Министрликтин айынан
18 миллион долларга чыгаша болгон ишкана
Кыргыз республикасынын
президенти
Атамбаев Алмазбек
Шаршеновичке
"Эмек Иншаат ИИТ" ишканасынын өкүлү Айхан Гулсерден

Кайрылуу
Урматтуу Алмазбек
Шаршенович!
Кыргыз республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин чектен чыккан мыйзамсыз аракеттеринен улам, сизге кайрылууга аргасыз болдук. Биз сизди кыргыз өлкөсүндөгү мыйзамдуулуктун жана ишкерлердин укуктарынын сакталышына кызыкдар (!) деп билебиз жана айтылган министрлик тарабынан одоно тебеленип жаткан биздин укуктарыбызды коргоп берүүңүздү суранабыз.
Маселе түшүнүктүү болуусу үчүн кыскача маалымат бере кетели:
2003-жылдын 1-ноябрында "Эмек Иншаат ИИТ" ишканасы тендерди жеңип алгандыгына байланыштуу Кыргыз республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен келишим түзгөн. Келишимге ылайык, "Эмек Иншаат ИИТ" ишканасы 2005-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Бишкек-Ош автожолунун 426-428 км. жана Таш-Көмүр-Кербен автожолунун 0-54 км. аралыктарын реабилитация кылууга тийиш болгон.
Баардык милдеттер өз убагында аткарылып, иштин жалпы көлөмүнүн дээрлик 80% аяктап калган. Иштин негизги этаптары аяктап, акыркы этап деп эсептелген асфальт төшөө ишинин 20% бүткөрүлгөн болчу. Бирок, Өзбекстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу 4 ай бою кыргыз-өзбек чек арасы жабылып, иштин өз мөөнөтүндө бүтүүсүнө кедергисин тийгизди. Тактап айтканда, Өзбекстандан ташылып келип жаткан смола алуу мүмкүн болбой калды. "Чек аранын ачылышы менен иш акырына чыгат" деп министрликке кепилдик кат жөнөткөнбүз.
Баса белгилей кетчү жагдай, келишимге ылайык иш 2004-жылдын ноябрь айында башталышы керек эле. Бирок министрлик мөөнөттү создуктуруп жатып, 2005-жылдын март айында гана ишти баштоого уруксаат берди. Биздин күнөөбүздөн улам эмес, тескеринче, бизге көз каранды болбогон, мисалы, министрлик тараптан убакыттын создуктурулушу жана кыргыз-өзбек чек арасынын жабылып калуусу өңдүү жагдайлардан улам иш өз мөөнөтүнөн кеч бүтүрүлө турган болуп калган.
Бирок, министрлик бул жагдайларды эске албастан келишимди бир тараптуу түрдө бузуп, ишкананы 18 млн. долларлык чыгашага учуратты. Алсак, лаборатория, турак-жай, транспорт жана жумуш техникалары (тизме тиркелет) өңдүү ишкананын менчик мүлкүн министрлик өзүм билемдик менен ээлеп алды. Мүлк ээси катары биздин макулдугубуз алынбастан, биздин баардык транспорт жана жумуш техникаларыбыз белгисиз тарапка арендага берилди.
Бир катар расмий кайрылууларды жолдогонубузга карабай министрликтен толук кандуу жооп ала албай келебиз. "Сот чечкен" деген жооп алабыз, бирок, бизди эч бир сотко чакырышкан эмес, жана ал соттордун чечимдери менен да
тааныша албай келебиз. Кайсы мыйзамдын негизинде биздин мүлкүбүз биздин эркибизге каршы башка тарапка арендага берилет? Кайсы норманын негизинде биз утуп алган тендер үчүнчү тарапка берилет? Арендага алган тарап төлөп жаткан аренда акылар биз арендага алган тарапка өткөрүлүп берүүгө тийиш. Министрлик айрым бир жоопторунда "келишимге ылайык мүлк биздин карамагыбызга өттү" деп билдирүүдө. Бирок, келишимдин негизинде мыйзамдын мындай шарттары эч каралган эмес.
Өз укуктарыбызды коргоо максатында Эл аралык соода палатасына кайрылганбыз, бирок Кыргызстандагы саясый кырдаалдын курчтугуна байланыштуу маселени толук кандуу кароого мүмкүн болбоду.
Мындан улам, биз сизден бул маселени жеке көзөмөлүңүзгө алып, мыйзам чегинде адилет чечүүгө жардам берүүңүздү суранабыз. Түркиялык ишкана катары убактылуу келип иштеп жаткандыгыбызга байланыштуу биздин мүлктөр Түркия республикасынын менчиги болуп саналат жана тизмеде көрсөтүлгөн мүлктөрүбүздү толугу менен кайрып берүүгө жардам кылууңузду өтүнөбүз.
Биз сизди Кыргызстандагы саясый туруксуздуктан улам жабыр тартып келаткан инвестициялык климаттын жакшыруусуна кызыкдар инсан деп билебиз жана биздин иштин адилет чечилиши бул маселеге оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз.
Зарыл боло турган болсо, баардык тийиштүү документтер менен тааныштырууга даярбыз.

