Нургазы Анаркулов, "Ата Журт" партиясынын катчысы:"Ата Журт" партиясынан бузукулар куулат"
-Нургазы, "Ата Журт" партиясы ичтен ирип, "жарылат" дешүүдө, чынбы?
-Эми "жарылат" дегенден алысмын. Бирок, тазалануу процесси жүрүп жатканы чын, ал иш жүзүндө башталды. Себеби, башынан бери партиянын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келген мүчөлөрү "качанга чейин биз кылган иштин үзүрүн ортодон кошулгандар көрөт" деп нааразы болуп, тазалоо талабын койгон. Маселен, партиянын атынан шайланган депутаттардын деңгээлин, чама-чаркын көрдүк. Позициясын кармана албай, ары-бери ойногон бузуку депутаттар "Ата Журт" партиясынын беделине доо кетирүүдө. Ошолордун айынан партияга түрдүү сөздөр, ушактар жабыштырылып, каршылаштарыбыз начар пикир түзгөнгө аракеттенишүүдө.
-"Бузукулар" деп кимдерди айта аласың?
-"Ата Журттагы" бузукуларды баары билет, санап отурбайын. Анын башында Коркмазов деген неме турат. Аны саясый кеңеш мүчөлүктөн ажыратуу маселесин көтөргөн. Эми кезектеги партиянын курултайында чечилет. Ынтымакты бузгандарды мүчөлүктөн ажыратабыз. Ошол эле курултайда партияга жаңы мүчөлөрдү киргизип, жалаң жаштар менен толуктайбыз.
-Митингдердин аягы сууга сиңген суудай жок болуп кетти. Партия лидери корктубу же сатылдыбы?
-Азыр айрым ММКлар "Ата Журттун" лидери "сүйлөшүп алды, сатылды, оппозициядагы досторун сатып кетти" дешүүдө. Булардын бардыгы ушак. Бийликте отургандар ушундай ушактын күчү менен гезиттер аркылуу бийлигин сактап калууга аракеттенүүдө. Муну эл жакшы түшүнүп турат. Мындай ыкманы буга чейинки бийликтегилер колдонуп келген, булар дагы аны так өзүндөй кайталоодо. Ал эми оппозициялык күчтөрдүн башы бир, ортодо талашып-тартыша турган эч нерсе жок, татынакай эле жүрөт.
-Анда соодалаштыбы?
-Бу да туура эмес. Анткени, өкмөттүн жүз күндүк отчетунда жана "Мегакомдогу" чуулуу маселени караганда, "Ата Журттун" лидери Камчыбек Ташиев катуу сындады. Эгерде соодалашса, ушундай маселени көтөрүп, сындамак беле? Алар мурдагы ачка жүргөн оппозицияга салыштырып жатат, конфет берсе митингдерди токтоткон. Азыр андай эмес.
-Анда митинг токтобойт турбайбы?
-Токтотуу мүмкүн эмес. Анткени, бийлик элдин турмушун оңдой албады. Анысы аз келгенсип, элдин талаптарын дүлөй сыңары уккан жок. Конституциялык реформа, июнь жана апрель окуялары, банк кутучаларындагы акча ж.б. боюнча талаптарга ак же көк дебеди. Буга эл абдан кыжырданып, чынжыры үзүлгөнү турат. Эгер эл башкача талаптарды көтөрсө, оппозиция четте карап турбайт. Активдүү катышат. Себеби, Жалал-Абаддагы акыркы митингде "чечкиндүү кадам жасабайсыңарбы?" деген талапты койгон. Эми ошондой кадам башталат.
-Митингдердин болушу тышкы саясатка да байланыштуу болуп калбадыбы, азыркы бийлик ал жагынан аксаган жокпу?
-Аксамак турсун, баспай калды десек болот. Илгертен бери өнөктөш болуп келаткан Россияга болуп көрбөгөндөй начар мамиле жасалууда. Кылымдан бери келаткан достукту бузуп, Батыштын алаканына салып берүү саясаты ачык эле жүргүзүлүүдө. НАТО, АКШ, Туркия, Катарга окшогон мамлекеттер менен алака-мамиленин бекемдемиш этишип, Россияга далысын салган саясат чегинен чыгып кетти. Сөзүм куру болбосун, ири долбоорлордон Россияны четтетип салды. "Камбар Ата", темир жол, чакан ГЭСтерди курууда башка өлкөлөр менен келишимдер түзүлүп жатат. "Датка-Кемин" чубалгыларын кытайлар курууда. Мунайды Азербайжандан алуу аракети жасалууда. Бул Түркия аркылуу Батышка көз каранды кылуу саясатынын бир бөлүкчөсү. Акырында айтарым, Россияга далысын салган жетекчилердин тагдыры жакшы бүткөн эмес. Мындан ары да жакшы бүтпөстүгүн эстерине түйүп алышсын!
Памир Манас
Каныбек Осмоналиев, "Ар-намыс" фракциясынан
ЖК депутаты:
Канат Жалилович,
менин колумда сизге карата компроматтар бар"
Кечээ ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин кезектеги жыйынында Жогорку окуу жайлардын башчыларын шайлоо же дайындоо тууралуу маселе каралып, кызуу талкууга алынды. Өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө шайкеш жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоо ЖОЖдордо эмгектенип жаткан окутуучулар, профессорлор тарабынан негизинен колдоого алынып турганы менен, мындай демократиялык нормалардын киришине караманча каршы күчтөрдүн да бар экени жашыруун эмес. Бийликтин жогорку тепкичинде, министрликте отурган айрым чиновниктер, жеке кызыкчылыкты көздөгөн ректорлор биригип алышып, эски традицияны жандандыруу аракетин көрүп жатышканы ачык байкалууда.
