Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_5.htm on line 2


п»ї
Жыртык тепши өкмөт отчет бербейби?

Президенттик шайлоо астында Алмаз Атамбаев "мен өкмөттүн иши боюнча жоопкерчиликтен качпай, шайлоо бүткөндөн кийин ишимди улантам, жоопкерчилик менин моюнумда" деген сыяктуу бир топ сөздөрдү айткан. Бирок, убакыт деген учкан куш экен. Шайлоо да бүттү, андан кийин саясый оюндар курчуду, парламенттеги чабыш, эми "устукан" талашуу... А элдин камын ким ойлойт? Өтүп бараткан жыл боюнча өкмөттүн отчету кана? Ким жооп бериш керек? Атамбаевби, Бабановбу? Мына ушул суроонун айланасында айрым эксперттердин пикирин уктук.


Жумакадыр Акенеев, экономика илимдеринин доктору:
-Эми Атамбаев президент болуп калды, өкмөттүн отчеттун Жогорку Кеңешке келип, премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары Бабанов берет го... Менин оюмча, жыл жыйынтыгы кылып, 10-январда Өмүрбек Бабанов өткөн жылдын отчетун берет, ал эми Атамбаев болсо, эмки жылга кайрылуу жасаса керек. Бирок, ага чейин жаңы премьер-министр шайланып калса, анда кызык ошондо болот...

Бекбосун Бөрүбаев, юридика илимдеринин доктору:
-Бүттү эми, биз Атамбаевден отчет ала албайбыз. Анткени, ал президент болуп кетти. Анын ордуна отчет бере турган киши - Өмүрбек Бабанов. Азыр коалиция тарап атпайбы, ошонун астында "бир жыл ичинде эмне иш бүттү, ички дүң канчага өстү, канча төмөндөдү, тышкы карызыбыз канча, ички карызыбыз канча?" экенин айтышса болмок. Антип айтпай атпайбы. А аны Жогорку Кеңеш сурашы керек болчу. Жогорку Кеңешти кейпин карагыла, устукан талашып жатышат (кыргызчасынан). Эми ушуну менен жүрө берип, жаңы премьер шайланып калса, мисалы, Эшмат дейли, ал кантип отчет берет? Кечээ эле келген киши болсо. Жаңы премьер болуп ким келсе да, ал отчет бербейт да. Ал айтат: "урматтуу депутаттар, мен отчетту бир жылдан кийин берем. А программамды болсо айтайын" деп.
Бул боюнча Конституцияда жазылган. 85-берененин, 2-пунктунда. "Премьер-министр ежегодно представляет в Жогорку Кеңеш отчет о работе Правительство" деп таамай жазылып турат. Декабрь болсо бүткөнү калды.

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору:
-Алмаз Атамбаев президент болуп кеткени менен өкмөттүн аппараты, ар кайсы тармак боюнча иш алып барган адистер бар да. Атамбаев премьер-министрликтен кеткени менен анын бир жылда кылган иш-аркеттери, бюджети документ болуп тиркелип кала берет да. Анан жөн эле "Атамбаев өзү келип отчет берсин" деп кыса берген туура эмес. Болбосо, бул маселени шайлоо убагында көтөрүп чыгыш керек болчу...
Анан "отчетту ушул жыл бүткүчө берүү керек" деген, кээ бир бюджетти, экономиканы туура түшүнбөгөн депутаттардын кылып атканы да. "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт, аял көрбөгөн сүйүп өлтүрөт" дегендей болуп. Бардык нерсе өзүнүн системасы менен кетиш керек. Өкмөттүн жарым жылдык, бир жылдык деген отчеттун нормативдери бар. Кези келсе, отчет бере беришет.
Өтүп бараткан жылдын жыйынтыгы январь айынын этеги менен айтылса керек.

Өмүрбек Абдрахманов, Жогорку Кеңештин депутаты:
-Азыр "жаңы коалиция, жаңы спикер, жаңы премьер-министрди шайлайбыз" деп алаксып калып, учурда ушул маселе көлөкөдө калып калабы (?) деп коркуп жатам. Атамбаев болсо, чоңоюп кетти, эми ал кантип отчет берет. Бабанов болсо, "мен баарына жооп бере албайм" деп чыгат. Биз жайында эле "отчет бергиле?" деп келтире албай койдук эле. Эми ушундай кырдаалда келишмек беле? Жакында "бюджет дефицит" деп бул боюнча дагы бир ызы-чуу чыкпаса болду. Ошондо эле чечилбесе...

