"Каприздеги" чуу боюнча Калмурзаев көрүнбөй калабы?
Экс-спикер Ахматбек Келдибековду былтыркы жаңы жылда "Каприз" эс алуу жайына баргандыгы, ал жактан Камчы Көлбаев менен жолуккандыгы боюнча айыпташып, кызматынан кетүүгө бирден-бир себеп катары бул маселени көтөрүштү. Бул боюнча биз дагы маселени тереңдетип талдасак, Ахмат мырза "Капризге" барганда, ал жактан Ысык-Көл облусунун прокурор Бакыт Калмурзаев тосуп алып, тай союп, коноктогону боюнча маалыматтар бар. Эгерде Келдибеков кримавторитетке жолукса, анда облпрокурор Калмурзаев да жолуккан да, туурабы? Натыйжада, спикер кызматынан кеткен соң, прокурор неге ордунда отурат? А бул үчүн моралдык
жоопкерчилик жокпу? Же Калмурзаев жогорку шефтерине акча берип, оозун басып койгонбу? Суроолор арбын! Кана адилеттик?

Генерал Суваналиев оппозиция лидерине айланат
"Комиссар Катани" атыккан Өмүрбек Суваналиев январь айынын аягы менен оппозициялык күчтүү блок түзүп, бүгүнкү бийликтин алешем жоруктарын сындап чыгуусу күтүлүүдө. Өзгөчө бакиевдик режимден айырмаланбаган коррупциянын элементтерин көзгө сайып, генерал мырза ачуу чындыкты эл таразасына кое турганы ажеп эмес. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештеги саясый оюндарга, чабал коалициялык жүрүштөргө, президенттин жүргүзүп аткан кадр саясатына Ө.Суваналиев баш чайкап, "дагы кичине быша түшсүн, булар эл алдында жооп беришет!" деп ачууланууда. Азырынча саясый кармаштын жели жүрбөсө да, январь-февраль айынан тарта абал курчуп, жазга чейин кыйла чыңалуусу күтүлүүдө. Себеби, бийлик башындагылар элдин жашоо шартын өзгөртө алышкан жок. Өзгөртмөк тургай, үмүт да жарата алышпады. А мындай шартта, "Комиссар Катанинин" айтканын эл неге колдоп чыкпасын?

"Учур"-пресс





"Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин"
Кыйратып салгансып, мамлекеттин эсебинен саат тагынгандар

2011- жылдын аягы менен мурдагы президент Роза Отунбаева буйрук чыгарып, "эртөштүктөргө" "Манас", "Даңк" сыйлыктарын берип, ой-да маарытты эле. Оңду-солду берип, ылгабай. Мамлекеттик сыйлыктардын кадыр-баркын тебелешип. Ошол эле маалда колдоруна энчүлүү сааттарды тагынышканын эмнегедир эч ким элес албай калган сыяктуу...

Отунбаеванын буйругунда жазылгандай, "мамлекеттик бийликтин арымдуу жана туруктуу өнүгүшүнө жана калыптанышына кошкон зор салымы үчүн" кол саатты алгандарга баракелде! ("Даңкты"да, "Манасты" да алган айрым фамилиялар кайра эле көзгө урунат.) Эмесе, "мамлекетти биз сактап калдык, биз өнүктүрүп атабыз" деп, кымбат баалуу саат тагынышып, төш каккандардын тизмеси мынакей: Атамбаев Алмазбек, Каптагаев Эмилбек, Өмуркулов Иса, Дүйшебаев Кеңешбек, Текебаев Өмүрбек, Бекназаров Азимбек, Сариев Темир, Шер Болот, Муралиев Амангелди, Салянова Аида, Казакбаев Руслан, Рысалиев Зарылбек, Кудайбердиев Абибилла, Жамашова Феруза, Асанкожоева Зина, Оторбаев Кубат (!), булар менен катар Акүйдө, президенттин иш башкаруучусунан тартып, референтине чейин аралашып кетишкен. Алардын эми кимдин орун басары экенин, кимдин жардамчысы экенин, кимисинин врачы жана кимисинин ашпозчусу, ошондой эле кимдин зардалы экенин баса белгилеп отурбайлы, болгону каз-катар тизилген тизмеден жалаң бийлик өкүлдөрүнүн жанында жүргөн, Акүйдө иштеген гана фамилияларды кезиктиресиң. Алар: Коеналиев Турусбек, Мамкулов Эркин, Жээнбаева Бактыгул, Султанбеков Алмаз, Эралиев Жаныбек, Сабаев Замир, Нарымбаев Данияр, Табалдиев Бусурманкул, Карыбаева Мира, Дүйшеев Карыбек, Мамыров Эркинбек, Каназаров Султанбек, Абдылдаева Айнур, Досалиева Бүбүкан, Рахматова Жанна, Күрүчбеков Сабырбек, Райымкулова Дарыя, Алыбаева Алина, Маткеримова Гүлмайрам, Досалиев Султан, Чикинов Бахтияр, Байдөлөтов Айдаркан, Жайлобаев Айбек, Сагынбаева Алина, Жумагулов Эмилбек, Мурзалымбеков Сабыралы, Савченко Жанна, Акыбаев Ринат, Дыйканбаев Бакыт, Оторбаев Талант, Түлөбердиев Ренат, Суракматова Нүргүл, Расылкан кызы Чынара, Эржан Мурат, Сүймалиева Динара, Абдымомунов Сабыр.
Баш-аягы 52 адам алган. А сааттын баасы кымбат-баалуу экендиги белгилүү. Мынча каражат мамлекеттик казынадан алынганы түшүнүктүү да. Булар мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошпой эле, жаркылдаган саат тагынышып, элдин ырыс-кысын жешкениби? Деги качан оңолобуз? Суроолор көп.

