Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_20.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_20.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_20.htm on line 2


п»ї
Атамбаев мырза, УКМКга алтымыштан ашкан Атахановду ишке койдуңуз. Эми токсондон ашкан Усубалиевди жумушка албайсызбы?
9327. Эл көп өткөн чоң көчөдө кыз-жигиттерибиз кучакташып, өбүшүп турушат. Чоң ата, чоң апалар өтүп жатса деле уялып коюшпайт. Аны көрүп кийинки "балапандар" да ошондой болуп калышат го? Айланайын ини-карындаштарым, ойлонуп иш кылгылачы. "Сүйүү деген сүйүү эмес эринден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден" деп Алыкул агайыңар бекер айтпаса керек. Сүйүүнүн да азап-тозогу болот. Ошого туруштук бере албай, кийин "ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен. Отуз жаштын улам ары, улам ары жагында" деп ырдап жүрбө. Ошон үчүн өбүшүүгө эмес, жакшы мамилеге жана бири-бирин түшүнүүгө үйрөнүш керек.
Текелди, Талас

9328. Акаев эл байлыгын талатты. Бакиев үйбүлөлүк бийлик орнотту. Отунбаева элди экиге бөлдү. Көрсө бизде, илибой киши деле ажо боло берет турбайбы. "Боло берет турмушта, особенно кыргызда" дегендей.
Саке

9329. Куранда "Биз адамды жасоодо топуракты суу менен жууруп, келбет, сүйлөөгө көмөкөй берип жараттык" деп жазылган аят бар. Чынында эле Алла Таала "басып жүрсүн" деп бут берди, кол берди, баш, өпкө, жүрөк ж.б. адам баласына керектүү нерселердин баарын берди. Анан кантип Кудайга ишенбейсиң? Кудайга ишенгиле. Ал силерге көбөйсүн деп тукум берди. Аллага сыйын.
4750 абоненти

9330. Казакстанда 17 миллион калк жашайт. 107 депутат шайланат. Башка мамлекеттерде мындан да аз. Кыргызстанда 5 миллион калкка 120 депутат шайланат. Анын ичинен 20-30 депутат аракет кылып иштеп жатат, калганы эмне кылып жатат белгисиз. Алардын санын 50 адамга кыскартып, медиктердин, мугалимдердин айлыгына кошуш керек.
Текеш

9331. СНБ башчысы Атахановдун бир ооз кыргызча сүйлөгөнүн көргөн эмесмин. Анан кантип улуттук коопсуздугун коргойт болду экен? Же бу жагынан адис болбосо...
Козу

9332. Сүйүүбүз тааныштырган күндөн баштап,
Дүйнөдөн кайтканына чейин таштап.
Өткөрүп көз алдыман кино сымак,
Тутана күлүп, түтөйм көздү жаштап...
Эркин Жаныбеков

9333. Мамлекетибиз жылына 30 пайыздан берген кредиттерди төлөй албай, айына 30 пайыздан акча берген кан ичерлерден акча алып, кредиттерибизди жаап жатып, карызга белчебизден баттык. Буга кимди күнөөлөйбүз?!
Наристе

9334. Ташиев "Азаттык" радиосунан берилген суроолорго жооп берип атат. Өтө так жана чечкиндүү, ишенимдүү сөзүнөн, кыргыздын боло турган адамы экенине ишенесиң. Башкаларчы?! Бир суроого бир топ онтолоп, "мм", "ии", "ыы" деп атып, чечкиндүү жооп айтышпайт. Айтса да аны жазашпайт...
0728 абоненти

9335. Эй кыргыздар, кошоматчылыктан качан кутулабыз? Бүгүн Атамбаевди мактадыңар, эртең Бакиевди мактайсыңарбы?
1948 абоненти

9336. Текебаев менен Атамбаев, силер Бакиевди кетириш үчүн жүздөгөн күнөөсүз адамдарды окко айдап бардыңар. Бөлөк жол издешиңер керек эле.
Умай эне

9337. Эй Текебаев, Акаевге ор каздың, Бакиевге ор каздың, эми Келдибековго ор казып жатасың. Мунусун тереңирээк каз. Себеби, өзүң түшөсүң.
Умай эне

9338. Атамбаев мырза, алтымыштан ашкан Атахановду УКМКга ишке койдуңуз. Эми токсонго чыккан Усубалиевди дагы ишке коесуңбу?
9779 абоненти

