Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_2.htm on line 2


п»ї
КАРЫШКЫР САЙ
"Атамбаевдин торпедосу"

Жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаев башкаруучу коалицияны курап, аткаруу бийлигин түзүү озуйпасын өз партиясына -КСДП фракциясына ыйгарды. Бирин -экин "кол ийрисине тартат", "ар ким өз көмөчүнө күл тартат" дегенсиген гана сөздөр болгону менен, өлкөдөгү негизги саясый күчтөр, жалпы эле коомчулук муну туура эле кабыл алды. Кыргызстандагы эки катар революция, чектен чыккан коррупция, адилеттүүлүктүн жоктугу, жакырчылык, элдин келечекке болгон үмүтү үзүлүп жатышы, саясатчыларды жаңыча ойлонууга мажбурлап, өлкөнүн өнүгүүсү деген маселе акыры алдынкы планга чыккандай.

Андыктан, негизинен баардык тараптар "Атамбаевге мүмкүнчүлүк берели" деген маанайда болуп, жаңы өкмөттүн курамы негизинен КСДПнын негизинде түзүлүп, аталган партиянын программасынын үлгүсүндө иш алып баруусуна макул болуп, ошондой эле өлкөдөгү мындан аркы экономикалык кырдаал үчүн негизги жоопкерчилик да КСДПга жүктөлсүн деген маанайда болууда.
Ошентип, кыргыз бийлик пирамидасынын чокусун КСДПга (Атамбаевге) ылайыктуудай форматташтыруу иш чарасы башталды. Жаңы башкаруучу коалицияны куроо оңойго турбайт шекилди. Жогорку Кеңештин төрагасын ээрден оодарууга он күнчө убакыт сарпталды. Алдыда "Республика" фракциясын тизгиндөө - Ө.Бабановдон "жумшак рейтинг" жолу менен кутулуу иштери башталып жаткандай.
Мунун баары, жаңы кураманы түзүүдө "Ата Журт", "Республика" фракцияларынын амбициялары менен апетиттерин тыйып, экөөнү жакшылап бийлетип, ойнотуп, тандап туруп, анан бирөөнү коалицияга алуу үчүн жасалып жатканы деле жашыруун болбой калды. Тилеке каршы, "атажуртчулар" кеч эстерине келишип, "республикачылар" али да ойгоно албай жатышканынан улам, алардын өз алдынча альянс түзүү мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе болуп, кадыр баркы төмөндөп, баасы түшүп кетти.
Натыйжада, коалиция боюнча КСДП, "Ата Мекен", "Ар-намыс" бир пикирге келгендиги маалым болду. Ошентип, А.Атамбаевдин тактикалык жүрүштөрү оң натыйжа алып келип, КСДП ирденип, өзүнүн шартын таңуулаганга жетишип, "биз КСДП менен бирге болочок коалициянын негизин түзөбүз, калгандары бизге келип кошулат" деп жүргөн "республикачылар" бүгүн, "биз киребизби (?), же "атажурчулар" кирип кетээр бекен?" деп улагада туруп калды.
Серепчилер болсо, "Атамбаев, кандай да болсо, Бабановдон кутулууну көздөөдө (касам ичип, убада бергендиктен гана ачык айтып, "жок" дей албай, башкалардын колу менен "кендирди кескени" жатканы айтылууда), анүчүн, ал бир далай "республикачылардын" кулактарын ушалап, "спикер кылам, коалицияга киресиңер, кызматтар берилет" деп, ж.б.у.с. "пряниктер" менен арбап жатат, "республикачылардын" лидеринин тагдыры чечилгенден кийин кырдаал кескин өзгөрүп, фракция коалицияга кирбей калуусу деле толук мүмкүн" дешип, А.Атамбаевдин Ө.Бабановго өкмөт башчылыкты кыйбай жатышы, тек гана, кадр саясаты менен казынаны колдон чыгаруудан коркуу эмес, коомдук пикирден чочулоодон улам болуп жатканын да айтышууда...
А бирок, биз талдаган фракция ичиндеги Канатбек Исаевдин кадамдары ишенимдүү, мекенчил экени байкалып жүрү. Канатбек мырза регионализмге берилбей, жалпы улуттук кызыкчылыктарга басым жасап, мамлекеттик деңгээлде ойлонууга дарамети жеткенин кантип танабыз? Бабановдун тескери кеткен иштерине ушу жигит гана туруштук бериши ажеп эмес.
