Мужиктөр
Жаныбек Жанызак:
"Жеңеңдин үстүнө күч күйөө болуп киргем"
-Үйдө ким кожоюн?
-Үйдө жеңеңер эле кожоюн, албетте. Ички иштердин басымдуу бөлүгүн (курулуш, от жакмай, свет оңдомой, сантехника дегендерден башкасына), тышкы иштерди толугу менен, каржы "министрлиги" жаатындагы маселелерди, негизинен бюджет маселесин толугу менен жеңеңер өзү чечет жана маселенин мындай жүрүшү мени да толугу менен канааттандырат. Ансыз да жумушум чачтан көп.
-Мал сойгонду билесиңби? Этти устукандап...
-Мал сойгонду да, жиликтегенди да, устукандаганды да билбейм, тилекке каршы. Тээ бала кезде интернаттан окуп, каникулга келгенде, кийин анан 8-11-класстарда атам ыракматы мени бул ишке аралаштырбай, кышкысын бордоку төрт-беш койго жем салып, сугарып гана тейлечүмүн. Жайкысын атам койлорубузду малчыларга кошуп жиберчү, кокус бир мейман-ысман келип калганда уруулаш "касапчылар" өздөрү эле чуркап келип, байкуш койду арыдан-бери бажара салышчу.
Бир сапар сакманда жүргөнүмдө акем "өлгөн козунун терисин сыйрып койчу" деп калды. Отчет беришет да чоңдорго. Мен ошол өлгөн козунун терисин кеминде бир саат сыйрысам керек, акем андан кийин мага андай тапшырма бергенин койду.
Өмүрүмдө биринчи жана акыркы жолу ошондо мал (өлгөн козу болсо да) сойгом.
Эми устукан боюнча: тээ эгемендик жаңы башталганда биринчи Ноорузда жамаатташып кой соймой башталбады беле. Ошондо ТЭЦтин маңдайындагы камволдук-нооту комбинатынын жатаканасында бир бөлмөсү бар жеңеңин үстүнө күчкүйөө болуп киргем, ошол жердегилер да бир кой союп, ашкана делген чоң бөлмөгө үстөлдөрдү тизип, дасторкон жайып отуруп калдык бапырап. Баш мага тийди, таластыктарча улуу катары. Мен отуруп алып, шашпай мүлжүп салыптырмын да баштын баарын. Анан мээсин ача баштаганда мага кайни болуп жүргөн бир жигит кыйкырып жатпайбы: "Ой жезде, башты жалгыз өзүң эле мүлжүп саласыңбы?! Бербейсиңби бияктагыларга кулак-көздөрүн, тери-тилдеринен?!" деп. Ошондо мен эмес, жеңеңер уялган: "Ой бу жездеңер интернатский!" деп кутулуп. Азыр эми жаш өттү, бирок жанагындай учурлардан мен да "интернатскиймин" деп кутулуп коем.
-Өз колуң менен там салгансыңбы?
-Алгачкы тамды 9-класста окуп жүргөндө, жайдын күнү салдым го. Бир түрмөдөн качкан орус экөөбүз салдык тамыбызды. Агездери Киров суу сактагычы курулмай болуп, биздин Бейшеке айылыбызды тоо түбүнөн жер кесип, көчүрө башташкан.
Ошондогу бир эпизод эсте калыптыр: полду төшөгөндө тигил орус "шынаалаш керек" дегенинен, ошо кездеги күчүм менен тарсылдата берген экем. Тактайлардын бары кийин там бүткөндө өзгөрүп, биз киргенде тиги пол тактайлар кыргыз тоолорундай болуп кайкалап чыкпадыбы!
Кеңешбек акемдин тамын да биз полдогон болчубуз, акем ошол эле жылы полун кайра салып, мен болсо андан кийин көп жылдар бою жер кесип, үйдөгүлөр ошол кайкалаган "бөксө тоолордо" жашап жүрүштү...
