КАРЫШКЫР САЙ
Молдокең курусун!..

Коммунисттик идеология банкрот болуп, СССР деген дүйнөнү дүңгүрөтүп турган империя кулап, урандыларынын ар кайсысы өз алдынча мамлекетке айланды. Алардын катарында биздин элибиздин да багы жанып, көзкарандысыз Кыргыз мамлекетинин туусун көтөрдүк. Күтүүсүздөн, кудум асмандан түшкөнсүгөн төбөлсүздүккө жетүүнү, жалпы кыргыз калкы өтө чоң кубаныч менен каршы алып, чексиз бакыт катары кабылдап тосуп алды. Ошондо, орус туугандар айткандай, "медальдын эки бети болоорун", эркиндик менен кошо жоопкерчиликтин оор жүгү кошо келээрин ким билиптир? "Коммунизм курабыз, баарыбыз жыргайбыз, адамдар өңүнө, жынысына ж.б. карабай тең укуктуу" деген идеология империя менен кошо өлгөндөн кийин, кайда бараарыбызды, эмне кылаарыбызды билбей дендароо болорубузду, чарбабызды оңдуу башкара албай, өндүрүштөрүбүз кыйрап, экономикабыздын ойрону чыгаарын (союздан келчү дотациялар токтоп, "өз киндигибизди өзүбүз кесээрибизди), элибиз итке минип, кара-курсактын айынан миллионго жакын жаштарыбыз жер кезип, каңгып кетээрин, деле этибар албаппыз (!) десең.

Ошентип, "ана-мына дегиче, ачып көздү жумганча" арадан жыйырма жыл өттү. Төбөлсүздүк менен кошо төрөлгөн балдар бой жетти. Кудайга шүкүр, азыр баягы токсонунчу жылдардагыдай, же эки миңинчи жылдын башындагыдай ачарчылык, жакырчылык жок. Элибиз деле элдир-селдир эсине келип, өкмөттү карап отура бербей, өз алдынча тирлик кылганды үйрөнүп келатат. Ооба, экономикабыздын абалы начар, жумушсуздук, жакырчылык дагы деле болсо бар. Бирок баштагыдай эмес. Мисалы, айыл кыштактарда жашаган мекендештерибиздин
дээрлик көпчүлүгү, жекече чарбачылык жүргүзүп (жер иштетип, мал багып), оокат кылганды өздөштүрүп алышты.
Азыр айыл жергесинде, жалпы жонунан алганда тамак-аш,
кийим-кечек жетиштүү, ал турмак айрым үйбүлөдө киши башына бирден машине мингендер да арбын. Ал эми элибиздин 70%ы айылдарда жашаарын эске алганда, бул оңой көрсөткүч эмес. Айтор, баягы "жетим жетилет" дегендегидей болуп, акыры барып, курсак маселеси деле чечилчү иш экен.
Бирок, кеп анда эмес. Кеп, кара курсактын маселесинен чыга албай жүрүп, "биз кимбиз (?), каякка жылабыз (?), максатыбыз эмне (?), бизге деги эмне керек (?) деген суроолорго жооп табууга шайыбыз келбегенинде болуп жатпайбы. Анан ыкыя тоюп алып, каякка бараарын билбей турсак, анда адашып калган торпоктон айырмабыз канча? Ууру-бөрүгө жем болуп... Мамлекеттик идеологияң жок болсо, эл багарларың жеке кулкунунан башканы ойлобой коррупциянын сазына батып жатса, кантип мамлекет болуп, эгемендүүлүгүңдү сактап каласың?
"Жаркын келечек куруп, жалпы адамзаттын багын ачып, май-көл, сүт-көл заман курабыз, акча деген жоюлат, дүкөндөрдүн баары күнү-түнү ачык болот, киресиң да каалаганыңдын баарын бекер аласың, уят-сыйытыңды да ушунчалык бышырып коебуз, эч ким текшербесе деле суткасына сегиз саат иштебей тура албай каласың, ошон үчүн азырынча эптеп чыда, кийин жыргайбыз, биз болбосок болочок муун, укум тукумуң үчүн иште, болбосо "тунеядец" деген статьяга кабыласың" деген Коммунисттик идеология кыйрагандан кийин,
коом эмне кыларын билбей кайсалап калды.