Бекбол АЙДАРОВ




Түйүндү жандырганда
"Кой терисин жамынган карышкырлар"
Кечээ жакында Темирбек Шабданалиев деген мырза өзүнүн жанына 4-5 адамды кошоктоп алып, жыйын өткөрдү. Анда "Кытайдын камаздары ашыкча жүк менен айдагандыктан жолдорубуз бузулуп атат. Өзүбүздүн айдоочуларга иш жок калды" деп сүйлөгүнүн укканда, тим эле карапайым элдин мүдөөсүн көздөгөндөй, айдоочуларга жаны ачып жаткандай туюлат. Бирок, бул кыйкырыктын артында саясый кызыкчылык жатканын, ошол эле Темирбек мырза төрагалык кылган "Жүк ташуучулар ассоциациясына" мүчө болгон айдоочу кургурлар аңдабай, анын оозун тиктешет...
Дегеле, ага миңдеген айдоочулардын атынан сүйлөгөнгө ким уруксат берди? "Сүйлөсө ошол ассоциацияга мүчөлөрдүн
гана атынан сүйлөсүн" деген адам жок.
Шабданалиев жыйында: "Азыркы министр кетсин! Биздин бул орунга татыктуу адамдарыбыз бар" деп ачык эле айтканы, демек, чын эле өзүнүн саясый кызыкчылыгын көздөп жаткандыгынын бир далили. Анын көздөгөнү, транспорт жана коммуникациялар министрлигине өзү министр болуу, же жок дегенде "Ар-намыс" партиясынын депутаты, мурдагы транспорт министринин орун басары Абдрахман Маматалиевди министр кылып, (бул үчүн парламентте Маматалиев буту-бутуна тийбей чуркап жүрөт дейт) анын орун басары болуу. (Маматалиев убагында 7-апрелден кийин ордун бошоткусу келбей, транспорт министрлигиндеги орун басарлыктан, министрликке көтөрүлөм (!) деп тырмышып, балдары жана жакын туугандары митинг өткөргөнгө чейин барышкан).
Шабданалиев транспорт жаатындагы ар кандай мекеме, долбоор-лорго мүчө, өкүл болуп кире калып, бул тармактын май-талкандуу экенин жакшы өздөштүргөндүктөн, өкмөттүн жаңы курамы куралат дегенди угуп, "эптеп илешип калсам" деген изги тилеги эмей, эмне?! Болбосо, эмне үчүн Акаевдин, Бакиевдин убагында ушинтип талам талашып чыккан эмес. Ал убакта деле кытайдын камаздары каптап жатчу эмес беле? Жооп бирөө эле: Максимге каршы "кың" дей алган эмес...
Темирбек Шабданалиев буга чейинки министрликте өткөн жыйындарга катышып, маселенин баарын түшүнүп туруп, айкырганы айкырган. Ал айкырып жаткан маселе ансыз деле жолго коюп, буюрса 1-январь менен "48,5 тоннадан ашык жүк кирбесин" деген токтом күчүнө кирген турат. Чын эле акыйкат үчүн күрөшкөн адам, ошол күндү чыдамсыздык менен күтүп, ал болбосо, анан нааразы болуп чыкса жарашмак. Алдын ала айкыра бербей!
Темирбек мырзаны тынч уктатпай жаткан дагы бир жагдай: жакында Балыкчы шаарына мамлекеттик автотранспорттук мекеме ачылганы жатат. Ага өзүнүн өкүлдөрү кирбей калганына ичи ачышып, "силерге бирди көрсөтөм!" дегендей, ары-бери тызылдап, безилдеп жатканы ошол. Аны карап туруп, соратниги Маматалиев экөөнө "өз кызыкчылыгыңар үчүн "секире" бергениңер туура эмес" деп айткан жан табылбайбы? Деги коомдогу "кой терисин жамынган карышкырлардын" айыбы ачылса дейбиз...

Торгой Бекмуратова