"Булут, булут, Күндү коё берчи…"
"Үмүт" балдардын саламаттыкты чыңдоо борборунда мугалимдер атайын спектакль даярдашыптыр. Көрсө, ушул мезгилдерде "Чырактар" деген майрамды өткөрөт экен. Мунун мааниси - балдарга сууктун түшкөнүн жана караңгы убакыттын көбөйгөндүгүн түшүндүрүшөт. Алар өздөрү шам жасап, аны кагаздан жасалган чыракка салып, көчөгө чыгып "жылуулук жана жарыкты" таркатышат.

Эльвира Караева
Ушундай саптардан турган ырды обонго сала мүмкүнчүлүгү чектелген кичинекей балдар созолонтуп ырдап жатышты. Биз сиздерге бул жолу "өзгөчө" балдардын жашоосу жана алардын көйгөйлөрүн тааныштыруу иретинде даярдалган материалды сунуштоону чечтик. Анда эмесе, алдыда "Үмүт" балдардын саламаттыкты чыңдоо борбору…
Бул борбор Бишкек шаарынын чет жагында орун алып, кадимки эле жер үйлөрдөй эки кабаттуу болуп курулган. Үйгө киргенимде, атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коляскаларына ылайыкталган жолдору, көтөрүлмөлөрү бар экенин, ал эми тескерисинче эки бут менен баскан адамдардын тепкичи кууш экенин байкадым. Ушундан биздин аларга болгон мамилебизди туюп, эгерде алар биздин үйүбүзгө келгенде (же кээ бир жол, мейманкана, кинотеатр ж.б.), кандай акыбалда болот деп, ичимден "күйдүм" жана уялдым. Акыры директору Игорь Шеликени таап, суроолорумду узаттым.
- Игорь Ильич, алгач сөзүбүздү сиздердин борбор жөнүндө баштасак? Качан ачылган, азыр канча бала окуп жатат?
- Эсиңиздерде болсо, совет учурунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды атайын жабык имараттарга "бекитип" коюшчу жана аларга "окутууга мүмкүн эмес" деген тиркемени жабыштырып койгондой сезилчү да. Бул эми совет бийлигинин "баары жакшы" сыяктуу саясатынын негизи болсо керек. Мына ушул көз караштан улам, биздин борбор совет учурунда эле, 1989-жылы өз каалоосу менен келген 28 кызматкердин жардамы менен түзүлгөн. Ал эми, түзүүчүлөрдүн башында жубайым турат. Ал - Карла-Мария, жерлиги Германиядан, бирок Кыргызстанда эле жашайт. Ал төрөтканадан кокусунан коңшу жаткан аялды байкап калат. Жаңы төрөгөн аял майып балалуу болот, бирок эмнегедир доктурлар андан баш тартуусун сурашат. Ошондо Карла-Мария Кыргызстандагы майып балдардын келечек жашоосун байкап, Германиядан колдоочуларды издеп, атайын группа түзөт. Биздин максат - эч бир мектепке албаган балдарга мектеп ачуу эле. Ал эми, иштеген ыкмабызды белгилүү психолог Выготскийден алганбыз. Мисалы, бул - акыл-эси тунук бала, бирок кыймылдай албайт. Ушул балага шерик кылып, акыл-эси өнүкпөй калган, бирок кандайдыр бир деңгээлде кыймылдаган баланы кошобуз. Бул ыкма аябай натыйжалуу. Себеби, алар бири-бирине көп нерсени көрсөтүп, туура жолго багыт бере алат. Бирок, муну эч качан чоңдор үйрөтө албайт.
Ал эми, борбор жөнүндө токтолсом. Учурда 3-25-жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген 54 бала таалим алууда жана алар менен 25 мугалим, 8 волонтёр иштейт. Борбордун алдында бала бакча, мектеп жана чеберчиликке үйрөтүү борборубуз бар. Ал жерде жыгачтан, кийизден буюм жасашат жана ашпозчулукка үйрөнүшөт. Ал эми бала бакчада ар түрдүү кызыктуу оюндар коштолуп, бир мезгилде дарылоо курстары да жүрөт. Бул жерде айтайын дегеним, мүмкүнчүлүгү чектелген бала бизге канча эрте кайрылса, ошончо деңгээлде жакшы болуп кетүүгө дарамети күч болот. Анткени, баланы жаштайынан дарылоо жана аны менен иштөө батыраак анын коомго кошулуусуна өбөлгө түзөт. Бирок, кээде кайра тескерисинче өнүгүү же артка кеткен учурлар да кездешет. Эми бул медициналык көз караштан. Келген балдардын дээрлик баары жакшы жыйынтыктарга ээ болушат жана кандай "коркунучтуу диагноз" менен келгенин унутуп да каласың.
- Негизинен кандай тоскоолдуктарга кезигесиздер? Ошондой эле, кандай маселелерди чечүү кыйын?
- Оой, азыр маселелерди айтып отурсам, диктофонуңдун кассетасы жетпей калат. Менин сүйүнгөнүм, мурун майып балдарды медициналык көз караштан карашчу. Азыр башкача. Бүгүн адамдар социалдык көз караштан карашат. Жөнөкөй көчөлөрдө атайын көтөрүлмө жолдордун (пандус) жоктугу эле эмнени айтат? Майып балдар ушинтип төрөлүп калганына күнөөлүү эмес да. Эмне үчүн соо туруп, биз аларга шарт түзүп бере албайбыз. Ошондуктан, ким-кимди түшүнбөй жатат, бул дагы алдыда чечиле турган маселе болот го. Билим берүү жагынан алсак, бул да орчундуу маселе. Мыйзам боюнча ар бир мектеп районундагы майып балага билим берүүгө милдеттүү. Мисалы, биздин борбор "Жал" кичи районундагы мектеп менен сүйлөшүү жүргүзүп, эки балабыз 11-классты аякташты. Мектептен мугалим келип, кадимкидей сабак берип, экзамен алды. Бирок бул көрүнүш масштабдуу болбогону өкүндүрөт. Ошол эле айыл жергесинде жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнөн чыкпай, же билим албай отургандар толтура.
- Сиздерге ким жардам берип, колдоо көрсөтөт?
- Башта айтып өткөндөй, жубайымдын иш-аракети аркасында Европада атайын жардам бергендердин тобун түзгөн. Колдоочулар ар түрдүү: арасында студенти, пенсионери да бар. Алар ай сайын колунан келген акчасын жөнөтөт. Мына дал ушундай система менен ушул убакытка чейин жашап келе жатабыз. Негизи Германия, Австрия, Швейцариянын жашоочулары көп жардам берет. Биздин өлкөдө деле бар. Бирок алардын көбү туруктуу жана көп жылдар бою жардам бере алышпайт. Ошондой эле, волонтёрлор көп жардам берет. Алар бир жылдык мөөнөткө келип, ал аралыкта орусча да үйрөнүп кетишет. Ошондой эле, жашоосуна керектүү чоң тажрыйбага да ээ болушат.

