Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_9.htm on line 2


п»ї
Мамлекеттин байлыктарын чиновниктер эле эмес, карапайым адамдар да тонойт
Кочкор районунун "Сары-Чат" постунан Балыкчы шаарынын тургуну Э.Абыловдун автоунаасын текшергенде, 350 кг. салмактагы "Плед" балыгы табылган. Ысык-Көлдүн балыгына ыраазы болбогон неме Соң-Көлдүн балыгын мыйзамсыз алып келаткандыгы, мамлекетке 1 630 860 сом чыгым кылганы үчүн айыпталууда. Ушундай эле мыйзамсыз балык уулашып, жашырынып келаткан бир нече адам "Сары-Чат" постунан капканга чабылышты. Алсак, Бишкек шаарында жашаган Т.Сулаймановдун унаасынан 741 кг, Кемин районунун тургуну Н.Мамбеталиевдин автоунаасынан 546 кг, Арча-Бешик конушунун тургуну П.Аскаровдун унаасынан 452 кг. салмактагы балык табылды. Броконерлердин кесепетинен мамлекеттин тарткан чыгымы 7 914 153 сомду чапчып жыгылганын айткан тергөөчүлөр иш козгошту. Бул го бул болду. Ал эми 10-декабрь күнү Нарын районунун "Шамалды-Жылга" ашуусунан Солтон-Сарыдан келаткан "УАЗ" автоунаасын текшерген маалда, ичинен дыкатталып бекитилген 6 мүшөктөй алтыны менен кошо 533 кг. салмактагы таштар алынды. Качып келаткандар Эмгекчил айылынын тургундары Э.Тентимишев менен К.Мамбеталиев азыр бул байлыкты кантип кымырып чыгышканын айтып отурушат. Мамлекетти талап-тоногондордун жоон армиясынын катары ушинтип толукталып баратат. Анан качан оңолобуз?

Адамды малдай эле пулдап калышты...
Алдамчылардын тузагына илинип, алардын бал тилине арбалып, "жыргал жашоодо жашайм" деп ээрчип кетип, "онтобой ооруга чалдыккан" жердештерибиздин саны арбып барат. Алданып кулга айланган кыргыз боорлорубуздун саны канча экенин азырынча тактаган эч ким жок. Жалал-Абад шаарынын тургуну Ч.Кайназарова да жакында милицияга арыз берип, биртууган эжеси 29 жаштагы Н.Кайназарованы ушул жылдын август айында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну А.Колдошева "жумуш таап берем" деп Москвага ээрчитип кетип, ал жактан Түркиялык адамдарга сатып жибергендигин маалымдады. Азырынча жыйынтык боло элек.


Аялдарына кол салган арсыз эркектер
7-декабрь күнү Ала-Тоо конушунун тургуну, 46 жаштагы П.Бийсееванын денеси өз үйүндө табылды. Маркум мыкаачылык менен сабалып, денесинен көптөгөн жаракаттарды алып, оор абалда каза болгон. Маалымат алынаары менен окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсү, 52 жаштагы Ж.Нааматовду кармашты. Суракта, зөөкүр аялы менен уруша кетип, сабап өлтүргөнүн моюнуна алды.
9-декабрь күнү Кант шаарындагы ооруканага кайрылган Кеңеш айылынын тургуну, 40 жаштагы А.Дүйшеева көкүрөгүнө бычактан жаракат алып келген. Жабырлануучунун айтуусунда, аны 50 жаштагы С.Байсалов аттуу күйөөсү өлтүрүү максатында бычактаган. Учурда С.Байсалов кармалып, камакка алынды.

Табышмактуу өлүмдөрдүн жандырмагы ачылабы?
5-декабрь күнү Талас шаарындагы ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан - адам өлтүргөндүгү үчүн айыпталып, камакта отурган 27 жаштагы А.Абдрахманова өзүн-өзү асып өлтүрдү. Иш териштирилип жатат.
Ушул күнү Каракол шаарындагы Фучик көчөсүнөн жылуулук өткөн трубалардын чуңкурунан, адамдын чириген сөөктөрү табылды. Маркум эркек адам болгондугу айтылууда. Өлүмүнүн себебин экспертиза ачыктай турган болду.
7-декабрь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылында, гараждын ичинде токтоп турган автоунаадан 29 жаштагы Н.Т. менен 24 жаштагы Т.С. аттуу айымдын денелери табылды. Маркумдардын эмне болгонун аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалды. Азырынча экөөнү газга ууланган деген версия айтылууда.
12-декабрда Токтогул районунун Ничке-Сай айылындагы үйлөрдүн биринен ушул айылдын тургуну, 32 жаштагы Ж.Ажыматов менен анын граждандык никедеги аялы, 43 жаштагы А.Б.нын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денелери табылды. Маркумдарды кылмышкерлер бычактап, кыйнап өлтүрүшкөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бычакташа кетишкени да, тепки жегени да бар...
10-декабрда Сокулук айылынын тургуну М.Кудабаев канжалаган абалда ооруканага түшкөн. Ошол эле замат милиция кызматкерлери шектүү делинген 46 жаштагы Д.Асанбековду кармап келишти. Көрсө, экөө арак ичип отурушуп, уруша кетишет да, сайышып жатып калышат. Бул иштин арты кандай болору сот менен тергөөчүнүн колунда да...
Ал эми 11-декабрда улуттук госпиталга алынып келинген 18 жаштагы А.Жапаровдун абалы оор бойдон калууда. Аны менен кошо алынып келинген Д.Рыспеков да катуу жабыркаган. Медиктердин айтуусунда, экөөнүн тең баштары жарылып, денелери жанчылган. Экөө тең кызуу абалда болгон. Алардын айтуусунда, "Ата-Түрк" паркынан аларды белгисиз балдар сабап кеткен. Азыр иликтөө жүрүп жатат.