Азыркы салынган тамыбызга түк киришкен жокмун, тек "айдап кел, байлап кел" жагынан Golf-2 досум экөөбүз, албетте, чоң керекке жарадык. Ошол себептүүбү, тамыбыз буйруса кынтыксыз эле бүткөнсүдү. Бирок… тээ Дордой конушу жактан бир времянканы салдырдым эле атбашылык кайничек тараптагыларга. А кургурлар фундамент менен дубалдын ортосунда гидроизоляция койгонду билбейби, же атайылап салганбы, айтор, азыр ал үйүм белчесинен нымдалып тургандагы кербези. Жаз алды менен кайрадан каздырып, жымсалдап дегендей, жеңеңерге жагынбасам болбой калды. Баса, бу маселе боюнча жеңеңердин тили кыска болду, себеби, кайничектер болуп жатпайбы устакелерибиз...
-Достор менен кыз ала
качууга катышкансыңбы?
-Кыз ала качууга катышкан эмесмин жана андайды мен азыр да кылмыш деп санайм. Ушул жагынан мен биздин мыйзамга таң калам: көчөдөн же дагы башка бир жерден зордуктаган "жигиттерибизди" соттошот да, анан кызды жолдон-белден эле машинага бөктөрө салып, уурдап үйүнө алпарып, жумурай журттун көз алдында молдокенин "шыкагы" менен зордуктаса, "улуттук салт" болуп чыга келгени шумдук экен, эй.
-Кандайча үйлөнгөнсүң?
-Смальтбек Темиралиев деген айтылуу жазуучунун ортомчулугу менен азыркы жеңеңерге таанышып, гүл алып барып жүрүп, бир аз арак иче калмайымды анчалык билдирбей, алиги жатаканасына кирип алгам. Ошондон бери мынакей 25 жылдын жүзү болду, Теңирге шүгүр, жашап келебиз камыр-жумур болуп.
-Ачууга алдырып, жубайыңа кол көтөргөн учур болгонбу?
-Турмушта болобу, жазмакерликте болобу, мага тийишпегендерге мен деле атайылап тийише бербейм. Жеңеңер андай шылтоо берген жок. Итчилик көбүнчө менден кетип жатты, 2000-жылга чейин: өлгүдөй иччүмүн да. Анан өзүңдө турса бир айып, кимди карамак элең олурайып?
-Бирөөлөр менен жакалашып, мушташтың беле, аялдар мененчи?
-Мушташкан күндөр көп эле болду. Ошолордун кесепетинен азыр мээ чайкалып, дарыланып жүргөндөгү кербезим, убакыт өткөндө билинет экен да залалы.
"Мушташ" деген сөз эки тараптын аракети да. Кайсы бир жердеш аял Биринчи Май райсотунун алдында, тээ баягы Шапирону соттоп жатышканда, мен айткан бир сөздөн кийин мени таш менен кубалаганы эсимде калыптыр. Ортого арачылар түшүп, араң качып кутулгам. Адам аттуулардын бу сортундагылардан качып эле кутулуш керек, уялбай-этпей.
-Мектепте канчанчы атаман элең?
-Мен өмүрү атаман болгон эмесмин. Интернатта окуп жүргөндө ошондой атаман сөрөйлөрдөн бирин-серин таяк жесем керек. Акыры чыдабай 6-класста интернаттан чыгып кеттим эле, себеби басынып жүргөндү ошондо эле жаман көрсөм керек. Кийин өз айылыма келип, окуп калганда "интернатский" деп сестенип жүрүштүбү, билбейм. Бирок, такай гантелдер менен машыгып жүргөндүктөн, өзүмдүн классымдагыларга салыштырмалуу бир топ эле алдуу болчумун. Уюшмалыктан алыс элем. Балдар көчөмө-көчө болуп мушташып эле убара болуп жатышчу. Мен ошондо эле "жеке макоо жээн таз" болсом керек. Бирок, бир кызык жери, райборборго баргандан коркушчу биздин мектептеги балдардын көпчүлүгү. Ошого таң калчумун. Мен бара берчүмүн, себеби, ал жердеги "мыктымын" дегендин баары интернатскийлер эле. Кийин өзүм ошол жакта окуп калып, өзүмдүн классымдагылардын алдуурактарынан элем. Атүгүл мени комсомолдун спорт сектору кылып да шайлап жибергени бар. Анан күрөшкө катышып, бирок ичтен алмайды билген бир бала эркин күрөш маалында улам чаап жыга бергендиктен, чыгып кеткем. Жеңилгенди жаман көрөм. Бир багыттан жеңиле турганымды билсем, башка багыт издейм. Жеңе турган багыт мени чын эле кубандырат. Алиге чейин.