9339. Текебаев менен Бабанов кол кармашып кетсе, Текебаев партиялаштарын сатып кеткен болбойт. Мамлекет башкарган адамдар талаш-тартыштан бет карашпай кала берсе, өлкөдө кандай биримдик, кандай өнүгүү болот? Ошентип биринин катасын бири көргөзүп турса жакшы эмеспи. Алар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн соттошуп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жарашышы керек. Жеке кызыкчылыкты бийик койгон саясатчылар бири-бирине болгон таарынычты жаза албай, кызмат бөлүштүрүүдө да мамилесине карашат. Жеке мамиле менен татыксызды кызматка алгандан көрө, иштин көзүн билген душманын кызматка алганы артык. Демек, Текебаев менен Бабановдун бирге иштешүүсүнөн өлкө оң жолго бурула турган болсо, анда ал кадам кимге жаман? Албетте, Бакиевдин эл бузарларына жаман. Кыргыз элине жакшы. Алардын калыптанган менталитети, элге кызмат кылымыш болуп, "жесем, байысам, баарын өзүм бийлесем" дешет. Ал күндөрдү артка клтырган, бүгүнкү күндү Кудай кут кылсын. Баары мыйзам чегинде.
Улан, Нарын

9340. Жалгандан "О" тарапка учуп өлмөк,
Өмүрдүн тоосун келем жалгыз өрдөп,
Жанымда сен жок жүргөн жөлөп-таяп,
Жашымдан карыганча болуп өрнөк.
Эркин Жаныбеков

9341. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Таалайбек Рысбеков 2010-жылы 6-апрель күнү Таластагы көтөрүлүшкө катышып, милийсалардан таяк жеп, мээси козголуп, баш оорулуу болуп калган эле. Ошонун азабынан 2011-жылы март айында каза болду. Таалайбек дүйнөдөн кайтканда, "атамекенчилерден" эч ким келип, топурак салып, бата кылышкан жок. Ойлонот экенсиң. Бөлөк курман болгон катышуучуларга "баатыр" деп наам берип, миллион сомдон акча берилди. Ал эми Таалайбекке "баатыр" деген наам да, акча да берилген жок. Жада калса ысымы да аталган жок. Эй бийликтегилер, Таалайбекке да жок дегенде бирдеме ыроологула, ушундай жигиттин эрдиги аркасында азаттыкка келип отурабыз. Унутка калтырбагыла.
М.Ж.Талас

9342. Абдыке,.. Коля
Билинбей кетти кабарың,
Абдыке кандай абалың?
Дайынын билип койбойсуң,
Абакта жаткан баланын.
Миллион жолу айтсам да,
Кызарган жок го "жанагың".
Кайдан алар билишсин,
Турмуштун сыноо сабагын.
Эч кимге ыраа көрбөймүн,
Мен көргөн түрмө камагын.
Башкалардан кыйла өйдө,
Абдыке,.. Коля экөөң жарадың!
Ырахмат айтып тиледим,
Экөөңө денсоолук жандын аманын.
Кырма

9343. Текебаев, сиз эч качан лидер боло албайсыз! "Ака-үкаларымдан көрө бияктыктар жакшы" деп оозуңуздан жаңылгансыз. "Өз агасын агалай албаган киши, өзгөнүн агасын сагаалайт" болуп, өмүрүңүз өтүп кетет.
Мойдунбек

9344. Текебаев, сиз "Алтан балык" жомогундагы жыртык тепшинин алдында калган кемпирдин кейпин кийип каласыз. Бул 100%!
Мойдунбек

9345. Мен Мойдунбекмин. Бирөөнүн атын эч качан жамынган эмесмин. Атышсаң атышам, кырылышсаң кырылышам!
Мойдунбек

9346. Мен бир кездерде Текебаевге ишенчүмүн. Кечээ Келдибековго койгон чабуулунан кийин биротоло түңүлдүм.
2605 абоненти

9347. Урматтуу 9136 абонентиндеги Шаке, "жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан да ийинен чыккан" дешет. Ушу сиз деле эгер оор келбесе кичине маданияттуурак эле жазсаңыз болмок. Ошол айбан өзүңүз болуп жүрбөңүз?!
Кыргызымдын кызымын

9348. Айымдар кечиришер мына буга,
Коомго да көрүнүшкө көңүл бура.
Улуттук көркүбүздү жерибесек,
Кундуздай чачты ар кыл өңгө бура.
4616 абоненти

9349. Атамбаев кечээги шопуру Икрамжанды президенттик аппаратка орунбасар кылып дайындады. Мына сага! "Эшегине жараша тушагы" дечү беле?
Кара Саадак

9350. Жаңы жыл боло электе эле тарсылдак көбөйүп кетти. Байкабай кетип баратсаң, жаш балдар күйгүзүп туруп ыргытып коет. "Тарс" деп жарылса, оңбогондой чочуп кетесиң. "Чоң ата булганып калды" деп боору катып күлүшөт. Ачууланып кубаласаң, баары бир жетпейсиң. Үйүнө барып атасына айтсаң, алар да "ошого эле коркуп кеттиңизби?" деп күлүшөт. Ой ачуум келет. Анан ичимен "шашпа, аялың челкейип боюнда болгондо, дагы бир чечек мени коркуткандай коркутуп, боюнан козголгондо..." деп тим болом.
Илбирс

