Күтүүнүн өлчөөсүз кийимин кийип алып…
(Жан дүйнө)
Күүгүм кечтерге тарткан күн сапары күлүмсүрөп батып баратканда, дагы бир кайрылгыс кымбат күнгө кош айта ичтен сызып койдум. Ошентип, өмүрүмдүн китеби күтүүгө айланган күндүн дагы бир барагын үнсүз барактады. Батып бараткан күнгө карай күтүүнүн да күнү батсачы деп терең улутуна сапарымды уладым. Жол катар жалбырактар үстөкө-босток түшө айлананы алтын түскө боёп сагынычка, күтүүгө, кусалыкка жуурулушкан ойлор менен күзөтүп тургансыйт. Баригин төгүп жылаңач калган дарактай жан дүйнөм жайдак калып, жалгыздык кербенинде "жашагандай болбой" жашап жүрөм. Күтүүнүн көйнөгүн өлчөөсүз кийип, үмүтүм түнгө калган сансыз кечтерди сенсиз өткөрдүм. Дале болсо күтүүгө короткон убактыма кайыл болуп, өзүмдү үмүт менен сооротуп келем. Балким, сенин күлүмсүрөгөн көз карашыңдан карегиңе түнөгөн күлкүңдү көрүп каламбы деп бөтөн көздөр арасынан издей берем.
Чарчоодон калган кездей түнөргөн сур булуттарды бетине чөгөргөн быйылкы күздүн да сапары карыды. Эмнегедир күз мезгили жан дүйнөмө өзгөчө жакын. Сенин да күздө келериңди бөркүмдөй көрчүмүн. Бирок келбедиң. Бир гана үмүт балким жан дүйнөмдү аруулуктун эпкини менен чайындыра кар менен кошо келерсиң. Болбосо жан бүткөндүн баарына жаңы жашоо тартуулаган жаз менен кошо келерсиң. Кантсе да күтүүгө күбө болгон нечен күндөр өттү, күздөр өттү. Жада калса күтүү менен таңды тосуп, күтүү менен кечти узаткан түндөр өттү.
Мен күткөн ошол адам келер бекен?
Алка




Эки суроо
Бул тамаша эмес
1-суроо: Эгер кулагы укпаган үч, көзү көрбөгөн эки, акылы кем, баары болуп 8 баласы бар кош бойлуу аялды жолуктуруп калсаңыз, аны боюндагы баласын алдыртуусуна кеңеш берет белеңиз?
Бул суроого жооп бербей туруп, кийинки суроого көңүл бөлүңүз.
2-суроо: Ушул убакта дүйнө лидерин тандоо убагы болуп жатат. Сиздин добушуңуз акыркы чечүүчү ролду ойнойт. Төмөндө 3 талапкер туурасында маалыматтар. Кимисин тандайсыз?
1-талапкер - Жалганчы саясатчылар менен биригип алып көзү ачыктар менен кеңешет. Тамекини суудай тартып, күндө 8-10 чыны (мартини) ичет.
2-талапкер - Эки жолу иштен айдалган, түшкө чейин уктайт, университетте окуп жүргөндө баңги заттарды колдонгон жана дайым кечинде 1 литр вино ичет.
3-талапкер - Согушка катышкан баатыр, ордени бар. Эт жебейт, тамеки тартпайт, кээ бир учурларда гана пиво ичет жана үй-бүлөсүнөн башка эч ким менен эч кандай мамилеси болгон эмес.

Ушул талапкерлердин ичинен кайсынысын тандамаксыз?
Алгач бир чечимге келип, андан соң жообун караңыз.
1-талапкер - Франклин Делано Рузвельт
2-талапкер - Уинстон Черчилль
3-талапкер - Адольф Гитлер

Ошондой эле…
Боюнан алдыртууга макул деген жоопту берген болсоңуз, Л.В.Бетховенди өлтүрдүңүз.




Атыр - сиздин басып жүргөн биографияңыз
Атыр - сиздин басып жүргөн биографияңыз. Себеби, сиз жактырган, табитиңиздеги жыпар жыт сиз ойлогондон да көптү айтып берет. Жыпар жыттарды даярдоо адистери ар бир адам өзүнүн да, башкалардын да колдонгон атырынан т.а. жытынан анын кандай адам экенин тааный ала турганын айтышат. Аны үчүн болгону атырдын аңкыган жыты кайсыл топко багытталганын билүү керек. Ал үчүн төмөндө көрсөтүлгөн жыттардын тобун жакшылап билүү зарыл.

Чыгыш жыты
Негизи: ваниль, амбра, жыттуу диптерикс, мускат жаңгагы жана кара мурч. Чыгыш жыттарын жактыргандар чыгармачылыкка жакын, салт, үрп-адаттарды баалай билген, жалгыздыкты жакшы көргөн адамдар. Ошондой эле бир нерселерди коллекция кылып топтоону сүйүшөт жана сырткы көрүнүшү менен айырмаланып, жылдыздуу келишет. Өзүнө жакшы көңүл бөлүп карай билет жана билимдүү болушат.

Цитрус жыты
Негизи: цитрус өсүмдүктөрү. Бул түрдөгү өсүмдүк, гүлдөрдүн жытындагы атырларды тандагандар уюштуруучулук жагынын жакшы жана тартипти бекем кармаган адам экенинен кабар берет. Алар майда-чүйдөгө чейин пландоону жактырган жана кемтиксиз, мыкты болууга умтулган кишилердин тобуна кирет.

