Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_7.htm on line 2


п»ї
Чырдын башы
Түштүк Келдибеков үчүн түп көтөрүлөбү?

Ошентип, ЖКнын спикери Ахматбек Келдибеков отставкага кетти. Мындайча айтканда, кетирип жаны тынышты. Ошол күндөн тартып парламентте хаос токтой элек. Ызы-чуу эле болуп атат. Көзөмөл деген жоголду. Ойлогон кыял-максатына жеткен айрым депутаттар спикердин креслосун жырткычтардай эле талаша башташты. Аткаминерлер "ат" талашып атышып, кризисти огобетер тутантып жатышканын өздөрү этибар албай жатышкан өңдүү. Баарынан да парламенттеги интриганын аркасында - "жумшак" трайбализмдин көтөрүлүп жатканы өкүнүчтүү. Түштүк "Келдибековду колдойбуз" деп митингге чыгып атышат. А түндүк болсо, түштүктүн жигиттерин бийликке жолоткулары келбей... Айрым депутаттар ачык эле, "биз кайра эле түштүктүн кишисин алып келели деп Бакиевди бийликтен кетирген жокпуз да" деп айтышып, "Ата Журтту" оппозицияга түртүп жатышканы- трайбализмдик тезисти бекемдегенсийт. Мунун түбү дагы эмнеге алып барар экен?

