Канатбекти колдойбуз. Чүйдөн чыккан лидерлерди АША сындырып бүттү, эми сиз ага алданбай, кыргыздын намысын коргоп бериңиз!
9414. Илгери "чыкроон кыштын суук чилдесинде, кайсы баатыр үшүдүм деп койбогон" деп эл артистери тоодогу мал баккандарды даңазалап ырдачу эле. Чынында эле малчы менен дыйкандын иш кылганы мактоого арзыйт. Өрүш толо малды, талаада жайкалган эгин данды көрүп, көңүл тоет. Анан ойлонот экенсиң, "кол тийбестик
мыйзам жана машина, квартира, жакшы айлык депутатка эмес, малчы менен дыйканга берилиш керек эле" деп.
2680 абоненти

9415. Кошунамдын кылыгы мага жакпай турат. Ал эргул "шапкем кайда, байпагымды тап, шымымды апкел" деп аялын жумшай берет. Анан кечке көчө кыдырып, аракка тоюп келет да, үйүнө жете электе эле кыйкырып келет. Анын үнүн аялы таанып, колтуктап үйүнө жетелеп кирет. Кошуна адатын дагы баштайт. "Шапкем кайда калды, бутумду чеч энеңди исскейин!" деп. Азыр кошунамдын буту ооруп, ооруканада. Ал жерде эч кимди жумшай албай, өзү чечинип, өзү кийинип жүргөндүр, шору катып.
М.Ж.Талас

9416. Келгиле, Ош шаарынан СМС жазган окурмандар таанышып, бир команда болобуз. Менин номурум: 0770-15-15-55, 0557-70-70-70, 0705-26-86-86.
Куба

9417. Самара, мен Ошто окуп, бир жыл практикада жүргөм. Гүлнара деген эженин эки кызы бар эле. Кичүү кызы бир аз сары жуумал келген Самара мени көрүп коюп уяла берчү. Ага көп жыл болду. Ошол үйбүлөнү эмнегедир эстей берем. Аман эле жүрүшөт бекен?
Пенде

9418. Памир Чоң-Алай, эсиңдеби, сенин номериңди табуу проблема эмес. Бирок, "шайлоо бүтсүн, сеникине барабыз" дегем. "Албетте дос-тошуу үчүн, сыйлашып жүрүү үчүн" деп жазгам. Кол бошоп номериңди тапсам өчүксүң. Коркпо, адамдын ою жаман болбосо, өзү жаман болбойт. Ортобузда жамандыктын өзү жок. Текелдик Таластын
номерин табуу үчүн да убакыт керек. Өзүнө сак жүргөн бала экен. Кыргыздын ынтымагы үчүн аны менен да баарлашайын дедим эле.
Күркүрөө

9419. Келдибеков, сенин өткөндө парламенттин сессиясында "романды эмне кылалы, асып салалыбы?" дегениңди теледен угуп отуруп, мен Райкан Шүкүрбековдун "Жапалак Жатпасов" пьесасындагы атасынын баласын эл катары тирлик кылбайсың (?) дегенде, баласынын "ата, тамдын крышасын ачып, кайра жаап коеюнбу?" дегенин эстеп, деңгээлиңе рахмат дедим.
Дүйшөн

9420. Келдибеков, сен өзүң кыргызсыңбы же сартсыңбы? "Эликта" деп кайсы атаң айтчу эле? Уят кылбай акаң Закиржанга кетип калчы!
Меке

9421. Эй көрдүңөрбү, Атамбаевге добуш бергендер! Абдил Сегизбаев деген ким эле, ушуга жооп берип койгулачы же буга да жооп таппайсыңарбы? Силер сүйгөн Атамбаев Сегизбаевди жанына алып алыптыр го. Ии, бул Атамбаевдин жасаган ишинин башталышы.
Самара, Нарын

9422. Атамбаевдин шайланганына бир ай боло элек. Өзүнүн мурдагы шопуру Икрамжанды президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуптур. Эч нерсе боло элек жатып. Бул эмне деген жорук?
3955 абоненти

9423. "Учур" гезити, силердин "саясый бурч-та" деген жерде "Отунбаева бюсгалтери жок" деп жазыптырсыңар. Эмне силер чечтиңер беле?
4360 абоненти

9424. Текебаев баш болгон депутаттар! Келдибековдон башка талкуулоочу маселеңер жокпу? Качан эле сыналгымды койсом, депутаттар итче талашып олтурганын көрөм. Туура, Келдибеков менин тууганым, досум, таанышым эмес. Бул болгону калыс сөзүм. Ахматбектин күнөөсүн көтөргөн башка депутаттар! Өзүңөр эмне иш кылып жатасыңар, ким билет, айткылачы?! "Кыңыр иш кырк жылда билинет" деп коет элде, спикериң баш болуп, элдин ырыскысын жеп жатасыңар. Андан көрө жеп аткан акчаңарды ата-апалардын пенсиясына кошуу тууралуу маселе көтөрсөңөр боло. Болушунча акчаны чача берсеңер, акчанын кусуру урат. Баарына Аллах тараза.
Самара

