КЫРГЫЗ-КАЗАК "БЕТМЕ-БЕТ", ЖЕКПЕ-ЖЕК" БЕТТЕШИП
Шымкентте казак элинин ардактуу инсаны, Социалисттик Эмгектин Баатыры Асанбай Аскаровдун элесине арналган 7-эл аралык турнир өттү. Быйылкы "А.Аскаров" турнири жылдагыдан айырмаланып, ага Казакстандан төрт, Кыргызстандан төрт команда катышып, алар бири-бири менен бетме-бет, же казактар айткандай "жекпе-жек" чыгышты. Бир өлкөнүн командалары бири-бири менен ойношкон жок.
Деги эле, жаңы эрежедеги көкбөрү оюнун өөрчүтүп, турнирлердин деңгээлин дагы жогору көтөрүү максатында Кыргызстан менен Казакстандын көкбөрүчүлөрү ар кандай мелдештерди уюштуруп келишет. Быйыл эки өлкөнүн көкбөрүчүлөрү бири-бири менен бетме-бет ойноп көрүүнү чечишкен. Алгачкы беттешүү март айында Бишкекте "Нооруз" майрамына карата уюштурулуп, бирок аягына чыкпай калган. Мына эми күзүндө оюнду өткөрүү кезеги казактарга келип, 26-30-ноябрда Шымкентте Асанбай Аскаров атындагы 7-турнир уюштурулду. Ага Казакстандын Оң Түстүк Областынан (мурдагы Шымкент обл.) - "Кулагер", "Майлыкент", Жамбылдан "Олуя-Ата", Астана шаарынын "Тулпар" командалары, ал эми Кыргызстандан "Дордой" (Нарын обл.), "Бостери" (Ысык-Көл обл.) жана Талас областынан "Ынтымак" менен "Ой кайың" командалары катышты. Тилекке каршы Казакстанга Кыргызстандын учурдагы эң күчтүү "Бөрүлү" командасы барган жок. Ошондой болсо да турнир кызыктуу өтүп, өз максатына жетти. Ал эми спортто жеңүүчү да жеңилгени да болот эмеспи. Учурда Казакстандын көкбөрүчүлөрү кыргыздардан бир топ эле алдыда экен. Айтсак, турнирдин жүрүшүндө Шымкент шаарынын "Кулагер" командасы менен Жамбылдын "Олуя ата" командасы Кыргызстандан барган төрт команданы тең чоң эсеп менен утуп, биринчи, экинчи орунду бөлүп алышты. Үчүнчү жана төртүнчү байгелүү орундарды биздин "Дордой" менен "Ынтымак" командасы ээледи. Казакстандын дагы эки командасы бешинчи жана алтынчы орунга чыкса, биздин "Бостери" менен "Олуя ата" жетинчи жана сегизинчи орундарда калышты. Эмесе, ал оюндар тууралуу кыскача баяндап берейин.

Көкбөрүнү казактарга алдырдык
Эки өлкө ортосундагы чек арадан өтүүдө визалык документтерибиз туура болбой калганбы, же минген аттарыбыздын ветеринардык-санитардык кагаздары жокпу, айтор, биздин "Дордой" менен "Бостери" командалары мелдешке бир күн кечигип барышкандыктан биринчи күнү ойношкон жок. Ал эми Таластын эки командасы өз убагында барып, Чаткал Жолдошев жетектеген "Ынтымак" командасы "Олуя-атага" 3:6 эсебинде, ал эми Сатыбалдиев Алымкулдун "Ой-кайыңы" "Кулагерге" - 0:19 эсебинде утулду. Экинчи күнү "Ынтымак" "Кулагер" менен ойноп анда да 2:13 эсебинде жеңилип, о.э. "Ой-кайың" да "Олуя-атага" 0:8 эсебинде жеңилди. Ошентип, эки күндөн кийин Казакстандын эң күчтүү эки командасы быйылкы турнирдеги баш байгеге негизги талапкерлер экендигин көрсөтүштү. Бул командаларды биздин көкбөрү күйөрмандарыбыз жакшы билишет. Казакстанда быйыл чемпионат сегизинчи жолу өтүп, Жамбыл менен Шымкент алмак-салмак чемпион болуп келет. Былтыр "Олуя-ата" чемпион болсо, быйыл Шымкенттин командасы биринчи орунду ээлеген.