Жалпы элдик шайлоодон кийин, мамлекеттин, элдин мүдөөсүнүн оор жүгүнүн салмагын өз ийини менен сезе баштаган А.Атамбаевдин мүнөзү кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана жан үрөй тургандыгын "какшанып" калганын жакындан байкаган айланасындагылар менен бир топ таасирдүү саясатчылар кеп кылып да жиберишти. Бул маалымат коомчулук ичинде негизинен позитивдүү пикир жаратып, көпчүлүктүн келечекке болгон үмүтүн кайрадан жандандырууда. "Шайлоонун эйфориясы менен делөөрүп жатпайбы, биз билген Алмаз болсо, тез эле баарын унутуп, таз кейпине кетет" дегендер да жок эмес. Ал эми А.Атамбаевдин азыркы "ак тилеги" канчага жетет (?), айткандары аткарылабы, жокпу (?), ал, албетте, анын кылган иштерине байланыштуу болуп, эл тарабынан өз баасын алат.
Ошентип, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков болочок башкаруучу альянсты куроо менен алектенип, фракция лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Коалициянын курамы КСДП, "Ата Мекен", "Ар-намыс" фракцияларынан тураары ачыкталып, азыр "Республика", "Ата Журт" фракциялары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул эки фракция тең "улаганы биринчи аттап өтүп кетсем" деп ынтызарлык көрсөтүп жатышкан менен, кимиси кирип, кимиси сыртта калаары, жада калса Ч.Турсунбеков менен, көшөгө артынан картаны сапырып жаткан Ө.Текебаевге да белгисиз сыяктуу. Б.а. ыңгайга, сүйлөшүүлөргө жараша, же акыркы кезеңде А.Атамбаевдин айтуусуна жараша чечилип калышы мүмкүн десек да болот.
Ошол эле убакта, "коалиция кенен болсун, беш фракциянын баары кирсин" деген жобо ишке ашырыла баштай турган болсо, "атамекенчилер" оппозицияга кетишээрин ачык билдиришти. "Ата Мекен" фракциясынын бул "ултимативдүү" талабынын КСДП тарабынан кабыл алынгансыганы "республикачылар" менен "атажуртчулар" арасында конкуренцияны күчөтүп, К.Ташиевдин "биз оппозицияда деле калууга даярбыз" деген сөзү анча ишеним жарата албай, эки ортодо КСДПнын рейтинги көтөрүлүп, мурундары теңирейип, көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй бараткансыйт.
Жең ичиндеги карталары көбөйгөн сайын, апетиттери арандай ачыла баштаган КСДПчыларга, дээрлик башка фракциялардын баарысынын - "А.Атамбаевдин тандаган премьер-министрин бекитип берели" деп жатканы аздык кылып жатканбы (?), ким билсин, айтор, Чыныбай мырза: "спикер да КСДПдан болот" - дегени желдей тарады. Ал эми А.Келдибековго каршы чабуулда КСДП менен бир окопто болуп, "Атамбаевдин торпедосу" деген атка конгон Ө.Текебаев мүдүрүлүп, "бул сапар Атамбаев менен, КСДПнын "илибой" сунушун колдоп берем" дегенсип турат.
КСДПнын апетитинен улам жаралган бул жаңылык, бир далай саясатчыларды шок кылып, нааразычылыктарды жаратууда. "Ар-намыс" фракциясынын Ф.Кулов тарабы да, берки "моссовет" тарабы да буга ичтери чыкпай тетирилене баштады. Кырдаалдын өзгөрүлүп бара жатышын "атажуртчулар" менен "республикачылар" (эгер "республикачылар" чукул арада эстерин жыйып, аракетке өтө алышса дегенибиз) сезе билип, "арнамысчыларды" колго алууга жетише алышса, абал кескин өзгөрүп, тетирисинче, КСДП менен "Ата Мекен" оппозицияда калуусу да ажеп эмес. Теориялык жактан бул толук мүмкүн.
Ал эми, андай жобону кыска мөөнөттө ишке ашырууга кедерги болуп жаткан нерсе - бул, албетте, депутаттардын сабатсыздыгы болууда. Алар өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарын биле алышпай эле, "эл шайлаган президент күчтүү, эми баары ушунун айтканындай болот" деп дүргүп жүрүшөт. Болбосо, жаңы Башмыйзам боюнча А.Атамбаевдин ыйгарым укуктарына караганда, Жогорку Кеңештин, өкмөт башчысынын укуктары кыйла эле жогору эмеспи. Же калппы?
Андыктан, ал эрксиз, сабатсыз депутаттарды кыска мөөнөттө сабатын жоюп, эркин кайрап, таасирдүү күчкө айлантуу, чынында эле кыйын. Бирок, баягы "Кудай деген кул өлбөйт, кунан минген жөө калбайт" дегендей, Кудай кубат берип, абал кескин өзгөрүп кетпейт (!) дегенге да болбойт. Баары Атамбаев айткандай, Кудайдын колунда!

