Жыпар Исабаева:
"Жүрөгүмдүн бөксө жерин толтура албай келем..."

Акындар ырына баарын батырат. Арзууну, арманды, жалганды, көртурмушту, көксөөнү, эңсөөнү, жек көрүүнү, деги койчу, баарын... Ар бир ырдын таржымалы бар. Уксаң кызык. Акын Жыпар Исабаеванын ырларынын арасынан өзүмө да, өзгөгө да жаккан эки ырдын таржымалын сурадым. Эженин жообу:


Сөзү "элдикине" айланып кеткен "Издеп жүрөм"

Издеп жүрөм

(Обону Бек Борбиевдики,
Мая ырдайт)

Көздөрүмө тик бага албай
сүрдөгөн,
Мени сүйгөн, а бирок мен сүйбөгөн,
Адамдарды, ай, жылдарды
аралап,
Өзүңдү издеп жүрөм жалган
дүйнөдөн!

Жылуу, сулуу каректерге үңүлөм,
О, Кудайым ошолбу дейм,
түңүлөм.
Жакшы ыр уксам, көрсөм жакшы
бирөөнү,
Эмнегедир сага окшотуп сүйүнөм.

Кайырма:
Бирок билбейм, ысымың ким,
кандайсың?
Балким ачуу, балким шекер,
балдайсың?
Байкашымча бакытка окшош
кандайдыр,
Башкалардан башкачараак
жандайсың.

Каяктадыр сен да мени сагынып,
Башка тагдыр, башка адамга
кабылып,
Жүргөнүңдү сезем менин
бакытым,
А өмүрлөр барат тынбай агылып.

-Бүгүн эртең менен маршруткада келатсам, ушул ыр ырдалып калса болобу? Автор катары эмес, угарман катары муюп уктум. Эмнегедир ыйлагым келди. Байкасам, эми эле ушакташып келе жаткан эки аял дагы тынчып, ырга кулак түрүп калышты. Ойлодум: "Дүйнөсү түгөл адам жок окшобойбу?" - деп. Негизи, менин ырларымдын көбүндө сагынуу, кимдир бирөөнү, алда нени издөө арбын экен. Айтмакчы, бул ырды капысынан эле теледен көрүп калып, бир чети жактыргандан, бир чети таңгалгандан эсим ооп көпкө отургам. Анткени, экрандын алдында чуркаган титрде: "Сөзү элдики" деп жазып коюптур. Бул ыр дагы сөзүнө обону дал келишип, камыр-жумур болуп жуурулушуп турат экен. Аткаруучу дагы жакшы ырдаган. Көрсө, Бек ырды гезиттен таап алып, обон чыгарган экен. Бирок, көпкө чейин авторун таппай жүрүп, анан "элдики" деп чыгарып жиберишиптир. Кийин билишти. "Менде баары бар. Үйбүлөм, ишим, баары-баары, анда мен эмнени, кимди эле издей берем?" деп, бир күнү өзүмө ушул суроону бердим. Жооп таба албадым. Бирок, жүрөгүмдүн тең жарымы бөксө экенин байкадым. Ар дайым ошол бөксөлүктү толтуруу үчүн жандалбастай бере турган элем. Бир нерсе жетишпей жаткандай боло берчү. А мен ал бөксөлүктүн эмне үчүн бар экенин кийин түшүндүм. Көрсө, ал жарала элек, мен жаза элек чыгармалардын орду экен. Ал орун ушунчалык чоң дейсиң... Эми дайыма көкүрөгүмдү бир нерсе өйүп келет, мен аны жакшы бир чыгарма менен толтуруум керек... Болбосо, өмүрдөн арманда өтчүдөй сезиле берем...

Арзуу - Мамаев түн уйкуну бузуп жаздырган ыр

Арзуудан бүткөн сагыныч

(Сөзү Жыпар
ИСАБАЕВАныкы,
Обону Б.Мамаевдики,
автор аткарат,
Гүлбүбү Орозкул кызы
аткарат)

Көңүлгө көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Көөдөндө калды а бирок,
Көксөткөн санаа, кусалык.

Байралып жашап башкага,
Баш ийип, басып наздана.
Бактылуу кылып башканы,
Бактылуу болдуң аз гана.

Сагынчым кантип сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирээт,
Анда не келип кетпейсиң.

Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы,
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.

