Элмирбек Иманалиев, төкмө акын:
"Казактардын кыздарынан жолдуумун"

13- 14 жашында ак таңдай акындарга кошулган Элмирбек Иманалиев чыгармачылыктагы сапары түйшүктүү, кызыктуу, ошол эле учурда сыймыктуу-сыйлыктуу болгонун жашырбайт. Талыкпаган эмгегинин аркасы менен элинин кадыр-барктуу акынына айланган, эл сүйгөн Элмирбек бүгүн колуна комуз кармаган "Айтыштагы" атаандаш акын эмес, жөн гана "Учурдун" төрүндөгү каарман.

-Элмирбек мырза, жаңырган жылды кандай пландар менен баштадыңыз?
-Бул жылга "концерт берет элем" деген чоң планды койгон жокмун. Чыгармачылык менен акырындан алектенип атам. Өзүңүздөр билгендей, "Айтышта" жаш акын, жаңы ысымдагы балдардын саны көбөйүп келатат. Аларга колдон келген жардамды көрсөтүп, эки-үч акын устаттык кылып атабыз.
-"Жаш акындар чыгып келатат" дейсиздер, бирок чагылгандай жарк эткен жаңы ысымдагы акындарды көрбөй атабыз го?..
-Ооба, мунун белгилүү да, белгисиз да көп себептери бар. Мисалы, 2001-жылы "Айтыш" коому түптөлгөн кезде, анда Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев аталарыбыз устаттык кылчу. Атыбыз белгилүү болуп калган акындардан сырткары, он чакты балдар келет эле. Анан 2003-2004-жылдары: "Ой, 20 жаштын тегерегиндеги жаш балдар келди, аркабыз кур эмес" деп үч жылдай айтып жүрүп, Азамат менен Аалы чыкпадыбы. Акындык ушундай нерсе. Азыр жаш акындар өздөрү канатын күүлөп, такшалып, көкүрөгүнө сиңирип аткан убагы, анан аны элге бере турган учур келет. Кудай буюрса, Кадырбек, Асылбек, Акжолтой, Кубат, Болот өңдүү жаш акындардан запас бар.
-Акыркы убакта "Айтыштардан" сизди көрбөй калдык, эмнеге катышпай жатасыз?
-Эгемендүүлүк күнүнө арналган "Айтышка" катыша алган жокмун. Бирок, октябрь айында Талас жергесинде Эстебес Турсуналиевдин 80, Ажыбек Датканын 240 жылдыгы жана Тургунбек Суванбердиевди эскерүүсүнө арналган барандуу "Айтышка" катышып, баш байгеге коюлган жүз миң сомду утуп алдым. Бир кызыгы, өзүмдүн багым, таалайым ушундай окшойт, бул "Айтыш" телеге тартылбай калды (күлүп).
-Күйөрмандар: "Айтыш-айтыш" деп кызыга беребиз, а сиз үчүн "Айтыш" эмне?
-Эгер "Айтышка" табың туура келип, илхомуң, жүрөгүңдөгү ишеним, сүйүүң менен катышсаң, "Айтыш" - ыракат. Жада калса айтышып жатып, жакшысыңбы-жамансыңбы өзүңө-өзүң баа бересиң. Кайсы деңгээлде ой жүгүртөсүң, логикаң, адамгерчилигиң кандай (?), ошол жерден элдин көзү менен өзүңдү сындап алууга болот. Мисалы, акындын жеке турмушта адам катары кандай сапаттары болсо, "Айтышта" деле ошону пайдаланат. Себеби, турган жерден ырдап аткан соң, жүрөгүңдө эмне толуп турса, ошону айтасың. Ошол жерден орой адам оройлугун, маданияттуу адам маданияттуулугун, акылдуу адам акылдуулугун, тилдүүсү тилдүүлүгүн, момуну момун экенин көрсөтөт.
-Көп "Айтыштарда" көйгөйдү, саясатты, чоңдорду кошуп ырдайсыздар, а сүйүү темасын ырдаган "Айтышыңыз" эсиңизде барбы?
-Сүйүүнү мендей айткан акындар аз го дебейимби (күлүп). Казакстанда өткөн үч айтышка катыштым, эмнеге экенин билбейм, ал жакка барсам эле, казактардын кыздарынан жолдуумун. Дайыма атаандашым айым болуп калат. Андай учурда сүйүү темасы өзүнөн-өзү козголот. Анан калп айтышка
туура келет. "Эркек үйүнөн он кадам жылганда бойдок" дегендей, казак акыны Айнур Турсунбаева менен айтышканымда, үйбүлөлүү болсом дагы, бир заматта бойдок боло калып, кызык темаларга кирип, шыпыртып калпты айтпадымбы (күлүп).
