Кадыров айтса, калп айтпайт!
Кубанычбек Кадыров, экс-депутат:
"Бийликке Максимдин "кошелегу" менен Жаныштын "шестеркалары" келди"
Мамлекет алтын же нефтисинин көптүгүнөн байыбайт. Аны азыр да көрүп жатабыз. Мамлекет - качан гана коррупция жоголгондо, бийликке колу таза, патриот, мекенчил жаштар келгенде оңолот. Ал үчүн жыйырма жылдан бери коррупцияга кокосунан малынып, өлкөнү тоноп келгендерди эч коркпостон камап, түрмөгө отургузуу зарыл.

-Кубаныч мырза, бийлик башында көзгө көрүнөр жылыш байкалбай, "кыскартуу" деген кыйкырык гана угулууда. Ошол "кыскартууда" өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?
-Жаңы өкмөт түзүлгөнүнө бир айдан ашты. Булар азыр жалаң
кыскартуу чакырыгы менен гана алек. Кыскартуудан мурун, жумуш ордун табыш керек эле. Дегеним, эми 3 миңден ашуун адам үйбүлөсүн кантип багат? Алар азыр мигранттардын санын көбөйтөт. Министрликтердин саны дагы азайды. Бул, албетте, колдой турган нерсе. Бирок, ойлонулбай, анализденбей, "бөрк ал десе баш алган" кадамдары менен, жүз миңдеген жарандарыбызды жапа чектиргени турушат. Мисалы, миграция министрлигин жоюп жиберишти. Бул өтө чоң жаңылыштык деп ойлойм. Мамлекеттен бир тыйын сурабай, өзүнүн денсоолугун, өмүрүн тобокелге коюп, өлкөгө миллиарддаган киреше киргизип жаткан жарандарыбыздын тагдырын талаага ташташты. Ушул маселе каралып жаткан маалда президент да, премьер-министр да, депутаттар да каршы турбаганы мени таңгалдырды. Булардын бири да өлкөдөгү социалдык көйгөйдү мигранттарыбыз чечип жатканын түшүнүшпөйт окшойт. Эгер "эл үчүн" дегендери чын болсо, бул министрликти жойбостон, тескерисинче, Россиянын, Казакстандын президенттеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын ишин тереңдетип, күчтүү министрлик кылыш керек болчу. Анткени, бир миллиондун тегерегиндеги мигранттарыбыз былтыркы жылы банк аркылуу бир жарым миллиард доллар апкелди. Жөнөкөй берип жибергендерин кошсок, 2 миллиарддан ашат. Өлкөнүн бир жылдык бюджетинен көп каражатты төгүп, элди мамлекет эмес, мигранттар багып жатканын кайда катабыз? Биз диаспора башында турган жигиттерибизге рахмат айтып, чоң министрлик ачып, колубуздан келген жардамыбызды беришибиз керек болчу. Бирок, чырактай балдарыбыз менен мөлтүрөгөн кыздарыбыздын маңдай тери менен келген акчаларга жаныбызды багып, алардын оор тагдырын, түмөн түйшүгүн ойлобогонубуз, жөнөкөй айтканда, адамдык сапатка жатабы?
-Сиздин жан кейитип айтканыңыздан улам суроо туулат, миграция министрлигинин орду ошондой чоң беле?
