Чыныбай Турсунбеков:
"Конкурска катышып, сатып алгандын эмнеси жаман?"

Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында ырынын чыры көп, бийлик алмашкан сайын улам бир ханзааданын колуна өтүп келаткан "Бишкек ликер-арак заводу" АКсы тууралуу маселе каралып, "ишкананы банкрот" деп жарыялоо процедурасынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссияга "Ата Журт" фракциясынан депутат Н.Нарматова, "Республикадан" К.Дыйканбаев, "Ата Мекенден" Р.Жээнбеков мүчө болуп киришти. "Парламентте КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Бишкек ликер-арак заводун" сатып алыш үчүн жүз миңдеген доллар пара берген (!) деген сөздөр жүрөт. Бул заводду чындыгында кимдер, канчага, анан кандай жолдор менен сатып алгандыгын текшерүү керек" деди "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев. Биз Чыныбай Акунович менен байланышып, кесиптешинин айткандары боюнча пикирин сурадык.

-Чыныбай мырза, арак заводун сиз сатып алганыңыз чынбы?
-Кийинки кездерде ошол сөздү көп айтып башташты. Мунун
баары бир нерсени көргөзүп турат: адамдар логикасы жокпу же атайылап жаманатты кылам (!) десе боло береби? Башкаруучу фракциянын жетекчисине бирөө келип, пара сурабайт да. Бул күлкү келе турган нерсе, эптеп жаманатты кылыштын аракети. Мен билем, Максимге, Айдарга тиешелүү болгон ишканалар бүгүнкү күндө сатууга чыгарылып, алуучу тарапты таппай отурушат. Кайра-кайра конкурс жарыялап, кайра-кайра гезиттерге чыгарып. Ошондой мезгилде алуучу табылып, алып койсо, анын эмнеси жаман? Эгерде анчалык эле алгылары келишсе, өздөрү конкурска катышып, сатып алышса, аларды кой деген эч ким жок. Өздөрү албагандан кийин башкаларды жаманатты кыларда ойлонуш керек да.
-Демек, арак заводуна сиздин тиешеңиз жок экен да?
-Мен мыйзам боюнча расмий түрдө бизнесимдин баарын өткөрүп бергем. Бирок алган кишилер мыйзам чегинде сатып алгандыгын билем. Кайра-кайра конкурс жарыялап, бардык фирмаларга "сатып алгыла" деп каттарды жиберсе дагы алуучулар табылбай жатпайбы бүгүнкү күндө. Биздикилер албаса кытайлар алат эле. Ал жерде бир криминал же жең учунан барып сүйлөшүү болгон жок да. Бир кезде 4 млн. сомго приватташтырылып кеткен нерсени кайра улутташтырып, 67 млн. сомго сатып алса, 12-13 эсе кымбат өтүп атса, башка алуучу жок болсо, андан криминал издөөнүн эмне кереги бар?
-Бирок БЛАЗдын старттык баасы 133 млн. турбайбы? Завод болсо эки эсе арзан сатылган...
-Эми аны "Атажуртчулар" комиссия түзгөн турбайбы, ошолор карап көрүшөт да. Старттык баасы 133 млн. сом болгондо эле... БНКны, сегиз май куючу жайды деле төрага баш болуп баары "балейт" этишип жүрүштү, "1,5 миллиард сомго саттык" деп чуру-чуу кылышты. Аягында 130 млн. сомго сатып эле отуруп калышпадыбы. "Арак заводун 133 млн. сомго сатабыз" деп гезитке кайра-кайра кулактандыруу берип, кайра-кайра аукционго чыгарды. Эч ким албай койсо, анан алган
баасына сатат да. Менин оюмча, бийлик талаштан улам ушундай болуп атат. Эгер кимдир-бирөөлөргө премьер министрлик орун керек болуп атса, мындай жол менен талашпай, башка жолду тандап алышса жакшы болот эле. "Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандын" эмне кереги бар?




