Жантай хан жана Акмөөр
Жантай хан жана анын кичүү зайыбы Акмөөр жөнүндө ар кандай уламыштарды айтып жүрүшөт. Акындар ырга салып, поэма жазышты. Драматургдар драма жазып, театрларга койдурушту. Телефильм да тартылды. Совет доорунда хан Жантайды өзгөчө келекелеп, "соолуган Жантай", "карыган Жантай" дегенге чейин барышты. Чын-төгүнүнө жетишкен да жок. Бийликке жагынуу үчүн, жагыш үчүн нелерди гана жасашпады. Манаптарды "зөөкүр, канкор, чык татырбас, сасык бай" дешип алынын келишинче жамандашты. Көрсө, баарыбыз тең пенде экенбиз, пендечилик кылып, күндөлүк көр оокаттын айынан адам бардыгына тең бара берет тура. Ал аз келгенсип шайтан азезилдей азгырып, көрө албастык, ичи тардык, зөөкүрлүк, дүнүйөкорлук айрым адамдардын каны-жинине сиңип калгандай, өмүр бою кенедей жабышып, кетпейт тура. Замандын, доордун өзгөргөн агымына жараша кийинки муундар чын-төгүнүн, ак-карасын, талдап, салмактап, таразалап көрүп, жаңыча көз караш менен өздөрү калыстап, тыянак чыгарганы оң.
Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Абдырасул Токтомушев өткөн кылымдын 70-жылдарында ата энеси Акмөөрдун кызматчы-чайчысы болгон, кийин Жантайдын Акмөөрдөн төрөлгөн уулу Муңайтпастын колунда кызматын кылып, чайчысы болуп келген Токкожо уулу Тентимиш аксакалдын өз оозунан Жантай менен Акмөөр жөнүндө даанасын угуп, кагазга тушүргөн экен.
Хан Жантайдын түпкү ата-бабаларын айтпай эле, жакыныраак жерден баштап чоң атасы Атаке баатыр, чоң таятасы саруудан чыккан атактуу Бердике баатыр экенин айтсак жетиштүү болор. Атаке баатыр менен Бердике баатыр жакшы мамиледе болушкандыктан кийин белкуда болушуп, Атаке Карабек деген уулуна Бердикенин уулу Жаныбектин кызы Анарды алып берген экен.
Хан Жантай кайсы бир жылы эл көргөнү, жер көргөнү жан-жөкөрлөрү, жигиттери менен айтылуу Кеминден аттанып чыгыптыр. Бара турган жери Анжиан, Алай экен. Шамшы ашып, Кочкорго чыгып, андан Соң-Көлгө ашып, Ак-Талаа, Тогуз-Торо аркылуу Түштүккө бармак болуптур.
Соң-Көлдү жээктеп баратып, белестен аша түшкөндө көлгө түшүп жаткан кыз-келиндердин үстүнөн чыгышат. Чоочун кишилерден бир чети айбыгып, бир чети уялышкан кыз-келиндер алдастай түшүп, чечип койгон кийимдерин көздөй чуркашат. Алардан өзгөчө бөлүнүп, көл ичинде бир кыз калып калганын байкаган Саза ханга кайрылып:
- Баатыр, бир аз аярлаңызчы, тигинде бир кыз калды көрүнөт, - дейт.
Кыраакы Жантай көл ичинде аппак денесин көмүрдөй капкара чачы менен жапкан кызды көрүп, анын тегин кыз эмес экенин баамдайт.
Саза баатыр баштаган жан-жөкөрлерү кыздын аты-жөнүн, атасынын атын билишип, Жантай ханга кошомат кылып, аны азгырып, саяктын ичиндеги кадыр-баркы бар, колу жетиштүү Боркоктун уулу Адылга жуучу түшүп, бир нече күн жатып калышат.
Адегенде кызынын кайындап койгонун айтып макул болбойт. Чыны бий баш болгон саяктын билермандары Адылды эпке көндүрүшөт. Ошентип, кыздын атасынын Акмөөрдү хан Жантайга бербеске башка аргасы калбайт.
Жантай 53 жашында 14 жаштагы Акмөөргө үйлөнөт. Буга чейинки алган аялдарынын экөө да саяктын кыздарынан экен.
