Айтибай Тагаев, экс-спикер:
"Эл турмушу начарлап кетти"

Экс-спикер, экс-губернатор Айтибай Султанович эки жылга жакын убакыттан бери саясаттан алыстап кеткен. Эл көзүнөн оолак болуп. Дал ушул күндөрү биз бул адам менен кокусунан кезигип калып, ага байланышкан бир канча суроолор менен кайрылдык. Кайдыгер калтырбады.

-Айтибай мырза, соңку кезде катуу ооруп, ооруканадан дарыланып чыкканыңыз боюнча маалымат жаздык элек. Азыр ахвалыңыз кандай?
-Кудайга шүгүр. Денсоолукту чыңдап, дарыландым. Азыр абалым жакшы.
-Убагында кызматта жүрүп, анан ишсиз калганыңызда депрессия болгон жоксузбу?
-Жо-ок. Биз эми кызматтын кулу эмеспиз да. Убагында эл ишеним артып, депутат, спикер, губернатор болуп иштедик. Баш-аягы беш-алты жыл саясатта жүрдүм. Саясатка аралашканга чейин өндүрүштө иштедим, элдин колдоосуна ээ болуп дегендей. Азыр эми баары жакшы, элге жүзүм жарык.
-7-апрелден кийин такыр эле үнүңүз угулбай, жок болуп кеттиңиз да...
-Ооба. 7-апрелге чейин Баткен облусунда губернатор болуп турбадымбы, анан бийлик алмашкан соң, мен кызматымды тапшырып бердим. Мурдагы бийлик менен иштешип калгандан кийин, экинчи бир келген бийликке жабышып, иштешүү ниетинен алыс болдум. Бу турмушта адам өзүнүн ордун билиш керек. Анан дагы бир оор жагдай, 7-апрелде бейкүнөө азаматтар окко учуп кетишти. Дал ушул окуя мага оор сокку катары тийди. Албетте, мен агезде Баткен облусунда губернатор элем, бирок, менин мекенимде ушундай оор жоготуу болуп аткандан кийин, кызматка тырмышуу акылга сыйгыс көрүнүш болот эле. Мен дагы моралдык жоопкерчиликти ойлодум. Ошол курман болгон 90 балага чындап эле ичим ачышты. Биздин өлкөбүздөгү мындай жоготуу экинчи кайталанбаса (!) деп тилейм.
-Сиз менен үзөңгүлөш жүргөн бир топ эле саясатчылар 7-апрелден кийин моралдык жоопкерчиликти ойлобостон эле, парламенттик шайлоого чыгышты го. Бирок, андан бери мезгил өттү. Эми шайлоо болсо, элдин сыноосунан өтөйүн деген ниетиңиз барбы?
-Эки жыл чамасында саясаттан сырткары болуп, өткөн-кеткенге ой жүгүртүп, бир топ нерсени таразалагандай болдум. Бүгүнкү саясый ахвалды баамдап отуруп, өзгөчө парламенттин ишмердигине ичим чыкпаганын жашыра албайм. Мен эл ичинде көп жүрүп, карапайым адамдар менен баарлашып атам да. Мына ушуга чейин өкмөт, президент жаңы шайланды, буларга эл убакыт берип, "кандай иштешет экен?" деп күтүшөт. Ал эми парламенттин шайланганына быйыл эки жыл толот. Эмне ийгиликке жетишти? Баягы эле чуулган, ызы-чуу менен элдин кыжырын келтире башташты... Эгерде бу Жогорку Кеңеш тарап кетсе, күзүндө кайра шайлоо болсо, Кудай буюрса, мен сөзсүз түрдө шайлоого аттанам. Азыркы кезде электоратым менен тыгыз байланышта болуп, иштешип атам.
-А өткөн парламенттик шайлоодо партиялар сизди чакырдыбы?
-Мени "Ата Мекен" партиясынан башкасынын баары чакырды, бирок, бир чети эс алайын деп, анан жанагы бейкүнөө өлүмдөр болуп кеткен соң, саясаттан алыс четтеп турууну айтпадымбы... Жаңы бийлик чындап эле элдин жүгүн сүйрөп, жаркыраган заман орнотобу (?) дегендей күттүм. Тилекке каршы, элдин турмушу баягыдан да начарлап кетти. 7-апрелден кийин келген "баатыр аткаминерлер" жалпы журттун үмүтүн актаган жок. Алгач курулай популизм менен элди алаксытып келишти, бакылдашты, эми болсо айтарга сөздөрү жок, дымып калышты.
-Түндүк-түштүк маселеси мурдагыдан да курчуганы, эл эки жээкке бөлүнүп калганын өткөн президенттик шайлоо көрсөттү го...
-Карапайым калк эч качан бөлүнбөйт. Элди бөлгөн саясатчылар. Буга чейин саясый кызыкчылыктарга жетүү үчүн элди каалагандай калчашты, убадаларды беришти, бирок, эл ишеними, үмүтү акталбады. Эл өз оокатын өзү кылууда. Мына бүгүнкү күндө улут аралык жаңжалдар, социалдык көйгөйлөр чыңалып, улам бир региондо чатактар чыгууда. Нааразылык акциялар жаралууда. Ал эми бийлик эл көйгөйүн алдына алып, кам көрүп атабы? Качан гана өрт чыккандан кийин өчүргөнгө шашышат... Түндүк-түштүк маселеси демекчи, азыркы биздин саясатчылар жалпы улуттук көйгөйдү көтөрүп, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүштүн ордуна, кокту-колоттун баатырына айланышып, жердешчилик саясаты менен элди алаксытып келишүүдө. Эгерде бийлик башындагылар дээрлик Кыргызстандын алкагында ой жүгүртө алышса, элге чындап күйүшсө, түндүк-түштүк ажырымы жаралбайт эле. Биз азыр алакандай калкыбызга тегиз мамиле кылып, биримдиктин саясатын жүргүзсөк кана? Баса, ушу кезге чейин бийлик жаңы ой, ишенимдүү идеяларды көтөрө алган жок. Баягы эле эски багыт менен арык чаап келе жатышат. Кызматта отурушса болду. А күн өтүп атат. Коом ичиндеги жакшылыктын жаңылыгын көрө албадык...