Сабыр МУКАНБЕТОВ
(Уландысы 7-бетте)




"Ахматка тийишпе" дегем...
Бийликтин пайдубалы солкулдай баштады
Келдибековдун парламент төрагалыгынан кетээри бир жума мурда эле маалым болуп калган. Өткөн бейшемби күнү эле жакын кишилерине "отставкага кетем" деп кесе айткан экен. Андай болсо, спикер чечим кабыл алууну эмне үчүн мынчалык создуктурду? Кыязы, комиссия өз тыянагын айткан соң, "атамекенчилер" ага койгон дооматтардын суу кечпесин жалпы палатанын алдында далилдеп, анан кетейин деген ойдо болду окшойт. Бирок, мындай тактиканы тандап алып, ал көп жагынан уттурду. КСДП коалициядан чыгып, "эми спикер да отставкага кетиши керек" деген маселе коюлаар замат, эле кетип калышы керек болчу. Ошондо Жогорку Кенеште спикер тууралуу маселе коюлмак да эмес. Парламенттеги талкуунун жүрүшү, бир жумага созулган "улак тартыш оюну" буга эң сонун далил.
Келдибеков отставкага кетээрин жар салаары менен буркан-шаркан түшүп, ээлигип алышкан депутаттар ошол замат көксөөсү басылып, жандары жай алып калышты. Спикердин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын чечимин добушка салынбаганына да макул болушту. "Анда бир жумадан бери эмнеге будун-чаң түштүк, эмне үчүн бири-бирибиз менен жакшы- жаман айтыштык?" деген эч ким болбоду. Муну менен айрым депутаттар башынан эле Келдибековдун ишмердүүлүгүнө моралдык, юридикалык баа берүүнү эмес, эптеп эле аны ээрден оодарып түшүүнү максат кылышкандары ачык эле көрүнүп калды.
Бул талкуу мыйзам чыгаруучу деп аталган бийликтин бир бутагындагы көп жаман илдеттердин бетин ачып койду. Биринчиси, регионалдык бөлүнүү ачык көрүндү. "Чү" дегенде, жыйынга ким төрагалык кылат деген маселе коюлганда эле "атамекенчи" Ө.Абдрахманов "вице-спикер Бөдөш Мамырова жарабайт, себеби, ал алайлык" деп чыкты. Анын бул сөзү түштүктүк депутаттардын жинин келтирип, КСДП, "Республика" фракцияларындагы түштүктүк депутаттар да А.Келдибековдун таламын талашып чыгышты.
Экинчи жагынан айрым депутаттардын чыныгы жүзү көрүндү. Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы К.Иманалиев доклад палатада талкууланышын күтпөй эле ЖМК өкүлдөрүнө жар салып ийди. Эң кызыгы, ал журналисттерге берген маалымат менен кийин депутаттардын алдында окуган маалымат эки башка болду. Мисалы, ал журналисттерге "атамекенчилер" спикерге койгон 13 пункттан турган айыптоолордун он бири аныкталды десе, депутаттарга айыптоолордун бир тобу акыр-аягына чейин тастыкталбаганын, кээ бир жагдайлар бүдөмүк калганын айтып, мында көп жагынан Жогорку Кеңештин да күнөөсү бар экендигин моюнга алды. "Кара ниеттик менен карөзгөйлүктүн да чеги болот" деп жакасын карманды комиссиянын бир мүчөсү К.Абдиев анын мындай "чыгармачылык" талантын көргөндө.
Албетте, Келдибековду КСДП, "Ата Мекен" фракцияларынын колу менен жайлашты. Бирок калың эл бул оюндун артында президенттин калдайган көлөкөсүн көрүп турушат. Оштогу, Бишкектеги митингчилер Текебаев менен кошо Атамбаевге нааразы болушкандары да ошол себептен. Бул олдоксон кадамы менен президент калктын бир бөлүгүн өзүнө каршы кылып алды окшойт. Жылдыз Жолдошева туура айтат: "Атамбаев душманды алыстан издебей эле койсун. Душманы КСДПда отурат" деп. Баса, Келдибеков Ошко барып, шайлоочулары менен жолукканда "эми мен сүйлөйм, тилимди тишиме катып отурбайм" деп кесе айтты. Мунун өзү айланып келип эле Атамбаевге муш болуп тиери күмөн эмес. Андыктан, Кыргызстандын түштүгүндө президенттин позициясы ого бетер начарлашы ажеп эмес. Келдибеков эмитен эле бийликтин пайдубалын солкулдата баштады...
Эми спикер ким болот? Ал түштүктүн өкүлү болоору эч кимге деле жашыруун эмес. Бирок, ким? Албетте, билими менен интеллектуалдык көрөңгөсү төп келишкен чыгаан бирөө шайланбайт. Анткени, Атамбаев мырза Келдибековду кетирип, анын ордуна кыйыныраак, мыктыраак бирөөнү алып келейин (!) деп ниеттенген жок да. Ага Кыргызстан парламенттик башкаруу системасында жашап жатат, демек, бийлик иерархиясында спикердин өзгөчө орду бар деп ыйгарым укук талашпаган жоош-момун, колдон келсе эрдиги бар, эси жок бирөө керек. Болочоктогу спикер катары Камила Талиеванын аты аталып атышы да көп нерседен кабар берип турбайбы.