9425. А.Келдибеков менен сыймыктанабыз! Чыныгы эркек экенин көрсөттү. Саясаттагы ыплас интригандардан өзүн бийик экенин далилдеди. Текебаев өзүнүн жүзүн дагы бир ачып койду. Саткынчы, саткынчы бойдон калды.
6177 абоненти

9426. Атамбаевдин эпохасы зверевщина, интригалар менен башталды. Ыркырашмай. Элдин күткөнү бул эмес. Урматтуу башпацан! Акыретти күтпөй эле чынжыр моюнга түштүбү? Ошондуктан адилет болуу керек эле. Эми калыстык кыла албайсыз, калпыстык кыласыз. Бул сиздин тагдырыңыз, аны өзүңүз тандадыңыз! Келдибеков ал ажыдаардын куйругу, аны томаяктар бас-канга болбойт!
2845 абонети
9427. Чыке, адам уулу эч качан адам болбойт экен. Козелдор козел бойдон. Мозелдор мозел бойдон. Шакалдар шакал бойдон, көкжалдар көкжал бойдон кала берет турбайбы.
Жараткан эгем ошондуктан тозок дегенди жаратканда!
Kg

9428. Максат байке, мен сизди жакшы көрөмүн!
Айдана

9429. Сариев, Текебаев, Атамбаев, Отунбаевалар биригип, Бакиевдердин банктык ячейкаларынан 15 млн. доллар уурдаганыңар айтылды го. Силер "эл билбейт" деп ууру мышыктай болуп билмексен болуп жүрөсүңөр. Жооп бере турган күндөргө аз калды. Каддафини ойлогула...
Патриот-kg

9430. Текебаев, Кадыржан Батыров менен бирге жүргөнүңдү, аны финансировать эткениң боюнча эл алдында жооп бересиң. Ош, Жалал-Абадга да келбей коркуп качып жүрөсүң.
Маршрут Алай-Бишкек

9431. Келдибековду көрсөм эле Бакиевди көргөндөй болом. Сүйлөгөнү да, өзү да окшош, тобаа кылдым. "Кайнатам билимдүү болсо эмне кылайын?" дейт. Башкалардыкы көк мээ бекен? Ахматбекке айла жок экен...
Меке

9432. Текебаев, сиз гана чындыкты айта аласыз. Ушинтип жеп-ичкичтердин көзүн чукуп туруңуз.
Кыргызстандык Кенжебек

9433. Атыгаев Мурат, Абдиева Алтынга жана анын балдары Сагындык, Жибек, Гүлзат, Максат, Нурзат, Эрнис, Кундуздарга салам жолдойм. Эч качан оорубагыла. Кудайым өзү колдоп, жакшылыкта жүрө бергиле.
0359 абоненти

9434. Мекен үчүн сүйүүнүн жок ченеми,
Көргөндө дүркүрөтүп денени.
Жүрөктө дайым турат желбиреп,
Кыргызымдын кызыл түстүү желеги.
Перушка

9435. Атамбаев менен Бабанов, Тажикстанга бензин контрабанда жүргүзгөнүңөр качан токтойт?
Баткенчи

9436. Эй кыргыз! Кошоматты качан токтотосуң? Келдибеков Кудай бекен? Маңкурт болбойлу!
Азике

9437. "Ишенген кожом" - Текебаев, кезегинде №1 кылмышкер Батыровду куруткан. Сиздердин, б.а. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн "алтын" шилекейи эмес беле? Эл унутуп кетти дейсиңерби? Же чыча тансак эле "апакайчик" болуп, бирөөлөрдүн бетин тытсак болот дедиңерби? Эч качан!
Kg

9438. Самара, макал кыргыздыкы. "Алкаш президент болбойт". Акыркы саптарың совсем из другой оперы. Сөзүңдү өзүң теңдүү жигитке коротуп күйөөгө тий. Балалуу болсоң агрессияң азаяр. Сага жакшы тилектер менен гана каалоо айтмакчымын.
Злюка

9439. Злюка, сен Түндүк-Түштүк деп бөлүнбөгүн. Мени "Нарындагы оштук Самара" дептирсиң. Чындап келсе мен оштук эмесмин. Таптаза нарындын жана жалпы Кыргызстандын кызымын. Мен нарындыктардын баарын "ылай" деп айтканым жок. Сен колдогон Атамбаев жана Түндүк-Түштүккө бөлүнгөн Атамбаев экөөңөрдү, экөөңөргө окшогондорду "ылай, баткак" деп айтканмын. Оштуктардын укугун тебелеп, сен колдогон Алмаз шайлоого катыштырбай койдубу? Дагы жакшы, аяктын эли азамат эл экен. "Бизди эмне үчүн Түштүк деп бөлүп, шайлоого катыштырбай койдуң?" деп, нааразычылык билдиришпегени. Ошондуктан кыргыз элимди Манас атамдын арбагы колдосун!
Самара, Нарын