Андан кийин оюн талаасында "Дордой" менен "Майлыкент" командасы чыкты. "Майлыкент" командасы Шымкенттин жанындагы Түлкүбас районунан түзүлүптүр. Алардын оюнчулары да күчтүү, аттары да жакшы команда экен. Бирок "Дордойдун" оюнчулары минген аттары анча жакшы эмес болсо да "Майлыкентти" 3:1 эсебинде утту. Ал эми Ысык-Көлдүн "Бостериси" Астананын "Тулпар" командасына - 0:4 эсебинде утулуп калды. Астананын командасы быйыл жазында Бишкеке келип, эки оюн ойноп биздин командаларга утулса да жакшы таасир калтырган. Команданын оюнчулары жаш бирок мыкты балдардан чогулган, минген аттарынын бойлору жапыз бирок күчтүү да, күлүк да экен. Бул команданын эң мыкты оюнчулары, башка улуттагы бир тууган Александр Пупенко (20 жаш) менен 21 жаштагы Владимир Килдин (биринин атасы орус, экинчисиники немис, энеси бир) ойногонун көрүп таң калдык. Өзгөчө Александр минген аты, өзүнүн шамдагайлыгы, ыкчамдыгы жана балбандыгы менен жекеме-жекеден атаандаштарына бир да улак алдырган жок.

Казактар бизди аяп коюшту
Үчүнчү күнү эки оюн өттү. Адегенде "Бостери" "Майлыкент" менен беттешти. Көлдүк жигиттер мындай эл аралык турнирге биринчи жолу катышып жатса да эч апкаарыбай биринчи таймдан кийин үй ээлерин 3:0 эсебинде утуп жатышкан. Улакты ортодо бирге-бир эңүүдө Токтосунов Аскер улакты атаандашына алдырбай, ал эми улакты тай казанга команданын мыкты оюнчусу Темир Молдокулов салып жаткан. Бирок Аскердин кулагы оюндун башында эле жырылып, айрылып калыптыр (ошого карабай ойноп жүрүптүр). Тыныгуу маалында ал кулагын доктурларга көрсөтсө, врачтардын жүрөктөрү түшүп, Аскердин ойной берем дегенине болбой анын кулагын тиккени ооруканага алып кетишти ("Ка-аап, врачтарга оюн бүткөндөн кийин эле көрүнбөй"-деп коет Аскер, оюн бүткөндөн кийин). Ошентип, экинчи таймда биздин команда өзүнүн жекеме-жекеге чыккан оюнчусунан ажырап, командалык оюн да бузулду. Албетте, көкбөрүдө ким жердеги улакты биринчи эңсе жеңиш көпчүлүк учурда ошолорго оойт эмеспи. Мындай учурдан пайдаланып "Майлыкент" акыры "Бостерини" 5:3 эсебинде жеңип кетти.
"Дордойдогу" Эмил Бокошев баш болуп, бир тууган Анарбек менен Мирлан Алсеитовдор, Жолдош Осмоналиев, Мухамбет Койчукеев, Эрмек Шекитов, Тыныч Алыбаев, Урмат Мусаевдер эл аралык мелдештерде тажрыйбалуу оюнчулар эмеспи, алар "Тулпарды" 7:1 эсебинде утушту. Бирок Астананын жаш командасы "Дордой" менен биринчи таймда тең тайлашып, аягында гана утулду.
Биздин "Ой-кайың" үчүнчү күнү да утулуп калды. Таластан барган экинчи командабыз бул жолу да атаандаштарынын тай казанына улак сала алышкан жок. "Майлыкент" 9:0 эсебинде жеңди. Андан кийин оюнга "Ынтымак" менен "Тулпар" чыкты. "Ынтымак" азырынча Астананын командасынан тажрыйбалуу да, күчтүү да экендигин көрсөтүп 7:2 эсебинде жеңишке жетишти. Бул оюнда Улан Кыбыраев менен Урмат Шерипбеков ортодогу улакты атаандаштарына алдырбай, алмак-салмак тай казанга салып жатышты.
