Расул Султангазиев:
"Боорду алмаштырганга тете операцияларды жасайбыз"

Жеңиш Садырбеков, Хаким Бебезов сыяктуу чыгаан хирургдардан таалим алган Расул Султангазиев боорго татаал операцияларды жасаган сейрек врачтардын бири. Ушул тапта ал республикалык денсоолукту чыңдоо борборунун хирургия бөлүмүн жетектеп, боордун циррозу боюнча Кыргызстанда алгачкы докторлук ишти жазып жатат.

-"Хирургия бөлүмү" деп аталганы менен мурда сиздердин бөлүмдө эч кандай операция жасалчу эмес. Эгемберди Туманбаев бөлүм башчы болуп келген соң, алгачкы жолу анча-мынча операциялар жасала баштады. Эми болсо өтө татаал операцияларды да жасап аткан экенсиздер?
-Мен келгенге чейин бул жерде өттү алышчу, богок бези сезгенгендерге, грыжага операция жасашчу. Азыр өттөрдүн 95 пайызын аппарат менен алып атабыз. Эки гана учурда оорулуулардын өздөрүнүн
каалоосу боюнча ачык жол менен алынды. Боордо паразитардык эмес ыйлакчалар болот, ошолорго дагы операциялар жасалууда. Андан тышкары, боору цирроз болгондорго көк боордун кан тамырын бөйрөккө кошуп, жалгаштырып тигүү боюнча операцияларды киргиздик. Андай операциялардан азырынча бирөө жасалды. Кудайга шүгүр, натыйжасы жакшы. Альвеококкоз деп коет, бул дээрлик
боордун рагына окшогон оору. Эхинококкто боорго залака кылбай ыйлаакчаны алып койсо болот, ал эми альвеококкту болсо, эхинококктой алып салганга мүмкүн эмес. Боорду кесип түшүш керек. Бир операция жасаганбыз, боордун дээрлик жарымы алынды. Кудайга шүгүр, оорулуу айыгып чыкты. Себеп дегенде, бизде шарт, камсыздоо, анан аппараттар жакшы.
-Күнүгө канча операция жасалат?
-Эки-үчтөн. Кээде бир эле кишиге эки операция жасаган учурлар да болуп калат. Өткөндө бир оорулуунун өтүн да алдык, анан боордогу ыйлакчасын да алдык. Ошон үчүн ал эки операция болуп эсептелет. Бир оорулуу, бир наркоз, бирок эки операция.
-Бөлүмдө канча хирург бар?
-Толук ставкада мен элемин. Жарым ставкада Эгемберди Усупбекович менен Сапар Жакыпбекович. Дагы экөө чарбалык эсеп боюнча. Бир урологубуз бар. Ошондо жалпы алты кишибиз. Негизи, боордун циррозу өтө татаал проблема. Башка ооруулардай айырмаланып, цирроздо операциядан кийин да узак мезгилдик камкордук керек. Дары куюп, кан куюп дегендей. Ырахмат, президенттин администрациясы бизге абдан чоң жардам берип атат. Биздин бөлүмдү бара-бара боордун проблемасын чече турган борборго айлантса болот. Кыргызстанда боорду алмаштырганга мүмкүнчүлүк жок. Бирок биз жасап аткан операциялардын (условно-радикальный деп коет) натыйжасы боорду алмаштыруу менен дээрлик бирдей эле.

Максат Калыков





Хазрат Инаят хан:
"Ишеним - бул жарык, шектенүү болсо - караңгылык"
Кудай ар бир киши менен сүйлөшөт. Пайгамбарлар, улуу устаттар аркылуу гана сүйлөшпөстөн, ар бир жүрөктүн өзүнө аян берет, бирок, аны баардык эле адам уга бербейт. Эгер уга алсаң Кудайдын үнү күндүн күркүрөгөнүнөн да катуу, эгер көрө алсаң, нуру күндүн нурунан да жарык. Аны угуп, көрүш үчүн адамзат өзүнүн "менинен" куруп алган дубалды жок кылышы керек.
xxx
Ар кандай ийгиликтин табышмагы ишенимге катылган. Кенедей эле шектенүү биз жасаган иштердин баарын жокко чыгарып салат. Ишеним - бул жарык, шектенүү болсо - караңгылык.
xхх
Адам өлүмдүн маани-маңызын аңдап билмейин өлүм ал үчүн эң коркунучтуу нерсе, тирүүлүктүн бүткөн чеги катары көрүнөт. Маани-маңызын аңдаган соң, адам өлүмдүн кожоюнуна айланат.
xхх
Суу - бул жашоонун символу. Кимдир-бирөө ага чөгүп өлөт, дагы бирөө анда чабак урат, суунун үстүндө басып жүрө алгандар да бар. Сезимтал, болоор-болбос нерсеге да ташпиш тартчу кишилер биринчи топко кирет. Бергенди да, алганды да билген, турмушту оюнга айланткан кишилер - булар суучулдар. Алар "тумшугума муш жеп калдым" деп кейибейт, себеби, бир мушка эки муш менен жооп бере алышат. Ал эми бул дүйнөнүн кубанычынан да, кайгысынан да өйдө боло алгандар суунун үстүндө басып жүргөнгө
тете.
xхх
Руханий бийик деңгээлге жетүү, албетте, кыйын. Анүчүн адегенде адам болгонго аракет кылыш керек. Периште болуу кыйын деле эмес. Пенде болуш оп-оңой. Бирок, жалган дүйнөдө, анын толгон-токой көйгөйлөрү менен таймаштарынын арасында жашап, адам болуу жеткен машакат. Эгер ошону жасай алсак, биз жердеги кичинекей Кудайга айланабыз.
xхх
Суфийлер өлгөнгө чейин эле өлүшүп, тигил дүйнөдө эмне болоорун бул жактан эле билип коюшат. Отко кирип, эч жери күйбөй чыккан дервиштер бар. "Тозоктун оту биз үчүн эмес" дешет алар. Бул жерде от эч зыян келтире албасын далилдей алышкан соң, алар тозок отуна да күйбөсү чын болсо керек.
xхх
Чыгышта суфийлер тирүү кезинде өлүмдү жеңүү керектигин, өлүмдөн кийин өлбөстүктү аңдоо үчүн өз алачыктарын атайын көрүстөндүн жанына курушкан.
xхх
Акыйкат жүрөгү таза адамдар үчүн гана. Тамак ачка болгон адамга, суу чаңкаганга гана берилиши керек. Бир адамдын оозу сүйлөйт, дагы бирөөнүн жүрөгү, жандүйнөсү сүйлөйт. Ооздон чыккан сөз кулакка гана жетет, ал эми жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет.