9351. Жаңы бийлик келди. Эми эски кызматчылар кетип, жаңы кызматкерлер келет. Анан кызматтан кур калгандар эл таламын ойлогон, элдик киши болуп, оппозицияга айланат. Алар оппозиция болуп деле эч кимди жыргатпайт. Баягыдай эле көрүнүш. Чоң ишке туруштун амалы да. Ошону үчүн бири кетсе, кайта эле башкасы келип, баягыдай эле болуп жатпайбы. Дагы эле элди ойлогон элдик кишиден оппозиция чыкпайт. Күчтүү бирөө чыгып, элди башка жолго бурбаса болбой калды.
Илбирс

9352.Чыныбай Турсунбеков, ун саткандан көрө бийликтин даамы ширин бекен? Кебегиңди эле сатып жүрө бербейсиңби?!
Мойдунбек

9353. Текебаев, Келдибековго асылганыңды токтот. Атамбаев, биз силердин "турецкий" планыңарды билебиз. Текебаев - спикер, Бабанов - премьер-министр болгону тытынып атасыңар!
Алай-Чүй

9354. Алтыным Астра, айтам сага аруумду, сен бар үчүн дүйнө сулуу!
Мистер Жек

9355. Мен Гүлнур Асанованын талантына аябай баа бердим. Мындай таланттуу кыздар бизде аз. Мамлекет ушундай таланттуу кыздардын баркына жетпей жатпайбы. Адамды ыйлаткан рольдорду чегине жеткире аткарганы өзүнчө эле чоң эмгек. Азаматсың Гүлнур, бар бол, аман бол! Сени 2-3 жолу көрдүм. Бирок, жолукканга мүмкүнчүлүк болбой калды. Аман болсок көрүшөрбүз!
Жоки, Ат-Башы

9356. Урматтуу Ч.Жалилов! Сиз "Санжыра" радиосунан телефон аркылуу элдин суроолоруна жооп берип жатып, чоң ката кетирдиңиз. Бир аксакалдын суроосу үчүн ага катуу тийдиңиз. Менин берген суроомо "жок аял беш маал намаз окуш керек, жоолук салабы, салбайбы, мен айта албайм" дедиңиз. Куранда так даана жазылып турат. Аял (айыз келип) кандайдыр бир себептен намаз окубай калышы мүмкүн. Бирок, жоолук коюу мүмкүн эмес. Себеби, "жоолук салынуунун өзү ыйман жаратат" делет. Сиз тетир жооп бердиңиз. Пайгамбарыбыз айтат: "Ким Куранды бурмалап элге түшүндүрсө, ал менин үмөттөрүмдөн эмес" дейт. Анда сиз кимдин үмөттөрүнөн болуп каласыз? Мен намаз окубайм. Себеби, сөзү Куранга тетир, жүрүм-туруму шариятка тетир молдолорду көп көрөм. Аларга окшобой, жөн эле адеп-ахлакты үйрөнүү үчүн Куран, Хадис, Библия сыяктуу китептерди окуп турам.
Базаркул

9357. Калкыбыз татыктууну тандап тапты,
Алмазга тартуулашты хандык такты.
Алдыңкы өлкөлөргө кошулабыз,
Уламкы эртеңибиз болуп таттуу.
4616 абоненти

9358. Папам Нурланга, Мамам Айнурага, эжем Зулайкага, жездем Маратка, байкем Нуржанга, карындашым Санирага, иним Талантка жана кичинекей жээним Розага салам жолдойм. Ишиңерге ийгилик каалайм. Эч качан оорубагыла, бар болгула жана бай болгула!
Бекжан

9359. "Ата Мекен" ак жолуңдан кайтпа! Биз сени мененбиз!
Революционер

9360. Салам СМСчилер! Баргы, сен жоголуп кетпе. Самара, биз бир кайыктабыз. Текелди, "илгери" деп баштаган СМСтериң жакшы. Патриот Х, чын эле патриотсуң. Бекен алга! Мойдунбек, Кара Саадак, сага бали! Улан, Нарын - азаматсың! Максат, Нарын - көйгөйдү жазганың жакшы. Муса, сенин кошунаң да жакшы. Айылчы, сенин айылдан сүйлөгөнүң жакшы. Акун Жалал-Абад, сага сөз жок алга! Улутман, китептин кемчилигин айтканың жакшы. Памир, Чоң-Алай, сөздү уйкаштырып жазганың жаман эмес. Кыргыз, чыныгы кыргызсың. Курчу, сөздү курчутканың жакшы. Базаркул, чындыктан айтканың жакшы. Сүйүнбай ырларың сонун. Таке, жазып тур. Айгыр, сага кызыккандар көп экен. Бермет, сөздү акырын кыйытып жазганыңды жактырам. Тилек, Шекафтар, сен жактагы чек ара, уран калдыктары жөнүндө жазсаң сонун болот эле. Психолог, сен бизге керексиң. Данияр, "Учурдан" өз жарыңды тапканың үчүн бактылуусуң. Жаңы жылыңар менен!
Пенде

