Каржы кризиси мигранттар салган акчаны азайтууда
Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсүнө караганда, дүйнөдөгү миллиондогон мигранттар өз өлкөсүнө кризистен улам аз өлчөмдөгү акча жөнөтүп калышы мүмкүн. "Айрыкча, бул көрүнүш Чыгыш Европа менен Борбордук Азияда жайгашкан мамлекеттердин жашоочуларына тиешелүү",-дейт эл аралык уюм. Европа жана Борбордук Азия боюнча иш алып барган Дүйнөлүк Банктын экономисти Прадип Митра "Мисалы, Тажикстан менен Молдова сыяктуу өлкөлөр акча которуулардан аябай көз каранды. Ошондуктан, дүйнөлүк экономиканын төмөндөшү Россия, Казакстан жана Украинага таасир бергенден кийин, мындан да жакыр мамлекеттер акча жөнөтүүнүн азайгандыгынан жабыр тартып калат",-дейт. П.Митранын айтымында, бул өлкөлөрдүн бийлиги өз калкына субсидия берүү менен гана оор абалдан чыгып кете алат. БУУнун маалыматына таянсак, орточо эсеп менен 190 млн. адам туулган жеринде эмес, башка жерде иштеп жашашат. Анын 40 миллиону чет өлкөлөрдө мыйзамсыз турат. Дүйнөлүк Банктын айтымында, тажиктердин жөнөткөн акчасы былтыркы жылы ички дүң продукциянын (ИДП) 45,5 пайызын түзгөн. Ал эми, салыштыруу иретинде карап көрсөк, жөнөтүлгөн акча Молдовада ИДПнын 38,3 пайызын, Кыргызстанда 19 пайызын, Арменияда 13,5 пайызын түзөт.




Россия нефти өндүрүүнү кыскартат
Мындай билдирүүнү аталган мамлекеттин энергетика министри Сергей Шматко айтып чыкты. Нефтиге болгон дүйнөлүк баалар июлдун ортосунда эң жогорку чекке - баррели 147 долларга көтөрүлсө, акыркы төрт айда эле 60 пайызга кайра арзандаган. 1-ноябрдан тартып "ОПЕК"ке (нефти запасы эң көп өлкөлөрдүн уюму) киргендер, аларга дүйнөлүк нефти запасынын дээрлик 40 пайызы караганы белгилүү, күнүнө 1,5 млн. баррель нефтини өндүрүүнү кыскарткан. Бул 5 пайызга азайтты дегенди түшүндүрөт. Россияда да быйыл акыркы он жыл ичинде нефтини өндүрүү биринчи жолу азайды. Расмий маалыматтарга караганда, январдан-октябрга чейин былтыркы жылдын көрсөткүчүнө караганда 0,6 пайызга кыскарган.

Кытай: археологдор жылдыздардын ири картасын тапты
Адистер бул картаны Кытайдын түндүк-батышынан казып чыккан. Карта биздин эрага чейинки 221-206-жылдарга тиешелүү Цинь династиясына таандык болуп чыккан. Ал 28 чарчы метр жерди ээлеп, 1 424 жасалма түрдөгү топурактын жардамы менен асмандагы 332 жылдызды сүрөттөгөн. Ошол учурда, Цинь династиясын Кытайдын биринчи императору Циньшихуанди бийлеп турган. Окумуштуулардын айтымында, император бул картанын жардамы менен жылдыз төлгөсүн ачкан. Тарыхка көз чаптырсак, бул император "гигантомания" оорусу менен "жабыркаганын" айтсак болот. Анткени, ал бардык нерсенин чоң өлчөмүн жактырган. Мисалы, ал кура баштаган Улуу Кытай сепилинин идеясы да ушул императорго таандык. Ошондой эле, окумуштуулардын айтуусунда, императордун көмүлгөн күмбөзү да өзүнүн табышмактары менен "оозду ачтырат". Анткени, тарых барактарында минтип жазылган: "Цинь-шихуанди императорунун көмүлгөн жери өзүнчө бир шаарды элестетет. Албетте, жер астында. Кадимкидей, тоолор жана талаалар жасалып, дарыяларда суунун ордуна сымап агат. Күмбөздүн чокусунда асман жасалып, жылдыздары да болгон",-делет. Бирок археологдор азырынча күмбөздүн ичи бош болгонун байкашып, топурагында сымаптын бар экендиги далилденди. Ошондой эле, бул император тирүү кезинде сыйкырчыларды жалдап, өмүр бою өлбөй жашагысы келгендиктен, ар түрдүү сыйкырдуу кошулмаларды жана ичимдиктерди жасаткандыгы менен тарыхта аты калган.




