Кыңыр иш былгып...
Сиз билген жана билбеген - Нариман Түлеев!
Түлеевдин былыктары ачыла баштады
Түлеев мырза шаар башчысы болуп турган чакта шаардык мэриянын материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчылары менен биргеликте "КР бюджет укугунун негизги принциптери" жөнүндө мыйзамын бузган. Жергиликтүү бюджетти эске албай жана макулдашпай туруп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына 25 автоунаа сатып алуу жөнүндө тендер жүргүзгөн. Буга шаардык бюжеттен 10 млн. сом бөлүнгөн. Бул факт боюнча учурда Кылмыш-жаза Кодексинин 305-статьясы менен Н.Түлеевге кылмыш иши козголду. Мындан сырткары, Н.Түлеев "КР министрликтердеги мамкомитеттердеги, административдик ведомстволордогу ж.б. аткаруу бийлигинин органдарындагы жеңил жана кызматтык автоунааларды колдонуу жөнүндөгү" өкмөттүн токтомунун талаптарын бузган. КР Өкмөтүнүн уруксаатысыз Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын балансындагы "Daewoo Nexia Song GLE" үлгүсүндөгү 5 автоунааны Бишкек шаардык автобазасынын балансына өткөрүүгө буйрук берген. Мындай мыйзамсыз иш-аракеттери менен Н.Түлеев мамлекеттик казынага жалпы суммасы 3723397 сом же 84815 АКШ доллары өлчөмүндө зыян алып келген.

Коомдук транспорттогу былыктар…
Бишкек мэриясынын транспорт шаардык башкармалыгы 2010-жылдын апрелине чейин рейдерлик жол менен кызмат абалдан пайдаланып, маршруттук таксилерге мыйзамсыз уруксат берип келген. Ушундай эле жол менен 80 айдоочу иштеген "Батыр Хан Мурагер" ЖАК, 2010-жылдын 3-мартында "Эл Принт" ЖАКтары тендер жүргүзүлбөй туруп түзүлгөн. Бул муниципиалдык органдардын ишмердигинде одоно мыйзам бузуу болуп саналат. 2009-жылы шаардык маршрут боюнча тендер жарыяланып, анда "Батыр Хан Мурагер" ЖАК жеңип чыккан. Бирок, бул маршруттук сызыктар боюнча мыйзамга туура келбейт. Ошондой эле, жарыяланган тендерге "Эл Принт" ЖАК катышпагандыгы да белгилүү болду. 2010-жылдына апрелине чейин мындай мыйзамга жат келген иштер ошол кездеги шаар башчысы Н.Түлеевдин буйругу менен жүрүп турган. Анткени, шаардык транспорт башкармалыгынын ошол кездеги башчысы А.Малабаев шаар башчысына каршы эч нерсе айта алган эмес. Булардан сырткары, Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгында бир катар коррупциялык иштер жүрүп турган. Буга Бишкек мэриясынын алдында май айында өткөн айдоочулардын нааразычылык акциясы далил боло алат. Анда маршруттук таксилердин айдоочулары ай сайын 1050 сомдон чогултулган төлөмдөрдү токтотуу менен катар дагы бир нече талаптар менен чыгышкан.

