Ур токмок
Инисине зар какшаган Калия эже же
адилетсиз "акжолчу" Т.Жумабекова

Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Күн-Элек айылынын тургуну Калия Маматибраимова айым 2009-жылдын февраль айынан бери иниси Бактыбек Маматибраимовдун күнөөсү жок СИЗОдо кармалып атканына байланыштуу акыйкат издеп кайрылбаган мекеме, кайрылбаган депутат, кайрылбаган акыйкатчы калбаганын айтып отурду.

-Калия, иниң Бактыбек кандайча СИЗОго туш болгон, сөз башынан болсун?..
-Иним Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынын этегинде ижарага жер алып иштетип аткан. 2009-жылы 24-февралда күндүзгү саат 12лерде талаанын чекесине машине токтоп, андан бир киши жаңсап чакырат. Эчтекеден кабары жок машинеге келсе, андагылар "отур машинеге, сөз бар" дейт. Машинеге салып, бир аз жүргөндөн кийин "түндө эмне уурулук кылдың? Менин полядагы тракторумдун запчастары жоголду" дегенде, иним "мен ууру эмесмин. Трактордун запчасын эмне кылам? Же менде трактор болобосо" дегиче, тигилер машинени токтотуп, ур тепкиге алып сабап, колуна наручникти салышат. Булардын милиция экенин ошондо билет. Бирөөсү "мен сени эки айдан бери издеп жүрөм. Майып кишинин кызын зордуктапсың. Азыр атасына барабыз. Көргөзөм" дейт. Дене-башынан тамтыгы жок жанчылган иним араң сүйлөп, "мейли, алпар, мен кыз зордуктаганым жок" деп жооп бергиче, тигилер дагы сабайт.
-Башында "запчас уурдадың" деп атышпады беле? Эми "кыз зордуктадың" дешиппи?
-Ооба. Анан кыздын атасына алпарышат. А киши чынында эле майып экен. "Менин кызымды зордуктаган Калматты апкелдиңерби, Калматпы?" дейт. Байкуш иним "жок ата, мен Калмат эмесмин, кызыңызды мен зордуктаганым жок" дегиче жанагылар ичке катуу-катуу уруп, токмоктоп, кайра машинеге сүйрөп отургузуп, РОВДга апкелишет. Ал жердеги оперлерге жанагы "кызды зордуктаган баланы апкелдик. Кыздын атасы тааныды. Бирок мобу бала мойнуна албай атат" дейт да, дагы сабашат.
-Эмнеге сабап атышат?
-Менимче, иниме жок күнөөнү мойнуна алдыруунун амалы да.
-Силер иниңерди оперлер алып кеткенин качан билип отурасыңар?
-Бизге 28-февраль күнү кечинде "иниңерди кармап кетишти" деген кабар келди. Угаарыбыз менен РОВДга келдик. Кеч болуп калыптыр. Жабык экен. Эртеси РОВДга бардык. Дежурныйда отургандар "адвокатыңарга жолуккула" деди. Муса Алибеков карап атыптыр. А киши болсо бизге "он миң сом тез аранын ичинде апкелгиле. Мен жеке адвокатмын. Гонорарымды төлөгүлө, анан иштин чоо-жайын ошондо айтам" деди. Башым маң болуп калды. Айла жоктон башка жерде иштеп аткан жолдошума телефон чалсам, "акча бербегиле. Мен барам. Ишти териштиребиз" деди.
-РОВДга келгиче иниңер бир топ запкы жеген турбайбы?
-Эми айтпаңыз. Канча жолу эсин оодарганча сабап, канча жолу башына пакет кийгизгенин айтып отурса жүрөгүм сыздайт. Иниме сарсанаа болуп атып, апам оорукчан эле, ал көз жумду. Жада калса топо сала албай калды.
-Бул маселе боюнча жогору жактагыларга кайрылдыңызбы?
-Даттанууларыбызды кимге гана айтканыбыз жок. Кимге гана кайрылбадык. Бакиевдин заманында Бакиевге, Конгантиевге. Убактылуу өкмөт бийликке келгенде Исмаил Исаковго, Алмазбек Атамбаевге, Азимбек Бекназаровго, Байтемир Ибраевге, Болот Шерге жаздык. Акыйкатчы Турсунбек Акунга жаздык. Эч кимисинен оңтойлуу жооп ала албадык.
-Жогорку Кеңешке да бардыңарбы?
-Ооба. Барып Ажыбай Калмаматовго жолукканыбызда, ал киши "Акжол" партиясындагы Турдукан Жумабекованын жолдошу Муктар Калыев силер арызданып келген РОВДнын замначальниги экен. Ошо кишини катыштырбагылачы деп суранды" деди.
-Эмнеге "катыштырбагыла" деп атат?
-Опер балдар Муктар Калыевге инибизди киргизип, "ушу бала кыз зордуктаптыр. Бирок, мойнуна албай атат" дешет. Ошондо Муктар оперлерге карап, "солойгон үчөөң жүрүп, тырмактай балага алыңар келбей атабы? Эгер күнөөсүн мойнуна албаса, бутуна гиря байлап, БЧКга салып жибергиле. Өлүгүн өзүңөр таап, иштебейт белеңер?" дейт.
-Бала азыр кайда? Акыбалы кандай?
-№1 СИЗОдо отурат. Акыбалы азыркы учурда абдан оор. Муундарына суук тийип, полиартрит илдетине кабылып, колу-буту майрыйып калды. Атабыздын иниси бар эле, Бакытты аябай жакшы көрчү, "иштерман" деп. Агабыз санаага батып атып көз жумду. Тың болчу. Эң улуу эжебиз да санааркап атып оорукчан болуп калды. Менин ден соолугум да начарлады. Моралдык жактан аябай жабыркап турам.
-Жанагы ур-токмокко алган оперлердин аты-жөнү барбы?
-Самат, Акыл, Санжар деген опер балдар, фамилияларын билбейм. Мындан тышкары Азамат Акматов деген лейтенант да бар.
-Өз көзүң менен көрбөгөндөн кийин аларды жөн жерден күнөөлөп жаткан жоксуңбу, же?..
-Азамат Акматовдун уруп атканын өз көзүм менен көргөм. Экинчи сентябрь, 2009-жылы инимди РОВДга апкелгенде бурчка тургузуп алып, темир сап менен сабап атканын жолдошум экөөбүз көрүп калдык. Жүрөгүм "зырпылдап" жаман болуп кеттим. Сабап атканды токтотуп, "андан көрө мени саба, бул сага эмне кылды, кайсы күнөөсү үчүн?" деп уруша кеттим. Көздөрүмдөн жаш атып кетти.
-Бул иш эмнеге созулуп атат (!) деп ойлойсуң?
-Азамат Дүйшөналиев деген тергөөчү биздин адвокатыбыз Аваз Көчөрбаевдин колун жасалмалап коюп, ишти сотко өткөрүп ийген. Бул кыңыр иш билинип калып, ишти кайтарып беришкен. Бирок, ишти кайра эле Азамат Дүйшөналиевге берип коюшкан. Бу жерде тергөөчүнү алмаштырыш керек эле...
-Кыз зордуктаган адамдан анализ алып текшериш керек беле, бул жагы кантти?
-Биринчи алган анализдери судмедэкспертизадан изилденип, "таза" деп чыккан. Баланын күнөөсү жок деген чечим менен. Кийин кайрадан комиссия түзүп, алты ай дегенде анализди чыгарышты.
-Эмне дешти?
-"Бул баланыкына окшош" деп чыгарып беришти. Мурункусу "таза" дешкен эле.
-Кимдир бирөө кийлигишип кеткен жокпу?
-Угушубузча "акжолчу" Турдукан Жумабекова кийлигишип кетти окшойт.
-Силер мындай чечимге макул эмессиңер да?
-Ооба да. Кантип макул болобуз. "Кыздын сыры төркүнгө маалым" дегендей, инибиздин сырын биз айдан ачык билебиз. Ал эч качан андай кылмышка бармак эмес. Ошондуктан, анализди эл аралык стандартта чыгаруу жөнүндө оюбузду айтып, азыр ошонун аркасында чуркап жүрөбүз. Эки айдын жүзү болду. Эми ошого да каршы болуп аткандарын байкап атабыз. Ар кандай амалдарды кылып, экинчи чыккан анализди негиз кылып аткандай түр көрсөтүшүп атышат. Айла кетти. Эми жаңы шайланган ажобуз Алмаз Атамбаевге сиздердин гезит аркылуу кайрылып, инибиздин ишин адилеттүү карап беришине жардам берет (!) деген ишеним артып туралы...