Маек соңунда
Ушинтип, маегибиздин аягына чыгып, директор менен бирге концерт-залга кирдик. Ал жерде мугалимдер атайын спектакль даярдашыптыр. Көрсө, ушул мезгилдерде "Чырактар" деген майрамды өткөрөт экен. Мунун мааниси - балдарга сууктун түшкөнүн жана караңгы убакыттын көбөйгөндүгүн түшүндүрүшөт. Алар өздөрү шам жасап, аны кагаздан жасалган чыракка салып, көчөгө чыгып "жылуулук жана жарыкты" таркатышат. Ал эми, спектакль учурунда болсо, күн тийип туруп эле, капыстан булут тосуп калат. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бир ооздон: "Булут, булут, Күндү коё берчи",-деп ырдап жатышты. Ушул саптар мени айласыздан бир ойго түрттү. Жаркыраган күн - бул мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын белгиси, а булут - коомчулук. Демек, биз. Ичимден коомчулуктун аларга болгон мамилесин элестетип, алардын жылуулугун тосуп, жер жүзүндө катаал, орой кишилердин көбөйүүсүн шарттап жаткандай туюлду (ким жашырат, көчөдө канчалаган майып балдар акча сурап отурушат). Балдардын арасында түшүнүп-түшүнбөгөндөрү да бар эле, алардын ар бир кыймылы ата-энесин, мугалимдерин сүйүндүрдү. Балким, "түшүнүп-түшүнбөгөн" деп айтуу да туура эместир. Анткени, алардын унчукпай карап отурганынан, өзүмчө биз аларды түшүнбөй жаткандырбыз деген ой да келди. Биз алардын жолун таппай, биз алардын дүйнөсүнө кире албай жаткандырбыз. Ошондуктан замандаштар, колдон келген жардамыбызды берсек! Дагы бир жолу: "Булут, булут, Күндү коё берчи!"