-Ичкиликке кандайсың?
-2000-жылы токтоттум. Жыргап эле калдым. Бир топ көйгөйлөр өзүнөн-өзү жоголду.
-Бирөөлөр мас болгондо ырдаса, бирөөлөр ыйлайт экен. Ичкенде кантесиң?
-Ичип жүргөндө көп сүйлөп, тийишип, басынтып, кээде токмок жеп, кээде каналдарга түшүп кетмейим бар эле...
-Тамекиге көз-карашың?
-Чекпейм.
-Көз ачыктарга төлгө ачтырган учурлар болгонбу?
-Алсыздар эле төлгө тарттырат болуш керек. Бир да цыганга, бир да төлгөчүгө барган эмесмин. Буга бир эсе туруктуу атеисттигим себеп болду го дейм.
-Мончонун парын жакшы көрөсүңбү?
-Мындан отуз жыл илгери Жибек-Жолундагы мончодон иренжиген жерим бар. Ошондон бери барбайм. Антпесе ага чейин интернат, аскер, студенттик күндөрдө мончого барууга мажбурлачу да мени. Бирок, жакында өзүмө менчик мончо салайын деген оюм бар.
-Жубайыңдын көзүнө чөп салып, ала жипти аттаган учуруң болду беле?
-Мындай суроого кимдер жооп берет? Ажырашкандар эле айтып салбаса мындайды…
-"Эркекке сүйүү бир нече жолу келет" деп коет экен. Сенде да ушундай сезимдер болуп турабы?
-Мен азыркы жеңеңерге жолуккандан бери а кишиден башка жалаң ТАМГАЛАРды гана сүйөм. Ургаачылардан алганда жеңеңерден артыгы мага табылган жок жана андайларды жолуктурууга менде убакыт деле болбосо керек.
-Сулуу кыздарга тийишпеген эркек-"жыгач" дешет экен. Сен "жыгач" эмессиңби?
-Алтымыштын биринде бирөөгө акчасы көп кутургандар эле тийишпесе…
-Тескерисинче, сага кыздар тийишип калабы?
-Кыздар келесоо эмес го дейм.
-Кандай "косяктар" сенден кетип калышы мүмкүн?
-Адам болгондон кийин болот да. Бирок өзүңө билинбейт, албетте.
-Казан-аяк кагышабы?
-Казан-аяк жагы жеңеңер менен кызымда. Бизде көбүнчө компьютер-кагыштар болуп турат. Кайсы бир макала жеңеңерге жакпай калат. Алып салышка туура келет. Жеңеңердики туура болуп чыгат, капырай. Айтор, азыр мен "бийлеп" жаткандагы кербезим. Бу сөздүн кош мааниси бар да, кашайып.
-Стресс болгон учурда абалдан кантип чыгасың?
-Компьютер-тергичтен чыгарам. Жазам аябай. Бирок, анан соолуга түшкөндө өчүрүп салам. Айла кеткидей деле стресс боло элек али, себеби, мурдагыдай болуп ашкере кыйчалыш нерселерге кыпчыла бергенден абайлап калгандагы кербезим. Картая баштадым окшойт.

Даярдаган
Сурат Жылкычиев