Гороскоп
6-февралдан 12-февралга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Алыста калган балалык күндөргө кайрылып, ымалалаш достордун сизге кылган жакшылыгын эстейсиз. Эң негизгиси, ошолордун бирөө менен кайрадан кездешип калышыңыз мүмкүн. Ал сизди жакшы жаңылыгы менен кубантат.

Букачар (21.04 - 20.05)
Жума бою сиздин көтөрүңкү маанайыңыз балдарга жакшы таасирин тийгизет. Колдон келсе аларды капа кылбаганга аракет кылыңыз. Сүйүктүү адамыңыз менен кээ бир сырларды бөлүшүп койгонуңуз оң.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Жетекчиңиз сиздин кылган ишиңизге туура баа берет. Өнөктөштөрүңүз болсо кубаттагандарын жашырбайт. Сизди курчап турган адамдар кайдыгер эмес экенин билдиришип, сүйүнүчүңүзгө ортоктош болууга умтулушат.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Тез аранын ичинде чакан ишканаңызды ишке киргизсеңиз болот. Сиз күткөн ийгиликтер өз орду менен келе баштайт. Ушул жагдайда шашып кетпегениңиз дурус. "Шашкан шайтандын иши" деген кепти унутпаңыз.

Арстан (23.07 - 23.08)
Ийгиликтин учугу уланууда. Бул ыргактын көмүскө жагына да көз чаптырып коюңуз. Антпесеңиз, сизди көралбаган кээ бир адамдар алдыга жылып бараткан иштериңизге бут тосуп коюшу ыктымал.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Жашоодогу кетирген каталарды тариздеп, ыкчам түрдө оң жолго коюуга аракет кылыңыз. Ошону менен бирге келечекке көз чаптырып, маанилүү иштердин пайдубалын түптөөгө мүмкүнчүлүк ачылат.

Тараза (24.09 - 23.10)
Чыгармачылык жөндөмүңүз көтөрүлөт. Сизди кумир туткандарга өнөр тартуулап, алардын алкышына татысаңыз жаман болбос эле. Бош күндөрү короо-жайга көңүл буруп койгонуңуз эп.

Чаян (24.10 - 21.11)
Ички дүйнөңүздү байытуу жолдорун издесеңиз болот. Андай шарт бышып- жетилип турат. Жакын адамдарыңыз сиздин жардамыңызга муктаж экенин унутпаңыз. Колуңуздан келген жардамыңызды аябаңыз.

Жаачы (22.11- 21.12)
Ийгиликтен башыңыз адашып кетпесин. Андыктан учугу уланып келаткан жакшылыктын жышаанын колдон кетирбегенге умтулуңуз. Ичиңизде катып жүргөн сырларыңызды эч кимге айтпаңыз.

Текечер (22.12 - 20.01)
Жакшы көргөн адамыңызга кыялкечтенип, бир аз мүнөзүңүздү да көргөзүп коюу кажет. Бул жерде түшүнбөстүктөргө жол бербей, тескерисинче, тандап алган жолуңуздан кайтпаганга аракет кылуу керек.

Суупери (21.01 - 19.02)
Айкөлдүк жагыңызды бала-бакырага багыштап, алардын көңүлүн алып коюңуз. Ага сиздин калыптанып калган жакшы мүнөзүңүз түрткү берет. Кыялыңызда уялап жүргөн жакшы тилектериңиз ишке ашат.

Балык (20.02 - 20.03)
Бирөөгө чоң күнөөнү
оодарып коюу оңой. Бирок, сиз андан алыс болуңуз. Жашоону таза барактан баштасаңыз, сизге көбүрөөк пайда алып келиши ыктымал. Сүйүктүү адамыңыздын жолунан чыкпай туруңуз.