кыргыз тилиндеги гезит "Учур"

п»ї


Бери кара
Кыргыздын жаңы туусу
Байрактын түсү - КӨГҮЛТҮР
Кыргыз баласы асман тиреген Ала-Тоодо жашайт, жарык дүйнөгө келип, көзүн ачканда, түндүктөн мелтиреген көк асманды, жаркыраган жылдыздарды, нурун чачкан айды, учу-кыйырсыз Ааламды көргөн, бактысын Көк-Теңирден тилеген.
Байрактын ортосунда -АЛТЫН ТҮНДҮК
Кыргыздын оймо-чиймеси (орнамента) боз үйдүн дарегин (адресин) далилдейт!
Түндүктүн алдында -ЖЕТИ АК-СЫЗЫК
Жети-Суудагы жети облусттун:
Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин белгиси.
Байрактын бурчундагы -ЖЕТИ ШООЛА
Алтын-казык жылдыз асмандагы Жети-кенди пааналап турат. Кыргыз жеринин байлыгы, алтын кени жети областта экенин белгилейт, түндүктөн түшкөн куттун,
туруктуулуктун элеси.

Пааналап маңдайдагы Жети-кенди,
Көрүндү андан өйдө Алтын-казык.
Жылдызы түбөлүккө турган жылбай,
Суктанып карай бердим алымсынбай.
Жаркыным, сен да дайым туруктуу бол,
Дал ошол Алтын-казык жылдызымдай!
Сооронбай Жусуев.

Желектин автору -
Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев
Сүрөтчүсү -Бактыбек Куренкеев











??.??