9361. Комедия - 3, мелодрама - 7, ужас - 176, эротика - 192. Бул "Пирамида" каналына жиберилген СМСтердин саны. Кайда баратабыз?
Демилге

9362. Ыраакы чыгыш менен Сибирь Европага карап калыптыр. Ишенбесеңер Актан менен Акылайдын эжекесинен сурагыла.
Демилге

9363. "Азаттык" радиосунан бир аксакал айтып атат: "Азыркы кыз-келиндер чет өлкөгө акчалуу адамдарга тийип жашай албай келип атат. Кээ бир байлардын байлыгына кызыгып, жеңил жашоону эңсеп, жада калса үчүнчү, төртүнчү аялы болуп тийип атат. Өзү теңдүү колунда жок жигиттерди карашпайт. Айылдын турмушуна чыдабай, бир жыл жашап, аларын алып, силерге качып барып атат. Калп сүйлөшөт, мүнөздөрү куу. Анан кайсы укугун коргойсуңар. Ошол кордукту көрүүгө өздөрү себепкер" деп кейип атат. Дин мүдүрлөрү ушул сөздөрдү айтуунун ордуна, Куранда да тең укуктуулук жазылган деп жанын жеп жатышпайбы. Куранда ыйман жана эркек менен аялдын өз милдеттери айтылган. Укук деген бир сөз жок. Башкасын кой, Кудай деген молдолор Куранды бурмалап атышса, жер бетине Кудайдын мээрими эмес, каары тийеби деп өкүнөсүң...
Психолог

9364. Жылдыз Жолдошева деген бар. Курманжан энебизди бетине кармап алып жүрөт.
Ал энебиздин чыпалагына чак келбеси айкын иш.
Адилет

9365. Текебаевге Кыргызстандагы тынч жашоо жакпайт. Бу ниети жаманга уруш, жаңжал, ызы-чуу болуп турса, ошондон каниет алып, чыйралып, жашарып турат. Түлкүдөн айырмасы жоктой көрүнөт. Алайлыктар тытып таштаса да аздык кылат.
Бекен

9366. Салам "Учур" гезити! Сиздер чындыкты так жазасыңар. Атамбаевдин кадр саясатына каршымын. Кыргызстандын УКМКны Атахановго берди. Былтыркы июнь окуясын унуттуңарбы? Ойлонгула!
5075 абоненти
9367. Урматтуу мага асылган СМСчилер! Мен жазган СМСтин биринде да мактануу же орто деген түшүнүк жок. Силер сөздүн маанисине түшүнө бербейт окшойсуңар. Кино көрсөңөр, анын маанисине көңүл бурбай, сөлөкөттөрүн карап отура бересиңерби? СМСтеримдин баарын кайталап окуп чыккыла. Мааниси башка жакта жатат. "Айгыр" деп койсо, мени өзүңөрдөй ойлоп атасыңарбы? Экинчиден, өзүңөр иш жүзүндө секс менен алек болгондо уялбайсыңар да?! Силерди чагылдырып койсом, өз кылган сексиңерди өзүңөр окуганда уялып каласыңарбы? "Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат" болбогула. Тымызын иш кылган адамдан корк. Табият жараткан нерсени жашырсаң, турмуш өзү ашкере кылат. Андан көрө ойнош издеген аялыңардын дабасын кандырып койсоңор боло.
Айгыр

9368. Урматтуу Өмүрбек Текебаев, сиз өз кызыкчылыгыңызды ойлоп, "патриотмун" деп, Конституцияны одоно бузуп, өзбек тилине которуп, Түштүктө ала допучандар арасында чоң абройго ээ болгонсуз. Сизден сураныч, "Ата Мекен" партияңызды "Она Ватан" кылып, өзүңүздүн атыңызды фамилияңызды Умаржан Такажанов кылып өзгөртүп алыңыз. 20 жыл оппозицияда жүрүп, Кыргызстанга тырнактай пайда келтирген жоксуз. Же андай эмеспи?!
7001 абоненти