"Эмек Иншаат ИИТ" ишканасынын өкүлү Айхан Гулсер
04.01.2012-ж.

Alamankg.org




Эл өкүлдөрүнө
Улуттук Курултайдын үнүн ук!

КАЙРЫЛУУ

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
төрагасы А.Ш.Жээнбековго,
КРнын эл депутаттарына

Урматтуу төрага!
Урматтуу депутаттар!
Эркин эл, эгемен өлкө болгонубузга 20 жыл толуп, 21-жылга кадам койду. Заманыбыз да ушундай: 20 кылым толуп, 21-кылымга карады. Бирок, дагы деле ийгиликтерибизге караганда кемчиликтерибиз өтө көп. Эмне үчүн?
Биз, Элдик Курултай кыймылынын мүчөлөрү, кемчиликтердин көбүн Кыргыз элинин улуттук менталитетине жооп бербеген азыркы коомдук системадан көрөбүз. Бул система биздин элди өстүрбөй эле 20 жылдан бери улут катары "талкалап" келатат. Улуттук аң-сезим калыптангандын ордуна жеке адамдын деңгээлиндеги психология калыптанып, кыргыз эли улут катары жок болуу коркунучуна туш келди.
Демократия-"эл бийлиги" дегенди түшүндүрөт. Бул: "Эл-бийликтин ээси" деген сөз. Демек, "Эл-бийликтин ээси" болгондон кийин, ал аны кимдир-бирөөгө ишенип берүүгө, мөөнөтү бүткөндө же мыйзам бузулганда, өз бийлигин кайра алып коюуга укуктуу. Тилекке каршы, биздин эл 20 жылдан бери бийликти президентке берип, бирок аны көзөмөлдөй албай жана мыйзам бузулганда кайра ала албай келатат. Ошонун айынан "эки революция" болду. Канчалаган адамдардын өмүрү кыйылды...
Бүгүн кыргыз эли ар кандай ички жана сырткы күчтөрдүн таасири астында чайналып, өз жолун таба албай кыйналууда. Аны бул азаптан Элдик Курултай институту гана куткарат. Биз байыркы ата-бабаларыбыздан калган ушул улуу мурас аркылуу гана өзүбүздүн улуттук жолго түшөбүз жана дүңгүрөгөн күч менен дүйнөгө чыгабыз.
Президент баш болуп, 20 жылдан бери өлкө башчыларынын бири да Элге отчет берген жок. 20 жылдан бери "эл бийлигин орнотуп, экономиканы өстүрүп жатабыз" деген шылтоо менен алар кыргыз этносун жок кылуу саясатын жүргүзүштү. Анын айыл чарбасын жана өнөр-жай ишканаларын талкалап, жерин сатып, бир миллионго жакын ишке жарамдуу элин чачып жиберишти.
Сырттан жардамга миллиондогон доллар акчалар келүүдө, бирок бүгүнкү күнгө чейин алардын канчасын ким-кимге бергенин же каякка жумшаганын Эл билбейт.
Ушул күнгө чейин "бийликтин ээси-эл" болбой эле өлкө башында тургандар болуп келатат. Аларды ээрчип, бийликтин андан ылдыйкы бутактарында иштегендер да өз элин талап-тоноону улантышууда.
Эл башкаруу өтө жооптуу жана оор жумуш. Ал үчүн тубаса талант гана эмес, атайын бийлик баскычтарын басып өтүү тажрыйбасы да талап кылынат. А бизде болсо, бүгүн "пионер", "комсомол", "коммунисттик партия" сыяктуу кадр өстүрүүчү мектептер жок. Ошондуктан, кечээ көчөдө жүргөн адам эле бир күнү министр болуп калат да, бүгүн министр болуп иштеп аткан адам эртең кайра көчөгө чыгып калат.
"Бастыра албаган-жол бузат, башкара албаган-эл бузат" деген ата-бабаларыбыз. 20 жылдан бери "жол бузарлар" менен "эл бузарларды" чыныгы башчылардан айырмалай албай, аябай адаштык. Биз бүгүн, алакандай республиканы башкара албаган өндүрүшчү деген Бакиев, академик деген Акаев сыяктуу адамдарды эмес, "а" тамгасын тааныбаса да, учу-кыйрына көз жетпеген улуу империяны түзгөн Чынгыз хан сыяктуу эл башкара турган жөндөмү бар, тубаса таланттуу адамды алып келиш керек экенин түшүндүк. Бирок, андай адамды кайдан табабыз, тапкандан кийин аны кантип эл башына алып келебиз (?), маселе мына ошондо турат...

