ЖКдагы иримей
Депутаттардан үлгү алып...

Жогорку Кеңештеги кыскартууларга байланыштуу интригалар чегинен ашып, орун талашкандар ортосунда мамилелер иттей бузулуп, алды мушташып, канжалаганга жетти. ЖКнын жаштар саясаты жана спорт комитетинин бөлүм башчысы Калыков Мелис бөлүмдүн эксперти Кайыпов Замирбекти кодулап, акыры экөөнүн чыры жакалашмайдан мушташка айланып, Мелис мырза Замирбекти сүзүп жиберет. Каңылжардан кан жая бергенде, арачалагандар араң токтотуп калышат.

Кычуулары канбай калган эки эрен, спорт сарайы тарапка барып, разборканы улантууну макулдашышат. Арачылар жок, ээн жерде матч-реванш алган Замирбек Кайыпов бөлүм башчысынын акесин таанытып, өлө токмоктоп салган экен, ошондон бери көк шишиги тарабаган Мелис Калыков жумушта жок экен. Кыскартуу кезинде кыйкым издеп ("бешинчи күнү жума намазга барып келейин" деп бир саатка уруксат сураган З.Кайыповго "уруксат бербейм" дегенден чыр ырбаган тура), ыңгайсыз адамдардан кутулуп, өз кишилерине орун бошотом (!) деген бөлүм башчы ошентип "төшү түктүүгө" жолугуп, сынып калгандай.
Мамкызматкерлердин мындай жосунсуз жоруктарына ЖКнын төрагасы А.Жээнбеков, этика комитетинин төрагасы К.Абдиев, ЖКнын тикелей тиешелүү комитетинин төрагасы К.Осмоналиев мырза не дейт болду экен? Же, "депутаттар өзүлөрү деле мушташып, үлгү көрсөтүп жаткан заманда", мындай чектен чыккан жоруктар көз жаздымда кала береби?




"Бирөөгө ор казсаң кең каз..."
Шумдуктуудай секирик!

Президенттик тактыга отургандан кийин, чечкиндүү кадамдарга барып, коомдун көйгөйлүү маселелерин чечүүгө аракеттенбесе, элдин ишениминен ажырарын сезген Алмазбек Атамбаев коррупцияга чабуул баштагандай.

Коргонуу кеңешине утурлай, "Север электро", "Мегаком" ишканаларынын жетекчилери камакка алынып, эл ичи уу-дуу болуп жатат. Айрыкча, Ө.Бабановдун "кашелогу" атыккан А.Мурзалиевдин камалышы түшүнүксүз болуп жаткандай. Айрымдар, "Атамбаев молодец" десе, башкалары "Бабанов сатып кетти" дешип, кимисиникине ишенериңди билбейсиң. Бирок, канткен күндө да, кыска мөөнөттө үч млн. долларды (бул эми билинип, ачылып калганы, башкасы да толтура (!) дегендер андан көп) кокосуна какабай тыгып ийген эргулдун камалышын коомчулук туура көрүп, президентке деген ишеним көтөрүлө баштагандай. "Бул коррупцияга каршы күрөш баягы, мурунку көп компаниялардын бирине айланып, бара-бара бас-бас болот" дегендер да жок эмес.
Кыска мөөнөттө шумдуктуудай секирик жасап, 20-30 миң долларлык эмгек акы алчу орунга отуруу үчүн А.Мурзалиев кандай гана аракеттерди кылбады эле? Ө.Бабановдун "торпедосуна" айланып, К.Байболовду Башпрокурорлуктан кулатышып, А.Жекшенкуловду айыпташып, анын жардамчысын эки айга каматууга жетишип, акырында ал аракеттердин баары "Мегакомду" ээлеш үчүн гана башкаларга ор казуу болгону аныкталып, аларга каршы козголгон кылмыш иштери кыйрап калганы белгилүү.
Ошентип, баягы кыргыздын "бирөөгө ор казсаң кең каз, өзүң да түшүп калышың мүмкүн" дегенин турмуш дагы бир ирет эске салып тургандай. Бул макал А.Мурзалиевге эле эмес, А.Атамбаевге да тиешелүү десек болот. Себеби, бүгүн минтип опурулуп жатканында, А.Мурзалиев жолун таап, колдон жылмышып кутулуп кетсе, анда, жаңыдан ишеним арта баштаган эл-журт жерге түкүрүп, тетириленип кетсе, "эл башы" үчүн орго түшкөндөн да оор болору шексиз!