9369. 6815 абоненти, Таня менен гезиттен таанышкам. Телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Ага жолуксаң, сен да сүйлөшүп турмаксың. Жашаган жерин билбейм. Кутман, Наргуля дегендерди тааныбайм. Айгыр менен иш аркылуу жолугуп калам. Негизи жакшы бала. Бирөө сураганынан эки досумдун номерин берип койсом гезитке, кашасын чыгарып салды. Болгону ошол.
Пенде

9370. Сабыр Муканбетов ага сиз азаматсыз! Коркпой-үркпөй эле свежий ажону сындап атасыз. Бул жолу да абдан катуу жаңылдык окшойт. Акаевге, Бакиевге жүгүнгөндөр бүт жанына топтолушту!
Бекенов

9371. Бир уулум медиктердин шалаакылыгынан ийне аркылуу гепатит С группасы жугуп каза болгон. Бир да медик соттолгон жок. Врач "мен эмес, ийне күнөлүү" деп кутулуп кетти. Ажырашып, бир жашынан кызым колумда калды. Азыр 11де, 2-топтогу майып. Ага да жөлөк акчасына чуркаган эмесмин. Аны алуу үчүн эки эсе көп пара бериш керек. Аны алганы менен бир айлыгына бир китеп да келбейт экен. Ишке кайда барсам жетелеп барам. Бизде "отец одиночка" деген мыйзам жок. Бири-бирибизге жөлөк болуп оокат кылабыз. Азыр 3-класста окуйт. "Кызыңды кетир, анан жашайм" деген кыз-келиндерди көрдүм. Аялзаты ушунчалык мээримсиз болуп кеткенби? Батыштын психологоиясын кыргыз элине ыраа көрбөйм. Аларда мээрим, ыйман, ар-намыс деген түшүүктүн өзү жок. Азгырылбай өзүбүздүн жоголуп бараткан ыйык касиетибизди сактап калалы. Мен да 3 нерсеге өкүнөм. Шалаакы медикке, шариятты бузган молдого, мээримсиз аялзатына!
Психолог

9372. Нурик, таанышып албайлыбы. Менин атым Шыпыргы (азырынча). 25 жаштамын. Макул болсоң, жаңы жылды чогуу тосолу. Нурик, "Учур" гезитинин келерки санынан жооп күтөм. Жазып жибер.
Шыпыргы

9373. Аликбек Жекшенкулов мырза ТИМге чоң болсо, Кыргызстандын тышкы саясаттагы аброю көтөрүлөт эле.
8876 абоненти

9374. Урматтуу "Учур" жана СМСчилер, мен баарыңарды жакшы көрөм. Бар болгула, бактылуу болгула!
СМСчи

9375. Пендеге асылган адамдар адам эмес. Аны айбан катары кошуп койсо болот. Пенде андай жаман адам эмес. Анын СМСтерин жакшылап карап, окуп көргүлө. Силердей болуп эч кимге тийишкен жок.
Сырдуу кыз

9376. Ахматбек Келдибеков, сиз эч качан чөкпөңүз. Буюрса келерки президент сизсиз. Мага ишенип коюңуз. Эл да ишенет!
Бекенов

9377. Пенде менен дос катары сотка менен сүйлөшүп турам. Ал жакшы адам. Кутман, Наргуля, Айгыр, Баргы дегендерди көргөн эмесмин жана тааныбайм. Жазган СМСтерин эле окуйм.
Таня

9378. Апрель баатыры, каякка жоголуп кеттиң? Капа болдуңбу, ким сени капа кылды? Капа болбо, көңүлүңдү чөктүрбө. Апрель баатырлары болбосо, ким билет, жер үстүндө жашайт белек? Бар болгула баатырлар!
Изилдөөчү
9379. Урматтуу "Учур" гезити, силер менин СМСимди толук бербей атасыңар. Ойлонуп көрсөм, силер мени аяп атасыңар. Бийлик бул ажыдаар. Мен аны жакшы түшүнөм. Бир чымын ажыдаарга карап тилин соймоңдотуп койсо, анда ажыдаар ал чымынды жутуп коет. Аны билип, силер өзүңөрдү эмес, бизди коргоп атканыңарга таазим.
Психолог

9380. 8654 абоненти, 2012-жылды касиеттүү гений Нострадамус жазуу түрүндө калтырган. Анын айткандары ушул күнгө чейин так чыгып келген. Анын сөздөрү табышмактуу болгону үчүн окумуштуулар изилдеп көрүп, "комета жерге түшөт" деп жыйынтык чыгарышкан. Менин оюмча бийликтегилер жеп, тоноп, чет өлкөгө бекеринен качышкан жок. Орто Азияда чоң коркунуч бар экенин билип атышат. Коркпо, Кудай качканды эмес, калганды сактайт!
Базаркул