Автобустун баасы асманды чапчыганда…
Бишкек шаардык мэриясы шаар башчысынын буйругунун негизинде кытайлык Yangzhou Yaxing Motor Coach Co., Ltd жана Бишкек автотранспорт ишканасы менен келишим түзгөн. Келишимдин негизинде кыргыз тарап кытайлык компаниядан 200 даана автобусту ар бирин 24 337 доллардан, жалпы эсеби 4 867 400 АКШ долларына сатып алган. Бул автобустар Кыргызстанга алынып келгенден кийин Бишкек автотранспорт ишканасынын балансына киргизилген. Баланстык суммасы алып келүү жана бажыдан өткөндөгү каражаттар кошулуп отуруп, ар бир унаа 1 107 348,14 сомго бааланып, жалпы сумма 225 092 628 сомду түзгөн. Бирок, мындай иштер тендер өткөргөндөн кийин гана жүрүш керек эле.
Тилекке каршы, 225 092 628 сом өлчөмүндөгү каражат жумшалган келишим мамлекетти ири өлчөмдө чыгашага алып келери белгилүү болсо да, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан келишим түзүлгөн.
Ошондо шаар башчысы болуп турган Н.Түлеев мынча чыгашага алып келген келишимди түзүп атканда көңүл бурган эмеспи, же бир кызыкчылыгы болгон үчүн келишим түзгөнбү? Анын да аныгына жетер мезгил келген сыяктанат. Кандай жооп берер экен, күтө туралы…
Түлеев 1 миллиардка шаарды жашылдандырганбы же жашыл акчадан сол чөнтөккө сологонбу?..
"Кыңыр иш кырк жылда билинет" болуп, кезинде Акаев, Бакиев атакелерине "көчүгүн" такап алып, ээлеген кызматын каалашынча өз пайдасына колдонгон аткаминерлердин ичип-жегендерин кусчу маалы да жакын калгандай. Эски бийликтин калдыгы болгон Түлеев кармалып, бул ушул жайдын көңүл борбордо болгон маалыматына айланды. Тилекке каршы, Түлеев мырза "Мен БУУга, Еврокомиссияга бул тууралуу кайрылам" деп чамынганына карабай, анын былыктары четинен чууруп чыга баштады. Дегеним, ал "КТЖ" ишканасынын башкы директору болуп турган маалда "Зеленстрой" муниципиалдык ишканасынын ошол кездеги директору З.Асанбев менен шаарды жашылдардырууга көчөт алган. Шаарды көрктөндүрүү үчүн короткон чыгым 1 млрд. сомду түзөт. Бирок, ал сатып алды деп аткан адамдар Түлеевдин жакын туугандары болуп чыгып, ал эми шаарга отургузулган көчөттөр "Зеленстрой" муниципиалдык ишканасында эле өстүрүлгөнү белгилүү болду.
Мындан сырткары, З.Асанбаев "Тазалык" ишканасында жетекчи болуп турганда ишкананын авто унааларына тетиктерди жогорулатылган баада сатып алганы боюнча да далилдер бар. Ал аз келгенсип, дагы далай-далай бармак басты, көз кысты иштер жасалгандыгы тууралуу маалыматтар чыга баштады. Мындай иштердин башында баягы эле кезинде мамлекеттик казынадан каалашында сол чөнтөккө солоп, анын эсебинен мүмкүнчүлүгү болушунча тайраңдаган Н.Түлеев турган. Анан ушундай иштери үчүн жооп берүүгө алынып келинген учурдагы депутатты түн катып келип, депутаттык кол тийбестигин бетине кармап, прокуратурадан жула качышкан коллегалары Ташиев, Келдибеков, Кулов мырзаларга аргасыздан, "жолуң болгур" дейсиң. Же, "учурда Түлеевдин башынан айланчыктап кетпей турган "кара булут" эртең биздин башта айланбасын деген жан далбастары болду бекен" деп калайык айран-таң…

Жогорку Кеңеште коррупция жана бандитчилик бар
"Жогорку Кеңеште коррупция жана бандитчилик бар", - деп КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бекеринен айткан жок. Чындап эле, учурдагы Жогорку Кеңеште мурда - кийин мамлекеттик маанилүү кызматтарды аркалап, оңбогондой акчаларды тоноп келген чиновниктер, криминалдар менен коюн-колтук алышкан саясатчылар толуп атканын жашыра албайбыз. Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүүдөгү ыкчам иш аракетине дагы бут тоскондор ошол эле айрым депутаттар болуп атышат. Мына кечээ жакында эле "Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Нариман Түлеевди, мурдагы мэр болуп турган кезиндеги өз чөнтөгүнө кампыйтып алган акчасы үчүн укук коргоо органдары камоого алышты эле, айрым коррупционер депутаттар жапырт көтөрүлүп, чын чычалайт жолуна түшө башташты. Ал ортодо кыйын аквалда калган Наримандын атасы Ташболот Түлеевге ошол эле депутаттар барышып, "биз сенин уулуңду Пирматовду чыгарып кеткендей эле куткарып чыгабыз", - деп, ар бири 70 миң доллардан алышыптыр. Кызыгы, акчаны көргөндө, "шабашка" кылган "Эл өкүлдөрү", "аттиң, көбүрөк эле сурасак болмок экен", - дешип, "долядагы" Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты А.Калматовдун акчасын бербей, азыркы күндө алардын ортосунда, "жебеген самсыга пул төлөбөйм", - деген мааниде "кидать" этип нааразычылыктары
жаралууда.

Наримандын рейдерлик жоругу
Азыркы кезде кыргыз саясатында чуу болуп жаткан Нариман Түлеевдин айланасындагы окуялар коомчулукту эки анжы ойдо калтырып жатат. Кээ бирөөлөр Нариманды тегин жерден айыптап жатат деп түшүнсө, аны жакындан билгендер депутат мырзанын жеп ичкени али толук иликтене элек деп айтышат. Ал эми Нариман мырза сот аркылуу өзүн коргоп алуунун ордуна козголгон ишке саясый өң-түс берип, жан алакетке түшүп жаткан кербези. Биринчиден, Нариман табиятынан эле өз кызыкчылыгы турганда башка кадамга барган эмес. Ал акча жасоонун жолун мыкты билет. Деги эле бул киши жасаган кайсы ишти казбагын коррупция деген балекет оркоюп көрүнө калат. Мисалы, ал мэр кезинде мурдагы "Локомотив" стадионунун аянтына "Ледовый Дворец" аттуу денсоолук чыңдоочу комплекс курууну чечет. Бул долбоорго мамлекеттен 150 миллион сом акча бөлүнөт. Бирок, аталган комплекске 100 миллион сарпталса да имарат курулбайт. Бирок чыныгы сарпталган чыгашалар мындан да аз болчу. Ошентип курулуш ишине кетирген акчалар жасалма жол менен көбөйө берет. Ал эми курулуш материалдары жалган фирмалар аркылуу жеткирилип турган.

Кубат Карачев