Мөмө-жемиш жыттары
Негизи: малина, шабдаалы, кара карагат. Мындай жемиштин жытындагы атыр колдонгондор көңүлдүү отуруштарды жактырган, ишенимдүү, жамаат менен иштей билген ошону менен бирге тамашага бат эле ишенип алган адамдар болушат.

Ак гүлдөрдүн жыттары
Негизи: лилия, фрезия, гардения, жасмин. Эгер сиз бул түрдөгү гүлдөрдүн жытынан атыр колдонсоңуз, анда сиз менен мамиле куруу абдан оңой. Ишенимдүү курбу, чыныгы дос боло аласыз.

Жыпар гүлдестелер
Негизи: роза, жасмин. Эгер сиз чогултулган гүл жыттарынан даярдалган атыр колдонсоңуз анда айланаңыздагылардын да шаңдуу, шайыр жашоосун жактырасыз. Ошондой эле көңүлүңүзгө жаккан нерселерди топтоп, коллекция кылууну да сүйгөн жана жылуу жүздүү адамдардын катарына киресиз.

Жыгач сыңары жыттар
Негизи: сандал жана кедр дарагы (ийне жалбырактуулар). Мындай дарактын жытындагы атыр колдонгондор сабырдуу, токтоо, сыпайы жана салтты бекем кармаган, көп китеп окуган, билимдүү адамдар. Ошондой эле этият болуп, кыйын учурларда да өзүн жоготпостон кармана билишет.

"Жашыл" токой жыты
Чөптүн, жалбырактын, эртең мененки шүүдүрүмдүн, мохтун жыттарын элестетет. Мындай түрдөгү жытты тандагандар спорт менен алектенгендер же бак өстүрүүнү жактыргандар же болбосо өзүнүн дене түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурган адамдар.

Океан же деңиз жыттары
Деңиз балырларын, дарыяны же жамгырдын жытын эске салат. Бул муздак жыттын сүйүүчүлөрү жабык мейкиндиктен коркушат. Ошол себептүү, алар муну менен чексиз деңиз мейкиндигин элестетишет. Алар ашыкча жасалгаларды жактыра беришпейт. Токтоолугу жана жөнөкөй, жупуну кийингендиги менен айырмаланышат.

Таза, "жеңил" жыттар
Абасы таза тоону элестетет. Мындай жыттардын сүйүүчүлөрү жамааттан айрылбоого аракет кылышат. "Эрежеге ылайык" шаарда жашайт, бирок шаар сыртына чыгып сейилдегенди абдан жактырган кишилер. Мындай адамдар калаа менен айыл ортосундагы гармонияны кармай билишет. Алардын өзгөчөлүгү жаңы нерселерге, модага аябай кызыкканында.

"Тамак" жыты
Анжир, курма, күрүч, быштак, кофе, вино, шампандын жытын элестетет. Мындай жытты жактыргандар кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү жана көп нерсеге шыктуулугу менен өзгөчөлөнүп турушат. Ошондой эле өзү менен өзү болуп жүрө берген адамдарда болот.

Булгаары сыңар жыттар
Мындай жытты айрыкча окумуштуу, изилдөөчү, космополит мырзалар көп колдонушат.




Ой берметтери
Ийгиликтин жолу - ага ишенүүдөн башталат.
Өзүнө ишенбегенге эч ким ишенбейт.
Жаштыкта күндөр кыска, жылдар узун, карылыкта болсо күндөр узун, жылдар кыска.
Башкалардын бизди кыжырланткан жактары өзүбүздү түшүнүүгө жол ачат.
Төрт нерсе кайра кайтпайт: айтылган сөз, атылган ок, өткөн убакыт жана колдон чыккан мүмкүнчүлүк.
Жакшы адамдын өчү - кечирим жана унутуу.
Ката кетиргениңде 3 нерсени эсиңде болсун: мойнуңа алып, сабак ал жана кайра кайталаба.
Жасалган кичине иштер, пландалган чоң иштен да жакшыраак.
Жакшы дарак оңой өспөйт, шамал канчалык катуу болсо, дарактар да ошончолук бекем болот.
Баары бир эле камырдан жаралган, бирок бир тандырда бышырылган эмес.




Пайдалуу кеңештер
Капуста аралашкан тамак бышырып жатсаңыз анын жыты чыкпасы үчүн казандын капкагына бир кесим нан коюп коюңуз.
Сырты катуу жаңгактарды оңой чагуу үчүн, аны бир түн туздуу сууда түнөтүү керек.
Картошканын жумшак болуп, соолуп калбаш үчүн арасына алма кошуп койсо жакшы.
Сырды 15 мүнөт муздаткычта кармап туруп, анан кескен ыңгайлуу.
Тамактын майы көп болуп калса, казанга муз салып коюңуз. Майлар муздун жанына топтолуп калганда аны чыгарып таштаңыз.
Помидордон жасалган томат кычкыл болсо анын ичине бир сабизди майдалагычтан өткөрүп кошуп койсо даамы өзгөрө түшөт.
Абадагы тамекинин түтүнүн тазалоо үчүн оливка майы эң жакшы жардамчы. Май сиңирилген пахтаны күйгүзсө аба тазаланып калат.
Жумшак материалга оливка майын азыраак куйган соң зергер буюмдарды тазаласаңыз жакшы натыйжа берет.
Үйүңүздөгү чоң жалбырактуу өсүмдүктөргө же гүлдөргө айына бир жолу оливка майынан бир чай кашык куюп турсаңыз, жакшы азыктанып, жанданып калат.
Чымын-чиркейлер оливка майы сүртүлгөн терини чакпайт.

Бетти даярдаган Элиза Иранова