Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_17.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_17.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_17.htm on line 2


п»ї
"Жогорку кеңеште жүз тамада бар"

27- декабрь тамадалардын кесиптик майрамы. Бул күнү жалпы тамадалар "жыл бою элдин кызматында жакшылык-тойлорду башкардык, келе жаткан жаңы жыл майлуу-сүттүү жылдардан болсун" деген ниетте чогулушат. Майрамды утурлай Эрлан Абдукапаров негиздеген "Тамадалар ордосуна" баш бактык.

-Келе жаткан кесиптик майрамыңыздар менен куттактайм! Майрам алдында сиздер менен маектешүүнү туура көрдүм...
Жылдызбек Турсунбаев, чечен тамада: -Келгениңизге кубанып турабыз. Ачыгын айтсак, тамадаларга мамлекеттик деңгээл-де, маданият тарабынан көңүл бурулбай келет. Кыргызда сөз өнөрүн өнүктүргөн эки эле нерсе калды. Бирөөсү - төкмө акындар, экинчиси - жаманбы-жакшыбы, алты саат элдин алдында мугалим болуп, элди тартипке чакырып, үлгүлүү сөздөрү менен элдин көңүлүн алган тамадалар. Башканы айтпайын, бул чөйрөдө жүргөн Эшенкул байкебиз эмдигиче маданияттын мыкты кызматкери наамын ала элек. Гезиттер "жылдын супер ырчысы, куудулу, бийчиси, клиби, ыры" деп добушка коюп атышат. А эмнеге супер тамада жок?..
Мади Итикеев, ылаачын тамада: -Тамадаларга көңүл
бургусу келбей аткан маданият министри ылайым той берип калсын дебейлиби (күлүп)...
Алтынбек Шадыбеков, "красавчик" тамада: -Чындыгында өзүн "жылдыз" сезген ырчылар жок дегенде тойдо жандуу үн менен ырдаш керек. Эл ошондо ыраазы болот. Булар үч мүнөттүк фонограмма менен эки ыр ырдап, 500 доллардан алып, "ырдадым" деп элди алдап атышпайбы...
Мади: -Акыркы учурда мен минтип ойлонуп калдым. Москвада деле эч айырмасы жок "Ласковый май" деген 37 топ бар экен. Биз деле Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Бек Борбиевге окшош адамдарды таап, салонго алпарып сулуулап, колдоруна 1000 сом берип, фонограмма менен ырдатыш керек да, "ырчылар менен сүрөткө түшкөнгө уруксат эмес, булар шашып атышыптыр" деп аларды акырын кетирип жибериш керек (күлүп).
Жылдызбек: -Анда сизди Канат Култаев сотко берет (күлүп).
Имаш Калыбаев, куюн тамада: -Андан дагы эки сөздүн башын кошуп сүйлөгөн адамдардын, ырчылардын тамада болгондоруна каршымын. Тамада деген профессионал болуш керек. Жети дубандын каада-салттын, үрп-адатын билбесе, той башкарыш кыйын.
Алтынбек: -Туура, ар кайсы жердин салтын билүү зарыл. Бирок, тамаданын атайын окусу жок. Бул - Кудай берген талант. Ошондуктан, "ырчылар тамада болбош керек" деген туура эмес. Мен буга кошулбайм. Соттор, врачтар деле тамада болуп жүрүшөт. Мисалы, Жоргорку Кеңеште 120 депутат отурат, мунун баары тамадалар да. Анын ичинде 20сы бар сүйлөбөй отурган, калган 100ү эң кооз сүйлөгөн тамадалар (күлүп)...
Бөлмөнү кыраан-каткырык аралады...
Жылдызбек: -Имаш байкенин салт тууралуу айтканына кошулам. Ар кайсы региондун тойлору ар башкача өтөт. Мисалы, токтогулдуктар менен таластыктар сөзгө аябай маани беришет. "Тамада кандай сүйлөйт, кимдин цитатасын айтат, туугандарын тостко чакыраарда эмне сөз айтат?" деп кулак түрүшөт. Ал эми лейлектиктер сөзгө такыр маани бербейт. Тойдун өзүнүн тартиби болот эмеспи, мынча тосттон кийин тамак берилет, музыка, бий, оюн дегендей. Аларга тыныгуунун да кереги жок. Булар тостту жакшы көрүшөт да, ар бир тосттон кийин бийге түшөт. Тамак муздап атабы, бирөөсү баштыкка устуканын салып кетип атабы, иштери да жок.
-"Тостту кыскартыш керек" деп жаман көрүнгөн да сиздерсиздер...
Мади: -Мен жаман көрүнсөм дагы тостту кыскартканга аракет кылам. Себеби, тост көп болсо чогулуш болуп аткандай, той кызыксыз өтөт. Той ээсине дагы "мен 12 жылдан бери тамадамын, эгер тоюм жакшы өтөт десең, тостту кыскарталы, эгер кыскартпайм десеңер, мен алпарбайм" деп түшүндүрөм. Менин системамда 200 кишилик тойду - 10 тост менен, ал эми 300 кишилик той - 12 тост менен бүтөт.
Алтынбек: -Тост жагын эң көп сүйлөгөндөр: таластыктар менен лейлектиктер дебедикпи, 200-300 кишилик тойдо 11-12 тост бергенге аракет кылам. Эң көп тост 17 болгон.
Мади: -Ай-ий, сиздин той өзүнчө эле парламент турбайбы (күлүп).
