Каяша кеп
Ыйыктык жана карөзгөйлүк

Бир басылмага чыккан "Ыйыктык" же Абды Сариев менен Бүбү Мариям Жайсаңдын "Манасы" жөнүндө деген Шарыпкүл Эсенгуловдун макаласын окуп чыгып, өз оюмду билдирип коюуну туура көрдүм.

Макаланы окуп чыгып, "аттиң, адамзаты пенделикке жеңдирбей койбойт турбайбы" деген бүтүмгө келдим. Болбосо, "Ыйыктык" деп ӨЗҮ аздыр-көптүр аралашып жүрүп, өзүнүн нысапсыздыгынан, ачкөздүгүнөн, тежиктигинен Жайсаң атанын арбагынын бир нече жолку эскерткенинен жыйынтык чыгарбай, Кудайдын кудуретине тобо кылбай, дастандын толук жазылып алышына, аягына чейин чын пейили менен катышпай, Жайсаң атанын Айкөл Манасына автор болгусу келип, ар кандай интригаларды уюштуруп жүрүп, ыйык озуйпадан суурулуп четте калган адамдын кайсы максатты көздөп гезит аркылуу кыргыз коомчулугуна чыгып жатканы түшүнүксүз. Өзү белгилегендей, автор болууга эч кимге укук берилбептир, андай болсо биринчи жарык көргөн 8 томдук "Жайсаң" деген ат менен чыккан эпостун толук эмес вариантына автор катары патент алып, бүгүнкү күндө Бүбү Мариямды сотко берип жүргөн Шакин Эсенгуловду (Шарыпкул) ким деп түшүнсөк болот?
Манас атабызды ыйык туткан, биринчи жолу "Манас" дастанын жараткан Жайсаң атабыздын тирүү арбагы берип жаткан Улуу Дастандын текстин машинкага басып, китеп болуп чыгышына үлүш кошкон адам, адамдык сапатын биротоло сактап,кетирген күнөөсүн моюнуна алып, теңир алдында улуу арбактардан, чогуу иштешкен балдардан, Бүбү Мариям Муса кызынан кечирим сурап, картайганда кадыр баркын түшүрбөй жакшы жүрсө, "Калык билет эле калык билбесе балык билет" болуп, эми гезит аркылуу ар кандай чыгармаларды жарыялап, эпос менин ырыскым, эпос мага берилген деген түшүнүгүнөн жанбаса керек. Болбосо, Ыйыктыкты оозуна алган адам кечээ эч бир врач, таап айыктыра албаган ооруудан дарылап айыктырган адамын, болгондо да аял кишини сыйлап жүргөндүн ордуна ага негизсиз асылып, ал эле эмес өлкөгө белгилүү инсан Садырбек Дубанаевдин "эпоско ортоктош автор болгону жатат" деп чыгым салганы, эмне деген карөзгөйлүк дейбиз.
Улуу жараткан Бүбү Мариямды жөн эле тандап албаса керек. "Айкөл Манас" китебинин 10 томун толук чыгарып, элге жеткизгенге чейинки Бүбү Мариямдын тарткан азабы көргөн кордугу, аккан көз жашы, үйбүлөлүк жоготууларынын өзү эмне деген сыноо? Ошонун
баарына чыдап, аруу тилегин, моюнуна алган милдетин аягына чейин жеткирүү үчун баарына чыдап,
баарын көтөрө алган адам сиз белгилегендей оштонуп, арбакка эркелеп же тайраңдап, көшөлөнүп кете турган адам болбосо керек. Сиз "ыйык дастан элге сиңбей калды" деп жазыпсыз, элдин көбү ал китепке жетпей жүрүшөт. "Айкөл Манасты" окуп адамдардын көзү ачылып жатат. Буга чейинки дүйнөгө, жашоого болгон көз караштары түп тамыры менен өзгөргөнүн кечээки эле атеист жигиттердин арбакка, Кудайга ишенип калгандарын көрдүм. Тилекке каршы, китептин нускасы аз чыгып, элге жетпей жатканы өкүнүчтүү. Мүмкүнчүлүк болсо ар бир кыргыздын үйүндө "Айкөл Манас" 10 томдугу болсо, ар бир кыргыз окуп чыкса, азыркыдай бөлүнүп жарылуу,түндүк-түштүк же болбосо, уруу-урууга бөлүнүү токтомок. Ошондуктан улуттук идеологияны али да болсо, ушул "Айкөл Манас" китебинен издештириш керек. Айкөл атабыздын ант уйку абалында айтып жаткан кеп кеңешин, жалпы эле ата бабаларыбыздын арбактарын биз үчүн, келечек урпактар үчүн тиленип жаткандарды биздин алдыбызга түшүп жаткан жарык (прожектор) деп билип, тиешелүү жыйынтык чыгарсак, өткөөл
доордон аман-эсен өтүп, кыргыз эли өзүнө улуу жараткан тарабынан тагылган милдетти аткаруусуна мүмкүнчүлүк түзмөк. Ал эми Шакин Эсенгулов (Шарыпкул) мырзага айтаарым, сиз өз миссияңызды аткарыпсыз, колуңузга берилген кутту күтө албай, улуу озуйпадан, жолуңуздун катуулугунан кур калыпсыз, ага өзүңүз күнөлүүсүз. Бирок, кандай болгон күндө да сиздин атыңыз тарыхта калат. Иуда менен Гитлер деле терс жагынан тарыхта калып келе жатпайбы, сиз дагы китепке кала бересиз. Оң же терс жагынанбы аны эл өзү баалап алаар. Ыйыктык менен чыгымчылдык жана карөзгөйлүктү алмаштырып алсаңыз керек, Шарыпкул мырза. Теңирдин Бүбү Мариямга берген касиети, ал кыргызга берилген касиет, сиз Бүбү Мариямды сотко берүү менен кыргызды сотко берип жатасыз. Бүбү Мариям Кудайдын суйгөн пендеси, андагы аруулук, тазалык, жөнөкөйлүк, жаш баладай табигый баеолук, адамгерчилик сапат чанда бир адамда болот. Ошон үчүн улуу эпос тирүү арбак аркылуу Мариямга берилип жатат, ага карабай, ал эч бир жерде автордук укукка жулунган, аракеттенген жок. А сиз Шарыпкул мырза (чыныгы атыңызды Мариям аркылуу тапкансыз) "Абды Сариев менен Бүбү Мариям Жайсаңдын "Манасы" деп ырчангыланып тема коюп, макала жазып, ошол аркылуу өзүңүздү эл-журт алдында апакай көрсөткүңүз келет. Сизде Бүбү Мариямдыкындай касиет болсо, бир барак аян алыңызчы, көрөлү. Сиз "Кудайдын буйругу бузулду" дейсиз, Кудайдын буйругу бузулбайт жана аны эч ким буза албайт!