-Сиз Баткен облусунда губернатор болуп иштедиңиз. Жакында ал жактан кыргыз-тажик чатагы чыкты. Деги жергиликтүү калктын эмне көйгөйү бар?
-Көйгөй арбын. Баткен облусундагы көйгөйдү жергиликтүү бийлик чече албайт. Ал жактагы элдин социалдык оор шартына жогорку бийликтин башкы жетекчилери көңүл бурушу керек. Элдин жашоосу оор, жумушсуздук күч. Ишке жарамдуу жаштардын көпчүлүгү сыртка кетип калышкан, азыр да кетип атышат. Баткендин Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен чегарасына өкмөт көңүл буруп, талаш жагдайларга кылдат мамиле кылуу менен чечиш зарыл. Албетте, эки тараптуу мамиледе бир пикирге келип. Азыр "Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагындагы элдердин ичи-ара мамилеси бузулган" деп айтып атышпайбы, тескерисинче, эки элдин ынтымагы жакшы. Мен ал жакка бат-баттан барып турам. А Андарек айылындагы чатакты эки улуттун кагылышы катары баалап, чоң көйгөй жаратуу туура эмес. Ал жерде кызуу кандуу балдардын арасында мушташ болуп, анан мындай көрүнүштү эки элдин аксакалдары токтоткон. Бир чети бийлик элге көңүл бурбай калгандан улам ушул көрүнүш жаралды да. Негизи элибиздин күнүмдүк көр турмуш көйгөйлөрү чечилбесе, нааразычылык жаралат эмеспи. Баткенде ушул жагынан ахвал кыйын шартта.
-Мындан аркы Кыргызстандагы саясый кырдаалга кандай божомол кыласыз? Өлкөдө бейкуттук, туруктуулук болобу?
-Баары эл багарлардын кадамына жараша болот. Мурдагы эки бийликтин катачылыгын азыркылар кайталабаса, эл үчүн чын ыкластан иштешсе, мамлекеттин байлыгын уурдашпаса, анда Кыргызстанда бейкуттук жашоо болоруна ишенем. Бирок, азыркы бийлик мамлекеттин жүгүн тарта албай атканы ачык байкалууда. Акыркы эле убактагы электр энергиясы менен газга болгон чектөөлөр, өчүрүүлөр элдин кыжырын кайнатууда. Катуу сууктагы мындай көрүнүш элди кыйнап атат. Дагы бир жагдай, мурдагы бийлик кеткенден бери митинг, пикеттер токтой элек. Негизинен акцияга чыккандардын баары жашоо-турмуштун оордугуна нааразы. Коомубузда адилеттик издегендер арбыды. Карапайым элдин укугу камсыздалышы кыйын болууда. Ошондой эле эң негизги социалдык көйгөйлөр барган сайын арбып, карапайым адамдардын жашоо шартына жакшы шарт түзүү кыйын болууда. Бир жагынан азык-түлүккө болгон баа өсүп баратат. Ал эми сырттан чоң каражаттагы инвестициялардын келиши барган сайын кыскарып, акыры Кыргызстанда бизнес жүгүртүү иши жарга такалды. Буга чейинки саясый кырдаалдар топтолуп отуруп, акыры Кыргызстанда стабилдүүлүк жок экени көрүндү. Сырттан келе турган ири бизнесмендердин катары да суюлду. Улам эле төңкөрүш болуп, баарын талкалап, тоноп кетип атышса, бизге келе турган кирешелерге да тоскоолдук жаралат да. Ынтымагы жок үйбүлөгө ырыскы, кут кирбегендей эле мамлекетибиздеги чыр-чатактар да элибизге чоң кедергисин тийгизип атат.
А эң негизгиси, бийлик башындагы адамдар коомчулукка тазалыктын үлгүсүн көрсөтсө, карапайым калктын оор турмушун чындап сезе алса, элге жакын болсо, чын дилден иштешсе, эмнеге Кыргызстан оңолбошу керек? Кыргыз эли бактылуу жашаганга акылуу!
-Баса, 7-апрелден кийин бакиевдер менен байланыштыңызбы?
-Байланышкан жокмун. Кандай негизде сүйлөшмөк элем? Мен 8-апрелде Баткендеги аксакалдардын батасын алып, губернаторлук кызматты тапшырып бергем. Андан бери үйбүлөм менен болуп, эс алып, денсоолугумду карап жүрөм. Эми мына убакыт өттү. Калк тараза да, баарына өз баасын берет. Тарых өткөн саясый окуяларды аныктайт. Бүгүнкү бийликтин буга чейин кылган ишине да мезгил баа берет...

Сакен Бөрүбаев