Турнирде бир да жеңилбей келаткан "Олуя-ата" үчүнчү күнү Ысык-Көлдүн "Бостери" командасын 7:2 эсебинде жеңди. Айтмакчы, Жамбылдын командасында атактуу Жылдызбек Тайырбеков (жакында ал акырегин чыгарып алыптыр), экинчи, үчүнчү оюнга команданын капитаны жана мыкты оюнчусу Нурдоулет Момынов ойногон жок. Бирок Жамбылдын командасында алардан башка да мыкты оюнчулар көп экен (бекеринен алар өлкөнүн чемпиону эмес да).
Чечүүчү оюн "Кулагер" менен "Дордой" оюну эле. Анткени, бул эки команда да турнирде утулбай келаткан. Элдин баары ушул оюнду чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Бирок оюндун башталары менен эле казактар эсепти ачып, беш мүнөткө жетпей эсеп 3:0 болуп кетти. Казактар кыргыздарга караганда бойлуу, шадылуу келишет экен. "Кулагердин" он оюнчусу тең ошондой мыкты, балбан, эңгич жигиттерден түзүлгөн. Акылбай, Калык, Еркебай, Темирхан деген жигиттерди кыргыз көкбөрүчүлөрү, биздин күйөрмандар да жакшы билишет. Ал эми казактардын минген аттарын көрсөңүздөр?!. Алардын жанында биздин аттар жөн эле эшек болуп калат экен. Карап олтуруп намыстандык, уялдык. Атактуу "Дордой" деген командабыз ушул болсо. Бирок биздин балдарда күнөө жок, алар колдон келген аракетин кылып жатышты, аттары гана жарабай жатты. Оюн 5:1 эсебинде "Кулагердин" жеңиши менен аяктады.
Акыркы күнү "Ынтымак" "Майлыкент" командасын 2:0 эсебинде утуп, ал эми Ой-кайың" дагы 0:4 эсебинде жеңилди. Ошентип, Кыргызстандан барган "Ой-кайың" бул турнирде атаандаштарынын тай казанына бир да улак салган жок. Ал эми өздөрүнүн дарбазасына 40 улак салдырышты. Ушинтип ойнобой деле, барбай деле коюшса болмок.
Анан "Дордой" "Олуя-ата" менен беттешти. Биздикилер утса, экинчи орунга чыкмак. Бирок андай болгон жок. "Олуя-ата" керек болсо "Кулагерди" утуп алат. Жамбылдын оюнчулары оюндун башында эле "Дордойдун" таш-талканын чыгарып жибере жаздады. Анан эсеп өтө эле чоң болуп баратканын көрүп казактар жайлап, биздин оюнчуларга өздөрүнүн тай казанына улак салууга мүмкүнчүлүк бере башташты. Казактардын жардамы менен "Дордой" атаандаштарынын тай казанына алты улак салып оюн 10:6 эсебинде "Олуя-атанын" жеңиши менен аяктады. Ошентип, казактар кыргыздарды аяшты, сыйлашты.