9440. Апрель, июнь каргашалуу окуяларга арналат:
Бийлик үчүн жанын курман чалган адам,
Азгырылып акча-аракка кеткен айбан.
Болбосо мынчалык кырдаал кайдан келди,
Бири-бирине сокку берип ок аткан.
Агент KG

9441. Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз мекениңди сактагын, Кыргызстанды бөлөк улутка сатпагын. Мынакей канча кыргыз эли кырылды, бекем карма өлкөбүздүн байрагын!
Агент KG

9442. Өмүрбек Бабанов мырза, "Форбс" журналынын тизмесине түшүш үчүн кыргыз элинин кен-байлыктарын түп тамырынан сатып жибергенге дайым даярбы?
Улутман

9443. Кыргыз деген каада-салттуу калкы бар,
Кыргыз деген Ала-Тоодой баркы бар.
Бирок деги айырмаланат бир жагы,
Бийлик үчүн жан талашкан дарты бар.
5766 абоненти
9444. Кыдырсам да бул ааламдын неченин,
Баарынан сен кымбатсың мекеним.
Чана албайт ар бир кыргыз атуулу,
Сенин кымбат, сенин ыйык экениң.
Перушка

9445. Он-Арчада жашаган эжем Атыгаева Гүлзатка жана анын кыздары Адина, Мадина, Элнурга салам жолдойм. Келе жаткан жаңы жылыңар менен куттуктайм. Биз силерди жакшы көрөбүз. Өмүрүңөр узун болуп, бактылуу күндөргө бай болуп, биздин арабызда жүрө бергиле.
Кундуз, Бакы

9446. Келдибековдун отставкага кеткени жакшы болду. Ордуна Текебаев келет. Парламент анын иши. Башбыйзамды өзү түзгөн. Эми премьер-министр Бабанов болсун. Анын жылмайган күлкүсү элге жакшы, иштей берсин. Үчүнчү, "Акшумкар" лидери Темир Сариев да эсте болсун. Бул үч киши болбосо, бийлик диктатор болуп кетиши мүмкүн. Анан дагы айтарым, Таластагы алтын кенин ачабыз, алтын көп алып, бай болууну
ойлобогула, бийликке сыйынып. Ал алтын чыккан жерлер баары дубаланды. Эл тынч болсун. Чатак чыкпасын. Жаңы жылда жакшынакай жакшы иштер көп болсун, Оомийин!
Текенди, Талас

9447. Аликбек Жекшенкулов кызматка келип, эл үчүн иштесин! Бул инсандын тазалык жагын билебиз.
Багыш, Ат-Башы

9448. Мамлекетибиздеги уюган коррупциянын уюгуна бүлүк салып келе жаткан жалгыз "Ата Мекен" партиясы чындык чыркырап турганда, айрымдары коркмоксонго салса, бул партиянын башчысы Текебаев тынч тура албайт. Акыйкатка жетүү үчүн Түндүк-Түштүккө, партиялаштарына жаман көрүнөм деп тайсалдабайт. Кимден бузукулук кетсе, анын ишин элге так, даана ачып берип келет. Ошондуктан "Ата Мекендин" акыйкаттуу чабуулуна кабылганча, кереметтүү ажайып Кыргызстаныңды бир көрүүгө зар болуп, бөтөн жерди кыдырганча, элиңе уят болбой, сый-урмат менен ак боз атыңды минип, акырын бастырып кете бер. Дегеним, "Ата Мекен" партиясынын
баскан жолунан ката таба албайбыз. Бул партиянын баштапкы багыты кандай болсо, бүгүн да ал багытынан тая элек. Азыр бир нерсе болсо эле жер-жерлерде пикет өткөрүп өзүнүн бийликтеги жакынын коргоп жатышат. Урматтуу кыргыз элим, ошол коргоп жаткан жердешиң сенин коргооңо татыктуубу же жөн эле "биздин айылдан, биздин бала" деп жатасыңарбы?!
Улан, Нарын

9449. "Учурдун" СМСчилери, силер кандай ойлойсуңар? Текебаев спикерликке татыктуубу? Бул маселени талкуулабайлыбы?
4628 абоненти

9450. Суталинов деген немени түрмөгө камаш керек. Бизге көргөзгөн колун өзүнүкүнө тыгыш керек. Актаган сотторду өлтүрүш керек!
Талгат

9451. Канат Исаев премьер-министр болсо, элге пайда болмок. Ал эми Бабановдун кылыктарын билебиз да, байлыктарды топтоп, "куйрук" түйбөйбү?
Баку