-Миграция министрлиги бар кезде Россиянын миграция кызматына чыгып, мигранттарыбыздын көптөгөн, бизге билинбеген укуктук, юридикалык маселелерин түздөн-түз чечип берчү. Аз дагы болсо жардамы тийчү. Ошол жардамды көбүрөк кылып, жакшы шарт түзүп, алардын укугун тереңирээк коргоо үчүн миграция министрлигин чоңойтуп, күчтөндүрүш керек болчу. Мамлекетке бир тыйын пайда апкелбеген министрликтер бар. А бул жакта миллиарддаган доллардын, жүз миңдеген адамдардын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Буларды биз ойлобогондо, ким ойлойт? Канча балдар-кыздарыбыз каза болуп келип жатат. Ошолордун өмүрүн сактап калганга ким аракет кылышы керек? Алар жыргаганынан кетип жаткан жок да. Мени өзгөчө кейиткени жалаң жаштардын кетип жатканы. Жаш кыздар-балдарыбыз оор шартта иштеп, денсоолугун жоготуп келишүүдө. Алардан оорулуу балдар төрөлүүдө. Биз болгону - үч жарым миллион кыргызбыз. Келечектеги генофондубуз эмне болот? Учурда 260 миңден 300 миңге чейин Россиянын
атуулдугун алды. Алардын балдарын кошкондо, 500-600 миңдей кыргыз ошол жактын жарандарына айланды. Мындай кете берсе, мамлекеттүүлүгүбүздүн тагдыры эмне болот? Ушуларды өкмөт терең ойлонуп, улуттун тагдырын ортого коюп, жумуш орундарын таап, 18ден 29 жашка чейинки кыз-жигиттерибизди сыртка чыгып иштөөгө тыюу сала турган чечимдерди кабыл алса болмок. Ошого катар жаштарга жумуш орду менен шарт түзүп берсе...
-Сыртта жүргөн мекендештерибиздин түйшүгү менен шугулданган министрликтин жоюлушунун артында эмне турушу мүмкүн?
-Миграция министрлигин жоюуда чоң саясат жатат. "Эмне үчүн?" дешиңиз мүмкүн. Мурунку шайлоолордо Россиянын абдан көп шаарларында шайлоо участоктору ачылчу. Муну мен депутат болуп жүргөн адам катары жакшы билем. Быйылкы президенттик шайлоодо Россиядагы мекендештерибиз үч гана жерде добуш берди. Биз алардын Конституциялык
укугун буздук. Миллиондун тегерегиндеги кандаштарыбызды добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраттык. Анкени, ошол миллиондой мигранттын 85 пайызы түштүк регионунан, Ош, Жалал-Абад, Баткенден болгондугу үчүн. Мына ушунтип, чоңдорубуз жеке кызыкчылыгын ишке ашырыш үчүн элдин тагдыры, өмүрү менен ойноп калды. Министрликти да дал ушул саясаттын негизинде алсыратып жатышат. Мындай мурдунун учунан алысты көрө албаган саясатты жүргүзгөн жетекчилер алыска барбайт. Бир мисал, мурун биздин жарандар үчүн Россия тараптан жеңилдиктер бар болчу. Үч же төрт гана документтин негизинде жарандык ала алчу. Азыр анын баары жоюлду. Жалпы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандарындай оор процедуралар менен жашаганга, жарандык алганга аргасыз болуп калышты.
-Азыркы өкмөттүн түзүлүшү туура болдубу?
-Өкмөт туура эмес негизде түзүлдү. Элдин кызыкчылыгы эске алынбай, партиялардын гана кызыкчылыгы бирикти. Улуу үмүттөрдү, күткөн ишенимдерди сындырышты. Өкмөттү, президенттик аппаратты баягы эле Акаев, Бакиев менен иштегендер, Максимге акча ташып жүргөндөр ээлеп алды. Анда эмне үчүн 7-апрелде революция болду? Эмне үчүн 90дон ашык жигитибиз өлдү? Акаев-Бакиевди аңга түрткөндөр, Жаныштын "шестеркалары" менен Максимге "кошелек" болгондор кайра бийликке келсин (!) деп өлүшкөн жок да. Эл "электр энергиясы көтөрүлбөсүн, свет өчпөсүн, бийик тоолуу жерлерге жеңилдик берилсин" дешкен. Алар аткарылдыбы? Айыл эмес, шаардын ичинде эки-үч күндөп жарык өчүрүлүүдө. Эл буга абдан нааразы. "Бийликке баягылар эле келди" дешүүдө. "Жыйырма жылдан бери 200дөй саясатчыдан кутулбадык, министрликтен кетирсең, орун басар, бөлүм башчы, депутат болуп, элдин башынан жоголбоду" деп жатышат. Эгер ишенбегендер болсо, көчөдөн он кишини токтотуп сурасын, сегизи ушинтип айтат. Эл абдан туура айтып жатат. Люстрация мыйзамын киргизип, Акаев, Бакиевден бери ичип-жеп, мамлекетти тоногондорду түп тамырынан тазаламайын, өлкө оңолбойт. Өкмөттүн "Жүз күндүк" дегени жөн эле популисттик чакырык. Эл буга ишенбейт. Элди ишендирип, коррупцияны
ооздуктоо үчүн бир нечесин камаш керек, жазалаш керек. Ток этерин айтканда, Кыргызстанды 20 жылдан бери башкарып келе жаткан 200 саясатчынын кландык бийлигин тамырынан кыркуу зарыл.