Мумбай: терракттан жабыр тарткандардын саны өсүүдө
Индиянын бул шаарында шаршемби күнү кечинде болгон терракттын кесепетинен жүздөн ашык киши каза таап, 280ге жакыны жабыр тартты. Каза болгондордун арасында полициянын 11 кызматкерлер бар. Экстремисттердин планы боюнча, эки чоң мейманкана менен темир жол станциясына кол салышмак экен. Алар кол салууда ок атуучу мылтыктар жана жардыруучу каражаттарды колдонушкан. Барымтага алынгандардын арасында жергиликтүү калктан тышкары, чет өлкөлүктөр да болгон. Терракттын жоопкерчилигин өтө белгилүү эмес "Dekkan Mujahideen" тобу өз мойнуна алды.
AFP агенттигинин маалымдашынча, терракттан кеминде үч чет элдик жаран көз жумду. Алар 49 жашар австралиялык жаран, 38 жаштагы япон иш адамы Хисаши Тсуда жана Индиядагы британдык дипломатиялык миссиянын жетекчиси Ричард Стаг болуп чыкты. Бул кандуу окуяны Улуу Британия, АКШ, Кытай, Пакистан мамлекеттери сындады. Ал эми Барак Обама АКШ Индия бийлиги менен биргеликте терроризмге каршы күрөшүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Мумбаинин полициясынын жетекчилиги 9 террорчу колго түшүп, төртөө атышууда окко учкандыгын билдирди.




"Аль-Каида" АКШга кайрадан кооптуулук жаратууда
АКШнын куралдуу күчтөр ведомствосу "Аль-Каида" тараптан Нью-Йорк шаарынын коомдук транспортунда зомбулук акттары болуш ыктымалдыгын айтып чыгышты. Улуттук коопсуздукту сактоо министрлигинин өкүлү Расс Нокенин айтымында, алардын колунда "чынга окшош, бирок тактала элек" маалымат бар экендигин, анын негизинде "Аль-Каида" сентябрдын аягында терракт уюштурары жөнүндө кеп болгон. "Бирок учурда эч кандай конкреттүү планды аткарышы мүмкүндүгү тууралуу далил жок",-дейт Р.Ноке. Жогорудагы маалыматты Нью-Йорк шаарынын полициясына кабарлап, улуттук масштабда коркунуч туудургандыгы үчүн дале полиция "кулагын түрүп" отурат. Алар коомдук транспорттогу коопсуздукту күчөтүп жаткандыгын аталган шаардын полиция департаментинин орун басары Пол Браун айткан. 2001-жылдын 11-сентябрдан бери, анда коркунучтун "кызылы" эле, эми аталган шаарда коркунучтун "кызгылт сарысы" жашап келет. АКШнын башка штаттарында коркунучтун "сарысы" өкүм сүрөт.




Жыйырма беш талиб жок кылынды
Афганистандын түштүк жана чыгышында эл аралык коалициянын операциясынын жыйынтыгында эң аз дегенде эле 25 боевик жок кылынды. Эң масштабдуу тирешүүлөр Кандагар провинциясында болуп, ал жерде15 талиб өлтүрүлсө, 10у Пакистан менен чек арага жакын жерде жок кылынган. Афганистандагы бул жылдын башынан берки согушта 4 миңден ашуун адам каза болуп, анын ичинде эл аралык күчтөрдүн 200 аскери бар.