9452. Кара жащиктин чоңу К.Оторбаев "Керемет көчтөгү" допучан сарттын баласын тезинен жогот! Жинге тийбе.
Кара Саадак

9453. А.Келдибековду партиялаштары, "мыйзамга баш ийип, өз эрки менен кетти" деп, көз-көрүнөө апыртып атышат. Өзү болсо элге жолугуп, "мен үчүн бийлик креслосу кымбат эмес, элимдин тынч жашоосу кымбат" деп бийик сүйлөдү. А чынында спикерлик такты өзүнө имерип алыш үчүн канча айла-амал кылып, айла жок шыпырылганына баарыбыз күбө болбодукпу. Креслодон айрылбашка болгон күчүн жумшады. Акыры "Ата Мекен" партиясынын койгон айыптары факт болуп, Келдибековдун аргасын түгөтүп, креслого жармашкан колун ошол фактынын күчү менен ажыратты. Мыйзамга ылайык коалицияга тараган соң 3 күндүн ичинде өз эрки менен кетиши керек. Мыйзамды сыйлабас Бакиев бийлигинин адамдары дал ушул күндөрдө оркоюп көрүнүп калды. Келдибековдун кызмат үчүн жан далбаска түшүшү, мыйзамды сыйлабашы, акыркы былыктары элге ачыкталып, кадыры түшүп, кызматтан айдалышы кийинкилерге сабак болот. Алга "Ата Мекен"! Алга Текебаев!
Улан

9454. Сагындым мекениме барам качан?
Көр тирилик, кантейин баралбасам.
Мен сыяктуу мекенинен сырт жүргөндөр,
Баары менен сайт аркылуу саламдашам.
Перушка

9455. Азамат жезде, Нурзат эже, эрке кыздары Эркеайым, Медина, Мээрим, силерге дайым Кудайым жакшылык берсин. Көп жашагыла. Кудайдан мен силерге көптөгөн жакшылыктарды сурайм.
0359 абоненти

9456. Ахматбек Келдибеков мыкты инсан! Телевизор көрүп отурсам, бир ууч эл чогулуп алып, Ахматбекти талтайтып көтөрүп алышыптыр. "Кудай кааласа, мында креслонун далайы болот" деп интервью берип жатат. Шумдугуң кургур! Жок дегенде "Кудайым буюрса элиме кызмат кылып жүрө берем" деп айтып койбойбу?!
Улутман

9457. Кыргыз деген кылымдарды карыткан,
Кыргыз деген кыргыз тилин сакташкан.
Бирок деги биздин ушу заманда,
Эмнегедир бирин-бири сатышкан.
5766 абоненти

9458. Айыл өкмөттөр эч кандай иш деле кылбайт. Айлык маяна 10 миң сом алышат. Айыл жеринде көкбөрү тарткандар көбөйүп кетти. Аны тыйган айыл өкмөт жок. Улакты ар бир байдын үйүнө таштап, бата берип арак ичишет. Көчөдө бала-бакыра, кары-картаң, майыптардын коопсуздугун сактаган эч ким жок. Илгери бир эле башкарма же бригадир мындай ишти тыйып, тартипке чакырып коер эле. Колхоздун территориясына ошолор жооп берчү. Азыркы айыл өкмөттөр териториядагы жашоочуларга эмес, өздөрүнүн мафиялык иш кылганына да жооп беришпейт. Буларда эч кандай жоопкерчилик жок.
4750 абоненти

9459. КТР, 5-канал, серепчи сөрөйлөр, шоумен акундар, "атамекенчилер", КСДПчылар, силер Келдибековду кууп гана караладыңар. Ошол эле убакта АШАнын, БӨТтүн Баткендеги бензин иштерин неге айтпайсыңар? Ал Ахматтыкына караганда миң эсе коркунучту.
Алик

9460. Кымбаттуу аяштарым Гүлай, Чолпон, Токтокан, Сагын, Батма, Айнагүл, Сьезд, Каныш, Ширин, Гүлсүн, Нурай, Гүлмира, Гүлмайрам, Сүйүмкан, сиздерди жаркырап жайнап кирип келаткан жаңы жылыңар менен кызуу куттуктайм. Өмүрлүү болгула. Дөөлөттүү, ырыс-кешиктүү жашоо жана биздин бешенебизде супсулуу болуп, ээрчишип жүрө бергиле!
Бекен, Канымгүл

9461. Биздин сүйүктүү "Учурубуз", сиздердин жамаатыңыздарды жаңы жылыңар менен куттуктайм. Мен сиздерге жылдын мыкты гезити деген ардак грамота берем. Жакшы белегим менен жакында кеңсеңерге баш багып кетем.
Бекенов

9462. Эсиңдеби кечки күздүн күндөрү,
Мен топ ойноп сен кубаттап турган кез.
Эгер билсең бул жашоонун мааңызын,
Ошол күндөр эң кымбаттыгын сен сез...
Перушка