14 жашка толуп, жаңыдан бой тартып келаткан Мөөркан өзгөчө зиректиги, жаш да болсо акылдуулугу, чанда гана адамдардын шыбагасына тийүүчү сулуулугу менен бир улуу күчкө таянып, далай жаман-жакшыны көргөн, кандуу кармаштарды башынан өткөргөн, бүтүндөй бир уруунун башчысы болуп, ак кийизге отуруп хан атагын алган, чексиз бийлик менен ченемсиз байлыкка ээ болгон, эр ортону элүүдөн ашып, акылы толуп турган хан Жантайды бир аз алдастатып, уруулар менен уруулардын ортосундагы нечен түйүндүү маселелерди чечкен, эл-журтка атагы чыккан бир канча салабаттуу жан-жөкөрлөрү менен нечен күндөн бери беттеп келе жаткан жолунан калтырат.
Өткөн-кеткендерин ойлоп, жериненби, суусунанбы, абасынанбы, айтор сулуулукту, акылдуулукту, айлакерликти, талантты ургаачыларга бөлүштүрө келгенде, табият саяктын кыздарына берешендик кылганбы деген ой-пикирди кулагыбыз чалып калып жүрөт. Кандай болгон күндө да "жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" эмеспи.
Акмөөр өзүнөн бир топ жаш улуу болсо да тагдыр байлаган Жантайдын касиетин жогору баалайт, калк атасы катары урматтап-сыйлап, бүткүл жөндөмүн, күч-аракетин жумшап, калайык-калктын астында аны менен бийлик, мансап талашкан курбалдаштарынын, уруу башчыларынын арасында кадыр-баркынын жогору болушу үчүн дайыма кам көргөн.
Жантай да өз мезгилинде өзүнүн багына жаралган баа жеткис шыбагадан куру калгысы келген эмес. Адылдын кызы Мөөрканды "Акмөөр" деген атка кондуруп, бүткүл эл-журтка таанытып, нечен кылым өтсө да кыргыз кыздарынын сулуулугу менен акылдуулугунун символу катары легенда кылып айта жүргүдөй, тарыхка калышына тиешелүү деңгээлде салым кошкон. Асмандан учуп келип колуна конгон куштай Акмөөрдү бапестеп өстүрүп анын тунук акылынан, табият тартуулаган сын-келбетинен күч-кубат, демөөр алып, атаандаштарынын арасында өзүн жогору сезип, таалайына туш болгон алган жарын өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин сыйлап өткөн.
Жантай Акмөөрдөн Муңайтпас деген уулдуу жана эки кыздуу болгон.
Жантай өлгөндөн бир жыл өткөн соң, ашын бергенден кийин, Акмөөр оорубай-сыктабай туруп эле каза болуп, кайткыс сапарга узаптыр. Жантай азыркы Бейшеке кыштагынын жанына, Акмөөр Жол-Булакка коюлган экен. Эл оозунда Баяке колдуу болгон деген кеп бар, бирок аны Тентимиш аксакал өзүнүн сөзүндө төгүндөптүр. Анткени Баяке, мурда Жантайдын кичүү аялы Курманы өлтүрүп коюп (ал да өзүнчө аңгеме) манаптарга коркок билиш болуп калган жери бар экен.
Акмөөр Шабдандын кичүү энеси болгондуктан, анын жигити Баякенин энесиндей болгон Акмөөрдү өлтүрүүгө негиз болбоптур.
Тынай бий бабабыздын мыкты урпактары: Атаке баатыр, хан Жантай, Шабдан баатырларды окурмандар жакшы билишет. Алар жөнүндө тарыхый материалдар, китептер жетиштүү. Театрларда драмалары коюлган. Ушуга байланыштуу көбүрөөк токтолууну эп көрбөдүк.




Иштемчил болуу адеби
Абдыкерим Муратов
Бирөөнүн үч уулу болуптур. Атасы аларга ар дайым "уйкуну кандыра уктагыла, тамакты кушкер кылып жегиле" деп насаат айтуучу экен. Жылдар жылып, мезгил закымын кубалап жүрүп, үч уул тең эрезеге жетип, атасын ээсине тапшырып, өз бет алдынча жашоону баштайт. Эки улуусу ата керээзи деп, жуурканды калың салып, бак ичинде булбул-кушту сайратып, уйкуну катырчу экен да, түрдүү даамдарды тынымсыз жеп, жаштыгын өткөрүптүр.
