Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_6.htm on line 2


п»ї
Калк тараза
Атамбаев мырза Казакбаевди тандайбы, же мамлекетчил Жекшенкуловдубу?
Экс-президент Роза Отунбаев кызматтан кеткени менен мансап кумарынан чыга албай, өз таасирин жоготкусу келбеген жагдайлар байкалууда. Маселен, ТИМ жетекчилигине Руслан Казакбаевди калтырууну көздөп, көшөгө артынан тескери оюнга кирип кетти (биртууган иниси Болот Отунбаев да Казакбаевди ачык колдоп, ММКларга мактап чыгууда). Таластык апчеси менен азыркы министрдин өткөндөгү жоругун көрбөдүкпү, жаңы шайланган президенттин инаугурациясына М.Саакашвилини чакырып салышып, Атамбаевди Орусия бийлигине жаман көрсөтүштү. Грузия лидери жөн келип кеткен жок, Кремль саясатын шыбаганга үлгүрдү. Тышкы саясаттагы мындай жаңылыштыкка качан баа беребиз? Тилекке каршы, Р.Казакбаевдин канча кемчиликтери болсо да, РИО таласташтыруу саясатын токтотподу. ТИМге инисин сактап калуу менен америкачыл саясатын уланткысы келип, Кыргызстандын тышкы саясатындагы багытын, позициясын арабөрк абалга, эки анжылыкка түртүп аткан чагы. Албетте, мындай көрүнүш осол болмокчу. Атамбаев Кремлге барып, Путин менен жолукканда да, эң башкы стратегиялык өнөктөшү катары Орусияны тааныган. Дал ушул мамлекеттик саясаттын негизин министр улантышы керек эле, бирок, андай болбоду. Андыктан, азыр бизге коалициянын куралышы менен жаңы министрдин көз караштарын тандоо зарыл. Маселен, Р.Казакбаев түркчүл-америкачыл позицияда болсо, ал эми дасыккан дипломат Аликбек Жекшенкулов улутчул, ошондой эле тышкы саясатта орусиячыл көз карашты жакын тутарын билебиз. Эл аралык саясатта мамлекеттин кызыкчылыгын туура жана түз багытта алып кетүү зарыл, анүчүн Кыргызстандын эң башкы дипломатын тандоодон жаңылбаш керек. Эми Атамбаев мырза кимди туура көрөт (?), позициясы туруктуу эмес, РИОнун жетегиндеги Казакбаевди тандайбы, же мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн Жекшенкуловду өзүнө тартабы? Көрө жаталык...

Alamankg.org




Эсиң барда...
Өмүрбек Бабанов:
"Эл ишенимин туура пайдаланалы"

Өкмөт башчылыгы, спикерлик креслого негизги талапкер катары саналып аткан фигураларга байланыштуу маалымат каражаттарында түрдүү аңыздар, суу кечпеген макалалар жаандан кийинки козу карындай жайнап кетти. Өзгөчө, премьер-министрликке №1 талапкер катары ысымы аталып аткан башбакандын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановго жөнсүз асылган макалалар сериясын кезиктирүүгө болот. Дал ушундай коомчулуктун башын маң кылган түркүн түстүү суроолордун жандырмагын Өмүрбек Токтогулович "Дело№…" гезитине курган маегинде кеңири чечмелеп бериптир. Анда эмесе, ошол макаладагы айрым орчуңдуу учурларга токтололу.

Эгемендикке ээ болгону түндүк-түштүк картасы айрым саясый оюнчулардын башкы куралына айланып калды. Бүгүнкү күндө да тар чөйрөдөгү кээ бир фигуралар көндүм адатынча эчак эскирген түндүк-түштүк картасын ала чуркап: "Түндүктүн кулуну президенттикке шайланды. Эми түштүктүн өкүлү өкмөттү жетектеши керек" деп ачыктан-ачык пикирин билдиришүүдө. Ал эми чындыгында карапайым калк эч качан экиге бөлүнбөстүгүн, мындай "илдетке" айрым саясатчылар гана чалдыкканын Өмүрбек мырза төмөндөгүчө баса белгилейт: "Тилекке каршы, регионалдык тема көпчүлүк саясый оюнчулар үчүн актуалдуу. Бирок, карапайым калк үчүн бул маанилүү эмес. Мунун далили катары президенттик шайлоонун жыйынтыгын алып карайлы. Алмазбек Атамбаев түштүктөн да биринчиликти алды. Ошондуктан, аймактык бөлүнүүчүлүктү токтотуу зарылдыгына ишенем. Саясый жана бөлөк мартабалуу кызматтарга өз ишин мыкты билген, дасыккан адистер дайындалышы керек. Бул жерде анын түндүктүк же түштүктүк экени маанилүү эмес".

Россия - башкы өнөктөшүбүз
Президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун позициясы көпчүлүк учурда дал келерин бир мисал тастыктайт. Алмазбек Шаршенович ант терүү аземинде Кыргызстандын негизги өнөктөшү - улуу Россия державасы болорун жар салган эле. Мындай бекем принципти Өмүрбек мырза да тутунарын анын кебинен улам билесиң. Буга карата суроого ал: "…Сырткы саясатка байланыштуу эч кимде суроо туулбайт: стратегиялык партнерубуз Россия, кошуна өлкөлөр менен достукта жана биримдикте карым-катнаш түзүшүбүз керек. А демократиялык принциптер батыштын стандартынын алкагында куралат" деп конкреттүү жооп узатыптыр.