Эл бузарларбы?
Кетмен-Төбө өрөөнүнөн чыккан эки эргул бар. Токтосун Мадияров, Тайырбек Сарпашев деген. Башка жумуштары түгөнүп калгансып, 6-февралда өтө турган акимди шайлоо жүрүшүнө экөө тең түздөн-түз кийлигишип, ар кимиси өзүнүн адамын түртүп атат. 2000-жылдан берки депутаттык шайлоолордо эле экөөнүн талашып-тартышып келе жаткан ыр-чыры мурдагы жылкы апрель төңкөрүшүнөн кийин токтоду! деп ойлогон элек. Катуу жаңылышкан окшойбуз. Дагы да болсо өз кызыкчылыктарын көздөө менен бирге, эл колдогон, элге кызмат кыла турган инсандарыбыздын ордуна, өзүлөрүнө окшогон адамдарды бийликке алып келүүнүн аракетин кылышууда. Минтип отурса, Токтогул району эч качан өнүкпөйт. Анысы аз келгенсип, азыркы акимдин милдетин аткаруучу кайра ордунда калып калса, дагы булар максатына жеткен болот. Себеби, ал экөөнүн жакындары болуп чыкты. Эми экөөнүн былыктарынын кесепетинен Токтогул районун эли 6-февралда боло турган акимдик шайлоого байкот жарыялап, митинг
акцияларга чыгабыз! деп турган чагы. Кайда баратабыз?




Казакбаевдин эски кадамы!
Орусия менен ойногондо
Руслан Казакбаев ТИМ жетекчилигине дайындалгандан бери кыргыз мамлекетинин тышкы саясаты оңчулукту жолго түшө албай, кыргыз бийлиги ар кандай алешемдиктерге туш болуп, таасирдүү өнөктөштөр менен болгон мамилелерге көлөкө түшүп, стратегия-лык өнөктөштөрүбүз (!) делген Орусия мамлекети менен болгон мамилелерибиз солгундап барат.
ЖМКлар министрликтин ичиндеги коррупция, туугандык, дос-чулук, кландык мамилелердин үстөмдүгү тууралуу далай ирет жазганына карабай, абал эч өзгөрүүсүз бойдон калууда. Жакында эле Кыргызстандын Орусиядагы
элчилигине дайындоо үчүн Мамкаттоодогу Жунусов Болот аттуу адамды сунуштаганы маалым болду. Р.Казакбаевдин тандоосуна Акүйдөгүлөр да, министрликтегилер да таңданууда. Стратегия-лык өнөктөшүбүзгө карата, түз айтканда Орусияга мындай ойлонулбаган, жеңил мамиле кылып, паспорт, права жасоо менен алектенип жүргөн адамды сунуштоого болобу? Же Р.Казакбаев оозунан жаңылып, убада берип койсо эле бүттүбү? Мамлекеттин тышкы
саясатына мындай мамиле кылуунун арты кандай болот? Ушундай кылыгыбызды Кремль оң кабыл алат (!) деген ишеним жок. Минтип отурсак, тетирисинче, Орусия менен болгон мамилелерибиздин ойрону чыгат го. Баягы, К.Бакиев Орусияга контейнерде соода-сатык жүргүзгөн Аттокуров деген тууганын элчи кылгандай болуп...




Контра
Көчөдөгү интервюдан:
-Айтыңызчы, социалисттерге сиздин мамилеңиз кандай?
-Мен Текебаевге канча жолу айттым. Өмүрбек, сен жасап аткан иштер социализм эмес, гомосоциализм (!) деп. А болбойт экен, ал мейманканалардан эле эзгенге маш экен да...

Башты иштетпейсиңби, башты..
-Уктуңбу, "Ата Журт" фракциясы, жаңы коалициялык келишимге нааразылык иретинде залдан чыгып кетиптир.
-Алар дайыма ушундай.
Мээни иштете турган жерде колун же бутун иштетишет...

Фольклордун пайдасы
-Кечинде, жатаарда балдарыңа, неберелериңе жомок айтып берген жакшы нерсе. Ал эми күндүзү, "Ала Тоо" аянтында чоң кишилерге жомок айтсаң, президент болуп, Акүйгө отуруп калышың мүмкүн...

Билбеген соң сүйлөбө
Депутат мырза каржы министри Акылбек Жапаровго суроо берип атат:
-Быйылкы бюджеттин "жыртыктары" аябай эле көп го?
-"Жыртык" эмес, - дейт анда Акылбек Жапаров, - ал деген технологиялык тешиктер...

Камкордук
Расмий билдирүү. Премьер-министр Ө.Бабанов казинолорду Көлгө көчүрмөкчү. Бул кыргыз өкмөтүнүн айыл тургундарына көрсөткөн реалдуу жардамы болмокчу.

Демократиянын кереметтери
Мындан бир топ жыл мурда неберелериме тоталитардык системада жашап, кантип аман калганымды тим эле жомок кылып айтып берем (!) деп ойлочумун. Азыр эми демократия заманында неберелериме жомок айткан куракка эсен-соо жетериме көзүм жетпей калды.
Жокчулук нени дедирбейт?
Азык-түлүк дагы кымбаттаганын уккан аял кошунасына мынтип сунуш айтып атат дейт:
-Эгер сиз алдагы сковороткадагы майыңызга жумурткамды бышырып алуума макул болсоңуз, мен деле этиңизди менин сорпомдо кайнатып алууңузга каршы болбойт элем...