Айканыш Арипова, модельер:
"Жаңы жылда жалтырак кийим тандаңыз"

Айканыш Арипова 25 жашта. Модель да, модельер да болуп иштеп, көп жылдан бери мода тармакта аралашып жүргөн сулууну маекке тарттык.

-Айканыш, өзүң жөнүндө тааныштыра кетсең?
-Мен азыр 25 жаштамын. Учурда модельер жана стилист болуп иштейм. Ар кандай фотосессия, көргөзмөлөргө костюм тандап, даярдайм. Модель катары да, кээде өзүм да фотосессияларга тартылып турам. Үйбүлөм жөнүндө айта кетсем, чоң атам Ардагерлер бирикмесинин башкармасы, апам маданият тармагында эмгектенет. Бир агам бар. Алты жаштагы уулумдун энесимин...
-Сага модель болгон кызыкпы же модельерби?
-Мага экөө тең бирдей жагат. Сүрөткө түшкөндү аябай жакшы көрөм, ушундан улам картайганда деле түшүп жүрө берсем керек.
-Модель кыздардын баары сулуулук сынактардын жүзү болсо керек?
-Туура. Мен дагы "Мисс Восток", "Мисс Portfolio", "Miss Tourism of the World", "Мисс Бишкек", "Мисс Кыргызстан" сынактарына катышкам. Биринчи жеңишимди 10 жашымда алгам. 16 жашымда болсо "Витлайн" моделдик агенттиги уюштурган "Мисс Portfolio" сынагында гран-приге ээ болгом.
-Модельдик дүйнө сулуулукту тартуулагандай сулуубу, же саясат, шоу-бизнес сыяктуу ыпласбы?
-Сен кандай принциптер менен келсен, ошого жараша мамилени көрөсүң. Эгерде кыздар шайкелең болушса, албетте, алар бул жерден бат бузулат. Бирок туруктуу адам экениңди көрсөтүп, темирдей бекем мүнөзгө ээ болсоң, эч кандай ыплас нерсе жабышпайт.
-Модельер катары кайсы стилди жактырасың?
-Ретро стилди жактырам. Көбүнчө маанайыма жараша кийинем. Биринчи коллекциямды аялзатын даңазалап, абдан назик кылып тиккем. Тиккен кийимдеримди күнүмдүк жашоодо кийгидей кылып ылайыктайм. Мекенимдин патриоту болгонумдан улам, этно-колориттеги кийимдерди жактырам. Бирок, коллекцияларыма оймо-чийме, колоритти кошпойм. Анкени азыр улуттук кийимдерди тиккен дизайнерлер көбөйүп кетти, аларга атаандаш болгум келбейт. Меники көбүнчө заманбап стилдеги кийимдер.
-Жаңы жылды кандай кийим кийип тосуш керек жана 2012-жылы кандай кийимдер модалуу болот?
-Келе жаткан жыл ажыдаар жылы болгондуктан, жалтырак көйнөктү тандасаңыз, адашпайсыз. 2012-жылдын саркеч айымы болууну кааласаңыз, интеллектуалдуу стилде тигилген классикалык костюмдарга көңүл буруңуз. Ар кандай принттер кошулган костюмдар да модалуу болот. Башкы кеңеш катары айтарым: "өзүңүзгө эмне жарашса - ошону кийиңиз!"
-Сүйүүнү кандай түшүнөсүң?
-Менин оюмча, бул дүйнөнү сүйүү гана башкарат...
-Саясатка көз карашың кандай?
-Саясаттан алысмын, ага көп деле кызыкпайм. "Адам менен урушкуң келсе, саясат же футбол жөнүндө сүйлөш" деген тамаша сөз бекер чыкпаса керек...

