Дарийка Асылбекова:
"Коломтонун жылуулугу байлык менен сакталбайт"
Жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы "Кордуксуз жашоо - ар бирибиздин укугубуз" аттуу Эл аралык акция өткөрүлүп келет. Бул датага байланыштуу Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова өзү жетектеген борбор, дегеле бүгүнкү үй-бүлөлүк турмуштагы көйгөйлөр тууралуу ой бөлүштү.

- Кеп оролун Сиз жетектеген "Ак жүрөк" кризистик борбору тууралуу баштасак. Сиздердин иш-аракетиңиздер кандай маселелерге багытталган?
- "Ак жүрөк" кризистик борбору 2003-жылы уюшулган. Аялдардын үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка дуушар болуусу, алардын турмуштук ар кандай көйгөйлөрү, алар менен күрөшүү өңдүү маселелер менен иш алып барабыз. Зомбулуктун алдын алуу тууралуу маалыматтарды ачык-айкын, так жеткирүүү ошондой эле коомдогу эски көз караштардын саркындыларын жоюуну калыптандыруу тууралуу түшүндүрөбүз. Буга улай акыркы жылдары олуттуу көңүл бурууну талап кылган аялдар менен кошо эле балдардын да зомбулукка кабылуусу кулач жаюуда. Эгерде кайсы бир үй-бүлөдө аял зордук-зомбулукка дуушар болсо, андагы балага да сөзсүз психологиялык жактан таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан биздин негизги ишибиз, көңүл коё турган максатыбыз да ушундай көйгөйлөргө багытталган.
- Мындай кырдаалга тушуккан аялдардын саны канча?
- Жумасына алты-жети кээде ондон да ашуун, ал эми бир жыл ичинде ушундай маселелер менен 300дөн ашуун аял кайрылат. Тилекке каршы, соңку мезгилдери зордук-зомбулукка кабылгандардын саны өсүүдө. Маселен, ушул эле жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча 250дөн ашууну кайрылды. Мында 18 жаштан 25 жашка чейинки аялдар басымдуулук кылат.
- Биздин өлкөдө үй-бүлөнү бекемдөө жаатында кандай саясат жүргүзүлүп жатат?
- Тигиндей же мындай саясат жүрүп жатат деп айтуу кыйын. Үй-бүлөнү бекемдөө, үй-бүлөлүк маселелер үчүн мамлекеттик деңгээлде мыйзамдар чыгып жатат. Тилекке каршы, бул мыйзамдар иш жүзүндө такыр аткарылбайт. Мына ошолор аткарылбагандыктан, ага мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбагандыктан улам зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрү кулач жаюуда. Ошол эле мезгилде аялдар гана дуушар болбостон, биздин экинчи жарымыбыз болгон эркектер да кабылып жаткандыгын иш тажрыйбабыздан билип жатабыз.
- Үй-бүлөлүк зомбулуктун эң кеңири тараган түрү кайсы?
- Үй-бүлөлүк зомбулуктун эң кеңири тараган түрү - бул кайнене менен келиндин келишпөөчүлүгүн айтар элем. Экинчиден, биздин эркектердин үй-бүлөгө мамилеси өтө эле кайдыгер болуп жатат. Кайдыгер мамиле дегенде алар бардар турмушта жашап акчасы көбөйгөндө эле башка үй-бүлө күтүп жатышат. Мунун натыйжасында биринчи аялдын психологиясына доо кетирип жаткандыгын турмуштук фактылар далилдеп жатпайбы.
- Жарандык никеде жашоону туура көргөн жаштардын көбөйгөндүгүн кандай бааласа болот?
- Туура айтасыңар, атайын ЗАГС менен мыйзам аркылуу баш кошкондорго караганда, жарандык нике менен баш кошкондор көбөйө баштады. Себеби, бул жеңил экен да. Адам баласы да жеңил нерсеге көбүрөөк тартылат. Бул никенин негизин аял менен эркектин бири-бирин утурумдук колдоо жана кызыкчылык гана түзөт. Мында эч кандай жоопкерчилик да жок болот. Жаштарыбыздын ушул жолду тандап алышы алардагы жоопкерчиликти да жок кылат. Атайын мыйзам менен бекитилбегенден кийин никенин бул түрүн тандап алгандар пикирлери келишпей калганда ажырашып кетишет.
- Мыйзам аркылуу баш кошуп, кийин ажырашкан учурда да аялдар көбүрөөк жабыркайт деген маалыматтар бар?
- Ооба, эң биринчи аялзаты көбүрөөк жабыр тартат. Ошондуктан биз айылдардагы Аксакалдар кеңеши, Участкалык милиция, айыл өкмөттөгү социалдык тармакты тейлеген адистер жана аялдар кеңеши менен бирдикте бул маселеге бөгөт коюу үчүн күрөшүп жатабыз. Жакында ушундай бир окуя болду. 18ге жаңы кадам таштаган кыз менен жашы бир топко барган жигит баш кошту. Эки тарап тең бири-бирин канааттандырарлык той берди. Ал тургай калың берип, сеп алган кыргыздын тойдогу бардык жөрөлгөлөрү менен эки тарап кудалашты. Арадан үч ай өтпөй эле экөөсү ажырашып кетишти. Биз ушул маселени изилдегенибизде бала мурун үйлөнүп башка жакта жашаган экен. Ал биринчи аялын ата-энесинин айтуусу менен эле байлыгына карап алып алган. Үйлөнгөнүнө бир ай болуп болбой кызды уруп-сабап, аны биротоло кетүүгө аргасыз кылган. Эки айлык боюнда кеткен кыз операция жолу менен төрөдү. Ажырашуу анын психологиясына да, ден соолугуна да таасир тийгизди. Себеби, учурда анын саламаттыгы начар. Кеткенде да эч нерсесин алууга кудурети жеткен эмес. Кийин ата-энеси барганда бербей койгон. Биз кийлигишип жүрүп, кыздын ата-энеси берген буюм-тайымдарын алып бердик. Бул өңдүү көрүнүштөр өзгөчө, элет жеринде көп болууда. Элеттик аялдардын кайсы бир деңгээлде укуктук билиминин жоктугу да айкын көрүнүп жатат. Себеби, эркектер болбогон нерселер менен эле кине тагып, сени менен жашабайм десе, унчукпай кетип калгандары арбын. Өздөрүнүн укугун билбегендиктен да ушундай маселелер келип чыгууда.
- Соңку айтар сөзүңүз?
- Ар бир кыз турмушка чыгарда өзүнүн турмушунун пайдубалы бекем болуусу үчүн терең ойлонуш керек. Чыккандан кийин да өмүр бою ошол жан шериги менен эриш-аркак, туруктуу, сабырдуу болуп, аялдык чоң касиетин кармана билсе демекмин. Байлык, бийлик өңдүү материалдык кызыкчылыктарга көп эле умтула бербестен, ар кандай турмуштук сыноолорго туруштук бере билгенде гана бизде ажырашуулар азаймак. Анан биздин жигиттер да аялдарды кол жоолук катары же болбосо убактылуу бир буюм катары пайдаланганды токтотуп, ички маданиятын өнүктүрүүнүн үстүнөн бир аз болсо да ойлоно жүрсө деген тилегим бар. Ошондой эле ар бир эне кызын көзөмөлгө алып, анын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын тыңшай билсе деген ойду айткым келет. Маектешкен Назгүл Бостонбаева