Мэрия жардам көрсөттү
Бүгүнкү күндө Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгында каттоодо турган 13 категориядагы 6 105 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Булардын көпчүлүгүн Чернобыль, Афган жана Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары түзөт. 3-декабрь - мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Күнүнө карата Ош шаардык мэриясы тарабынан 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга азык-түлүк продуктулары жана кийим-кече даректүү түрдө жеткирилип берилди. Назгүл Бостонбаева, Ош




"Элим барсыңбы?" фонду элге чыкты
Жаңы түзүлгөн "Элим барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фонду Эл аралык майыптар күнүнө карата Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген муктаж 50 үй-бүлөгө колдоо көрсөттү. Капталында "Элим барсыңбы" деген плакаты бар 5-6 унаа ар бир үй-бүлөгө 10 кг.дан ун жана тамак-аш азыктарын таратып жүрүштү. Жалпы суммасы 50 000 сомго барабар болгон бул жардамды аталган кайрымдуулук фондунун жетекчиси Абдиталип Тулекеев өзү кошулуп ар бир үйгө тапшырды.
"Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фонду үстүбүздөгү жылдын октябрь айында жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен түзүлгөн. Ал эми майыптарга көрсөткөн колдоосу алардын эң алгачкы жардамы жана кадамы болуп эсептелет. Мындай иш-чаралар учурда Бишкек аймагында болсо, кийинчерээк жалпы республикалык масштабда болооруна ишенген А.Тулекеев колунда бар мекендештер, муктаж адамдарга жардам берип, бири-бирине кол кабыш кылууга чакырды. Элиза Иранова




Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар цех ачты
Мындай иш-чара Евразия фондунун жардамы менен ишке ашты. "Жаш майыптар кыймылы" коомдук бирикмесинин лидери Мирбек Асангариев: "Мүмкүнчү-лүгү чектелген жаштарды жумушка алуу аябай оор. Анын себебинин бири бул - базардык шартта жашагандыгыбыз жана атаандаштыкка жооп берүүнүн кыйынчылыгы. Ошондуктан, биз атайын колдоонун аркасында цехтерди ачып, анда азырынча 18 майып адам иштеп жатат. Учурда "Семетей" мейманканасына 170 комплект шейшеп тигүү жана Улуттук энеликти жана балалыкты коргоо борборуна 50 тумбочка жасоо заказдары менен алекпиз",-дейт. Ошондой эле, лидердин айтымында, республикабызда 110 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (45 пайызын аялдар түзөт) жашаса, анын 90 миңи жакырчылыкта жашайт. М.Асангариев-дин айтуусунда, Кыргызстанда майып адамдардын эң биринчи эмгекке болгон укугу көп бузулат. Мыйзам боюнча "Мүмкүн-чүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктеринде" жалпы жумушчулардын саны 20 кишиден ашса, мекемелер жумуш орундарынын 5 пайызын майыптарга берүүсү каралган. Бирок бул жобо иш жүзүндө көп учурларда аткарылбай келет. Өлкө боюнча майыптарга тиешелүү 11 өндүрүштүк ишкана бар. Ал жерде жашы 18ден ашкан болжолдуу 94 миң майыптын 700 гана эмгектенет. Эльвира Караева




ИИМ интернат балдарын кубантты
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы коомдук кеңештин мүчөлөрү Ысык-Ата районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген Красная речка балдар интернатына телевизор, кийим-кечек, канцелярдык товарларды, китеп ж.б. 30 000 сомдук керектүү жабдыктарын алып беришти. Ошондой эле ИИМ аларга Жаңы жылга карата балаты жана көптөгөн белектерди алып келерин убада кылды.
Аталган балдар үйүнө ИИМ 13 жылдан бери колдоо көрсөтүп келсе, 2008-жылдан тарта министр Молдомуса Конгантиевдин чечими менен республикадагы бардык балдар үйүнө жардам көрсөтүлмөкчү.
Красная речка балдар интернатында 6 жаштан 16 жашка чейин жалпы 125 бала тарбияланып келет. Аталган интернатта жыгач, темир усталыкты, тамак-аш даярдоо ушул сыяктуу жашоодо пайдасы тие турган кесиптер үйрөтүлөт. Ал эми 9-классты аяктаган бүтүрүүчү өзү каалаган кесиптик лицейге тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар. Элиза Иранова




Эл аралык "Zaman Кыргыз- стан" газетасынын жамааты "Учур" газетасынын башкы редактор орунбасары Азамат Кыязовго бир тууган иниси
Тилек Кыязовдун күтүлбөгөн кырсык айынан каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.