Айсалкын Самсалиева




Эрке желдин коштоосунда
Назира менен Иван
(Аңгеме)
Бетимен назик сылаган кыздын колу уйкумду бузду. Ойгонуп кеттим. Бөлмө ичи күүгүм экен. Маңдайымда татынакай жүздүү Назира турат. Уялыңкы жылмаят. Жомоктогудай. Акырын жамбаштай жаттым да:
-Кандайсын? Каяктан сен?..- дедим көргөн көзүмө ишене албай.
-Досуң болбой апкелди, Жылдызбекчи...-деди тартынган түр менен.
-Жакшы анда.
-Эмне күлөсүң?
-Сен келип атсаң, сүйүнүп атам да.
-Мм-да...
Аркы бөлмөдөгү достордун бакылдагына эми маани бердим. Алар күжүлдөшө карта ойноп жатышкан өңдүү. Акырын Назиранын колунан кармадым. Жылуу экен. Манжалары тыпыйып, кичинекей десең. Төшөккө тарттым. Койнума кирип кетти. Ыкташа түштүк. Апакай кыска юбкасы түрүлүп кетти. Алаасына колумду сойлотуп ийдим. Шокмун да.
-Акырынчы?-деди тарткынчыктап.
-Койчу?
Алкымынан аймалап, үстүнө оодарыла чыктым. Ычкырымды бошотуп ийип, Назиранын юбкасын өйдө түрдүм. Каршылык көрсөтпөдү. Мени сагынып калыптыр. Дароо эле ич кийимин чечип ийдим да, жанжерине кайбарымды матырып жибердим. Илгерки-и ийин казган суурдай дүңүрөңдөп кирдим. Бир карасаң сал жорго! Токтоно албай. Ансайын күч кубатым оргуп-ташып, кирген суудай катуу кеттимби (?), Назиранын тумчугуп онтогон үнү жарыла берди. Жаздыкты түртүп ийди. Бөлмө ичи секс-бомба! Ансайын аңкылдап, онтогону катуулап, жалынып жалбарып, көзүн катуу жумуп, башын чайкап, бейиштин туу чокусуна чыгып барып, кайра тозокко кулап, айтор, өзүн жоготуп да жиберди. Экөөбүздөн тең тер алка-шалка кетти. Он беш мүнөттүк алааматтан кийин Назира сулк жатып калды. Мен ордуман ыргып турдум.
-Эй, эмне болду?-дедим эки-жакка элейе карап.
-Кое турчу?
-Жакшы элеби?
-Сонун...
Ушу арада тиги бөлмөдөгү бакылдаган досторду тыңшасам, тыптынч. Чиркей зыңылдагы угулат... Көрсө, алар экөөбүзгө кулак түрүп, ордуларында катып калышкан сыяктуу. Кайбарымды сүлгү менен бат-баттан арчыдым да, аскердик тездикте ыргып тура кийиндим. А Назира дагы эле жатат. Баштагы сулуу, чыңалган дене-бою огобетер көркүнө чыгып, дагы да төшөккө азгырып киргеничи? Кайбарымды араңдан зорго токтоттум. "Так-так" деп. Периштемди кийиндирдим. Анан ал:
-Иван, экөөбүз кантип чыгабыз?
-Тигилер кетип калган го. Тынчып эле калышты.
-Алар бизди тыңшап отурушат. Жылдызбектин уяты жок да.
-Эмне болмок эле? Ал айбан ошондой, аңдымайга эле күчү чыккан...
-Мен уялам. А терезеден секирип кетсекчи? Ачылат бекен?
-Азыр,-деп ордуман тура жөнөдүм,-ачылат экен, кеттикпи?
-Ооба.
Экөөбүз жеңил дем менен терезеден ары секирип, караңгы чоң жолго түштүк. А достор биздин экинчи серианы күтүшүп, аңдып отурушканын туйдум. Отура беришсин. А биз шар аккан суунун жээгине жөнөдүк. Ошол жакка бой таштайлы (!) деп. Ансайын шаркырама катуулап угула баштады. Айдын жарыгынан Назиранын жүзү ансайын сулуу көрүнүп, ажары толкуп-ташып баратканычы... Эх, сүрөттөй албайм. Анүчүн Бунин болуш керек. Бирок, чымырканып баратам. Шар аккан дарыянын боюнан Назираны дагы бир эстен тандырып, анан чөнтөк дептериме анын образын төгүп таштасам! Мына, аз калдык. Толкуп-ташыган агымы катуу суу, таштан-ташка урунат. Ай жарык. "Сүттөй ак" дечү беле? Айлана тымтырс. Эч ким аңдыбайт. Назира жана Иван! Иван Бунин! Бул кыргызча... Болжогон жерге жакындадык. Шар аккан суунун тентек доошу катуулайт ансайын. Экөөбүздү эрке жел коштоп келатты. Көкүрөк толо кубаныч. Оюбузду эзилишүү кумары ээлеп алган. Жете келдик. Бак-дарактуу жай. Төмөнтөн шаркырайт. Кичинекей капчыгайга кирип кеттик. Эч ким көрбөсүн, кулак укпасын. Абасы таза шар аккан суу бизди тосуп алды. Экөөбүздү жууп салсын...

Сарин УЛАН