Атаны көрүп уул, аганы көрүп ини өсөт
Кыргызда "Аккан арыктан суу агат" деген жакшы макал бар. Ансыңарындай, бир кездеги депуттардын, саясатчылардын көбүнүн уул-кыздары же
биртуугандары кандайдыр бир мезгил өткөн соң, улуулардын жолун жолдоп, чоң саясаттын горизонтунда пайда болушат. Мисалы, билим берүү жана илим министри Канат Садыков экс-депутат,
жазуучу, драматург Жалил Садыковдун, "Ата Мекенчи" депутат Райкан Төлөгөнов белгилүу жазуучу, экс-депутат Төлөгөн Касымбековдун, Бакыт Төрөбаев экс-депутат Эргеш Төрабаевдин, Марат Султанов экс-министр Абдразак Султановдун уулу, вице-спикер Асилбек Жээнбеков экс-депутат, экс-вице спикер, азыр Ош облусунун губернатору болуп иштеп аткан Сооронбай Жээнбековдун, депутат Мыктыбек Абдылдаев Бишкектин экс-мэри (азыр Токмокто мэр) Медетбек Керимкуловдун иниси. Президент Алмаз Атамбаевдин жардамчысы Улукбек Марипов экс-депутат Асамидин Мариповдун уулу, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын башчысы Жусуп Жээнбеков экс-депутат, маркум Сатыбалды
Жээнбековдун, Эркин Секебаев Чүй облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Алишер Секебаевдин иниси. Депутат Равшан Жээнбековдун атасы Бабырбек Жээнбеков антимонополиялык жөнгө салуу Мамагенттигинин директору болуп иштейт. Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун атасы, колхоз башкармасы Токтогул Бабанов болсо бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.
Мындай саамалыктан аял заты да куру эмес. "Республикачы" депутат Роза Акназарова экс-депутат Корчубек Акназаровдун кызы, депутат Чолпон Султанбекова маркум депутат Баяман Эркинбаевдин, Динара Исаева экс-премьер министр Данияр Үсөновдун жубайы, Ыргал Кадыралиева маркум Санжар Кыдыралиевдин, Гуласал Садырбаева экс-депутат Дооронбек Садырбаевдин карындашы. Ширин Айтматова болсо Чынгыз Айтматовдун кызы экенин баарыбыз билебиз да.
Бир кезде ата-бала масалиевдер, ага-ини салымбековдор бирдикте Жогорку Кеңеште отурушчу. Ал салт азыр деле уланууда десек болот. "Атажуртчу" Нурзат Осмонова да атасы Курманбек Осмонов экөө кыска мезгилде бир залда мыйзам талкуулап, азыр болсо Жогорку Кеңештин юридика бөлүмүн жетектөөдө.