Соотбек Токтогазиев, КРнын Эмгек сиңирген
машыктыруучусу, Улуттук ат оюндар федерациясынын
президенти, Талас облусу.

Alamankg.org




Эл арасында
Галина Василькова:
"Күйөөм мага кыргызча үйрөтүүнү суранчу..."

Василькова Галина Алексеевна өзү айткандай, "сөөгү орус, эти кыргыз" болгон улуту орус, Көлдүн кызы. Учурунда борбордогу Педагогикалык институттун орус тил филология факультетин бүтүргөн. Студент кыздын кыргызча кенен ой-жүгүртүп, сүйлөй алганын билген мугалимдер аны өздөрүнүн катарына кошуп алышкан. Алгачкы ишин лаборант болуп баштаган. Учурда Галина айым Кыргыз-славян университетинде студенттерге кыргыз тил, адабиятынан сабак берет.

-Галина айым, менин билишимче, Кыргыз-славян университетинде орусчалыш студенттер көп. Анан алар орус улутундагы мугалим кыргыз тилин үйрөтүп атканын кандай кабылдашат?
-Кыргыз студенттер алгач көргөндө көздөрү төрт болуп калчу (күлүп). А орустар болсо мени үлгү катары кабыл алышат. "Кыргыз тилин кантип, кайдан үйрөндүңүз?" деп кызыгып сурашат.
-Кантип өздөштүрдүңүз эле?
-Энемдин сүтү менен сиңди окшойт да. Себеби, менин төрөлгөн жерим Көлдүн Түп районуна караштуу, Кең-суу айылы. Биз кыргыздарга аралаш жүрдүк. Ата-энебиз кыргыздар менен конокко барып-келишип, бир нерсе алып -беришип оокат кылышса, биз балдар орус-кыргыз дебей, бирге ойноп, бир мектепте окуп, бир партада отуруп чоңойдук. Мугалимдерибиз да кыргыздар эле. Алар мени кыргызча ырдатканды жакшы көрүшчү. Ар кандай кароо-сынактарда, майрамдарда, ата-энелер чогулушунда кыргызча ырдап берер элем.
-Кайсы ырларды ырдачу элеңиз, эсиңиздеби?
-"Тумарымды" көп ырдачумун. Анан өзүм маңызын түшүнбөй эле, "Таң алдында таттуу махабат" дегенди ырдачу экенмин (күлүп). Азыр деле кыргызча ырдаганды жакшы көрөм. Өзгөчө "Айлуу түндү". "Ырдайлы кыргыз ырларын" деген долбоор бар го, ошого катышайын десем, Юрий агайыңар (ред: Бобков) мени четке кагып, жакындатпай жатат да. Силер аркылуу дооматымды айтып алайынчы. Билдирип койгула.
-Башка дагы канча тил билесиз?
-Апам украин кызы эле. Мен украин тилинде кыргыз тилиндей эркин сүйлөй албасам дагы жакшы эле сүйлөйм. Кудайга энемдин тилинде сыйынам. Акыркы мезгилде түрк тилин өздөштүрөйүн деп өз алдынча үйрөнүп атам.
Негизи эле кыргыз эли карыяларын сыйлаган калк келет эмеспи. Менин апам кыргыздын карыяларын абдан сыйлачу. Апам "так сказали старики кыргызы..." деп көп айтып калар эле. Бул "кыргыз карыялары минтип айтышчу" деген сөзү. Анан кыргыз-өзбек кагылышуусунда энемдин карыялар жөнүндө көп айтканын эстеп, өз ыктыярым менен КТРге барып, суранып сөз алып, "кыргыз тараптан да, өзбек тараптан да карыялар чогулуп, кеңешкилечи. Силер гана жаңжалды баса аласыңар" деп кайрылган элем...
-Качандыр бир кезде бул жерден кетүү тууралуу ойлондуңуз беле?