Турнирдин акыркы оюнунда, "Бостери" менен "Кулагер" беттешип, ал оюн 2:11 эсебинде аяктады. Анда да казак туускандар кыргыздарга эки улак салууга уруксат беришти. Болбосо, андан да көп эсеп менен утулмакпыз
Ой-бай" кыргыздар биз сендерден коркуп жүрсөк! Не болуп калгансындар, балдарыңардын бойлары кичкентай, арык, күшү жок, тамак ичесиндерми? Минген аттарыңар да начар экен, спорт комитет, федерация не жумус кылат? Улуттук оюнду сүйгөн, улут үшүн күйгөн эр-азамат спонсорлор жокпа сендерде?"-дешти казак күйөрмандары, мелдештен кийин үйлөрүнө кетип жатып. … Эмне деп айтмак элек, унчуккан жокпуз…
Ошентип, "А.Аскаров" турнириндеги казак-кыргыз беттешүүсү ынтымактуу уруш-талашсыз жана толугу менен казактардын жеңиши менен аяктады. Көкбөрү оюнунда учурда казактар чындап эле күчтүү экен . Биринчи орунду "Кулагер" ээледи (баш байге -5000 $). Экинчи орунда "Олуя-ата" -(3000 $), Үчүнчү - "Дордой" - (2000 $), төртүнчү "Ынтымак" (1000 $), бешинчи, алтынчы орунда Казакстандын "Тулпар" жана "Майлыкент" командалары жана акыркы орунду Кыргызстандын "Бостери" жана "Ой кайың" командалары ээледи. Ал командалардын бардыгы мелдешке катышкандыгы үчүн кызыктыруучу 50.000 теңге менен сыйланышты. Турнирде ошондой эле жеке оюнчулар да сыйланып, телевизор, музыкалык борбор жана акчалай сыйлыктар да берилди.
P.S: Казакстанда көкбөрү оюну өкмөт тарабынан колго алынып, улуттук оюнду өрчүтүүгө көп көңүл бөлүнүп жатыптыр. Жакында Казакстандын жаштар арасында республиканын төртүнчү чемпионаты өтүп, анда 12 команданын ичинен "Олуя-Ата" чемпион болгон. Шымкент - экинчи, "Астана" үчүнчү орунду ээлеген. Айтмакчы ал оюндарды бир жумада төрт жолу "Казакстан" телеканалы 20-30 мүнөттөн көрсөтүп (Кыргызстанда да көрүп жатышат) жатат. Казак телевидениеси Алматыдан "А.Аскаров" турнирине да атайын келип, ал оюндарды да беш күн бою бекер тартып жатышты. Кудай буйруса декабрдын 10 кийин, жаштар чемпионатын көрсөтүп бүткөндөн кийин эфирге чыгарабыз дешти. Казакстандын спорт комитети, көкбөрү федерациясы Кытай фирмалары менен келишип түзүп, кытайлыктар казак көкбөрүчүлөрү үчүн атайын кийимдерди тигип бергени жатыптыр. Оюнчулардын бардыгы айлык менен камсыз болушкан. Казакстанда көкбөрү оюну дегенде жеке спонсорлор да намыс үчүн өздөрү келип акчаларын берип демөөрчүлүк кылышат экен. Шымкенттеги "А.Аскаров" турнирин уюштургандар да, анын байгелерин чыгаргандар да жеке спонсорлор болду.




"Алтын топ" К.Роналдуга берилди
Франциянын "Франс Футбол" журналы жыл сайын Европанын эң мыкты оюнчусун атайт. 2008-жылдын оюнчусу деп Португалия курама командасынын жана "Манчестер Юнайтед" клубунун оюнчусу, 23 жаштагы Криштиану Роналду таанылып, "Алтын топ" менен сыйланды.
Экинчи орунду Лионель Месси ("Барселона" -281 упай), үчүнчү орунду 2008-жылкы Европанын чемпиону испаниялык Фернандо Торрес ("Ливерпуль-179 упай) ээледи. Россиялык Андрей Аршавин "Алтын топко" талапкер деп аталып 30 оюнчудан татыктуу 5-орунга чыкты- 67 упай.
Криштиану Роналду 2007/08 сезондо Англиянын чемпиону жана Чемпиондор лигасын жеңди. Ошондой эле, ал быйыл Англиянын бомбардири жана жалпы Европадагы эң көп гол киргизген оюнчу (31 гол) болду. Европа кубокторунда да эң көп гол киргизген - 8 гол. Быйылкы турнирлердин бардыгын кошкондо ал 2007/08 сезондо жалпы 46 гол киргизген. К.Роналду Европа чемпионатында гана өзүн жакшы көрсөтө алган жок. Анда Португалия чейрек финалда Германияга утулган.
Португалиядан мурда "Алтын топко" Эйсебио (1965-ж.) менен Фигу (2000-ж.) ээ болгон.