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:
-Негизи моралдык жактан алып караганда, бюджетке Атамбаев жооп бериш керек. А юридикалык жактан азыр иштеп жаткан премьер-министр жооп бериши шарт. Бул жерден ушинтип экиге бөлүп карасак болот. Менин оюмча саясый элита экиге бөлүнүш керек. Биринчиси, реформаторлор (булар эки революцияга салым кошкондор), экинчиси, консерваторлор (булар эки бийликте тең иштешкен адамдар) болуп. Антпесе, баары аралашып, элдин эмес, серепчилердин башы айланып калды. Булар ошентип бөлүнүп иштешсе, ким кандай иштеп атканы да конкреттүү көрүнүп турат. Мисалы, өлкөнүн отчетун Атамбаевден сурайын десең, ал "Ата Журт" партиясынын адамдарынын көбү министрликте иштешкен. Алар да жооп беришсин" десе, "Ата Журттагылардан" сурасаң, "азыр коалиция тарады, башкаруучу коалицияда эмеспиз " деши мүмкүн. Андыктан, реформаторлор бийликке келсе, консерваторлор оппозицияда болуп, консерваторло бийликке келсе, реформатолор оппозицияда болушу керек. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Россияда ачык эле ошентип бөлүнүп алышкан. Ошондуктан, аларда өлкөнүн саясаты иреттүү жүрүп жатат. Азыр бизде не болуп жатат? А биздикилер эптеп эле, башкаруучу коалицияга киргилери келишип, тырмышып эле атышат.

Табылды Акеров, тарых илимдеринин кандидаты:
-Негизи бюджетти жылдын аягына чейин талкууга алып, натыйжасын чыгарыш керек болчу. Азырынча жоопкерчилик премьердин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдо болууда. Бирок, азыр коалиция, жаңы спикер жана башка иштер менен Жогорку Кеңеш кыйсыпыр түшүп аткандыктан, отчет берүү бир аз кечеңдеп калат окшойт. Бирок, элдин айтымында, премьер болуп Бабанов өзү эле шайланат (!) деп атышпайбы. Бул өңүттөн алып караганда, Жогорку Кеңеште кайсы маселени алгач профильный комитет караш керек (?), өзүнүн процедуралары бар болгондуктан, азыртан эле өкмөт Жогорку Кеңешке жөнөтө берсе болот. Алар тааныша беришсе, анан буюрса, жаңы жылдын асты менен жаңы коалиция түзүлүп, жаңы спикер шайланып калса, талкууга алып чыкканга жеңил болмок дегеним. Анан ошол отчет жагабы-жакпайбы, ал башка кеп.

Токойбек Тентеков, саясый серепчи:
-Азыр өкмөттүн ишин өргө тартып, карапайым элдин жашоо-турмушун ойлогон адам жок. Саясый элита бузулду, интрига, ушак-айың менен гана алектенип калышты. Анан бирине-бири ор казат. Кызматты талашуунун эң жаман үлгүсүн көрсөтүүдө. Баягы тарп талашкан жору, чөө, деги койчу, ач калган жырткычтарды элестетип. Жогорку Кеңештеги оюндарга тоюп бүттүк, ушулар элге күйүп атышабы? Жок! Жеке кызыкчылыктары менен саясый күрөштүн кумарына батып жүрүшөт. Мындай шартта өкмөттүн отчетун угууга Жогорку Кеңештин да кызыга турган түрү жок. А өкмөт да эл астында эмне иш кылганын ачыкка чыгаргысы келбейт. Шүк отурушат. Жоопкерчиликтен баары качышат, бири-бирине шылташат. Былтыр эл элегинен өткөн беш партиянын ишмердиктерин көрдүк, алардын ичинен түзүлгөн коалициясы да жыргатып иш кылган жок. Атамбаев иштемиш болуп, анан президенттик орунга жылт койду. Эми Бабанов отчет береби?
Кыскасы, кыргыз элине кыйын эле болчудай...

Эльмира Мадиева






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??