүү маселе экендигин баса белгилеп, айтылган сөздөрдү иш менен бекемдөөнү элге билим берүү тармагынын областтагы координатору Догдургүл Кендирбаевага тапшырды.
Тилекке каршы, балдардын "Маяк" эс алуу лагерине тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилбегендиктен улам, аны кычыраган кыш айында толук кандуу иштетүү кыйын. Мектептердин алдына муз аянтчаларын уюштуруу да жеңил-желпи иш эмес, айтор, ооздон чыккан убадалар куру бекер убара болобу деген күбүр-шыбыр кептер жөн жеринен чыкпаса керек… Шейшекан Жаналиева, Ысык-Көл

Маалымат алуу жана берүү көйгөйлөрү
Айбек Турдалиев менен Жаннат Токтосунова кесиптеш жубайлар. Жакында эле баш кошуп, бир очоктон түтүн да, бир очоктон кабар да булатып башташты. Айбек Таласта ачылган биринчи көз карандысыз "НЕКСТ" радиосунда, Жаннат болсо "Азаттык-плюс" жаштар радиосунда иштейт. Айбекке КТР жетекчилиги ишеним көрсөтүп, "Ала Тоо аймактары" программасынын Талас бөлүмүн башкарууну ишенип беришкен. Бирок, Айбек КТРдин ишеничин эмес, КТР Айбектин жан дүйнөсүнүн ишеничине татый албады. Анын билдиргенине караганда, Таласта көп элдин катышуусунда өткөн революциялык кыймылдын курултайын "теңирден тескери шыбап бер" деген тапшырма берилген экен. Кыргыз Республикасынын Медиа өкүлчүлүгүнүн Таласта "Маалымат алуунун көйгөйлөрү жана келечеги" деп аталган тегерек стол талкуусуна Айбек Турдалиев да катышты. Ал кесиптештерине "Менин ордума иштөөчүлөр болсо аракет кылсаңар болот, Чүй областынан бир журналист келем деп жатыптыр" деп талкуудагы сөзүн жарыядан баштады. "Кыргызстанда маалыматка жетүүнүн да, ошондой эле маалыматты калыс, бейтарап берүүнүн да көйгөйлөрү бар",-дейт Айбек Турдалиев.
Кыргыз Республикасынын Медиа өкүлү Илим Карыпбеков 2006-жылы декабрда кабыл алынган Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү кепилдиги жөнүндө мыйзам журналисттер тарабынан да, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан да аткарылбай жаткандыгын айтты.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына колдоо көрсөтүүчү Талас ресурстук борборунун демилгеси менен өткөрүлгөн тегерек столдогу талкууда мамлекеттик органдар, айрыкча, укук коргоо жаатындагы мекемелерде журналисттерге маалыматтарды ар кандай шылтоолор менен бербей коюу күч алып бараткандыгы байкалат деген пикирлер айтылды.
Областтык соттун төрага орун басары Молдоисак Ибраимов маалымат берүүдөн баш тарткан факты боюнча бир да арыз түшпөгөндүгүн айтты. Тегерек столго келгендер маалымат берүүдөн баш тарткан бир мекеменин жетекчисин жоопко тартып коюу башкалар үчүн сабак болоор эле деген тыянакка токтошту.
Аймактагы журналисттер ушундай шарттарда маалыматка жетүүдө өз ара кызматташып, маалымат алмашып иштөө керектигине ынанышты. Ал эми маалымат берүүдөн баш тарткан мекеме жетекчилерин басма сөз жыйынын өткөрүүгө тез-тез чакырып турууну ресурстук борбор өз мойнуна алды. Машакбай Рахманкулов, Талас