Баарынан кызыгы, бакиевдердин авторитардык, үйбүлөлүк-криминалдык бийлигинин убагында бул маселе үчүн тикесинен тик туруп, "ректорлорду шайлоо керек" деп бакылдап жүргөн КСДП фракциясынын бүгүн жоошуп, позицияларын өзгөртүп жатканында болууда.
Серепчилер муну эң жөнөкөй гана түшүндүрүшүп, жаңы Башмыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары азайып калгандыгы менен байланыштырууда. "Коргоо министри, коопсуздук кызматынын жетекчиси, анан өзүнүн аппаратынан башка кишини дайындоо укугу жок президентке ректорлорду дайындоону алып берсек, "көз каранды болуп жалдырагандардын саны артат, анан кадыр баркыбыз өсөт" дегенсигендей арам ойлору бар президенттин айлана-чөйрөсүндөгүлөр ушундай ыплас иштерди жасап жатышат (!) деген пикирлерди айтышууда.
Маселенин төркүнүнө сүңгүш үчүн, бул маселе боюнча оюн айткан тараптар менен кеңири таанышып чыккан оң эмеспи. Ошондуктан, ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиевдин комитеттин жыйынында сүйлөгөн сөзү менен окурмандарды тааныштырууну чечтик.
Каныбек Осмоналиев:
-Урматтуу комитет мүчөлөрү! Урматтуу депутаттар! Урматтуу чакырылгандар! Биринчиден, маселени жогорку окуу жайдын башчыларын шайлоо же дайындоо жөнүндөгү маселеге келгенде, бир жактуу, бир принципиалдуу
позицияны ээлесек. Мен сиздерге айтып коёюн, азыр министр өзүнүн сөзүндө айтпадыбы, ошол 2005-жылдан бери, өзү бул окуя 2003-жылы башталган. Ар кандай себептер менен негизги процесс ректорлорду шайлоодон өткөрүү 2005-жылдан бери болду да. Кыргызстандын баардык университеттеринде ректорлорду шайлоо вазыйпасы өттү... 2009-жылы капысынан эле өткөн бийликтин өкүлдөрү, айрыкча ошол кездеги министр-ликтин өкүлүнүн демилгеси менен, өкмөттүн демилгеси менен түптүз эле жерден кайрадан дайындоо керек (!) деген маселе абдан катуу көрсөтүлгөн. Биринчи ЖКда, андан кийин президенттин администрациясында көрсөтүлүп, ал кандай деңгээлде иш жүзүнө ашканын баарыбыз билебиз. Эгер унутуп кала элек болсок. Ошондо, мен силерге айтып коёюн, КСДП партиясы өзүнүн фракциясы менен буга абдан активдүү каршы чыккан.
Бул жалпы демократиянын фундаменталдык принциптеринен кетүү. Бул жогорку окуу жайларды, орто окуу жайларын, керек болсо жалпы билим берүү жайларын мектептердин баардыгын тоталитардык, коньюктурдук жол менен бийлик өзүнө каратып алуунун аракети деген маселе...
Анан мен таңгалып атам, 2011-жылы өкмөт өзү көтөрүп, баардык маселелер боюнча Конституциянын бир жактуу негизги формасына туура келген иштер аткарылсын. Бир нече депутаттар демилгени колго алдык. Бул маселени да киргиздик. Бирок, жарым жылдан бери эмне болуп кетти? Урматтуу министр, же бирөөгө ректорлорду дайындаш жагып калдыбы? Мен "точно" билем, сизге жакпайт. Себеби, сиз демократ жигитсиз. Анда, кимге жагып атат? Көрүп атасыздар, азыр эмне чатак чыкпай атабы? Канат Жалилович, менин кабинетимде сизге карата 3-4 том компроматтар
турат.
Урматтуу депутаттар! Айрыкча сиздерге кайрылгым келет. Биз эң бир ыйык нерсени жоготобуз. Эгерде кайра дайындоо келе турган болсо. Ал ыйык нерсе - демократиянын фундаменталдык принциптери. Анан эмне эле келип ректорлорго жармашып калдык? Себеби, ректордун колунда адам, анан каражат ресурсу турат. Ошону колдонгонго, пайдаланганга, башкарып алганга баардыгыбыз далалат кылып атабыз. Мен ачык эле айтам, бул беш-алты ректордун аракети болуп атат. Болгондо дагы катуу аракет болууда. Бирок, ММКга жалпы билим берүү системасынын негизги жоокерлерине алар доценттер, профессорлор. Миңдеген каттар келип түшүп атат. Ошолорго айтып коюшум керек. Мен депутат катары буга каршымын. Биринчи кезекте демократиялык принциптин негизги чордону болгон жетекчилерди шайлоо принциби дүйнөлүк практиканы эске алып, университеттерде иш жүзүнө ашырыш керек.
Адинай МАРИПОВА