Саясатчылар, бири батышка, бири чыгышка сүйрөгөнгө аракеттенди. Манас атабыздын 7 осуятын жазып чыктык. Маңкуртташып калган элибиз же батышка, же чыгышка багыт албай, же айкөлдүн осуяты менен жашай албай, "кайра-кайра жаңы идеология жазабы" деген демилгелер менен убара. Бийлик менен коомчулук жыйырма жылдан бери курулай далбастап жаткан кезде идеологиялык боштукту диний агымдар ээлеп алганга жан үрөп жатышат.
Негизинен мусулманчылык басымдуулук кылган Орто Азия мамлекеттеринде исламдын кеңири канат жайып баратышына бийлик тарабынан деле, коомчулук тарабынан деле каршылык жок. Болгону, жанагы хизбутчулар, вахабийчилер, ж.б.у.с. экстремисттик багыттагы агымдардан гана чочуркап, аларга каршы аракеттер көрүлүүдө. А берки муфтиятка тиешелүү мечиттер күн санап өсүп, молдокелер бөтөнчө активдешип, исламдын шарттарын таңуулаганга чейин барып, мусулманчылыкка анча айкашпаган
баалуулуктарыбызга, ырым-жырым, салттарыбызга, майрамдарыбызга каршы аракеттерди диний көз караштагы ЖМКлар аркылуу такай уюштуруп келе жатышат.
Ушундай религия аралык чагымчылдыктын айынан, быйыл жаңы жылда мусулмандардын тобу Тажикстанда аяз атага кол салып, ур-токмокко алып, бычактап өлтүрүп коюшту. Уруп, бычактап жатканда "неверный" деген кыйкырыктар болгонун күбөлөр айтышканын ЖМКлар жар салды. Дал ошол кайгылуу окуя болгон күндөрдө Бишкектин "Манас жаңырыгы" телекомпаниясы да жаңы жылга байланыштуу талкуу уюштуруп, кыргызстандыктарга тартуулады.
Эки-үч эксперт, анан көбүнчөсү хиджаб кийип алган кыз келиндер, жигиттер отуруп алып, жаңы жылды майрамдоо керекпи, керек эмеспи (?) деген теманы талкуулап, майрамдын келип чыгуу тарыхын казып, атам заманда отко табынган викингдердин токойго барып, адамды курмандыкка чалып, ичегилерин ёлкага илгенинен бери эскеришип, шариятка туура келбесин кан какшашып, андан кийин шампандын газы вирустардын оосурагы экенине чейин жетишти (айран менен камырды ачытып жаткан вирустарды бок-согу менен эле кошо жеп жаткандыгыбызды билишпейби (?), ким билсин, айтор, ал
тууралуу оозанышкан жок). Кыязы, алардын мындай үгүттөрүн теледен көргөн, кызуу кандуурак, турмушка нааразычылыгы бар мусулмандар, религиалык фанатиктер үчүн бул берүүлөр: "жаңы жылды майрамдоо бул шариятка туура келбеген, исламга жат көрүнүш, ал эми майрамдап жаткандар каапырлар" деп түшүнө тургандай, аларды аракетке өтүүгө тукургандай эле болду.
Кыкеңдер кече эле туулган күндү белгилегенди үйрөнбөдүкпү, болбосо, "жайлоодо, кыштоого көчкөндө, согум сойгондо туулупмун" дечү элек го. Анан жаңы жыл, 23-февраль, 8-март, ж.б.у.с. жаңы тарыхыбызда пайда болгон, башка элдерден келген, жалпы адамзатка тиешелүү баалуулуктарга кирген майрамдардан аткез кылыш керек (!) деген кантип кудайга жаксын?
Антип, исламдын чүмбөтүнө бекинип, жалпы адамзатка тиешелүү маданияттардан корунуу - биздин ансыз да сүйрөлүп, көч артында келе жаткан мамлекетибизди кайра артка тартып, орто кылымга сүйрөп жатса, алардын сандырактагандары коопсуздугубузга шек келтирип жатса, анан ошо коркунучтар, хизбуттардан эмес, биз эч шекшибеген момун мусулмандардан чыгып жатса кантебиз? Мындайды тыйып, катуу көзөмөлгө албаса болбойт. Бул жерде биз катуу кетип, момун мусулмандарды кысмакка алууну сунуштап жаткан жерибиз жок. Эс-мас болуп, маңкурташып бараткан элибизди, "андай тур, мындай тур, ууру кылба, арак ичпе" деп, теске салып, чоң пайда келтирип жатканын тана албайбыз.