9463. Мен Кудайдан "элимдин билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирчи" деп суранат элем. Анткени элим кыйналып кетти. Жакшы жашоого жетсек болот эле.
Кундуз, Бакы

9464. Мурат Суталинов 2005-жылы кыргыз элине муштумун "кайбар" кылып көргөзүп, уялбай эски аянттан элдин, мыйзамдын таламын талашпай, Закиржан Бакиевге жан тарткан. Былтыркы 7-апрелдеги кандуу окуяга түздөн-түз элди аттырганга тиешеси бар. Бети жок соттор актайбы, сактайбы, коргоп, коюн-колтуктарына катып алабы?.. Сөзсүз жазасын алат!
Улутчул

9465. Эх чиркин, Кыргызстан качан оңолот?
Күнөөлүүлөр, жамандар да качан жоголот?
Болбосо ай, ушинтип жүрүп не пайда?
Түбөлүк тынчтык, биримдик качан оңолот?
Агент KG

9466. Тегирменчи Чыныбай, ажоңузду уят кылбай, коалицияны дурустап түзүңүз. Татарларды алмаштырбаңыз, болду. Шефиңиз бир нерсе десе, Бекен урушуп атат, "Учурдагы" СМСчилер пикетке чыгабыз деп коркпой айта бериңиз. Өзүбүздүн чыгаан уулдарыбыз толтура, тили бурууларга креслолорду кор кылбагыла!
Бекен

9467. Өмүкеге өлүм тилегендер кийин өкүнүшөөр. Өмүкебиздин өмүрү өтө эле узун болсун, кыргызым, оомийин!
Памир Чоң-Алай

9468. Дарегиңе катуу сын айтылганда,
Депутаттар тезинен чечиш керек.
Абийири айрандай төгүлгөн соң,
Алай эмес, Чоң-Алайдан болсо да кетиш керек!
Памир, Чоң-Алай

9469. Текебаевге сын айткандар, Текебаевдин балекетин албагыла. Келдибековго окшогондорго Акүйдөн орун жок!
8589 абоненти

9470. Сени сүйөмүн жаным,
Сенсиз атпайт таңдарым.
Сени сүйгөн жүрөгүм,
Кыйнайт мени ардайым...
Пери

9471. "Учурдун" мурунку санындагы чыккан Текебаевди чанып, жактырбаган Чолпонай, сен Текебаевди сындагыдай деги кимсиң?! Тыңыраак сүйлөчү. Мадумаров сага акчанын учун көрсөткөн го?..
8589 абоненти

9472. Деги алдабаган балдар барбы? Бар болсо келгиле, таанышалы!
Тел: 0770-21-86-94

9473. Мен киного тартылгым келет. Мага тарткандар болсо жардам бергиле. Режиссерлор, сиздерге кайрылдым. Болочокто Голивудду багындырган биринчи кыргыздын актрисасы болгум келет.
Актриса

9474. Урматтуу "Учур" гезитинин СМС кабыл алып аткан абонент, сага рахмат. Ар жумада СМСтерди калтырбай, капа кылбай чыгарып жатканыңа. Сага тилерим, өмүрүң узун болсун. Балдарыңдын жакшылыгын көр. Келинчегиң менен аман-эсен болуп, балпайган карыялардан болгула. Кудайым берсин сага 100 жаш.
СМСчи

9475. Элди Түндүк-Түштүккө бөлгөн саясатчыларга наалат!
Экс

9476. А-ай СМСчилер! Кечке эле саясат жаза бербей, кызыктуу анекдоттордон деле жазгыла. Саясат деп жүрүп мээңер чирип кетмей болду.
Акчүч

9477. 2012-жыл кайсы жыл? Коен жылы менен коштошуп атабызбы? Коен жылда көп кыздарга бардым. Айгыр, сен биякта эле каласың. Рекорд койдум. Орустун 70теги кемпирин да "эметтим". Өзү көз кысып. Шумдук "эметишет" экен. Кийин анын кызын "эметтим". Анысы андан өтөт.
Кийин небересин "эмете" баштадым. Анысы красавица болгону менен жакшы "эметишпейт" экен. Мындан кемпир шүмшүк экен, таң калдым.
Коенек

9478. Бизде көз көрүнөө адилетсиз болуп атса да, аны айтуунун ордуна көз көрүнөө кошомат кылып атпайбызбы. Анан кайдагы жакшы жашоону эңсеп атабыз? Адилеттүүлүк деп кан төгүүлөр болгон сайын адилетсиздикке кептелип атабыз. Эми жакшы жашоону эңсеп жүрүп, биз күтпөгөн нерсеге кабылып жүрбөйлү. Эмне болсо да чындыктан жазбайлы дегеним...
Базаркул