9381. 20 жылдан бери "коррупция", "мыйзам" деген сөзүңөрдү уга берип, кан басымым көтөрүлө берип, кыйналып кеттим. Адегенде алдыңарда жүргөн Иса Өмүркуловдун баласы 3 адамды өлтүрсө да, актап койгон сотторду соттогулачы. "Тумар" радиосунун үн операторун өлтүргөн зөөкүрдү соттогулачы. Аксыдагы 6 адамды жана 7-апрелдеги 90 адамды аттырган адамдарды соттогулачы, анан силерге эл ишенсин. Мени силердин эки жүздүү сөзүңөр өлтүрөт окшойт. Сураныч, башка лапшаңарга чыдайм. Коррупция, мыйзамдуулук жөнүндө сүйлөбөй эле жеп-иче бергиле! Силер өзүңөрдү өзүңөр шайлап алдыңар. Анча-мынча маңкурттар силерге кошомат болуп атат.
Пенде

9382. 7139 абоненти, "Ата Журт" партиясы бийликке келгенде Ташиев өз обещаниесин аткармак. Бийлик укугу жок эмнени аткаруу керек. Сен ал чындыкты азыркы бийликтен сура. Эгер жүрөгүңдө чындык, эл үчүн патриоттук сезимин бар болсо!
Азаркул

9383. "Учур" гезитин алуу үчүн 400-500 сом акча кетет. Андан сырткары, бир күндүк убактым коройт. Азыр гезит саткандарга алдын-ала акча төлөп коем, "келбей калсам, эски санын сактап коюңуз" деп. Кеткен акчага ичим оорубайт. Өткөн санын сактап койгон болсо, ошого сүйүнөм. Кимге кайсы саны керек болсо,
менде баары бар. Бирок, үйгө алып кетүүгө бербейм.
Пенде

9384. "Кандай адам президент болот?" деп атаман сурадым. Атам мындай деди: "Балам, жөнөкөй адам хан, мындайча айтканда, президент болбойт. Андан көрө кыргыз элиңдин амандыгын Алладан сура" деди. Кыргыз элим аман бол! Элим, жерим оңолот деген ниетим бар.
Дастан

9385. "Манас" аэропорту тараптан жер тилкеси сатылат, кызыл китеби бар.
Тел: 0779-20-00-71

9386. Кел-келдин заманы
Келдим эми, кетпейм деп,
Келдибеков тырмышат креслого.
Өйдө-төмөн жүрүш жасап,
Өзү ээлеп алгансып биротоло.
Абийири айрандай төгүлдү го.
Абалкыдай ишенет ким ошого!
Памир, Чоң-Алай

9387. 0770-14-37-42 телефондогу Өмүрбек деген жигит таанышам деп СМС жибериптир. Байкап көрөйүн деп СМС жазып жиберсем, ал киши мен эмес деп атпайбы. Анын үйбүлөсү бар экен. Кызык адамдар көп. Аялы бар туруп, келиндер менен таанышам деп СМС жазганына.
Бороон

9388. Такени дагы сынадым. Ал да "мен жазган жокмун" дейт. Алар таанышам деп жазбаса, ким жазды болду экен? Өмүрбек менен Таке, азамат экенсиңер! Ар дайым "таанышам" деп СМС жазып, ойнош издеп жүрө бергиле!
Чапкын

9389. 6815 абоненти, СМСти катырыпсың. Эстеген сайын ыкшып күлөм. Айгырга телефон чалып, анын да боорун эздим. Чынын айтсам, намаз окуган кыздардан караштырып жүргөм. Сенин "намаз окумуш этип, эптеп эрге тийген шуркуялар көбөйдү" деген сөзүң көзүмдү чоң ачып койду. Турмуш көргөн бир келинге жолуксам, күйөөсүн жамандай берди. Жаман сөздөрүнөн өзүм да коркуп кеттим. Бирөөсү "эртерээк турмуша чыгышым керек" дейт. Көрсө, күйөөсү бар туруп, күйөө издеп атыптыр. Бир балээге жолугамбы деп, үйлөнүүдөн чочулап калыпмын. Бойдок эле жүрө берсем, мени бирөө урушмак беле? Не дедиң, 6815 абоненти?
Пенде

9390. "Учурга"
Учуп чыксаң ар аптада,
Токтобой чуркайм безип.
Дүйнө жүзүн бүт каптады,
Сыймыктанар болгун гезит.
Сүйкүмдүү гезит "Учурум",
Эч талба дагы курчугун.
Силердин эмгек жамаатты,
Көргөндө сыйлап турчумун.
Элиме кызмат өтөгөн,
"Учурум" тээтиги туйунбай.
Бул сапты сууруп жүрөктөн,
Арнады жаш акын Сүйүнбай.
Сүйүнбай