Батыл реформалар жасалат!
Кыргыз өкмөтүнүн эң негизги милдети - Кыргызстан мамлекетинин экономикасын өнүктүрүүгө багытталганы талашсыз. Ал эми жыл башында түзүлгөн курама өкмөт аз убакыт ичинде кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жасай албаса да, реформаны көздөй алгачкы кадам шилтеди. Эң кызыгы, ири өзгөрүү болбогонун Бабанов өзү деле танбайт. Анын айтымында, сапары карып бараткан жыл өткөөл мезгилге туш келгендиктен экономика жаатында батыл кадамдарды жасоого жеткиликтүү шарт түзүлбөптүр. Мындан ары эми кардиналдуу реформаларды жүзөгө ашырууга мезгил бышып жеткенин премьер-министрдин милдетин аткаруучу кошумчалайт. "…Учурда элдин президентке болгон ишеними чоң. Биз муну туура пайдаланышыбыз абзел. Бүгүнкү күндөгү биздин башкы максат - жашоо турмушубузду реалдуу өзгөртүү. Анүчүн, күтүүсүз кадамдарды жасоо зарыл. Эгер мен өкмөт башына келсем, мындай батыл кадам таштоого милдеттүү болом. Дагы бир жолу кайталап коеюн, эгер биз реформатордук кадамдарды жасабасак, анда баягы эле калыбыбызда жүрө беребиз" дейт ал. Сөзүн андан ары улаган Өмүрбек мырза туристтик тармакты өнүктүрүү багытында виза режими алынып салынганын, натыйжада кээ бир чиновниктер, депутаттар муну туура эмес кабылдаганын, бирок, коомчулук мындай күтүүсүз кадам өз убагында жасалганын түшүнгөнүн айтат. Ошондой эле унааларды техникалык кароодон өткөрүүнү токтотуудан оң натыйжа чыкканын билдирет. Жогоруда атап өткөн иштер реформанын башаты гана болорун макаладан таасын байкайсың. Алдыда мындан дагы ири өзгөрүүлөр күтүп турганын Ө.Бабанов ачыктайт. Ал кишинин белгилешинче, реформа алгач күч түзүмдөрүнөн башталмакчы. Анүчүн, мамлекеттик авто инспекция (МАИ) системасын түп тамырынан бери жаңылоо зарылчылыгы күтүлөрүн башбакандын милдетин аткаруучу мындайча кабарлайт: "Көчөлөрдө МАИчилер радарлары менен турбайт. Көчөлөр электрондук системадагы видеокөзөмөл менен жабдылат. Албетте, бул МАИ кызматкерлеринин нааразычылыгын туудурат. Бирок, элге мындай реформа жагат деп ойлойм". Макалада билим берүү, медицина жаатындагы көйгөйлөр да көңүл сыртында калбаптыр. Өмүрбек мырзанын айтымында, бүгүнкү күндө мектептерде жылына 1200 саат окутулат экен. А өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге аз, 600дөн 750 саатка чейин барабар. "Эмнеге? Себеби, бизде мугалимдердин айлыгы сабактын саатына жараша өлчөнөт. Ошол эле маалда окуучулардын денсоолугун унутпайлы. Андыктан, бул көрүнүштү жоюшубуз керек. Билим берүү системасын сабактардын убактысына эмес, анын эффективдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулушу абзел" дейт ал. Медицина системасы дагы кардиналдуу өзгөрүүлөргө муктаж экени калетсиз. Медициналык тейлөө кызматы мамлекет тарабынан каржылангандыктан, бекер дарыланабыз дегенибиз менен, көпчүлүк учурда ак халатчандардын алкымын майлоого туура келерин эч ким танбас. Акчаң болбосо, өз денсоолугуңа жеткиликтүү кам көрө албай турганың белгилүү. Мына ушундай аянычтуу көрүнүштү Өмүрбек Токтогулович жүрөгү менен сезгенин анын айткан кебинен байкаш оңой: "Медициналык тейлөөнү түп тамырынан бери жаңылоо зарыл. Албетте, баары эмес, көпчүлүк врачтар оорулуудан кандайдыр бир өлчөмдөгү каражат алган соң гана ордунан козголот. Врачтар аргасыздан ушундай кадамга барууда. Себеби, алардын расмий маянасы күнүмдүк жашоого жетпейт. Биз медициналык камсыздоонун европалык моделине өтүшүбүз керек. Бул пенсионер жана жумушсуз жарандардын кызыкчылыгын камтыган өтө татаал, комплекстүү реформа".

Өлкөнүн тагдырын ойлойлу
Мамлекеттик масштабдагы жооптуу кызматтарга адамдарды тааныш билиштик түшүнүктүн аркасында тартылышынын кесепетинен ушул күнгө тушуктук. "Мындай ыкма жаңы өкмөттү куроодо дагы колдонулбайбы?" деген суроо элдин жүрөгүн өйүүдө. Бирок, мындан ары андай көрүнүшкө жол берилбесин Ө.Бабанов интервьюда ачыкка чыгарыптыр. Анын пикиринде, өкмөт курамына өз ишин мыкты билген адистер, алдыга койгон максатты так аткарган адистер тартылышы талапка ылайык. "Менин критерийиме жооп берген өкмөт менен кызматташууга даярмын. Өкмөт коюлган талаптарды аткарууга милдеттүү. Кеп өлкөнүн тагдыры тууралуу жүрүүдө" деп сөзүн жыйынтыктады Бабанов мырза.

Акылбек Жакыпов







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??