Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_19.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_19.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_19.htm on line 2


п»ї
Кыргыздын Ала-Тоосун сагынган Болот

Болот Абдыкеев эрежесиз эр уруштун (бои без правил), кармаш уруштун (панкратион), аскердик самбо (боевое самбо) боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону жана эл аралык мелдештерде Вале-тудо, Ушу-саньда таймаштарында байгелүү орундардын ээси. Бүгүнкү күндө океандын ары жагындагы Американын Филадельфия шаарында аталган спорттун түрлөрүн жакшы шартта машыгып, учугун улантып аткандагы кез.

- Болот, бала чакта эле мушташка жакын элең. Мектепте окуп жүргөндө "бирге-бир чыгасыңбы?" деп...
- Ооба, кичинемден атамандыкты талашып, балдар менен көп эле согуштум. Таяк жеген күндөр болду. Тескерисинче балдарды сабаган күндөр да болду. Көк ала кылып, тумшуктарын канжалатып.
- Короозуңду да мушташтырып жүрчүсүң?..
- "Мал ээсин тартпаса арам өлөт" дегендей корооз, ит, кочкор, теке деги койчу үйдө кандай жандык болбосун бири-бири менен мушташтырганды аябай жакшы көрүп ынтызар элем. Аларга "мына мен атаманмын. А эмнеге силер атаман болбойсуңар?" деп (күлүп) кайрылып, балалык кез да.
- Сени тартып алардан атаман чыктыбы?
- Эки короозум, эки итим айылдын чемпиондору болушкан. Айрыкча таажысы чоң канатынын учтары кызгылтым келген короозумдан, мушташтын бут менен тепкен жактарын үйрөндүм. Корооздордун жемсөөсүн жара тепчү...
- Чоң спортко канча жашыңда келдиң?
- Токтолуп калганда. 20 жашымда. Ал учурда Кыргызстандын ичинде болуп аткан кулатуу, аскердик самбо, эрежесиз эр уруш мелдештерине байма-бай катыша баштап, алгачкы ийгиликтерге жетиштим.
- Ким аркылуу ал муштарга келип жүрөсүң?
- Агаларым аркылуу. Алар "үйдө баатыр жоодо жок" болбой мелдештерге барбайсыңбы" дешип, мени чычалатышып атып.
- Алгачкы мелдешиңди уткансыңбы, утулгансыңбы?
- Чынын айтсам утулуп калгам. Себеби, тажрыйба жок, анүстүнө сүрдөдүм окшойт. Чабуул койгондон сестенип, көбүнчө коргонууга өтүп алгам. Натыйжасында жеңилип калгам.
- Кайсы салмак ченинде таймашасың?
- 80-85 килограмм ортосунда. Салмак кууганда 80, жай учурда 85.
- Таймаштарга ким даярдачу, машыктыруучуң барбы?
- Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу,СССР спортунун бокс боюнча чебери Бообек Тотошов агай. Мына ушу агай мени мушташка такшалтты. Бокстун сырларын айтып, көрсөтүп берип, стойкада кандай уруш алып барыш керектигин көргөзүп, бирге машыктык.
- Мелдештердин кайсынысын жеңдиң?
- Ушу кезге чейин бир топ эле мелдештерди багынттым. Кыргызстандын аскердик самбо боюнча эки жолку, кармаш-уруштун эки жолку, эрежесиз эр уруштун эки жолку чемпиону болдум. Эл аралык мелдештен Гордеевдин турнирин жеңдим. Быйылкы жылдагы экс-президентибиз Роза Отунбаева эженин кубогуна арналган кармаш-уруш боюнча таймаштын мизин майтардым.
- Панамерикалык эрежесиз урушка катыштың эле. Жыйынтыгы кандай болду?
- Американын Филадельфия шаарында өткөн эрежесиз эр уруштун дүйнө кубогуна арналган мелдеште татыктуу коло медаль жеңип алдым.
- Мелдештин аягында ошо жерде калып калдың. Себеби барбы?
- Ал жерде калып калам деп ойлогон эмесмин. Биртуугандан артык көргөн агаларым Эмил Өмүракунов, Бакыт Жусубалиев, Замир Жумалиев, Улугбек Салымбеков жана Алмаз Акун менен кеңешип, алардын опол тоодой колдоосунда баштаган спортумду ушу жерден улантайын дедим. Ушу байкелерге таазим.
- Америка жергесинде канча болосуң?
- Кудай буюруп ой максаттарым ишке ашса 2-3 жылда өзүм сүйгөн мекеним болгон Ала-Тоого кайра келем.
- Алгачкы көз-карашыңда ал жак менен бул жактын айырмасы көптүр?
- Мекениңе эч нерсе жетпейт. "Өз үйүң өлөң төшөгүң" дегендей. Каалагандай басып, каалагандай турасың. Америка жергесинде андай эмес. Ар бир убактың ченелүү, чектелүү. Бирок, спорт менен машыгууга шарты абдан жакшы. Муну моюнга алуу керек.
- Кыргыз мекендештер көп бекен? Эмне иш менен алек болушат?
- Мекендештер көп эле, ар-кандай жумуштарда иштешет. Эң башкысы бөтөн жерде жүргөндүктөн аябай ынтымактуу. Бир үйбүлөдөй мамиле кылып, бири-бирибизди жөлөп-таяп, эриш аркак ырашкердикте жашайбыз.
- Кыргыз спортчуларынан кимдерге жолугуп турасын?
Эркин күрөш боюнча дүйнө жана Азия чемпиондору Руслан Мажинов, Алмаз Аскаров, Табылды уулу Сүймөнкул өңдүү агаларыма жолугуп турам. Алардын насаат сөздөрүн угуп, бир аз болсо да баарлашабыз.
- Алмазбек Раимкулов мекендешибизге жолуктуңбу?
- Азырынча телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Буйурса жакынкы күндөрү жолугууну пландаштырып койдук. Ал айтылуу Лас-Вегаста а мен Филадельфиядамын. Экөөнүн ортосу алысыраак жол.
- Тил жагынан кантип атасын?
Бир аз кыйналып жатканым менен машыгууда колдонулуучу сөздөрдү үйрөнүп калдым.
- Жашоо-шартында кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдың?
- Америка чынында эле бай өлкө экен. Элдерине айлык-акыны жакшы төлөп, жашоо-шартка көп көңүл бөлөөрү байкалып турат. Адамдын эмгегин жейт деген түшүнүктү сезбедим. Булардын акчасы менен тамак-ашы, кийим-кечеси, батирлери көбүнесе арзан.
- Кыргыздын Ала-Тоосун жана бешбармагын сагындыңбы?
- Патриот болгонум үчүн Ала-Тоону аябай сагындым, бешбармак айран, сүт, кымыз, чучукту сагынганды сурабаңыз. Азыр көздөн учуп турган кез.

Сурат Жылкычиев









кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??