Ош шаарындагы ЖОЖдон билим-тарбия алып жүргөн студенттердин чыгымдарын чогуу эсептеп көрсөк, орто эсеп менен жумшаган чыгымы 87 миң сомго чамалап барат
Кыргыз жаштары ЖОЖдорго 3 миллиард доллар төктү, натыйжа кандай?
Студенттеринин саны боюнча дүйнөлүк рейтингде эң алдыда болбосок да артта эмес экендигибиз анык. Совет мезгилинде күрдөөлдүү иштеп жаткан завод-фабрикалардын ордун эми минтип эгемен өлкөнүн ЖОЖдору ээледи. Мурдагылар "биздин заводдун 30 миң жумушчусу бар" деп көкүрөк керишсе, азыркылар "биздин ЖОЖдун 30 миң студенти бар" деп мурдун көтөрүшөт.

Бирок, биз азыр студенттердин саны жөнүндө эмес, алар сарптаган акчалардын саны жөнүндө кеп кылууну эп көрүп турабыз. Анткени, алар сарптаган акчалар ата-эненин капчыгынан, демек, студентти баккан үй-бүлөнүн бюджетинен кетип жатканын эске алсак, ансыз да кризистин сазына баткан эл, түзүк эле чыгымга дуушарланып келгенин баамдайбыз.
Бүгүнкү ЖОЖдор билим берүүчү милдетинен мурда, каратаман калктын акчаларын коротуу жагынан көбүрөөк "эмгек сиңирип" койгон экен. Анткени, чогултуп-жыйнаштырып эсептеп көрсөк оңой эмес сумма келип чыгууда.
Минималдык өлчөмдө эсептеп чыкканыбызга карабай опол тоодой акча каражаты топтолоорун билгенибизде, төбө чачыбыз тик туруп, ансыз да бешиктеги баласынан төрүндөгү чалына чейин мойнунда 400 доллар карызы бар бейкүнөө элди аяп кеттик. 15 жылдан бери ЖОЖ аттуу "комбайнга" жем болуп келген турбайбызбы?... Демек, бул билим берүү системасы сөзсүз түрдө талкаланууга, кыйрап-жок болууга тийиш. Эл арасында "кайсы бир облустун губернатору болгондон көрө, ЖОЖдун ректору болгон артык" деген сөз жөн жерден айтылбаганына ынандык.
Келгиле, Ош шаарындагы ЖОЖдон билим-тарбия алып жүргөн студенттердин чыгымдарын чогуу эсептеп көрөлү. Баштап эскертип коёлу, айрым жаштарыбыз акылдуулук кылып каражатын үнөмдүү пайдаланышса, кээ бирлери байлыгына манчыркап, мода кууп жашашат. А биз ортозаар, экономикага жакыныраак студенттин деңгээлинде эсептеп чыгаралы. 2-бетте




Айыпкерлердин алды 20 жылга эркинен ажырады
Орозо айт күнү Ноокат районунун акимчилигин ташбараңга алууга катышкан 32 жаранга байланышкан сот жараяны аягына чыкты. Натыйжада, айыпкерлердин ону 20 жылга, алтоосу 19 жылга, үчөөсү 18 жылга, жетөөсү 17 жылга, төртөөсү 16 жылга, бирөөсү 15 жылга жана бир өспүрүм 9 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле бардык айыпталуучулар күчөтүлгөн тартиптеги абактарда олтурушмакчы. Мындай маалымат Ош шаардык мэриясында өткөн кеңешмеде айтылды. Кыргыз өкмөтүнө караштуу мамлекеттик дин агенттигинин Түштүк региону боюнча бөлүм башчысы Курбан Узаков айыпталуучулар "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү катары массалык тополоң чыгарып, мамлекетке каршы аракет кылган деген статьянын негизинде камалгандыгын жана аларды соттоону эл өзү талап кылгандыгын билдирди. Мындан сырткары ошол күнү массалык баш аламандыктын кесепетинен Ноокат акимчилигинин имаратын ташбараңга алгандыгы үчүн имаратка 300 миң сомдон ашуун, Ош облустук ички иштер башкармалыгына 201 миң сом, жабыркоочу Мамашевге 14 600 сомдук материалдык зыян келтирилген. Эми бул зыяндар айыпталуучулар тарабынан жабыр тарткандардын пайдасына өндүрүлмөкчү. Назгүл Бостонбаева, Ош




Бул кино жумалыкта Ч.Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасы боюнча тартылган тасма да көрсөтүлөт
Айтматовго арналган кино жумалык
Маданият жана маалымат министрлигине караштуу кинематография боюнча департамент Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата Кино Үйүндө атайын жумалык өткөргөнү турат. Ал 9-декабрдан 12-декабрга чейин созулат. Кино жумалыкты Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде тартылган француз режиссеру Мари де Поншевилдин "Тенгри" фильми ачмакчы. 10-декабрда "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт", 11-декабрда "Ак-кеме" кинолору, 12-декабрда "Айлампа", "Айтматов жана көрүүчү" аттуу даректүү эки тасма көрсөтүлөт. Бардык сеанстар күндүзгү саат 11де башталат, кирүү акысыз. С. Туйтунова