9391. Айгырга эмне асылып калдыңар. Соопчулук кылам деп, калтасынан жабыр тарткан адамга асылбай, үйүнө чакырып алып, калтасын тиштеп салган келинге асылбайсыңарбы?! Дискотекадан бир баланы жатагына ээрчитип келип, өзү жыргап алып, анан баланы "зордоп кетти" деген кызга эмне асылбайсыңар? Кыз зордогонду бириңер бычып, бириңер өлтүрүп атасыңар. Эмнеге өзү жармашкан кызга унчукпайсыңар? Силер да азыркы соттор сыяктуу акты кара, караны ак деп көнүп калгансыңарбы? Калыстык жокпу? Заман оңолбой калды көрүнөт...
Адвокат

9392. СМСчилер, менин жазгандарымды окугандан уялып атканыңарды түшүнбөйм. Кыз-жигиттер бири-бири менен жолугуп, бир төшөктө жатасыңар. Андан уялбайсыңар. Аялы бар туруп, ойнош күткөндөн да уялбайсыңар. Эри бар туруп, "айгыр" издегенден уялсаңар боло. Бир жыл эркек көрбөгөн аял өздүк мүнөзү жоголуп, чачырай баштайт. Бир жолу кумарын жазып койсоң, бир күндө бир жыл жоготкон нерсесин тапкандай болот.
Айгыр

9393. Алимбеков Кыялбек Асанович, мен деле кыздар менен жатам. Бирок, досума да айтпайм. "Өзүңдүн карындаш, эжең, апаңды элестет" дептирсиң. Демек, сен элестетип туруп эметет турбайсыңбы? Өзүңдү бок жигит десең жарашмак. Мен сага окшоп тымызын карындаш, эжеме барбайм. Өздөрү "жолугалы" деп суранышат. Мен адамча жолугуп коем. Экөөбүздүн айырмабыз асман менен жердей экенин башкалар да түшүндү.
Бышты

9394. Бир күнү арак өлүп калат. Аны достору шампан, вино, коньяк үчөө бата кылганы барышат. Барарын барып, "сен кир", "мен кир" болуп, түртүшүп тура беришет. Бир кезде вино, "шампан дос, майрамдар сени менен башталат. Сен биринчи кир" деп аткыча, ар жактан "бир боорум ой, эс кайран бир боорум ой, эми кайдан көрөм оой" деп самогон кирип кеткен экен.
Таня

9395. Эки кыргыз Москвада жүрүп, дүкөнгө нан алганы кирип калышат. Кассир кызга бирөөсү кайрылып, "сестра, хлеб почему?" деп сурайт дейт. Ал кыз "чтобы покушать" дейт. "Да я знаю чтобы покушать. Хлеб почему?" деп кайра сурайт. Ошентип кайра-кайра сурап, кызды чарчатат экен. Анда жанындагы досу кыйынсынып, орусча билген киши болуп, "сестра, мой друг по русски плохо знает. Хлеб зачем?" деген экен.
Таня

9396. Кыргызстан тынч өнүксүн десек, Текебаев менен Атамбаевди кетириш керек. Бул экөө барда эч качан тынчтык болбойт. Карагыла, бийлик үчүн канча кыргыз кандарын төгүштү. Эми граждандык согушка алып баратат. Ушундайында токтотолу!
Баргы

9397. Коен тамактанганы кафеге барат экен. Бир кружке пиво, эки шишкебек заказ кылып коюп, колун жууганы дааратканага кетет дейт. Келсе, эки шишкебеги жок. Жаны кашайып, "менин шишкебегимди ким жеди" деп айгай салат. Эч ким унчукпайт. Кайра кыйкырат. Үчүнчү жолу кыйкырса, ары жакта отурган арстан "мен жедим" десе, коркуп кеткен коен "пивомду да ичип койсоңуз жакшы болмок" деп бүжүрөптүр.
СМСчи

9398. Отунбайдын кызына баатыр алганды ким койду? Анын ордуна аны камап, Лондондогу үйүн саттырып, акчасын айлыкчыларга бериш керек. Бул адам "Бакиевчи" демиш болуп, канча кадрларды тазалады.
Аргы

9399. Өмүрбек Суваналиев эмнеге унчукпай калды? Бул киши Кыргызстанга тартип, бакубат жашоо апкелмек. Үмүт сизди, Өмүке!
7677 абоненти

9400. Медведев балык кармаганга кызыгат. Бир күнү алтын балык кармап алат. Ал "тилек айт" десе унчукпайт. "Үй берейинби? Машина берейинби?" десе, "Баары бар. Бир тилегим бар. Ушу кыргыздарды өз мекенине кетирип берчи" десе, "ты что, андай болбойт. Себеби, өзүм Ысык-Көлдөн болом" деген экен.
1686 абоненти