-Бөлөк түндүктүн алдында ырдап атканда, өлкөңүзгө өзгөчө жан тартсаңыз керек?
-Албетте, андай учурлар болот. "Карыш-карыш, сөөм-сөөм" дегендей, баары бир өз өлкөңө жан тартып турасың. Бирок, кайсы түндүктүн алдында отурсаң, аларга аша чаап айтыш кыйын. Тарыхта мындай нерседен жаңжал чыгып кеткен учурлар кездешкен. Ошол эле Катаган менен Сүйүнбайдын, болбосо Арстанбек менен Сүйүнбайдын айтыштарында жаңжал чыгып кете турган кезде "Айтышты" токтотуп, байгесин тең экиге бөлүп, "мындан кийин айтышпай, элдин ынтымагын ырдап жүргүлө" деп шарт коюшкан. Бул жерде да ушундай кеп...
-Байгенин кызыкчылыгы үчүн айтышып көргөнсүзбү?
-Кээде тамаша-чыны аралаш акындар бири-бирибиз менен сүйлөшүп калабыз. Бир жолу
калыстар тобуна отуруп калсам, Жолдубай Жапаров деген акыныбыз "Элмиртай, эптеп эле экинчи айлампага өткөрчү, ошого өткөндөрдүн баары он миң сомдон алат турбайбы, кышка көмүр камдап алайын" деп күлүп калды (күлүп). Кийин ЖК депутаты Камчыбек Ташиев уюштурган "Айтышта" ошону камтып, "Бирөөлөр келет айтышка, айтышып, намыс алышка, бирөөлөр келет айтышка, жазында алган байгеге, кышында көмүр жагышка" деп ырдап койсом, Жолдубай "сен мени айттың" деп чычалап атпайбы. Ансыңарындай, тиргиликке болгон муктаждык акындарда жок эмес. "Эмне болсо дагы тиргилигимдин бир жагын бүтөп кетсин, жакшылап айтышайын" деген учурлар болот.
-Акыйкаттыкты айтып ырдап, Акүйдөгүлөрдөн азап чеккен күн болду беле?
-2007-жылы Бакиевдин убагында "Ноябрь митинги" деп талаптар туура коюлуп, эл Акүйдүн алдына митингге чыккан эле. Митингдин кандай өтүп атканын көрүш үчүн Шекербек Адылов, Азамат Болгонбаев үчөөбүз барып калдык. "Мен чыгып сүйлөйм" дегендерин арасында Майрамкан Абылкасымова өңдүү бир топ белгилүү адамдар бар экен. Бирок, саясатчылардан микрофон бошобой аларга сөз бербей атышыптыр. Бизди көргөн "Ата Мекен", КСДПнын желегин көтөрүп жүргөн жаштар дуулдашып "акындар келатат, жол ачкыла" дешкенде бизге "дарожка" ачылды. Эми кызык, ырдашыбызга эл дагы түрткү болуп атат, өзүбүз деле акыйкаттыкты айтканга бел байлап калдык. Бирок, комуз жок. Раматылык Мелис Эшимканов алпарып атат, анан Сариев, Атамбаевдер колубуздан тартып, машинеге чыгарышты. Биринчи мен чыктым. Чыккандан кийин 5-6 мүнөттүн ичинде комуз таап келишип, комузду колдон-колго өткөрүп атып, бизге жеткиришти. Көз алдыма "Таң булбулу" спектаклиндеги Токтогулду ойногонум элестеди. "Токтогул ырдасын" деген эл комузду жогору көтөргөн бойдон биринен-бирине өткөрүп, Токтогулга беришкен жери бар. Митингде дагы дал ошентип, комузду мага беришти. Абдан таңгалдым. Анан комузду алып, акыйкаттыкты, элдин үнүн жеткирип ырдадым. Берки эки акын да курч ырдашты. Ошондон кийин бизге кысымдар боло баштады. Телефон чалуу, шантаж, оюма, түшүмө кирбеген ыплас нерселер болуп атты. Бирок, өзүмдү бекем кармадым, кызуулукка алдырган жокмун.
