Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_15.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_15.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_15.htm on line 2


п»ї
Нигматулин аялдарды көйнөктөй алмаштырган...

Талгат Нигматулин жана Венера Нигматулина. Бул эки окшош, казак ысымдар биз сүйүп көргөн "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" ("Провинциальный роман") жана "Бөрү зындан" ("Волчья яма") аттуу тасмалары аркылуу таанымал. А башка тартылган тасмалары канча дейсиз?.. Биздин сүйүктүү каарманыбыз Талгат Нигматулин 36 жашында кайтыш болгон. Актерлук шыгынан тышкары акын, сценарист, режиссер, жандүйнө ачкычын изилдөөчү, Өзбекстанда каратэ боюнча чемпион эле. Ал эми анын чүрөктөй аялы Венера учурда КМШ өлкөсүнүн алдыңкы актрисаларынын катарын толуктап, режиссерлук менен да алектенет. Экөөнүн ортосунда атасы менен апасынын генинен жазбай, талантынан тайбай төрөлгөн Линда аттуу татынакай кызы бар. Мына ушундай улуу инсандардын тагдыр тамчыларына саресеп салып көрөлүчү.


"Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү"
1980-жылы жарык көргөн "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" тасмасы эки жаштын трагедиялуу сүйүүсүн чагылдырат. Тасмада Гуля өзүнөн бир топ жаш улуу Муратовду сүйүп калат. Бай ата-эненин кысымына кабылган кыз, алардын тилинен чыга албай, сүйгөнүнүн үстүнөн "зордуктаганга аракет кылды" деп арыз жазат. Ошентип, Муратов бир нече жылга кесилип кетет. Туура эмес кылганын түшүнгөн кыз көп өтпөй, бул кырдаалды жөнгө салууну көздөйт. Бирок, сот өз өкүмүн угузуп койгон эле... Абактагы сүйгөнүнө тамак ташып күн кечирген Гуля, ичинде калган баласын төрөйт. Бирок, акыры кылган кылыгын кечире албай, өзүн-өзү атып өлөт. Мөөнөтү бүтүп чыккан Муратов
баласына жолугат... Тасма ушинтип аяктайт.

Тапкан бакыт бир паста жок болуп....
Талгат менен Венеранын ортосунда ошол тасманы тартып атканда сүйүү оту тутанат. "Талгат мырза Венерага тасма талаасына гүл ташып эле жүрчү" дешет кесиптештери. Ошондон көп өтпөй эки жаш үйлөнүшөт. Ал эми экинчи тасма "Бөрү зынданга" тартылып жүрүшкөндө Венеранын боюнда бар болчу. Ал тамашалап, "Бөрү зынданга кызым да тартылган" деп калат. Кызынын атын Линда деп экөө тең коюшкан. Себеби, ошол кезде Венера Пол Маккартинин аялы Линданын мемуарларын окуп, суктанып жүрсө, Талгат Брюс Линин спорттогу техникаларын үйрөнүп жүргөн кези болот. А Брюстун аялынын аты Линда болгон. Талгат менен Венеранын жашоосу алыскы сапар, тасма талаасы менен эле өткөн. Жубайлар абдан жөнөкөй, анан бактылуу жашашкан. Бирок, алардын бул жашоосу узакка созулган эмес. Жандүйнөнүн сырын тереңден билгиси келген Талгат, диний бир сектага кирип алганына көп болгон. Өзү ошол сектадагы адамдардын колунан зөөкүрлүк менен өлтүрүлөт. Ошентип, ташбоор тагдыр эки жашты эки жылдан соң ажыраштырып тынат.
Венеранын турмушу
Күйөөсүнүн трагедиялуу өлүмүнөн кийин, Венера кызын жалгыз тарбиялайт. Бирок, арадан 11 жыл өткөн соң, Венеранын жашоосунда дагы бир мырза пайда болот. Линда өгөй атасы жөнүндө мындайча эскергени бар: "Өгөй атам биздин турмушубузга акырындык менен кирди. Андыктан, эч кандай апама карата кызганыч болгон жок. Тескерисинче, Руслан Самархановичтин келиши менен апам экөөбүздүн ортобуздагы мамиле жакшы жакка кынапталды. Анткени, экөөбүздүн ортобузда кагылуушулар көп болор эле. Ал эми "атам" экөөбүз менен эки башка сүйлөшүп, бат эле эпке келтирип койчу. Мен аны атамдын элесине да кызганган жокмун. Ал башында эле, "билем, мен сага дароо эле "атаңмын" деп айталбайм. Анткени ата бирөө гана. Ошентсе да сага биртууган агаңдай болгонго каршы эмессиңби?" дегени бар. А мен дайыма улуу агам болсо деп кыялданчумун. 17 жашында кызы Линда сүйгөнүнө турмушка чыгып, 2000-жылы уул төрөп, апасын сүйүнткөн. Андан 22 күн өтүп, апасы кызын биртуугандуу кылып сүйүнткөн. Линда жолдошу Мухтар экөө уулуна Альрами деген ысым ыйгарышса, Венера менен Руслан уулуна Альтаир деп ат коюшкан. Бул Венеранын экинчи уулу. Ага чейин Эльдар аттуу уулдуу болгон. Тилекке каршы, кызы жолдошу менен ажырашып кеткен. Учурда Венера Нигматулина эл аралык "Шакен жылдыздары" кинофестивалынын директору.