Маектешкен
Сурат Жылкычиев




Сыймыктуу кыргыз эли!
Саналуу күндөрдөн кийин 2012-жыл ар бирибиздин үйүбүзгө жаркырап кирип келет. Адамзат бул майрамды чыдамсыздыкта күтүү менен бирге улуу, кичүү дебей жапатырмак кызуу даярданышат. Жаңырган жыл жалпы кыргыз элине жакшылык апкелсин! Өнөрпоз адамдары келерки жылга жаңы чыгармачылык эргүүнү тиленебиз. Андыктан, мен дагы элиме жаңы жылда тынчтыктын, ден соолуктун, бакыттын жылы болсун деп, чыгармачыл адамдарга талантыңар өргө чаап, орошондоп, күйөрмандарыңар көбөйө берсин демекчимин!

Сиздерди урматтап Гүлнур Сатылганова
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди келе жаткан жаңы 2012-жылыңыздар менен кызуу куттуктайм. Өтүп кетип аткан 2011-жыл жаман жылдардан болгон жок. Эң негизгиси, өлкөбүздө тынчтык орноп, саясый туруктуулукка кадам таштадык. Элдин баары кирип келе жаткан ажыдаар жылды күтүп, кандай гана аруу тилектер менен көкүрөк-көңүлдөрүн аруулап, тазартып атат дейсиңер. Чынында элибиз кыйынчылыкты башынан өткөрүп жатат. Аны танууга болбойт. Бирок, ага муюбай сабырдуулукта, эмгекчилдик менен ийгиликке жетүүнү самоодо. Буюрса, ошондой ийгиликтердин байма-бай болушуна мен ишенем. Элибиз аманчылыкта, байгерчиликте жашаганга жетсин деп тилейм. Мындан ары элибиз бөлүнбөгөн жашоонун наркын уласа жаман болбос эле. Келаткан жылыбыз ынтымак-ырашкердиктин жылы болсун (!) деп, жана ошондой эле ата-апаларга, абаларга, эжелерге, ини-карындаштарга чың ден
соолук! Анан, албетте, журтчулукка аманчылык, бакыт каалайм!

Терең урматтоо менен Кубаныч Кадыров