9479. Мурат Суталинов сыйкырчыдай сот залында пайда болуп, жарым саатка жеткирбей аны үй камагына бошотуп жиберген. Гумандуу сотторга бали! Бул көрүнүштү бүткүл кыргыз эли угуп, кыжыры кайнап атса да, бийлик башындагылар "бул нерседен биздин кабарыбыз жок экен" дегени табышмакпы же жомокпу? Үй камагына кое берип, андан ары актап коюшат. Эл нааразы боло берсе, акырын качырып жиберишет. Эски режимдин маалында да мындай көрүнүштөр болгон эмес. Анда революцияны эмнеге жасадык? Күнөөсүз карапайым эл түрмөдө чирий берсин, канкор чиновниктер акталып, элдин канын иче берсин деппи?
Адвокат

9480. Келдибеков креслого кол шилтеп кеткени туура болду. Келдибековдун үстүнөн
тоодой далил документтер болсо да, аны эч качан соттой алышпайт. Себеби, көз көрүнөө адам өлтүргөндөрдү актап атышкан соттор, 4 дөңгөлөктү кымбат баада алмаштырып койгону үчүн соттомок беле? Эми Келдибеков биз билбеген чуулгандуу кылмыш иштерин көтөрүп чыгарына ишенип туралы. Эки лидерди уруштуруп коюп, элге жаман көрсөтүп, экөөсүн тең акырын кууп чыгып, алардын креслосуна өз адамдарын кою планы ишке ашты дейли, эл баарын түшүндү. Адилетсиздиктин күч алуусу, бир балээнин башталышы эмеспи?!
Пенде

9481. Пенде, Психолог, албетте, эркек кишиге бала багыш кыйын. Силерге жардам бергим келет. "Кыздарга кошуп ажыраша албайм" деп корком. Өзүмдө 4 жөжө бар. Бизге Аллах энесиз балдарды буюруптур. Эми материалдык эмес, нравалык жактан бай тарбиялашыбыз керек. Энелерин түшүнбөй койдум.
6815 абоненти

9482. Мойдунбек, сен мага жагып калдың. Башың бош болсо жүрүп албайлыбы?
Мый-мый

9483. Сабырсыз каниетимди ойготуп,
Сагындым деп күндө мага жазасын.
Саналуу күндөр калды качан келесиң деп,
Сен менден күн сайын сурайсын.
Саат сайын жолуң карап күтөм деп,
Сени эстеп үмүтүмдү үзбөйм деп.
Пери

9484. Долларга сыйынган заманда, кыргыз эли өзүнүн нарктуулугун, каада-салтын, улуу-кичүүгө болгон сый-урматын сактап калсак, этнос катары, көрөңгөлүү келечеги кең эл катары сакталып калууга 100% кепилдик бар.
Ман

9485. 4616 абоненти, СМСтериңден байкасам, камкордуу жигит көрүнөсүң. Таанышып
алуунун зыяны жоктур. Сага кандай байланышсам болот?
Агент 007

9486. Элди кырдырган Мурат Суталиновго түрмө, түрмө!
Жаштар уюму

9487. Еврейский шовинизм - это есть оголтелый фашизм!
Моше Кацава

9488. Продолжаюшая баткенская чехарда связанная с ГСМ четко выявила кто стоят в ее главе. Неужели этот преступное групище будет править целым народом. Аж на 6 лет?!
Козу

9489. Кыргыз боордошторум, элди тентиткендерди, жерди саткандарды жазалай албасак, анан саткындарды журт башы кылып шайлап алдык. Эми Кыргызстан дебей "Маңкуртсан" деп эле атап алалыбы? Маңкурт болбойлу десек, Абыке Көбөштүн эмес, чыныгы кыргыздын тукумунан таап, анан шайласак болот эле.
Басыз

9490. "Салам Талас" деген "Мегаком" компаниясында жакшы тариф ачылды. Бир минута сүйлөшүү болгону 50 тыйын. Бул Кыргызстанда эң арзан тариф болуп эсептелет. Келе жаткан жаңы жылыңар кут болсун! Жолуңар ар дайым ачык, ишиңер ийгиликтүү, жашооңор бакубат болсун. Элге арзан жана жакшы кызматыңарды кыла бергиле.
Илбирс

9491. Депутаттар, баары бүтүп, эми ырчылар калдыбы? Жайына койгулачы, жандуу ырдайбы же фонограмма менен ырдайбы өз эрки да. Андан көрө элди ойлогула. Теледен деле көрүп жатабыз, абысындардай тытышып, бири-бириңерди чукулап, бетпактык кылып атканыңарды.
5029 абоненти
9492. Таке, менин фигурам 90 60 90, сага болобу? Жараса мени менен байланыш.
Тел: 0772-82-42-12

