Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_22.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_22.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_22.htm on line 2


п»ї
Эр тайын тартат
"Эр тайын тартат" дегендей, белгилүү саясатчы Адахан Мадумаровдун биртууган жээни, ырчы KG Элмурат саясатка кызыгып, андан кабардар болуп турбаса кадимкидей ооруп калаарын жашырбайт. Ошону менен бирге, өткөн ишембиде жергиликтүү телеканалдардын бириндеги "Ишемби күнү кечинде" деген программада алпаруучунун интелектуалдык, логикалык жана тарыхка байланыштуу суроолоруна жооп берип бүтүп, берүүнүн шарты боюнча өзүн журналист катары сынап көрдү. Ар кайсы тармакта өзүн табууну көздөгөн Элмурат, сөзү, обону Мухтар Атаналиевге таандык "Өмүр" деген тарбиялык мааниси чоң ыр жаздырды.


Асел сүйүүсүн казак жигиттен таап...
"Арууке" бий тобунун солисткасы, модель Асел Койчиева бир нече ай мурда бизге "сүйүүнүн даамын таптакыр татып көргөн эмесмин" деп интервью бергени эсиңизде болсо керек. Андан соң Асел сулуу ыйык сезимге кабылып, 17-декабрда 30 жаштагы Амир аттуу казак жигит менен турмуш жолуна аттана тургандыгын бизге сүйүнчүлөдү. Эки жаштын үйлөнүү тою "Алтын Казына" ресторанында өтмөкчү. Кыздын курбусу ырчы, актриса Гүлнур Асанова болсо, тамадалык милдет алпаруучу Нурзат Токтосунованын мойнуна жүктөлүптүр. Эмне демекчибиз, көшөгөңөр көгөрүп, куш бооңор бек болсун!


Ди-джейликтен дикторлукка
Алгач "Сезим" радиосунда эмгек жолун баштап, кийин "Тумарда" сайрап, угармандардын кызыгуусун арттырган Адилет Аденисов радиону таштап, биротоло телеге ыктоону чечиптир. Тагыраак айтканда, бир айдан бери ЭлТР телеканалындагы "Күндөлүк" маалымат программасын орус тилинде алпарууда. "Кечке көңүл ачуучу берүүлөрдө жүрө бербей, олуттуу программаны алпаргым келди. Биринчи келгенде камеранын сүрүнөн толкундандым. Азыр көнүп калдым" дейт, экс ди-джей.


Самат кафе ачты

Стилдүү ырчы Самат Дөөлөтбаков үйбүлө кургандан кийин чыгармачылыктан алыстап кеткенин баамдасаңыз керек. Себебин сурап ырчы менен байланышсак, "Эртеден кечке "Демир кыргыз" банкында иштейм. Андан сырткары жубайым экөөбүз "Лан магазин" деген журнал ачып, аны менен бирге кафе иштетип атабыз. Сахнадан бир аз алыстап, пайдалуу жумуш жасайын деп чечтим. Бирок, жаңы жылга карата уюштурулган майрамдык берүүлөрдө мени көрө аласыздар. Чакыруулар түшүп, азыркы убакта ыр жаздырып атам" дейт.

Султан, Динара, Абидин чогуу ырдашат
15-16-декабрда Филармониянын чоң залында "21-кылымдын жылдыздары" долбоору 15 жылдыгын белгилеп, оркестрдин коштоосунда өзгөчө кече тартууланат. КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова бул концертке катуу даярдык көрүп аткан экен. "Мен Султан Каримов, кызым Малика, Абидин Темиров болуп ырдайбыз. Азырынча кайсы ырды аткараарыбыз сыр болуп турсун. Андан сырткары, жаңы жылдык кечелерге чакыруулар көп болгондуктан, жетишпей чуркап жүрөм. Ылайым эле жакшылыктар көп болуп, биз дайым кызмат кыла берели" дейт ырчы айым.


Жаңы жылда "Чиновниктин сүйүүсү" жаңырат

Улуттун жүзү болуп саналган Коомдук биринчи канал ар дайым жаңыланууну көздөп, жыл сайын жаңы жылда өзгөчө сюрприздерди тартуулап келет. Бул ирет "Жаңы жылдык көгүлтүр от" майрамдык берүүсүндө дүйнөлүк жана Азия хиттеринин обонуна пародия жазышып, эстрада жылдыздары дуэт, трио, квартет, квинтет болуп аткарышмакчы. Араш жана "Блестящие" тобунун аткаруусундагы "Восточные сказки" ырына "Чиновниктин сүйүүсү" деген ыр жазылыптыр. Тамашалуу текстке көңүл буруңуз:

Жигит: Эй, сулуу кыз мени уксаң,
Жанымда бийлеп турсаң
Менин жаш аялым бол,
Биринчисин унутам.
Кыз: Аялыңды унутпа,
Үй-бүлөңдү курутпа...
Галстукчан чалга тийбейм
Жаш жигиттер турушса...

Кинокомедия андай эмес мындай болот

Роза Отунбаеванын үнүн өзүндөй кылып туураган куудул Талант Анарбаев учурда "Айылдан айга" деген комедия жанрындагы кино тартуу менен алек. "Айрымдар "кинокомедия" деп, болбогон кино тартканды модага айландырып алышкандай, "чыныгы комедия андай эмес, мындай болот" деп көрсөтүп коёюн дедим. Тасманын режиссёру Шухрат Азимов, ал эми сценарийи мага таандык. "Эмгек кылсаң, баардыгына жетесиң!" деген ойду күлкүлүү эпизоддор менен жеткиргенге аракет кылдым" дейт, Анарбаев. Баса, куудулдун жубайы Миргүл 8-декабрда көз жарып, Талант мырзаны сүйүнткөнүн кошумчалай кетели. Кичинекей Элтуран кыргыздын керегине жараган жигиттерден болсун!










кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??