Бирок ошол эле убакта, биз эми, мусулманчылыкка акаарат келтирбеген, салт катары каныбызга кирип калган сүннөткө отургузуу, кепинге ороп узатуу, маркумдарга арнап куран окутуудан башканы анча мынча эрөөн-төрөөн албаган, той-торопойду жакшы көргөн, аракты кенен-кесири ичкен, мындайча айтканда, чала мусулман эле эл экенибизди да тана албайбыз да. Же калппы? Муну "илибой" кыргыз моюндайт. Анан азыр адамзаттын дини илим-билим болуп, өнүккөн элдер космоско кадам таштап, нана-технологиянын заманы келе жатканда чүмбөттөнүп алышып, кыжырды келтиришкендери кандай? "Кыргызстанда 99% мусулман" деп өзүлөрү айтмакчы, 99% кыргызстандыктар (негизинен жалпы мусулмандар) жаңы жылды майрамдап, өкмөт сегиз күн өргүү берип жатса, бир ууч исламчылардын кылганы неси?
Батыштын жаман "илдеттерин" сынга алуу менен бирге, биздин коом тарабынан кабылданып, турмушубузга сиңип калган үрп-адаттарды, жүрүм-турумдарыбызды келекелеп, орто кылымга кайрыгысы келип жаткандарды ким ооздуктап, ким тыят?
Талбай насаат айтымыш болуп, араздашуунун очогуна айланган теле каналдын берүүлөрү Айкөл атабыздын атын жамынып алышы ого бетер кыжырды келтирет. Бул жерден, каналдын, туруктуу эксперти катары экрандан түшпөй турган Өзүбек ажынын жоруктарынан бир шиңгил айтсак жетиштүү болоор. Бир ирет, модага байланыштуу талкууда, жаштарга абийирдүү, адеп ахлактуу насаатчы катары, чакырылган ажы акең студент кыздарга карай: "кыска көйнөк кийип, алдагы жоон саныңарды, жоон санды, понимаете окорочка, окорочканы, көрсөтүп жүргөн уят эмеспи?" деп балп эттирип, анан кыйратып жаткансып, кайра-кайра кайталаганын кантесиң? Экрандан. Эми ушу, неберелери менен тең, турмушка чыга элек, он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кыздарга айта турган кеппи? Кайсы кыргыз чоң атанын оозунан ушундай сөз чыгат? Бул эмне деген салт? Бул эмне деген маданият? Баарынан коркунучтуусу, мындай үгүттөөлөрдүн арты мамлекеттин коопсуздугуна, коомдун стабилдүүлүгүнө залалы тиеринде болуп жатпайбы.
Мындай ачыктан-ачык религиялар аралык араздашдашууга чагым жасоо кылмыш кодексинде каралганына карабастан, мамлекет башчылары, же укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир чаралар көрүлгөнү деле байкалбайт. Мамлекеттин коопсуздугун
камсыздоочулар каякка карап отурушат. Же, бийлик, байлык бөлүшүүдөн колдору бошобой жатканы, же жөн эле баштары жетпей, эрөөн-төрөөн албай жатканы белгисиз. Калыс сөзүн айткан Кален Сыдыкова, Анарбек Усупаев, Жаныбек Жанызактар таландыга алынып, жа-жаланып салгандан кийин, коомчулугубуз деле, "момун мусулмандардын" беттен алмасынан тартынып, бул темага анча кийлигишкени байкалбайт.
Молдокелердин бул сыяктуу ашкере чагымына тыю салбасак, эртең бизде Тажикстандагыдай окуя кайталанбайт (!) деген кепилдик жок да! Же эмне, Снегурочканы жайлап салгыча карап отура берелиби? Кеч болуп калбасын?

Сабыр МУКАНБЕТОВ