Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_18.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_18.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_18.htm on line 2


п»ї
Мирлан МУРАТОВ, "Музканал" берүүсүнүн режиссёру:
"жандуу ырдагандан качкан ырчылар болду"

17- декабрда спорт ордосунда "Алтын үн-2011" долбоору өткөнү турат. Дал ошол концерттин уюштуруучусу Мирлан Муратовго бир нече суроолор менен кайрылдык.

-Мирлан, "Алтын үн-2011" долбоорунун концертине болгону эки күн калыптыр. Даярдыктар кандай?
-Кыргызстанда эң биринчи ирет мындай долбоор уюштурулууда. Даярдыктар, буюрса жогорку деңгээлде. Ырчылар да кызуу даярданып жатат. Бул жылы аларга жеңилирээк болсун деп, 2 кыргызча ыр аткарганга мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Кийинки жылдары конкурстун шартына өзгөртүүлөр киргизилет. Казакстандын ырчылары менен биргеликте өткөрөлү (!) деген пландарыбыз бар. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
-Жеңүүчүгө "Алтын үн-2011" наамынан сырткары, белек каралганбы?
-Албетте, "Алтын үн-2011" аталгандан сырткары, жеңүүчү Европага барып эс алууга жолдомо алмакчы. Демөөрчүбүз "Жазира" туристтик компаниясы болууда.
-Калыстар тобун кандайча тандап алдыңар?
-Башка конкурстардагы калыстар тобунан айырмаланып, биздин калыстар тобу өзгөчө болот. Себеби, ар бир катышуучулар элге таанымал композиторлорду алып келишет. Эң негизгиси, калыстар тобуна алып келген композитору ал ырчыга упай коё албайт.
-"Музканал" ырчыларды үнү бар же жок экенин СМС аркылуу аныктап койду, бул туура эмес" дегендерге кандай дейсиз?
-Финалга чыккан 11 ырчы тең татыктуу, таланттуу экенин айта кетейин. 83 катышуучунун баарына тең "сени бүгүн Лидер КЖге" чыгарабыз" деп эскертип, СМС жазып жибергенбиз. Каалашса жакындарына айтып, өздөрүнө добуш беришсе деле болмок. Дагы бир кызыктуу жагдайды айта кетейин, айрым популярдуу эле ырчылар "Мирлан, мен жандуу үн менен ырдай албайм, мени конкурска кошпой эле койчу" деп суранышты. Алардын аттарын атабай эле коёюн.




Нурзада ЖОЛДОШЕВА, ди-джей, ырчы:
"Туулган күнүм шаан-шөкөтсүз өтөт"

Бүгүн 15-декабрь ди-джей, ырчы Нурзада Жолдошеванын туулган күнү. Булбулдай таңшыган татына кызды туулган күнү менен куттуктап, кепке тарттык.

- Нурзада, туулган күнүңүз менен!
- Чоң рахмат! Эң биринчи болуп, "Учур" гезити куттуктадыңар, мен сиздерге абдан ыраазымын!
-Туулган күнгө карата кандай пландарыңыз бар?
-Негизи туулган күн мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энемдин майрамы. Мен жарык дүйнөгө келгенде, алар аябай кубанышкан. Жыл сайын менин туулган күнүмө айылдан келишчү эле, быйыл келише албай калышты. Ошентсе да, мен бул күндү биртуугандарым менен тосом. "Туулган күнүм эле, туулган күнүм" деп даңка-дүңк кылып, элдин баарына жар салып, кошуналарымдын "э-эй, туулбай калгыр" деп айтышын каалабайм (күлүп).
- Айрымдар туулган күндү "бир жылга картайдым" деп айтышат, сизчи?
- Жашым өйдөлөп баратканына өкүнбөйм. Жараткан мага канча жаш буюрса, сыймыктануу менен күтүп алганга даярмын. Көп жашаганды каалайбызбы, демек, ар бир туулган күндү сүйө билишибиз керек.
- Бала чагыңызда туулган күндү кантип белгилейт элеңиз?
- Бир жолу туулган күнүм болгондо "бүгүн менин туулган күнүм" деп кыйын болуп, мектепке барбай койгом. Эртеси сабакка барсам эжейим "кечээ мектепке келбегендер доскага чыккыла" деди. Ар биринен себебин сурап баштаганда, мен "туулган күнум болчу" деп айткам. Ошондо мугалимимдин "туулган күнүң болсо сабактан "5" алып анан кетпейт белең" деген сөзү эч эсимден кетпейт. Ошондон улам, туулган күнүмдө кандай гана жумуштарым болбосун, такыр калбай барып калгам. Бүгүн да эфирдемин, угармандар менен биргемин.
- Эстен кеткис туулган күнүңүздү айтып берсеңиз?
- 4-класста окуп жүргөнүмдө классташтарым 2 сомдон чогултушуп, мага калем, дептер, түстүү карандаш алышып, англис тили сабагы болуп атканда "уруксаатпы эжеке, бүгүн Нурзаданын туулган күнү, куттуктап коёлу" деп доскага чыгып, мага ыр саптар менен каалоо-тилектерин айтышкан. Кийин чоңоюп, 10-11-класста окуп калганда туулган күндү үйгө тосуу модага айланган. Мен дагы 11-класста окуп жүргөндө туулган күнүмдү үйдө белгилеп коёюн деп классташтарымды чакыргам. Дасторкондун үстүн дүйүм-тамактарга толтуруп, абдан жакшы жасаганга аракет кылдык. Биз "Боз салкындагыдай" тамакты бычак, вилка менен жейбиз" деп, вилка, бычакты столдун үстүнө тизип чыкканбыз. Бир классташым "Нурзада, бычактарыңа, тамактарыңа түшүнбөй уялып атам" деп кулагыма шыбырап атпайбы. Туулган күнүм болгон сайын ошол окуяны эстеп, күлө берем.
- Туулган күнүңүздө алган эсте калаарлык белек кандай болгон?
- Менин бир күйөрманым бар. Ар бир майрам сайын түрдүү белектерди берип туруудан тажабайт. Өзүнчө эле аябай катуу фанат болуп алган. Кээде "баардык нерсе өз орду менен болуш керек" деп катуу айткым келет. Улам-улам кымбат баалуу белегин ала бергенден өзүмдү ыңгайсыз сезип, "мындан кийин белегиңизди жөн эле коюңуз" десем, курьер аркылуу берип жибергенге өттү. Эң оригиналдуу белеги деп былтыр жаңы коён жылында аппапакай сонун коён бергенин айтсам болот. Коёнду аябай жакшы көрүп калдым. Жумуштан чарчап барып, аны көргөндө кадимкидей эс
алып калам. Азыр ал мени менен чогуу жашайт.
- Ата-энеңиз белек кылган машинаны качан айдайсыз?
- Былтыр мүчөлү жылымда ата-энем кыпкызыл өңдөгү "Мазда 626" үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышкан. Машина айдай албаганыма байланыштуу үйдө токтоп турган болчу. Тилекке каршы руль башкарганды такыр үйрөнө албай койдум. Коёнго окшоп коркок экенмин. Анүстүнө шаарда кыймыл көп, тыгындар бат-баттан болуп турат эмеспи. Ошондон бир аз чочуладым. Бир жылдай короодо токтоп туруп, кечээ жакында эле сатып салдым.

Бетти даярдаган
Адинай МАРИПОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??