Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_16.htm on line 2


п»ї
Айбек Дайырбеков, кинорежиссер:
"Кыргыз кинолору экрандан түшпөсүн!"
-Айбек мырза, "Кыргыз киносу" кинотеатрын ачууга эмне түрткү болду, качантан бери пландап жүрдүңүз эле?
-Негизи "кинотеатр ачайын" деген оюм жок болчу. Бул идея тартып бүткөн кинону элге жеткире албаган муктаждыктан улам келип чыкты. Анан биртууган инилерим менен кеңешип, очойто кредит алып, ачып калдык. Убагында бизге банк жардам берди (күлүп).
-Театрдын шарттары өзүңүздөр каалагандай болдубу?
-Кинотеатр 117 орундуу болду. Өзүбүз "150 орун кылалы" деп пландаганбыз. Бирок, иш жүзүнө ашыра келгенде, "шарттары эскиче болуп калбасын, көрүүчүлөр кысылбасын" деп орундун санына эмес, кенендигине, ыңгайлуулугуна карадык. Бизди кыйнаган экран болду. Себеби, көлөмүнө, сапатына карап, атайын буйуртма менен жасаттык. Экрандын жасалышын көпкө күтүп калдык.
-Эмне себептен "Кыргыз киносу" деп атадыңыз?
-Үйбүлөбүз менен чогуу отуруп, алдыга чоң максат койгонбуз. Ал максатыбыз - кыргыз киносун өнүктүрүү, жалаң кыргыз кинолорун көрсөтүү. Элдер театрдын атын окуганда эле, эмне болгон кинотеатр экенин дароо түшүнүшсүн дедик. Анан 3-октябрда ачтык. Ачылыш аземине кыргыз киносунун классиктери, жаштар, студенттер, журналисттер келишти. Аксакалдардын батасын алдык.
-Элдин ой-пикирлери кандай болууда?
-Ачылганыбызга эки жарым ай болсо дагы, көрүүчүлөрдүн театрга болгон агымы жакшы, ай сайын 20-30 пайызга көбөйүп атат. Кинонун мазмунуна жараша келишет экен. Менин байкашымча, жаштар, студенттер көбүнчө күндүзгү сеанстарга, ал эми улуу муундар жумуштан чыгып, кечки сеанстарга келишүүдө.
Ачылгандан бери он кинону көрсөткөнгө жетиштик.
-"Өлкө боюнча кыргыз кинолорун көрсөткөн жалгыз кинотеатр" деп атпайсызбы, балким суроо-талаптын көбөйүшү менен чет элдик фильмдерди көрсөтө баштайсыздар?..
-Азыр деле айрымдар "чет өлкөлүктөрдүн киносун деле көрсөтө бербейсиңби, кыргыз киносу бир ай чыкпай калса, киносу жок отуруп каласыңбы?" деген пикирлерин айтып атышат. Бирок, биздин максатыбыз, кыргыз киносун өнүктүрүү болгондуктан, бул оюбуздан кайтпайбыз. "Кыргыз киносу токтобосун, мындан ары да өнүгүп, экрандан түшпөсүн" деген тилегимди айтам.






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??