-Эгер мен калп айтсам, Кудай көрүп турат. Антип ойлонгон эмесмин. Мен азыр деле кетем десем мени ким кармайт? Эч ким. Тескерисинче, мен Кыргызстандын патриотумун. Мени Кыргызстандын экономикасы, саясаты, коопсуздугу тынчсыздандырат. Ар бир болуп аткан окуяга кайдыгер карай албайм. Келечекте Кыргызстан биз сыймыктанган өлкөгө айланарына ишенем. Бирок, мен өзүмдү бактылуу адамдардын арасына кошом. Каерге барбайын кыргыз тили аркылуу жакшылык гана көрүп журөм. Жакында эле КРнын эмгек сиңирген ишмери наамына татыктуу болдум. Бул да мен үчүн чоң сыймык.
-Кыргыздын кайсы тамагын жакшы жасайсыз?
-Мантыны. Ачыгын айтайын бешбармак жасай албайм. Палоо жасаганда да кээде боткого окшошуп калат. Конокторум, күлүп, "ботко болсо да жейбиз да" деп калышат. Өзүм казы-карта, чучукту ушунчалык жакшы көрөм. Той
дасторконунан биринчи ошого көзүм түшөт.
-Кайсы чыгармачыл инсандын китебин көп окуйсуз?
-Албетте, Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматовдун. Студенттериме Алыкулдун ырларын, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрүн жаттап келип, айтып берүү тапшырмасын көп берем.. Анан Болот Миңжылкыевдин авазын укканды жакшы көрөм. Ал бир эмес, бир канча тилде ырдаган да. Студенттериме да "Миңжылкыевди уккула" деп сунуштайм. Өзүм кассетасын алып келип угузам.
-А кайсы кыргыз фильмин жактырасыз?
-Көп эле фильмин көргөм, бирок мага эң жакканы Таттыбүбү Турсунбаева аткарган "Акмөөр". Кассетасы бар эле, кайра-кайра көргөндөн тажачу эмесмин. Тилекке каршы, жакында эле уурдатып алдым. Кандай философиялык фильм ээ?! Азыр биз америкалыктар тарткан кинолордон аркы дүйнөнү көрүп атабыз. А "Акмөөрдү" тарткан режиссер жылкычы менен Акмөөрдүн "мунарык, мунарык..." дедирип, аркы дүйнөнү ошол Советтер Союзу учурунда эле көрсөтүп атпайбы... Фильм жүрүп жаткандагы кадр сыртындагы ыр эле канча турат! Акмөөрдүн сүйлөгөн сөзүчү! Ал "сенин тукумуң, жүзгө жетпесин, жүзгө жетсе күзгө жетпесин" деп атат. Бул не деген каргыш! Маанисин караңызчы? Мага чындыгында кыргыз маданияты ушунчалык жакын. "Видит бог я не граблю душой" деп коеюн орусча.
-Үйбүлөңүз жөнүндө айтып өтсөңүз?
-Жолдошум милицияда иштеп жүрүп, 1989-жылы кайтыш болуп кетти. Эки балам колумда калды. Чуркап жүрүп, Кыргыз-славян университетинен тышкары, Медициналык академиядан да сабак алдым. Ишенген жолдошум кайтыш болуп кеткенден кийин түмөн түйшүк өзүмө жүктөлдү. Максатым-балдарыма да татыктуу билим берүү болду. Кудай деген куру калбайт демекчи, эки баламды билимдүү кылдым. Бир кыз, бир уулум бар. Кызым турмушка чыгып мени неберелүү кылды. Неберемдин аты Лев, мен кыргызча "Арстанбек" деп коем. Уулум да үйлөндү. Эки балам тең Москвада жашашат. Уулум Москвадан телефон чалганда, "мама, кандайсың?" деп сөз баштайт. Калганы орусча. Кызым да, уулум да кыргызча билишпейт. Жолдошум аябай кызыкчу, "жумушта кыргызча сүйлөп атышса мен макоодой болуп отурам, үйрөтчү" дей берер эле. Анча-мынча сөздөрдү айтып, аракет кылчу.

Эльмира Мадиева