Мамат Сабыров





"Менин диагнозум - жандүйнө азабы"
Түндө бөйрөгүм ооруду эле, эртең менен жүрөгүм ооруп турдум. Ушу менин диагнозум "жандүйнө азабы" го. Өзүм менен өзүм гармонияга кире албай жатам. Ар кимдин сөзү жана жолдомосу менен жашап калгандаймын. Кеңештер мен үчүн маанилүү. Сыртымдан сыр бербей, калп эле кыйын, бир сырдуу боло берген менен артымда эчтеме көрүнбөйт. Ата-энемдин алдына барып, эл көзүнө шумдук көргөзүп кое турган, апамдын купулуна толо турган, "күйөө сөрөйдү" кайдан табам? Мага "наказ" бергенден көрө, "ушул кызымдын багы ачылсын" деп Кудайдан суранса, балким угуп калмак ээ?..

***
Жаз, кеч, мандалак, күлкү, ый, үй, уйку… Бүгүнкү күн ушундай өттү. Сөздөр өз өзүнчө, иши кылып маанисиз, кызыксыз сааттар өттү. Бирок, сиз, менин күлкүмө, сөзүмө бактылуу болдуңуз ээ? Мен бүгүн, көңүл бөлүп койгонум үчүн бир адамга бир саат жагымдуу ирмемдерди
тартууладым.

***
"Бейкапар жүргөн кезимде, сезимди салдын көңүлгө..."- деп Калмурат сыздап ырдап жатат. Ал эбак, көр турмушттан чарчап, Кудайга жол алган. Жашаса, дагы көп-көп обондорду жаратмак. Эгерде мен обончу болуп, көңүлүмдөгү нерсени музыкага айлантсам, тирүү адам түшүнө албагандай баш аламандык пайда болмок болуш керек. Таланттарга таазим! Бирок, алар биздей көтөрүмдүү болуп, ичкиликке берилбесе, сөзүн, чыгармасын барктап, татыктуу жашашса сонун болмок ээ?.. А бизде андай эмес. Чыгармачыл адамдар өзү тарабынан да, өңгө тарабынан да баркталбайт. Алар өздөрү мерседеси, сумка толо акчасы жогун билгендей эле, көкүрөктөрү толо байлык экенин
билишсе.

***
Асыл бир сөз айтты. Үшүп кеттим кадимкидей. "Улуу чыгармаларды жараткандардын, ыр жазгандардын баары эле жакшы адамдар эмес" дейт. Айтымында, алардын арасындагы "баланчаев" аябай арамза экен. Ал замандаш мага жолукканда, "көр турмуш деп жандүйнөң арыктап кетиптир" деп, турмушта баа жеткис баалуулуктар тууралуу кеп курган эле да. Ушундай сөздү сыпаттаган адам да арамза болобу?..

***
Бүгүн, дайыма айтылгандай, кара менен ак бирдей жүргөн кызыктай күн болду. Эртең менен ооруканага бардым. Кудайым кылган күнөөм үчүн болушунча жазалады. Өлүп эле кайра тирилдим. Ыйдан күчүмдү чыгардым. Дагы деле күлүп, такыр сыр бербейм. Дагы жакшы, биртуугандарым жанымда болуп, ошолор мага чоң күч, дем болду.

***
Сиз мага ишенбей, мен болсо оңтойсуз абалда калдым. Актангандай болуп. Ак жерден актангандан артык азап жок окшойт. Өзүң түшүнбөй турсаң, бирөөгө оңгулуктуу бир
нерсе түшүндүрүп бере алмак белең?!

***
Азап күн болду. Балким Кудайым "ушундайыңда токтот!" деп белги берип жатабы?.. Туура эмес кылып жатканымды билип туруп, ушул кадамга, көрүнбөгөн сезимдерге жетеленип жатам. Кадимкидей чүлүктөнүп калгандаймын. Жандүйнөнүн азабынан, саламаттыктын салмактанганынан, көр турмуш деп кыбырагандан чарчадым. Дербиш сымал тентип кетейин десем, балам кантет, апамчы?! Бул дүйнөдө мага чын дилден күйгөн эки гана адам бар экен. Апам менен балам. Өлүп калсам чын ыйлай тургандар деле манжа менен эле саналат окшойт. Турмуш менен тең арыштаганга алым келбей калды...

Гүлнара, Бишкек шаары