9493. Эй Баргы, Умай эне, Аргы, Кара Саадак, Патриот Х, анык башы жок көңдөй экенсиңер, көк мээлер! Силердин келжирек СМСтериңерди окуган адам аллергия болот. Кудай буюрса, Кыргызстанды оңдой тургандар Атамбаев, Текебаев, Отунбаевалар! Силер булардын кыгына да тең келбейсиңер. Кайсы арыңарга сындап жатасыңар? Келдибеков, Мадумаров, Ташиевге окшогондорду сындасаңар эң сонун жарашмак. Мындан сырткары, кээ бир ичип-жегичтерди соттош керек. Мындайларды жөн гана кызматтан алып салбастан. Эгер Бакиевдин "куйруктарын" жактасаңар, силерди "журт бузарлар" деп түшүнсөк болот.
Замира

9494. Путин Кыргызстанды оюнчук кылды эле, өз элине ээ боло албай калды го?!
9518 абоненти

9495. Трайбалист "жепжутаттар", журналистер, митингчилер, баары далилденип жатса да, Келдибековду колдоп жазгандан уялбайсыңарбы? Ушундайлардын азабынан мамлекетибиз өнүкпөй, тазаланбай жатат.
Патриот

9496. Өзүнө ишенген, ыймандуу турмушка терең караган убактылуу эмес, түбөлүк жашоодо тайбай турган Таластын мырзалары менен үйбүлө куруу максатында таанышам. Өзүм 25темин, таластык болом. 35 жашка чейинки мырзалар чалгыла.
Тел: 0556-86-63-44

9497. М.Суталинов өлсөм да өз мекенимден сөөгүм чыксын деген го? Баягы солойтуп теледен көрсөткөнүңдү түбүнөн жулабыз. Жан таттуу болсо, Кыргызстандан чыгып кет!
5029 абоненти

9498. Сагынычты айтпа мага журөгүм,
Ансыз деле сагынычта журөмүн.
Сен экөөбүз жоолугушчу күндөрдү,
Мейли жаным жүз жыл болсун күтөмүн....
Пери

9499. Апендинин баласы чукча кошунасынын алмасын уурдап аткан болот. Аны көргөн чукчанын аялы "мен сенин атаң менен сүйлөшпөсөм болбой калды" деп ачууланат. Анда бала атасына жетип келип, "ата, сиз менен чукчанын аялы сүйлөшө турган сөз бар дейт" дептир.
Лагуна

9500. Эки жумадан кийин ажыдаар жылы аңыраңдаган бойдон кирип келет. Коен жылы болсо, эрбеңдеген бойдон кетет.
Таня

9501. Кылымдан кылым жашаган сүйүү эскирбейт, унутулбайт, жүрөктү эзет. Жүлүнүңдү сыздатат, дүйнөң аңтар-теңтер түшүп, ааламды сел алып атса да, сүйүү көңүлүңдү бурап, көкүрөгүңдү кытыгылап турат го чиркин. Керемети мына, ушундай. Далайларды тамтаңдатып, акылдан адаштырып, азап чектирген сүйүү. Бири-бирине жетпей жүргөндөр канча?..
2686 абоненти

9502. Улуу урматтуу бийликтегилер, "Бакиевди адам өлтүрдү" деп сурап жатасыңар. А Иса Өмүркуловду укпадыңарбы?
Алгыр

9503. Жаңы жылыңар менен менин сүйүп окуган "Учур" гезити! Сиздердин жалпы жамаатыңарга ыраазычылык билдирип кетишибиз керек. Анткени саясатты жазышат. Кээ бир гезитти окусаң, теңи артисттер, теңи жылаңач кыздар. "Бетке айткан сөздүн заары жок" дегендей, "Учур" дайыма туура жазат, азаматсыңар! Ар дайым бар болгула, өмүрүңөр узун болсун, көп-көп ийгиликтерге жеткиле!
Кемин

9504. Атамбаев шайлоодо өзбек лидерлерине сөз берген деп уктум. "Бийликтин 30 пайызын силерге берем" деп. Анда Оштун эли эмне үчүн кан жутту? Өзбектер автоном сурагандай болду эле го?! Ушуну ажо билбейби? Бу жерде же өзбектерди алдап, же кыргыздарды алдап атат. Эгер андай болсо мунун арты жакшы эмес.
Улан батор

9505. Жекшенкулов оппозицияга өтсө жакшы болмок. Эл үчүн ачык сөзүн айтат эле.
Долон

9506. Жалал-Абадга алты жерге блок пост коюптур. "Жардыруучу заттарга каршы" деп. Андай эмес, эл толкуса блок постуңду уруп ойнобойт. Ушуну бир билип койгула. Эгер бийлик ушинтип иш алып бара турган болсо, 3-революциянын болуп кетиши да ыктымал.
0229 абоненти