"Бийик" ишканасына кол салышып, цейфтеги байлыкты көтөрө качышты
11-декабрь түнү Эркиндик бульварында жайгашкан "Бийик" деп аталган ишкананын имаратына каракчылар кол салышты. Кароолчунун кабарлаганына караганда, алар төртөө болгон. Маскачан каракчылар алгач кароолчу М.Ибрагимовду тепкилешип, колу-бутун таңышкандан кийин, ал жерден темир cейфти ачууга аракеттенишкен. Бирок, ачалбай коюшуп, цейфти көтөрүп кетишкен. Ичинде 30 000 доллар, 350 евро, 120 000 сом, ишкананын документтери жана сыйлыкка берилген "Ярыгин" үлгүсүндөгү тапанча 32 огу менен болгондугу айтылууда. Жалпы чыгым 1 576 000 сом деп такталды. Каракчылар изделип жатат.


8 жашар наристени зордуктаган аңги кармалды

Ушул жылдын 23-ноябрында Кара-Балта шаарынан 8 жаштагы наристенин зордукталгандыгы тууралуу милицияга арыз түшкөн. Жергиликтүү милиция кызматкерлери мындай мыкаачылык кылмышты иликтөөгө алышып, кылмышкер изделе баштаган. Арадан 5 күн өткөндөн кийин шектүү адам колго түштү. Ал жабырланган наристенин тагасы, 40 жаштагы Р.Маматов деген болуп чыкты. Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, кылмышкер буга чейин эле Өзбекстандан уурулук жана наркотик менен мурда соттолуп чыккан рецидивист экендиги такталып отурат. Ал Кара-Балтага эжесине каралап келип, баш калкалап жүргөн. Ал жерден өзүнчө ижарада жашап дегендей... Ал эми окуя болгон күнү, наристе жээнин көздөн далдоо жерге ээрчитип барып, зордуктап, арам ишин бүтүрүп алган соң, Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен колго түштү.


Бакай Кайдакеев






Түн жамына чет элдик студенттерди тоногон
Чыныбай А.
Акыркы айларда тонолуп, сабалып кордолгон чет элдик атуулдардын арыз-даттануулары биринен сала бири жазылып, шаардык милициянын шаштысы кеткен эле. Тонолгондордун басымдуу бөлүгү чет элдик студенттер болгондуктан, милиция кызматкерлерине каракчылыкты токтотуу үчүн тапшырма берилген. Тактап айтканда, 30-ноябрь күнү Эл аралык медицина жогорку мектебинин студенти, Пакистандын атуулун бычак менен коркутуп, 200 долларын, ушул эле окуу жайдын студенти, Индиянын атуулунан 200 доллар, дагы биринен 32 000 сом тоногон, 25-30 жаштар чамалуу азият улутундагы жаш жигит жөнүндө каңшаар тараган. Кыныгып алган каракчы, аталган окуу жайы жайгашкан райондо жана чет элдик студенттер жашаган жерде каракчылык иштерин улантып, кыска аралыкта эле чет элдик студенттерди карактоонун 10дон ашуун учуру катталган. Жабырлануучунун бардыгы каракчы туурасында бирдей көрсөтмө берип турушту.
Милиция кызматкерлери ошол районду катуу көзөмөлгө алышып, бир айга чукул аралыкта жашыруун күзөттө болушту. Чет элдик жарандардын жанын койбой тоноп, бирок, түлкүдөй мант берип, кайырмакка илинбей келген жергиликтүү каракчы жакында колго түштү. Түшкөндө да кезектеги "жортуулга" чыгып, Пакистандын жаранынын кекиртегине бычак такап, тоноп жаткан жеринен кармалды. Алчы-таасын жеген бу жигит, көрсө, 19 жаштагы эле Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн, учурда Бишкек шаарында жашап, КМУда 3-курста окуган Чыныбай Алыбаев деген эргул болуп чыкты.
Өзү спорт менен машыккан, кууса жеткен, качса карматпай безген эргул күндүзү чет элдик студенттер менен аралашып, тамырларын тартып, кимисинде канча акча барын акмалап билип, анан кечкисин кол салып, күндүзү чогуу чай ичкен курбуларын кокуйлатып жүргөн тура. Барынан кызыгы, каракчынын жашаган жерине кароо жүргүзгөндө, тоногондон башка уурулук жасаган фактылары аныкталып, далил заттар алынды. Көрсө, ал тоноочулук эле кылбай, бир нече жолу уурулук жасаган эргул экен. Азыр анын уурулук фактыларынын бир нечесинин
бети ачылды. Мындан тышкары, автоунааларды уурдоо боюнча да шектелүүдө.










кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??