Ишенимдүү соратник
Жаңы коалиция кандай куралат (?), өкмөт башчы ким болот (?) деген суроолор саясатчылардын түн уйкусун бузуп, жалпы коомчулук да бул суроого кайдыгер болбой тынчсызданганы байкалууда. Премьер-министрликке талапкерлердин аттары аталганда эле алгачкылардан болуп Сооронбай Жээнбековдун аты чыгууда. Бул сөз да бекеринен чыкпаса керек. Анткени, С.Жээнбеков КСДПнын ишенимдүү, ардагер мүчөлөрүнүн бири.
Баягыда, КСДП оппозиция болуп алсырап, анын катарынан не деген "эрендер" кетип жатканда да, партиясын таштабаган А.Атамбаевдин ишенимдүү соратниктеринин бири ушул. Өткөн шайлоодо да партиялашы үчүн жанын үрөп, Ош боюнча А.Атамбаевди биринчи орунга чыгарды. Жаңы шайланган президенттин элге берген убадаларын аткаруу КСДПнын програмасы аркылуу гана мүмкүн деген түшүнүктү жүзөгө ашыруунун төтө жолу, премьер-министрдин да ошол партиядан болушун шарттары айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Анүстүнө, шайлоодон кийин шаабайы сууп, тетирилене баштаган түштүктүк туугандарды бери каратуу үчүн да ылайыктуу болуп, коалициядагылардан деле, эч кандай каршылык көргөзүлбөчүдөй болуп турат. Бул эми, албетте, спикерлик түндүктүк талапкерге ыйгарылат деген жагдайга туура келе турган сөз.

Сабыр МУКАНБЕТОВ