Талгаттын Венерага чейинки турмушу
Талгат жандүйнө азыгын издеген гана адам болбостон, сүйүүнүн да түбүнө жеткиси келген дербиш болгон. Ал аялзатына ушунчалык берилүү менен мамиле кылган. Анын ар бир аялзаты менен болгон мамилеси драмалык мүнөзгө ээ. Талгаттын биринчи сүйүүсү орус менен украиндердин чыгаан актрисасы Ирина Шевчук болгонун, кийин өзү айтып берген. Экөө тең чыгармачыл адам болгондуктан, анын артынан көп жылдар өткөн соң, бир ирет жолуккан экен. Ал эми анын биринчи алган жубайы - мукам үндүү ырчы Лариса Кандалова болгон. Ларисага арнап ырлар жазып, экөө башында бактылуу жашашкан. Бирок, жубайы Талгаттын дайыма изденип жүргөн, тынчы жок мүнөзүн түшүнө алган эмес. Лариса кийин эскерүүсүндө "ал жанда жок жакшы адам болгону менен чарбачыл эмес болчу. Анан башка аялдар менен алмаштырып жүргөнүн мен саткынчылык катары кабыл алдым. Өзгөчө Халида ага чапкенедей жабышты…" деген. Ошондон улам ортого жарака кетип, бир жыл жашаган соң, эки жакка кетишкен. Экөөнүн ортосунан Урсула аттуу кыз төрөлгөн. Ал эми экинчи аялы Халида Хасанова Талгатты кандай болсо, ошол бойдон кабыл алып, катуу сүйгөн. Акылдуу, жумшак мүнөз чыгыштын кызы Халида аны бардык жактан колдоп турган. "Экөө бири-бирин сүйүп, түшүнүп жашап атышып, анан эмнеге ажырашып кеткен?" деген суроо туулушу мүмкүн. А себеби, Талгаттын жаңы тапкан досторуна (ал убакта Талгат диний сектага жаңы баш баккан кези) Халида жакпай калган. Абай Бөрүбаев (сектанын башчысы) Талгатка "сен аялыңа көп көңүл бурат экенсиң, бул сенин духовный жактан өсүүңө тоскоол болот" деп алыстаткан... Ортодон Талгат Венерага жолугуп, ага кеткен. Халида менен Талгаттын ортосунда Саид аттуу уулу болгон. Экөө Саид 3 жашка толгондо ажырашкан. Халида экинчи жолу режиссер болуп эмгектенген Владимир Дашукка турмушка чыгып, уулун өгөй атасы өз атасындай кылып бапестеп баккан. Саид азыр тапкан атасы менен баккан атасынын фамилиясында. Россияда Саид Талгатович Дашук-Нигматулин - деген ысым менен популярдуу. Анткени, ал да атасын тартып таланттуу. Кино жана театр актеру. Башкасын айтпаганда да, анын россиялык "Человек-амфибия" сериалындагы Ихтиандрдын ролун аткарганын айтсак, жетиштүү болор.

Даярдаган
Эльмира Мадиева






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??