Абдыбакыт Калмурзаев, КРнын бокс федерациясынын президенти:
"Осмоналиев агабыз чапкан арык менен..."

Быйылкы жыл спорт чөйрөсүндө олимпиада жылы. Анткени Англиянын Лондон шаарында кезектеги жайкы спорт оюндары өтөрү бышык. Жыл жаңыраары менен КРнын Улутук бокс федерациясы чоң камылга көрүү иретинде, салтка айланып калган Советтер Союзунун Баатыры Д. Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдешти өткөрүү алдында турат. Жалпы даярдыктары тууралуу федерация президенти Абдыбакыт Калмурзаев айта отурду.

- Абдыбакыт, алты күндөн кийин Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир башталат. Даярдыктар кандай болуп атат? Мелдештин маанилүүлүгүнө токтолсоң?
- Мелдеш 1974-жылдан бери өтүп келет. Бул турнирдин маанилүүлүгү абдан зор деп айтсак болот. Союз учурунда эле
боордош 15 республиканын мушкерлери келип, мелдештен такшалып турушчу. Чоң спортко алгачкы кадамдарын ушу жерден таштап, болочоктогу дүйнө жана олимпиада чемпиондору чыккан. Алыс кетпейли, ушул эле биздин Андрей Курнявка, Боордош
республикалардан Виктор Рыбаков жана Казакстандын жоон топ мушкерлери, алды олимпиаданы уткандары болду. Дагы, бул мелдештин маанилүүлүгү-быйыл Лондондо олимпиада оюндарына жолдомо алууну максат кылып, мушкерлерибизди ушу турнирден күчтөрүн дагы бир ирет сынатып көрүү болуп атат. Тилекке каршы, былтыр Баку шаарында өткөн, дүйнөлүк биринчиликте бир аз жолдуу болбой, Лондонго лицензия ала албай калганбыз. Андан бери өлкөнүн баш машыктыруучусу Адылкан Бекболотов менен бирге улуттук курамдын мушкерлери катуу даярдыктарды көрдүк.
- Маселен кандай даярдыктар?..
- Былтыр Орусиянын курама командасын Көл калаасына чакырып, Тамга айылындагы чакан базада биздин курамдагы мушкерлер менен биргеликте тажрыйба алмашуу маанисинде машыгууларды жүргүздүк. Анан алар биздин курамды чакырып, Москвадан алыс эмес Чехов
шаарындагы улуттук курам машыга турган кубаттуу базага биздин мушкерлер барып, майнаптуу машыгып келишти.
- Быйылкы Шопоков мелдешине канча команда келе турган болду?
- Азырынча ондон ашык командалар келе турганы такталды. Орусиянын өзгөчө курама командасы, баш машыктыруучусу жана федерация президенти менен байланыштык. Коңшу мамлекеттердин баары келишет. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан. Өзгөчө кошумчалай кетчү нерсе, Лондонго жолдомо алып койгон мыкты мушкерлер да келгени калышты. Демек, алар Шопоков турнирине жогортон баа берип, жөн эле катардагы мелдеш эмес экенин айгинелеп аткандагылары да. Кытай жергесинен Пекин олимпиада байгесинин ээси болгон балдар да келмек болушту.
- Биздин улуттук курамдан тышкары айыл жергесиндеги балдардан да мелдешке катыша алабы?
- Ооба. Быйыл жети облустун ичинен жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен балдарды да кошуп атабыз. Спортту кенен жайылтуу жана жаңы чыгып келаткан жаш спортчуларды такшалтуу максатында. Анүстүнө, апрель айында Астана шаарында Азия биринчилиги өтөт. Ал жерде байгелүү орундарды жеңгендерге Лондонго жолдомо берилет. Ошондуктан Шопоков турнири биздин спортчулар үчүн чоң сыноо болуп калат.
- Бизде спортчуларды тейлеп-тескей турган атайын кесипкөй дарыгерлер жокко тете экен. Ушул көйгөй маселени кандай жол менен чечсе болот эле?
- Менин оюмча Спорт академиясы менен Медицина академиясы биригип, келишим түзүп, спорт дарыгерлерин даярдабаса болбойт. Атайын спорт дарыгерине муктажбыз. Чоң спортто, чоң ийгиликтерге жетүү үчүн жанагы спортсмендин дени-карды чың болуш керек. Союз учурунда диспансерлер бар эле. Ар бир алты ай сайын спортсмендерди мажбурлап болсо да текшерүүдөн өткөрүп, такай көзөмөлдөп турушчу. Бул көйгөйдү коллегаларыма такай эле айтып келатам. Жакынкы арада бул ой боюнча жаңы кадамдарга барабыз.
- Кыргызстанда АИБАнын калыс-реферилери да саналуу. Бул да кыргыз боксунда чечүүчү маселелердин бири экен. Анткени, эл аралык мелдештерде биздин мушкерлерди башка өлкөнүн калыстары "басып" коюп атканын көп укканбыз...
- Туура айтасыз. Бул көйгөйдү бир чекеден чечип келатабыз. Азыркы учурда АИБАнын биздин өлкөдөгү калыстардын саны онго жетейин деп калды. Колдон келсе калыстарыбыздын деңгээлин дагы көтөрүп, семинарларга каражат таап жиберип, окутуп же АИБАнын адистеринен бул жакка чакырып, даярдатышыбыз керек. Федерация бул жагынан көп иштерди кылууда.
- Улуттук курамга кирген мушкерлерди даярдай турган база жок. Ошол эле жерде машыгып, тамагын ичип, эс алып, кайсы бир мелдешке даярдана турган. Мындай база спортчуларга керек го?
- Тилекке каршы, андай база азырынча жок. Биз болсо эки жылдан бери Коргоо министрлигинин Тамга айылында жайгашкан санаторийине жылына 2-3 жолу барып машыгып атабыз. Бизге ыңгайлуу болуп, туура келди. Бирок, Чүй облусунда болобу, же Бишкектеби, же Кыргызстандын ылайыктуу делген жеринен болбосун бир гана бокска эмес спорттун көп түрүнөн машыга турган кубаттуу база курулушу керек. Мындай базалар башка өнүккөн өлкөлөрдө бар. Биз ушуну мамлекеттик деңгээлде ойлонушубуз абзел. Ушундай базаны куруп, толугу менен ишке киргенден кийин мамлекет кайрадан бизге "кана көрсөткүчүңөр, кана медаль?" десе куп жарашат эле.
- Биздин борбор шаарыбызда бокс боюнча качан дүйнөлүк биринчилик өтөт же жок дегенда Азия чемпионаты?
- Азырынча өткөрө албайбыз. Биздин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарай андай мелдештерди өткөргөнгө мүмкүнчүлүгү жок. АИБАнын
баардык талаптарына жооп бербейт, шарты жок, ылайыксыз дегеним. Мисалы, финалдык беттешүгө чейин болбоду дегенде эки рингде таймаш өтүп туруу зарыл. А бизде эки ринг катары менен батпайт. Бул бир эле жерин айттым. Андайлар толтура. Мамлекет азыр жаңы спорт-сарай курганга алы келбейт. Ошондуктан сырт жактан эле инвесторлорду тартып келип курдуруш керек. Бирок, анткен менен өлкө ичиндеги колунда бар ишкерлер ара-чолодо чет мамлекетке иштери менен барып, ал жакты көрүп келип, "спорткомплекс курганга инвестор тартыш керек экен" деп айткандарын угуп калам. Мүмкүн чындап эле жакынкы арада талаптагыдай спорткомплекс курулуп калгысы бардыр, үмүт кылалы.
- Быйыл олимпиада жылы. Лондондо жайкы спорт оюндары өтөрү баарыбызга эле маалым. Кыргыз мушкерлери арасынан "бычакка сап" боло турган бирөө-жарымы бар болду бекен?
- Азыркы учурда олимпиадага жолдомо ала турган балдар жок эмес. Алдын-ала иш план түзүп алып ошону аткарганга болгон күчүбүздү жумшап атабыз. Дене-тарбия жана спорт агенттиги да бизге эбегейсиз көмөк көрсөтүп атат. "Аккан арыктан суу агат" дегендей, бир кездерде Каныбек Осмоналиев агабыз чаап койгон арык бар эмеспи. Эми болгон күч аракетибиз ошо жакка жумшалат. Медаль болот!