-Бул ырдын мен койгон аты - "Арзуу". Адатта музыканы авторлору же аткаруучулар өздөрүнө жаккан аталышты коюп алган учурлары көп болот.
Канчалык күтүүсүз жазылганы менен, бир топ обондуу ырлардын ичинен мага өзгөчө жакын. Анткени, текст менен обон кудум бири-бирине жарашып калган жубайлар өңдүү, бап келишип турат. Анын үстүнө, уккан угармандардын көбү жактырарын байкайм.
Кээде конокторго барып калсаң, аялзатыбы, эркектанабы, ушул ырды бир дүйнөсү менен муңканып ырдап турса, кимдир бирөөлөрдүн жандүйнөсүнө ырахат тартуулай алган экенмин деп кубанып калам.
Ал эми анын жазылыш тарыхы, жөп-жөнөкөй эле болгон. Күндөрдүн бир күнүндө редакция-бызга ("Кыргыз Туусуна") Бакыт Мамаев келиптир. Өзүн обончу катары тааныштырып, китебимди алып кетти. Андан көп өтпөй эле мен чыгармачылык кече өткөрүп, Бакыт "Жыландын сүйүүсү" деген повестимди сахнага алып чыкты. Башкы ролдордо ырчы кызыбыз Гүлзат Байзакова, дагы бир кызыбыз Афина Бакирова ж.б. ойношкон. Ошол кезде Бакыт Мамаевдин чыгармачылык эргүүсү абдан ашып-ташып турган маал окшойт. Бир күнү эле түнкү саат төрттө телефон чалыптыр:
-Эй, Жыпар, мен бир сонун обон жараттым. Ага текст жазып бере салбасаң болбойт! - деп.
-Макул, эми таң атсын, - десем:
-Жок, жок! Таң атканча чыдай албайм! Азыр, азыр керек?! Сенден суранам, досум, азыр керек?! - деп жалооруйт.
-Мен эмне, фабрика белем, сага? - дедим. Жолдошум болсо ары жакта:
-Ким ал?! - деп атат.
-Эмне жөнүндө? - дедим айлам кетип.
-Уксаң мелодиясын, мына азыр... - деп ары барып комузун көтөрүп келди окшойт, чертип, кыңылдап калды. Обон чыны менен эле жага түштү.
-Сүйүү жөнүндө, досум, бири-бирине жетпей, арманда калган сүйүү жөнүндө, анын ичинде кусалык, өксүк болуш керек, - деди.
Ошентип, ашканага отуруп алып, он беш-жыйырма мүнөттө чиймелей салып, окуп бердим. Сүйүнгөнүн айтпа. Мен жолдошумдан тартынып атам да, баары бир. А тигил болсо, кычап ырдап берип жатып алса болобу:
-Кое тур, досум, ук. Муундары обонго жатат бекен текшерели. Капа болбо эми, бул менин эле эмес, сенин да чыгармаң. Жакшы чыгышы үчүн уйкуну "жертва" кылыш керек, - деп.
Ошондо Бакытка жиним келген болсо, эми ыраазы болом. Анткени, ал антип "наглый" болбогонунда бул ыр чыкпай
калмак...

Даярдаган
Эльмира Мадиева




Насывай
Бүйлөгө чымчып салышып,
Бүлкүлдөп сүйлөп калышып.
Бүгүнкү күндө жаштарың,
Бүтүндөй тартты жарышып.

Соолугу кетип, ууланып,
Соолуган суудай бууланып.
Союлуп жатат өзү эле,
Союлган малдай тууралып.

Ар нерседен топтошуп,
Арзыбай калса бок кошуп.
Жалбырактан иргешип,
Жанаякта ийлешип,
Жыттап алып маашыркап,
Жылуулай тартып ачууркап.
Башына чыгып деңгиреп,
Маңгидей болуп кеңгиреп,
Түрлөп ороп сатышып,
Түрүнөн тандап атышып,
Түкүрүнүп андан да,
Түркөйлөрдөй басышып.

Саргайып жүзү бузулуп,
Сан оору каптап тутулуп.
Сабыркайт жаны бат эле,
Саналуу күнгө тушугуп.

Жийиркенбей салып
оозуна,
Жиндердин күйүп отуна.
Жаштарың барат тартылып,
Биринен-бири озуна.

Өнөрдөй көрөт ошону,
Адаттын ошол осолу.
Өзүңдү кыйсаң өлүмгө,
Өкүрүп бирөө кошобу.

Тиштериң түшөт шалдырап,
Тилиң да калат балдырап.
Түкүрүп кете бересиң,
Көрүнгөн жерге балжырап.

Өңгөчүң ооруп жабыркайт,
Өзүңдүн жаның сабыркайт.
Өмүрү келте тура деп,
Өкүнүп элдер таңыркайт.


Арзанын карап көптөрү,
Ажалга болот көк бөрү.
Алганда кандай иши бар,
Сатканга кымбат, өткөнү.

Өмүрдү жаштар көп көрөт,
Өтсө деп шашып өткөрөт.
Өзгөчө насывай тарткандын,
Жашоосу бир топ бөксөрөт.

Ойлонгун жаштар эмитен,
Оюмду айтам эби менен.
Ойлончу өзүң тиленип,
Ойлоносуңбу, деги сен.

Эгерде болсо жан татты,
Таштагын кара шалтакты.
Машыркап атып турасың,
Тапкансып андан мансапты.

Денсоолук керек баарыңа,
Келгиле жаштар, арыңа.
Кык сасып турган жыт мен.
Жолойсуң кантип жарыңа.

Айтканым ушул билгиле,
Насвайдын кардын тилгиле.
Унутуп жаман адатты,
Узакка өмүр сүргүлө.

Акын, Кубат Жакыпов