9507. Мыйзамдарды бузуп, элдин эсебинен жан багып, шапар тепкен жетекчилерге жебедей сайылып, "мыйзамды бузбагыла! Элди тонобогула!" деп жаны кашайган "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге өлүм тилеген башы жокторго таң калдым. Кыргызда айтат: "Бирөөгө өлүм тилегенче, өзүңө өмүр тиле" деп. Ылайым өмүрүңөр узун болсун! Ошондо билесиңер кимдин ким экенин. Мыйзамдын алдында баары бирдей, жыргал заман орногондо ушу сөзүңөр үчүн Өмүкенин алдында уялар бекенсиңер бечаралар!
Максат

9508. Текебаевге айтылган СМСтерге толугу менен кошулам. Ыплас иштерин эл көрүп турат. Бийлик үчүн элдин канын төктү. Уялбастан эл азаттык үчүн күрөштү дешет, эл калыс.
4787 абоненти

9509. Шотаны тозо тартып пегас жорго,
Жарыша Алыкул да чыккан жолго.
Түшсө канаттарын тарайын деп,
Акмалап күтүүдөмүн гүлзар жондо.
Эркин Жаныбеков

9510. Өткөндө телефон номеримди СМСке берип, бир кыз менен тааныштым. Эзип, бир кумарга кандырдым го...
Таке

9511. Кирип келе жаткан жаңы жыл жакшылыктын, тынччылыктын, токчулукттун, өнүгүүнүн жылы болсун. Бийлигибиз эл үчүн иштеп, береке куттун кушу консун. Тазаланып бүт жер жүзү акыйкаттык баарынан бийик болсун. Алдым-жуттумдардын айынан чөгүп кеткен казынабыз ылдам толсун. Жаңы түзүлгөн коалиция келечектүү, түптүү болсун. Оппозицияда калган "Ата Журт" партиясы күчтүү болсун!
Улан, Нарын

9512. Жогорку кеңеште бир да маселе чечпей, парламентке кереги жок Келдибековду коргоп, чатак чыгарган Жылдызды Ахматка кошуп туруп, депутаттар 81 добуш менен мандатынан ажыратып, ЖКдан кетириш керек! Менин сунушумду элдин көбү колдойт!
Жоки, Ат-Башы

9513. Ассалому алейкум кыргыз элим. Келе жаткан жаңы жыл бизге токчулукту, өнүгүүнү, биримдикти, тынчтыкты алып келген ийгиликтүү жыл болсо экен.
Анардин

9514. Сулуу кыздар менен таанышам. Ой-да көңүл ачам. Мыркалар чалбагыла! Тел. номерим: 0777103299
Рыся

9515. "Кыздыгым бар" деп бир кыз жанын жеп мактанып атат. "Меникине кирип калса, кайбарды кыпчып алат, анан сууруп көр" дейт. Өмүрүндө кирип көрбөгөн нерсени кыпчып калууну кайдан билет?
Айгыр

6516. Кызгалдак, астра, розалар,
Кайда өссө да кооз алар.
Наркотик сымал жыттанган,
Гүлдөрдө мендик доза бар.
Сүйүнбай

6517. Депутат Арипов мырза, дагы кимди сүйгөн жатасың? Бойдок Дамира Ниязалиеваны байкап көрбөйсүңбү? Көздөрү кылгырып турат го...
Фракциялашың

6518. Кыргызстан жоголуп бара жаткан мамлекеттердин арасында болушу мүмкүн эмес. Кантип эле жоголуп кетебиз? Жакшы эле жашап жатабыз го? Көрсө, өзүбүздү-өзүбүз жеп жок кылат экенбиз. Түндүк-Түштүк болуп атып. Бизге эч кандай душмандын кереги жок!
2558 абоненти

6519. Саламатсыздарбы! Мен жакын адамым Шайыргүлгө түбөлүк унутулгус бакыт каалаймын!
6068 абоненти

6520. Ляппай деп туруу үчүн Акаев орустун Танаевин шайлады. Бакиев болсо Чудиновду. Аларды туурап АШАда эски жолго түштү. Мындай карап көрсөң, АШАнын алардан эч айырмасы жоктой?!
Сали

6521. Супер СМСчи Мукаш Ырсалиев эмне жазбай калдың? Кимге таарындың? Сен жазган СМСти калтырбай окуп турчумун. Кээде "Ысык-Көл кыргыз көлү кылкылдаган, жээгинде кыз-келиндер шыңкылдаган. Кылымдар колдон түшпөс маржан болуп, тереңинде көрүнбөй жылтылдаган" деген ырың эске түшөт
Илбирс

6522. "Республикачы" Канатбек Исаевдин келечектеги ишин колдойбуз. Чүйдөн чыккан лидерлерди АША сындырып бүттү, эми сиз ага алданбай, кыргыздын намысын коргоп бериңиз! Биз сиз менен!
Чүйлүктөр

6523. КТРдин кыздары жөнүндө жазбайсыңарбы? Бизге кызык болуп атты эле. Кийинки сандан күтөлүк...
5-канал