Имаш: -Бир жолу мен 80 кишилик тойду алпарып, төрт тост гана бердим. Ата-энеси, куда-кудагый, өкүл атасы анан той ээси гана сүйлөдү. Сонун болот экен. Ал эми 400-500 кишилик тойду - 12 тост менен жыйынтыктаса болот.
Жылдызбек: -Мен бир жолу таптакыр тост жок, жалаң ыр-күлкү, оюн менен аяктаган тойду башкаргам. Той ээси өзү "тост жок болсун" деген.
-Тамадалар арасында той кызганган учурлар болобу?
Алтынбек: -Ар бир тамаданын өзүнүн стили бар. Той ээлери келип, тамадалардын видеосун көрүп, тандап кетишет. Ошондуктан кызгана да албайсың. Кээде конок болуп тойго барганда "эрке баланы" чакырып, "бул оюн туура эмес болуп калды, башкача кылсаң болмок" деп кеңештериңди айтышың мүмкүн. Тамаданы тамада көтөрмөлөбөсө, өнүкпөйбүз. Себеби, бир тойду жакшы алпарып, эртеси ошондой эле тойду кечээгидей жакшы алпаралбай калган учурлар болот.
Мади: -"Табитте талаш жок" дегендей, сизге жаккан тамада башкага жакпайт. Ар бир тамада өзү алпарган тойду жаман дебейт да, ошон үчүн калыстык түрдө тойдун дисктерин көрүп, той ээлери өздөрү тандаганы дурус.
Имаш: -Өтө кыйындардын баары "Тамадалар ордосунда". Ошон үчүн той ээси кимди тандаса да, ал тамада уят кылбайт. Илгери кыргыздар тамаданы - жарчы дешкен. Жарчылар "баланча хан той берип атат" деп көп нерсени комуз чертип угузушкан. Бүгүнкү күндө тамада деп айтылып келет. Элдин алдында чоң жоопкерчиликти алып, тойдун өтүшүн моюнга алып аткандан кийин, баардык эле тамадалар жогоруда айткандай, профессионал болуш керек. Бир учурда сүйлөп, ырдап, комуз, аккордеон чертип, бийлете турган музыканы тандап, талдай билиш керек.
Жылдызбек: -Мен ушул жерден байкелердин Ордодогу каймана аттарына токтолгум келип атат. Мади байкени куюн дедик, бул киши көзгө көрүнбөйт, колго да кармалбайт. Оңой менен таба албайсың, мына азыр дагы "тойго кетем" деп шашып атат. Алтынбек байкени той ээлери "красавчик" болгону үчүн алып кетишет (күлүп). "Тамада Алтынбек" десең эле "кашы, көзү кара, мурду куюлушкан сулуу жигитпи?" деп сурашат. Имаш байкем болсо ылаачындай болуп, көздөгөнүн тээп түшкөн киши. Ар бир тамаданын өз орду бар, ошон үчүн биздин ортобузда той кызгануу деген болбойт. Ушул жерде отурган байкелерим "сен өсө турган баласың, биздин тойго келип катыш, кандай кептер, кандай оюндар болорун көр" деп чакырышат.
-Бир адамдын тоюн эки-үч жолу башкарган учурлар болот го, ал учурда изденесиздерби же кудум ошондой кайталап алпарасыздарбы?
Мади: -Мен бир жолу бирөөнүн жетинчи тоюн алып бардым. Улам байкесинин, инисинин, бөлөсүнүн тою болуп, мени чакырышат. Бир эле чөйрөдө жүрөм. Акырында баргым келбей калды. Себеби, улам сүйлөгөн сөздөрүмдү өзгөртүп, оюндарды алмаштырып келатам да. Анан жетинчи жолу чакырганда үйгө келип, китептерден окуп, ошолордун тою үчүн издендим, таптакыр башкача алпардым. Анан дагы макташты, эми сегизинчи тоюна чакырып атышат. Көрсө, дайыма изденсең болот экен (күлүп).
Жылдызбек: -"Издениш керек" дегенге кошулам. Жетинчи той эмес, экинчи тойду алып барганда издениш керек. Анткени, сен той ээлеринин канча жылдан бери күткөн жакшылыгынын милдетин алып атасың. Бул чоң жоопкерчилик. Ошон үчүн бир тойдо жасаган оюндарды кийинки тойдо ойнотпой, сүйлөгөн сөздөрүңдү кайталабаганга аракет кылышың шарт.
Алтынбек: -Изденгенден да тойго келген меймандардын аурасынан көп нерсе көз каранды. Эки жыл мурда Бекназаровдун баласынын үйлөнүү тоюн алпардым. Ал кезде оппозиция күчтүү болуп турган. Той кызыктай өткөн, бир столдо отургандар экинчи стол менен кошулбай, Болот Шер, Чолпон Баековалар өзүнчө отуруп. Кечээ жакында Дайыр Кенекеев кызынын тушоосун кести. Мейманга чакырылган министрлер башында башкача отурушту эле, антрактан кийин "жүздөшө" башташты.
-Келе жаткан кесиптик майрамыңыздарга кандай даярдык көрүп атасыздар?
Жылдызбек: -Буюрса, кызуу даярдыктарды көрүп атабыз. Ал күнү баарыбыздын башыбызды бириктирген "Тамадалар ордосунда" чоң майрам болот.
Алтынбек: -"Тамада болбой, жөн гана конок катары отурам" десеңер, мага окшоп мас болуп келгенди үйрөнгүлө (күлүп)...

Айнура Касымова







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??