-Төкмө акын болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
-Жок, өкүнбөйм. Мен бул акындар чөйрөсүнө 13-14-жашымда келдим. Амантай Кутманалиев агабыз, Филармонияда иштеп аткан кези. Мени көрүп, "ий, сен 13-14 жашыңда эмне келип алдың, биз биякта жыргап аткансып. Карачы, оозуңдан энеңдин сүтү агып жүрөт, кетип эле кал айылыңа" деп тамашалаган. Андан бери канча суулар акты. Азыр Амантай "Элмирбек, сен менин агамдай болгон инимсиң" деп айтып калат.
-"Таң булбулу" спектаклинде Токтогулдун ролу кандайча сизге тийип калган эле?
-Филармониянын студиясынан кийин Искусство институтуна тапшыргам. Бизге КР Эл артисти, актер, режиссер Замир Сооронбаев агай сабак берчү. Бир күнү "мен Токтогулду жаңы көз караш менен койгон атам, сага роль бар, Арзыматтын образын жаратасың" деп калды. Мен ага чейин Чүй облустук театрда иштеп, "Байтикте" кытай элчисин, "Манаста" күзөтчүнүн ролун жаратканымды билчү. Макул болуп барсам, автору Сейит Алтымышов менен жолуктурду. А киши да сүйүнүп калды. А Токтогулдун ролун Замирбек Үсөнбаев агабызга сунуштап атышыптыр. Ал "мен микрофонго түз басып барып, ырымды ырдап басып кеткенди билем, мындайды көргөн эмесмин" деп болбой койду. Анан мага берген Арзыматтын ролун актер Шайымбек Кыдырмаевге берип, "бул нерсе жөндөн-жөн болуп аткан жок, Токтогулдун арбагы колдосун, башкы каарманды өзүң ойно" дешти. Ошентип, Токтогулду мен, Алымканды Айжан Акылбекова ойногон.
-"Аруузатым" ырыңыздын тарыхын ар ким ар кандай божомолдоп, "Элмирбек өзүнүн жашоосун жазыптыр" деп айтышууда. Бул тууралуу өзүңүздүн пикириңизди уксак?
-"Аруузатымдын" сөзүн 2007-жылдын декабрь айында жазгам. Өзүм кыш мезгилинде төрөлгөндүктөнбү, мага эргүү кышында көп келет. Ушу мезгилде энергиям көп болот имиш, окуганыма караганда (күлүп). Анан эми ырдын өзүндө баары айтылып турат, угарман кандай кабыл алып атат, тексте эмне баяндалып жатат, обондо эмне болсо, ошол ыр. Чындыгында аны "ушундай эле" деп, иликтеп-жиликтеп отурсаң, кайра маанисин кетиресиң. Айта турган тарыхы деле жок, жашоомдон алынганы чын. Ал кызды бир-эки жолу көрдүм... Анан ыр кылып жаздым.
-Бул ырды өзүңүз ырдап чыксаңыз болбойт беле?
-Башында өзүм эле комуз менен ырдап жүрдүм. Бир жолу Токтогул районуна бир топ ырчылар менен концерт берип калдык. Аскат Мусабеков, Алтынбек Каленов, Фарида Карбосова, Айнура Салахидинова ж.б. ырчылар бар. Чычкан капчыгайынан токтоп, куурулган балыкка заказ берип, күтүп калдык. Тамак келгенче, мен "Аруузатымды" ырдап берсем, "мага бериңизчи, ырдап чыгайын" деп кыздар да сурады, балдар да кызыкты. Кечинде Аскат "Элмирбек байке, ушул ырыңызды мен ырдап чыгайын, мага бербейсизби?" деди эле, Токтосун Мадияров агабыз "ушу Аскат катырат, берсең бер" деп калды. Мурдатан эле Аскат экөөбүздүн жандүйнөбүз төп келип, ага-ини катары мамилебиз бар эле, анан иниме бердим. Эстрадалык вариантын жакшы жаздырган. Эгер ушуну эле Аскат комуз менен ырдаса, оригиналына жакын болот.
-Катып жүргөн дагы башка обондуу ырыңыз барбы?
-Обондуу ырлардан айта турган жаңылыгым бар. Мындан бир нече жыл мурда журналист, акын Олжобой Шакир уулунун "Өзүм менен өзүм" деген китебин барактап отуруп, башкача формада жазылган "Эсиңдеби?" деген ырын белгилеп, ырдын жанына "кеп бар" деп жазып койгон экенмин. 2011-жылдын аягында ал ырга обон жаздым. "Ырдайт элем" деп сураган ырчылар бар. Бирок, "биринчи өзүм ырдап, радиого берип коеюн" деп ойлоп атам.

Айнура Касымова