Кичүү уулу болсо ата керээзин башкача кабылдаптыр, кечке тыным билбей тер агызып, талаада иштеп, кечинде чарчап келип, курсагы ачып, берген оокатты калтырбай жеп, тырп этпей уктап калчу экен.
Кийин-кийин эки улуу баланын ичи чыгып, эткээлдиктен ооруга кабылып, үйүндө ырыскысы түгөнүп, итке минип калышса, кичүүсү дени сак, саглам болуп, байлык да, ырыскы да, олжо да үйүнө батпай кетиптир...
Көрсө атасы эмгектенген кишинин гана уйкусу канат, тамагы кушкер болуп жакшы сиңет деген экен.
Хадистерде "Адал кесиптен чарчап уктаган адам күнөөлөрү кечирилген абалда түнөйт" деп айтылат.
Адамзатты бүгүнкү доорго алып келген башкы нерсе - бул анын эмгеги. Адам адам болуп жаралдыбы, ал эмгек кылууга милдеттүү. Эмгек - бул мээнет, мээнеттенүү демектир. Мейли ал акыл эмгеги болсун, күч эмгеги болсун айрымасы жок, адам баласын жакшылыкка алып бара турган нерсе ушул - эмгектенүү.
Эмгек гана ырыс, бак жаратат.
"Булар жашынан мээнет кылып чоңойгон", "Жерге жүргөндөн тырмалап келет", "Мунун колу гүл" деп макташат бала кезден иш менен алектенип жүргөндөрдү. Ошондой үй-бүлөдө чоңойгон балдардын келечеги өзү үчүн да, эли үчүн да пайдалуу болот. Дагы алар "Бекерчиден безе кач" дешет.
Кайсыл бир жылдары Москвадан кыргыздардын айылындагы мектептерге эмгек тарбиясын текшерип комиссия келип калыптыр. Анан алар кечки мал келер алдында сыртка чыгып турса, ошол короого кире турган койлордун бири чоочун кишилерден жатыркап, үркүп, ары өтүп жөнөптүр. Аны көргөн ушул үйдүн 5-6 жашар баласы учуп чыгып, чуркап барып жанагы койду шыйрактан алып жыгылыптыр. Кой ары тартып, бала бери тартып, бирде бала жыгылып, бирде кой жыгылып, анын бала шыйрактан өтүп моюндан кармап отуруп, акыры короосуна киргизиптир. "Мына буларда эмгек тарбиясы" дептир москвалык текшерүүчүлөр.
Мал менен өскөн кыргыз балдар чыйрак, бышык, ден соолугу чың болору тарыхтан айтылып келет. Дал ушундай эмгекчил улуттун уулдарын, биздин заманга чейинки Александр Макадонский да, андан кийинки арабдар да, булардан соң монголдор да, андан кийин кытайлар да баш ийдире албаптыр. Эгерде Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк асаба" деген романын окуп чыксаңар, анда кыргыздардын балдарына жоокерчилик өнөрүн кандайча үйрөткөндүгү менен таанышып, бул элдин ушунчалык мээнеткечтигине таң калбай коё албайсыңар.
"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деп илгертеден балдарга өнөр үйрөткөн кыргыздар иштебегендерди "жатып ичер жалкоо" дешип элден чыгарган. Кол учунан иштегендерди да жаман көргөн.
Жалалиддин Руми айтат: "Өзүң билбеген, түшүнбөгөн ишке киришпе, кайсыл бир ишке киришмекчи болсоң, өзүң билген акылдуу, тажрыйбалуу киши менен кеңеш, анын айткандарына кулак сал, андан кийин гана жумушту башта. Ошондой кылсаң гана өзүңдү жаңылыштыктардан сактай аласың", - деп. Айткандай эле көрүнгөн нерсени аткарам деп кол жетпеген нерсеге умтула бергенде болбойт, ар кандай өнөргө, кесипке адегенде аз-аздан үйрөнүп аракет кылуу керек.