Курманбек Осмонов:
"Жаңы коалиция мурдагыдан да жаман жолго түшө баштады"
-Курманбек Эргешович, Галина Скрипкина экөөңүздөрдүн ортоңуздарда чыккан жаңжалдын чоо-жайын өз оозуңуздан угалы дедик эле?
-Эң оболу айтып кетишим керек, бирөө атайылап чатак, жаңжал чыгарган жок. Жанагы Соттор кеңеши деген бар. Президент кызматынан четтетилген он судьянын материалын ошол Соттор кеңешине жибериптир. "Мобулар туура четтетилгенби же туура эмеспи,
корутундуңарды бергиле?" деп. Соттор кеңеши алтооно "туура эмес четтетилген, мыйзам туура эмес колдонулган" деген корутунду чыгарып берет. Анан былтыр, биздин Жогорку Кеңештеги эки комитетте каралып, 29-декабрда "алты сот негизсиз кызматынан четтетилгендигине байланыштуу кайра кызмат ордуна киришсин" деген токтом долбоору добушка коюлган. Добушка коюлуп жатканда мен сөз алып, "бул соттор бир жылдан ашык айлыгы жок отурушту. Токтом долбооруна айлыгы төлөнүү менен ишине киришсин" деп кошуп коелу дедим. "Төрага Осмоновдун сунушун эске алуу менен" деп добушка койду. Токтом көпчүлүк добуш менен өттү. Мына, стенограммасы турат.
Анан он күн парламенттик каникул болду. Мен 9-январь күнү жумушка келип, жалпы бөлүмдөн "баягы токтом чыктыбы?" деп сурасам, "жок, чыга элек" дешти. "Менин сунушум кирди бекен, мен карап визировка кылып берейин" дедим.
Регламентке жараша сунуш киргизген киши токтом чыкканга чейин визировка кылат да. Карасам, "айлык акылары төлөп берилсин" деген жери жок. Мен кагаз түрүндө макулдашуу барагына жазып бердим. Киргизишип, эртеси алып келишти. Карасам эле Жаңыл Алиеванын фамилиясы жүрөт. Эки комитеттен өткөндө алты эле сот жөнүндө сөз болгон. Алиеванын маселеси деги эле каралган эмес. Анан жетинчи болуп, арасына Алиева кыпчылып калып атпайбы. Мен муну көрөр замат "Алиеваны ким кошуп койду?" деп "тревога" көтөрдүм. Стенограмманы карадык. Мен чынын айтканда, "аппараттын кызматкерлери кошуп коюшса керек" деп ойлогом. Бирок менин колумда беш түшүнүк кат турат, ошолордун бешөө тең "Галина Скрипкинанын көрсөтмөсү менен кошулду" деп жазып беришти. Алардын айтымында, аппараттын кызматкерлери бүт виза коюшуп, эң акырында Скрипкинага алып киришет экен. Галина Анатольевна "Жаңыл Алиеваны кошуп койгула" деп карандаш менен жазып бериптир.
Ошол күнү фракция болду, бүт маселелер каралып бүткөн соң, мен "маалымат үчүн айтып коеюн, ушундай факты болуп атат. Бул кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган нерсе. Жогорку Кеңештин расмий токтомун жасалмалоо болот, аппараттын кызматкерлери бир депутатка шылтап атышат" дедим. Ал сөзүм интернетке чыкты. Фракция кечки жети жарымдарда бүттү. Кабинетке келсем эле Скрипкина чуркап келди, "эмне, мени жоопко тарттырайын деп атасызбы?" деп. "Жок, биз кесиптешпиз, санаалашпыз, сизге дегеле тескери оюм жок. Муну атайылап чукуюн деген деле оюм жок болчу" дедим. Галина Анатольевна "ооба, менин көрсөтмөм боюнча жазылган. Мен түшүнбөй калыпмын" деп мойнуна алды, кечирим сурады. "Болду, бул маселени ушуну менен чечтик. Аппарат кетирген кемчилик катары кабыл алып коелу" дедим.
Токтом Жогорку Сотко, анан кээ бир депутаттарга кеткен экен, кайра чакыртып алышып, алты соттун фамилиясы бар, парламенттен мыйзамдуу өткөн вариантын кайра жөнөтүштү. Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Ф.Жамашева Алиева боюнча чыгарган буйругун жокко чыгарды. Болгону ушул. "Муну менен бирөөнүн айыбын ачайын" деген деле оюм жок болчу. Бирок "айлыгы
төлөнүп берилсин" деп аткандан кийин, ар бирине оңбогондой акча кетет да. Анан аны кантип көз жаздымда калтырып кое аласың?
-Бирок, басма сөздө "Ата Журт" оппозицияга кеткени КСДП менен катуу тирешип калды. Ташиев Турсунбековго, Осмонов Скрипкинага каршы чабуулга өттү (!) деген мааниде жаза башташты.
-Бул жерде эч кандай фракциялар арасындагы тирешүү жок. Керек болсо, мен өзүбүздүн фракцияны
деле толук, баш-отум менен жактап аткан жерим жок. Ыңгайы келгенде мен өзүмдүн центристтик позициям бар экенин жарыялайм. Мен ага да, буга да тартпайм. Биздин фракцияда деле туура эмес иштер болуп жатат, мен аны деле түз эле айтып атам. "Жаңы түзүлгөн коалиция мурдагыдан бетер, "Акжолдон" бетер жаман жолго түшө баштады" деп башынан бери айтып келатам.

Бетти даярдаган
Мамат Сабыров