Эмне үчүн саясатчылар кетирген каталарынан сабак алышпайт? Тырмоокту буту ооруса деле кайра-кайра басып алгандай болуп... Парламент бат эле былтыркы саясый кырдаалды унутуп коюшту. Депутаттар бири-бири менен компромисске келе албагандыгы үчүн да жетер жерине жетпеди беле! Мына азыр да ошондой эле кырдаал болуп атат: "спикер болом" деп азартка батып алышкан.
Чын-чынына келгенде, Келдибеков кандай болгон күндө да, бир жыл бою депутаттардын "жапайычылыгана" чыдап, "ээн-баштарга" жакшы эле көзөмөл кылып берди. Ал эч качан анархияга жол берген жок. Дайыма конфликти жумшарткан аракети текке кетпеди. Ал кетти эле, фракциялардын бири-бирине болгон агрессиясы сыртка чыгып, барьер калбай калды. Баарынан да кечээ эле бири-бирин жек көрүп, "поктоп" жатышкан депутаттар Келдибековго келгенде бириге калышканын кантесиң. Эми ошолор эле кайра бири-бири менен анын ордун талаша башташканын кара.
"Анын ордун ким ээлейт?" дегенге прогноз берүү деле аябай татаал жагдайды талап кылбайт. Спикерликке биринчи претендент болуп, Текебаев "учуп" чыгат. Ал ушул креслого ээ болуш үчүн, Келдиковго каршы ушундай "арзан жаңжалды" ойлоп тапканы көрүнүп эле турбайбы. Мен ушул убакка чейин айтып келгем, азыр да айткандан чарчабайм: Текебаев жөнүндө сөз болгондо, аны кадр артынан да караш керек. Анын кылган иш-аракеттеринин мотивдерин да. А анын бир эмес, бир жолу кылган провакациясынын, асманды чапчыган амбициясынын артында америкалык саясат жатат. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште болуп жаткан, спикерлик кызматка болгон күрөш - бул жөн гана кызмат талаш эмес, сырткы саясат. Кыргызстанга таасирдүү күчкө ээ болуу үчүн күрөш.
Роза Отунбаеванын президенттиктен кетиши жана өлкөгө орустар менен бирдикте, бекем иш алып барарын ачык айткан жаңы президенттин келиши менен, америкалыктар өздөрүнүн бийлигин башкача өңүттө жүргүзүүнү ойлоп табышты. Кыргызстанга көшөгө артында өз позицияларын жүргүзүү үчүн аларга биринчиден, өздөрүнүн агенти керек болду. А Текебаев буга чейин эле алардын "кол баласы" болуп, канча деген отко ширеңке чагычуу болуп жүргөнүн билебиз. Бул жолу ошондой эле "чагымчылыктын" экинчи бөлүгүнө күбө болуп атабыз. Бирок, көрөсүңөр го, ал креслого "секирген" күндө деле ага жеткиришпейт. Былтыр деле ошондой болбоду беле? Чынын айтканда, Текебаев баарын тажаткан.
"Америкалык кожоюндардан" тышкары дагы ким Текебаевди таран кылып, тукуруп, колдонгон ким? Албетте, башкы КСДПчы Чыныбай Турсунбеков. "Коалиция таркасын, спикер отставкага кетсин" деген идеяны ушул көтөрүп чыкпадыбы. Ал бул орунга өзүм илинбей эле койсом, койдум, бирок, өзүм башында турган КСДП өкмөттөн дагы, парламенттен дагы ачкычтуу орундарга илинүүгө шыкактанып, Текебаевди "алдыга салып", "Ата Журтту" коалицияда чыгарууну көздөдү.
Бул ишке ашты. Эми Келдибековдун кетишинен кийин "атажуртчулар" оппозицияга кетери бештен белгилүү болуп калды. Демек, спикерлик орунга алардан эч ким претендент боло албайт. Айтылып жаткан кандитаттар: Нариман Түлеев жана Марат Султанов өзүнөн-өзү жок болот.
Ошондой болсо да, КСДП дагы эле эрте сүйүнүүдө. Депутаттар спикер кылып Турсунбековду шайлайт (!) деген кепилдик жок. Алар деле "секирмелерди" сүйбөйт да. Өзгөчө бизнестен "секирик" жасап келгендерди. Анткени, бизнесмендер кызматка өзүнүн кызыкчылыгы менен гана келишери турган кеп эмеспи. Турсунбековдун анысы азыр эле башталды. Бир эле мисал: Кыргызстандагы азык-түлүктөргө кирешенин салыгы бошотулганы, ал бошотулган ишканалардын арасында Чыныбай мырзанын ишканалары көбүрөөк көзгө урунганынан эле, анын жүзүн, кызыкчылыгы канча экенин байкасак болот. Эгерде спикер болсо,
кызыкчылы андан бетер ашып ташат да.
Төрагалык орунга карай жолун тазалоодо,Турсунбеков жанталаша Текебаевди колдонду. Ушунусу менен Атамбаевди да артка тартты. КСДП боюнча (негизги лидери болгон) жаңы президенттин убагында, "Акаевдердин "Алгасы", Бакиевдердин "Акжолунун" эле бири болуп калат" деген сөздөр да жанданды. Мына, Чыныбай унчунун интригасынын жыйынтыгы.