-Коррупционерлерди камаганды мындай коелу, Балыкчы, апрель, июнь окуялары боюнча күнөлүүлөр аныкталбай, жазаланбай жатышын кандай түшүнсөк болот?
-Эми элдин шору экен да. Кайгырып боздогон - баягы эле карапайым кыргыз. Канча балдар жетим, келиндер жесир калды? Энелердин жүрөгү сыздады. Тилекке каршы, бул муң-зар, ый-кайгы чоңдорго жеткен жок. Ош жана Жалал-Абаддагы июнь коогалаңынын башкы күнөкөрлөрү бүгүнкүгө чейин аныкталбай, жазаланбай турат. Эгер чыныгы күнөкөрлөр жазасын албаса, жаман айтпай жакшы жок, кайра кайталанып кетиши ыктымал. Апрель окуясы боюнча сот иши аягына чыгарына мен ишенбей калдым. Баягы Аксы окуясынын сотундай созулуп барып, аягында эч ким күнөлүү болбой, бардыгы акталып кете турганы анык боло баштады. Мисалы, Ахмат Бакиев "посоление" дегенге чыгарылды. Бул - "ишке киргин да, үйүңдө жыргап жашай бер" деген сөз. Ал түрмөдөн чыгып-чыкпай жатып, бардыгы акталарын, бакиевдер өлкөгө келерин айтты. Ахмат Бакиевдин оозунан мындай сөздөр жөн жерден чыгып жаткан жок. Ал эми Балыкчыда ондогон балдарды кармап, камап, сабаган адамдар чоң кызматтарда жүрөт. Анын бири, апрелде 90 баланы атканга түздөн-түз тиешеси бар Мурат Суталиновдун коркпой келиши, үй түрмөдө отурушу - абсурд! Суталинов жогору жактагылардын гарантиясы менен келгени, акталарына ишенип отурганы сокурга да дайын болуп жатпайбы. Анда эмнеге революция болду? Революция жерге кирсин, 90 бала эмне үчүн өлдү? Негизи, Балыкчы, апрель жана июнь окуялары боюнча ишти алты айда бүтүрүп, күнөлүүлөрдү соттоп, жазалаш керек болчу. Андай нерсе бийлик башындагылардын колунан келген жок. Мынча болду, азыркы бийликтегилер эми Максим менен Жанышты дагы апкелип, министрлик орундарга отургузуп коеру эле калды.
-Канткенде мамлекет оңолууга багыт алышы мүмкүн?
-Мамлекет алтын же нефтисинин көптүгүнөн байыбайт. Аны азыр да көрүп жатабыз. Мамлекет - качан гана коррупция жоголгондо, бийликке колу таза, патриот, мекенчил жаштар келгенде оңолот. Ал үчүн жыйырма жылдан бери коррупцияга кокосунан малынып, өлкөнү тоноп келгендерди эч коркпостон камап, түрмөгө отургузуу зарыл. Ошондо элге ишеним пайда болот, мамлекеттин өнүгүшүнө шарт түзүлөт. Ток этерин айтканда, жегичтердин бардыгын камамайынча, бизде жылыш болбойт. Эл куурай берет!

Зулпукаар Сапанов,
"Азия ньюс" гезити