Урматтуу Төрага!
Урматтуу депутаттар!
Алгач, "Элдик Курултай жөнүндөгү" мыйзамдын
долбоорун кечиктирбей кабыл алып берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Бул мыйзам боюнча коомдук, парламенттик угуу өткөрүлүп, добуш берүүдө депутаттардын аты-жөнү ачык көрсөтүлсө деп эсептейбиз.
Экинчиден, 2011-жылдын 9-11-сентябрында элдин өзүнүн күчү менен борбор шаарыбыздын Спорт сарайында улуттук улуу курултайынын биринчи бөлүгү, 26-ноябрда корутунду жыйыны өттү. Ал мындан нары туруктуу иш алып барыш үчүн курамы 41 адамдан турган өзүнүн борбордук органы - улуттук кеңешти, 21 адамдан турган даанышмандар кеңешин шайлады жана жыйындын аягында резолюция кабыл алды.
Ал резолюцияда айтылгандай, Курултайды "өкүлчүлүктүү жана бийлик бутактарын көзөмөлдөөчү жогорку мамлекеттик орган" катары мыйзамдаштыруу маселеси бышып жетилди. Мыйзам чыгаруучу орган катары мамлекеттик көзөмөлдү колуна алып турган Жогорку Кеңеш менен коомдук-элдик көзөмөл жүргүзүүчү Улуттук Курултайды бири-бирине карама-каршы коюу туура эмес экендигин белгилейбиз.
Бүгүн сиздер, өзүңүздөрдүн эл менен "бир" же "бөлөк" экениңиздерди көрсөтө турган учур келди. Эл да эми, Курултай институтун Башмыйзамга өз ыйгарым укуктары менен киргизүү маселеси боюнча кабыл алган чечимиңерге ылайык силердин ишиңерге баа берет. Биз да силерди Улуу Курултайдын чечимдерин ишке ашырууну колго алат жана кыргыз элинин тагдырына байланышкан бул улуттук улуу миссияны ак, адилет өтөйт деп ишенебиз!

Элдик Курултай
кыймылынын 41 кишиден турган Улуттук Кеңеши.
Бишкек ш.
09-январь, 2012 ж.