Дагы ким парламенттин "башчысы" болгусу келип жатат? Камила Талиева! Кээ бир ММКлар "президент ушул "түштүктүн кызын" парламентте көргүсү келип жатат" деп жазып чыкканы, эч кандай чындыкка коошпойт. Муну опуза, куру кыйкырык (!) деп гана баалайм мен. Анүстүнө президент ЖКнын жаңжалына аралашпай, четте турбайбы. Негизи эле дени карды соо адам Талиеваны кантип колдосун? Талиева деген - Куловду "жеген" ОБОНчу да. Ал спикер болсо, андан кайсы жакшылыкты күтүүгө болот? Мындай спикер болсо, анда парламент Жолдошева, Карамушкина сыяктуу "үнү бийик" аялдар менен өз ара мамиле такташын карап отуруп эле күнү өтмөк. А мындай ажылдаган аялдардын урушу кимге керек дейсиңер? Ошентсе да Талиеваны "талкандуу" орунга түрткөнгө партиялаштары аябагандай эле аракет кылып жаткандагысы. Комиссиянын төрагасы болгон Каныбек Иманалиев бекеринен Келдибековду "каралаганга" болгон күч аракетин жумшаган жок да. Штанынан секирип түшкөндөн кайра тартпады го, чиркин!
"Ар-намыс" азыр бөлүнүп-жарылып калгандан кийин колунан эч нерсе келбеген фракцияга айланып калды. Алар коалицияга эч кандай шарт-келишимсиз эле киришпеди беле. Бирок, ага болбой эле, бул жаңжалда өздөрүнүн жашыруун интригаларын түртө беришмекчи. Анткени, аларда да "спикер бизден болсо" деген көмүскө умтулуу бар.
Ызы чуунун шаңында, парламентте документке көңүл бурулбай калды. Бекер эле болду. Анткени, иш кагаз мазмуну менен укмуштуудай түзүлгөн. Регламентти, жада калса өлкөнүн башкы мыйзамы Конституцияны да эске албастан, Жогорку Кеңешттин бир бөлүгүнүн ашынган амбицияларын жана кызыкчылыктарын чагылдырат. Ошентип, башкаруучу коалиция төрагаларды жыл сайын алмаштырууну көздөйт, бирок "өздөрүнөн" гана, өзгөлөнгөн оппозициялык маанайдагы эл өкүлдөрүнө бир да мүмкүнчүлүк, шарт берилбейт! Муну кандай түшүнсөк болот? Негизинен толук түзүлө элек коалиция эмитеден ашынган аракеттерин алкынтат. Алар алдын ала, өлкөдөгү алдыңкы кызматтардагы жумуш ордуларын апчып калуу аракетин көрүшүүдө. Бул мыйзамсыз экенин эсиңизге салайын.
Мейли, азыр коалиция толугу менен түзүлө берсин. Бирок, ал дароо эле, өз калагына өзү чалынып, чачырап кетүүсү шексиз. Азырынча, алдын ала коалицияга КСДП, "Республика", "Ар-намыс", "Ата Мекен" чогулуп, "Ата Журтту" оппозицияга түртүп чыгараары айдан ачык болуп калды. Бирок, бул компания коалициялык келишимдин долбоорунда жазылгандай, өкмөт башчылыкка бирдиктүү талапкерди алып чыга алышпайт. "Республика" же айрым фракциялар Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоп, "жумшак рейтинг" менен алып өтүүнү үмүттөнүшөт. Ишенчээк жандары...
"Ар-намыс" Жапаровду алып чыгышпаса дагы, КСДПга жол бошотушу күмөн. Бирок, эгерде Чыныбай Турсунбековду спикерликтин жанынан алып өтүшкөндө да, ал да жөн турбай, жок дегенде премьер болуу аракетин баштайт.
"Жападан жалгыз Бабановду ызычуулуу "атамекенчилер" колдойт" деген болбогон кеп. Текебаев үчүн Бабанов кызыл чүпүрөк сыяктуу эле кыжыр келтирген бир элес. Себеби, алардын өздөрү премьерлик дегенде эки көздөрү төрт болуп турушат. Бирөө же экөө эмес, үйүр тобу менен. Жоомарт Оторбаев тымпыйып күтүп атса, Равшан Жээнбеков "талапкерлигимди коем" деп ачык эле жар салып ийди. Демек, коалиция туулбай жатып туна чөгөт окшоп калды. Дегинкиси, "Ата Мекен" ишенимге арзыбай турган партия, себеби, Америкага жан тарткан партия катары Россия жана Казакстан менен консолидация бөлүүнү каалаган Кыргызстандан айырмаланып, алардын өз максаты бар. "Ата Мекен" АКШнын кызыкчылыгы үчүн өлкөнү кошуналары менен чатакташтыргысы келет. Бул фракция ушундай жоруктар менен алек болуп келген, эми деле ошонусун койбойт.
Башта айткандай, баарынан эң коркунучтуусу - трайбализм. Ташиев президенттик шайлоодон утулуп калганда, жердештерин көтөрдү эле, ырас аягына чыга алган жок. Келдибеков деген андан эки эсе авторитети күчтүү инсан. Ал үчүн түштүк түп көтөрүлүшү мүмкүн. А бул айткандай, трайбализмден улуттар аралык чагылыштарга чейин жетип кетсе кантебиз? Анда буга ким жооп берет? Боткону чалган КСДП менен Турсунбековбу же парламентке хаос уюштурган "Ата Мекен" менен Текебаевби? Булардын жоопкерчиликти мойнуна аларына күмөнмүн. Деги качанкыга чейин биздин саясатчылардын жеке амбициясы
токтоп, булардын кызыкчылыктарынан өлкө жабыркабай турган күн барбы?

"Белый парус"
сайтынан которулду






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??