Жаңы жылга канча акча коротосуз?
Ушундай суроо менен "Deloitte" компаниясы "Майрамдык шаң - 2008" деген изилдөө жүргүзүштү. Анда Европанын 17 өлкөсү жана африкалыктар катышкан. Аталган изилдөө сентябрдын аягынан октябрдын башына чейин созулуп, Россияда үчүнчү жолу болуп, анын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Нижний Новгород, Ростов-на-Дону жана Екатеринбург шаарларынын жарандары салым кошкон. Эми бааларга көз чаптырсак, кимиси эң көп сарптайт? Француздар Жаңы жылга 527 евро, бельгиялыктар 597 евро, орустар 537 евро коротот экен. Бул баалар орточо алынган. Эң көп сарптагандардын арасына Ирландиянын жашоочулары 1 355 евросу менен алдыга озуп чыкса, эң аз короткондорго украиналыктар 235 евро менен артта калды. Катышкан өлкөлөрдүн арасынан эң жакын өнөктөш катары россиялыктарды алсак, алар Жаңы жылга ар түрдүү белектерди күтүшөт. Мисалы, 36 пайызы "конверт" же акча, 22 пайызы парфюмерия жана косметикалык каражаттар, 19 пайызы кийим же бут кийим, 17 пайызы зергер буюм жана саат алгысы келерин айтышкан. Ал эми, өздөрүнө, туугандарына жана жакындарына "эмне белек бересиңер" деп сурашканда, 45 пайызы парфюмерия, 30 пайызы кийим-кечек, 28 пайызы азык-түлүк берерин билдирген. Бирок октябрь айынан бери Россиядагы экономикалык абал бир кыйла төмөндөп, серепчилердин айтымында, бул изилдөө туура эмес чыгып калышы мүмкүн.


Доминго менен Метрополитен операсы бирге майрамдайт
Нью-Йорк шаарынын театры Метрополитен-операсы 2009-жылдын 15-мартында 125 жылдыгына карата гала-концерт уюштуруп, анда Пласидо Домингонун дебютунан бери сахнада 40 жыл өткөнүн да белгилешет. Концерттин программасы такталып, ага мурда болуп өткөн эң белгилүү 26 спектаклдин номерлери кирди. Ал эми, П.Доминго кеченин эң сыйлуу коногу болуп, жана концертте Жеймс Ливайн дирижерлук кылат. Гала-кечеде бир гана атактуу ырчылар болбостон, сахна тарыхый мааниге ээ декорациялар менен кооздолоорун да айтышкан. Анда Марк Шагалдын кооздуктары "Сыйкырдуу флейта" (1967), "Парсифалдын" жасалгасы, Пуччининин дүйнөлүк премьера операсы "Батыштан келген кыз" (1910) декорациялары кайрадан сахнанын көркүн ачмак болду.


Роботтор сахна каарманы болуп, пьеса коюшту
Япония өзүнүн роботтору менен гана сыймыктанбастан, мындан кийин актёрлору "жумушсуз" калбаса болду… Айтайын дегенибиз, Япониянын Осаки университетинде биринчи жолу роботтор катышкан пьеса көрсөтүлдү. Чыгарманын автору Ориза Хиратанын айтымында, анын иши адамзат менен технологиянын байланышына арналган. "Мен - жумушчумун" деген пьесада жакынкы келечек көрсөтүлүп, анда жаш үй-бүлөдө жашаган эки роботтун жашоосу чагылдырылат. Роботтордун бирөөсү жумушка болгон кызыгуусун жоготуп коёт. Ал "мага жумуштардын эң кызыксызы туш келе берет",-деп даттанып, өзүнүн жашоодогу ролун жаш кожоюн жана кожойке менен талкуулайт. Бою бир метр болгон бул "Wakamaru" роботтору "Mitsubishi" тарабынан жасалган. Университеттин кызматкерлери темир адамдарды сахнада сүйлөтүү жана кыймылга келтирүү үчүн эки ай бою тынбай иштешкен. Спектакль азырынча жыйырма мүнөткө гана созулат. Бирок театрдын кызматкерлери 2010-жылга карата аракеттердин аркасында кадимки спектаклге жетерин айтышкан.