9401. Бир кирпи эртең менен шүүдүрүмдө ары-бери чуркап, жыргайт экен. Аны көргөн эшек да ары-бери чуркап, жыргалды сезбегендиктен кирпиден, "мен эмнеге жыргабай атам?" дейт. Кирпи артына өтүп, куйрук түбүн карап, "сеники бийик болуп, чөптүн учтарына тийбейт экен" дептир.
7689 абоненти

9402. Аккуу сымал алыс учту ойлорум. Алыста жүрсөң да жалгызым бир өзүңө тойбодум. Ааламда сен сымал сулуу көрүнбөс. Сага болгон жүрөгүмдө ак сүйүү түбөлүккө өчпөс.
Байжан

9403. Көк асман. Кара түн чалып, көмкөргөн эски тепшидей,
Калбыры чыккан, жылдыздар бүтөйт тешигин.
Атканча ак таң, өзгөрүп өңү кетчүдөй,
Туткасы айды кармадым ачтым эшигин.
Шер

9404. Өлкөбүздө жаңы бурулуш болуп, мамлекеттик бийликти мыйзамдуу түрдө кийинкилерге өткөрүп берүү үлгүсү жаңыдан ишке ашып жатканда, Келдибековдун кызмат үчүн ар-намысын булгашы терс көрүнүш болуп жатат. Буларга мурунку эки бийликтин эмне максат менен төңкөрүш болуп, бийлик алмашышы сабак болбоптур. Мыйзамды сыйлабаган, элди сыйлабайт. "Элди пикетке чыккыла" деп үндөп, кайра элин "суукта үшүбөй үйүңөргө баргыла" деп сабырдуулукка чакырышы акылга сыйбастык. Ооба, "Ата Журт" партиясынын бул көрүнүшү көнүмүш адат. Парламенттик шайлоодон кийин өз көзүм менен көрүп күбө болгом. Шайлоого каршы 7-апрель баатырларынын жакындары Акүй алдында пикет кылып жатканда "Ата Журт" партиясы 5-6 автобус, бир нече маршрут менен адамдарды Жалал-Абаддан бери алып келишип, пикет өткөрүшкөн. И.Жунусов ырдап бүткөн соң, "эми тынч тарагыла" деп Садыр Жапаров айтса, эл "кетпейбиз" деп уят кылган. Кайда барышмак эле алыстан келишсе? Анан кербен-кербен автобустар менен тарап кетишкен.
Улан, Нарын

9405. Сулуу кыздар менен көңүл ачуу үчүн таанышам. Тел. номерим: 0773179585
Таке дос

9406. Урматтуу Ли Мин Хо кайсы кыргыз жигити аялына сылап-сыйпап мамиле жасачу эле? Мээң ордундабы? Оңойчулук менен сылап-сыйпачудан эмесмин. Сен дагы үмүт кылба.
9779 абоненти

9407. Баары жалган!
7797 абоненти

9408. Салам "Учур" гезитинин эмгек жамааты! Сиздерди жаңы кирип келе жаткан 2012-жаңы жылыңыздар менен куттуктайм жана ишиңиздерде албан ийгиликтер болсун. Сиздерге бир сунушум бар. Бир жумалык эфир программасын да жарыялап койсоңуздар сонун болот эле.
Патриот Х

9409. Жоопкерчилиги жок, башаламан Конституциянын автору "Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаевдин 20 жыл ичинде эмне жумуш жасаганы байкалбайт. Өзүнүн былыгынан кылыгы аша түшкөнсүйт. Командасы менен Келдибековго асылганын койбоду. Спикерликке келбейсиз баары бир! Алган алты нөлдү чекесинен жеп жата бер да. Революционер, Курчу менен Барсканга баатыр болуп. Кресло майлуу көрүндү го?
Патриот Х

9410. УКМКга башка улуттагы адамдын келиши, АШАнын Түштүктөгү акыбалды караманча билбегени жана түшүнбөгөнүн далили деп түшүнгүлө. Элим сак болгула!
Сали

9411. Салам достор! Кайда барба, кимиси кичине төбөсү көтөрүлсө эле жамандай баштайбыз. Атамбаев ажо болуп, оштук ала допучандарга демине бир аз дем кошулгандай. Текебаев, Отунбаевалар эмне кылды да, Атамбаев эмнени кыйратмак эле?!
Куба, Кербен

9412. 9320 абоненти, Дамира Ниязалиева "Акжолдон" ажырашканда анан бойдок жүрмөк беле? КСДПга тийди да. Ысык жанда бойдок жүргөн болбойт.
Куба, Кербен

9413. Келдибеков, алдагы отурган спикерлик кресло атаңдан калды беле? Бакиевге окшоп сүйлөбөй, кеткин бай болгур, тырмышкандын да чеги бар.
Айкөл







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??