Эртөштүк Элеманов

Талкуу учурундагы тапан сөздөр
Өмүрбек Текебаев: "Бөдөш Мамырова менен Акматбек Келдибеков канча жолу президиумда өбүшүп, көрүшүштү. Бул туугандык байланышы бар экендигинен кабар берет. Мен спикер орун басары менен эл алдында өбүшүп, кеңешме баштаганын ушул кезге чейин көргөн эмесмин".
Исмаил Исаков: "Өбүшүп жүрүп кол койгонбуз, өбүшүп жүрүп... суу куюп атабыз".
Бөдөш Мамырова: "Өмүрбек Чиркешович, мен билем, сиз аялдарды критикалаганда илик-жилигине чейин жетесиз. Бирок мени критикалабай эле коюнуз. Уят болот"
Курмантай Абдиев: "Кызыкчылыктар кагылышмак турсун, уже чабыша баштады".
Акматбек Келдибеков: "Сиз эмне, медиксизби, ОПГ деп чыгарып койгондой?"
Данияр Тербишалиев: "Микрофонду өчүрбөңүз, бул жеке менчик эмес".
Жылдыз Жолдошева: "Менин күйөөм бар. Күйөөм камсыз кылат кийим менен. Анын үстүнө менин размерим да табылбайт, мен тиктирем".
Чыныбай Турсунбеков: "КСДП кайсыл жерге штат ачып, өз кишилерин коюп жатыптыр?"
Акматбек Келдибеков: "Былтыртан берки каалоом - уйкум кененирээк канса экен дегем".
Мирлан Бакиров: "Каныбек Капашевич, парламент тарайт дейсиз, сиз шашсаңыз, сизге уруксат".






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??