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ




Хоккей
Дүйнөлүк биринчиликке кыргыздар да аттанат
Ушул айдын аягында Казакстандын Алматы шаарында топ менен ойнолуучу
хоккей боюнча дүйнөлүк биринчилик башталганы турат. Жаңыдан өздөштүрүп келаткан бул оюнду "кыкеңдер" Жапон менен Эстония курамдары ойногон "С" тайпасына туш келди. 31-январь жана 1-февралда Эстония менен 2-3-февралда Жапон хоккейчилери менен "чабышат".

Футбол
Д. Марадона ооруканада
Легендарлуу топ тепкич Дубай
шаарындагы ооруканага жеткирилди. Диего азыркы кезде Бириккен Араб Эмиратынын жогорку лигасындагы "Аль-Васл" футболдук клубдун машыктыруучусу болуп иштеп аткан. 51 жаштагы Марадона кезектеги машыгуу учурунда башы айланып, капыстан эле жашыл майсаңды сүзүп калган. Ал жерге тез жардам чакырышып, ооруканага алпарышкан. Алгачкы анализинде бөйрөктө таш бар экенин айтышкан догдурлар, топ тепкичтин денсоолугун калыбына келтирүү үчүн операция жасоого камданып жатышат.

Грек-рим
Р.Түмөнбаевдин камы калыбында
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн биринчилиги аяктаты. 120дан ашуун балбандар күрөш килемине чыгып, күчтүүлөр аныкталып өлкөнүн чемпиондору аталды. Арсен Эралиев (55 кг.), Руслан Түмөнбаев (60 кг.), Руслан Царев (66 кг.), Азат Бейшебеков (84 кг.), Камбар Жоробеков (120 кг.). Ошентип көптөн күткөн Бээжин олимпиадасынын баатыры болгон балбан, Руслан Түмөнбаевдин бу жолу камы калыбында экен.

Волейбол
Өлкөнүн биринчилиги Токмокто
Бу жолу өлкөнүн биринчилигин өткөрүү иш-чарасы Токмок шаарына жүктөлүп, 10 команда аламан байгеге аттанды. Биринчи күнү 5 беттешүү болду. "Улар" менен "Динамо" беттешип 3:2 эсебинде "Улар" утту. "Жаш Күч" "Алай-Датканы" 3:1 эсебинде багынтты. "Ош бажысы" 3:1 эсебинде "ВВ+МВД+К" курамын "жанчып" алды. "Теңиртоо Замандаш" менен "Сольвейг Спорт" курамдары таймашып эсеп 3:1 болду жана "Салам-Алик" волейболдук клубу "Чаткалдын" эсебин таап 3:1 менен утуп алды.

Мылтык атуу
Олимпиадага жолдомо
Көзгө атаар мергенибиз Руслан Исмаилов Лондондо өтүүчү жайкы оюндардын олимпиадасына жолдомо утуп алды. Катар өлкөсүндө өткөн Азия биринчилигинде атаандаштар менен катуу "аткылап" атып, 6-орунду жеңүү менен бирге Лондонго лицензия
алды. Ал 10 метрдик жерден тапанча атуу боюнча мелдештен деп кабарлашты.