Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_14.htm on line 2


п»ї
Милиция кызматкерлери киши өлтүрүп, изин жашырганбы?

Редакцияга Ош облусунун, Кара-Кулжа районунун тургуну Айсаева Курманбүбү аттуу энеден кат келиптир. "Кайрылбаган адамым калган жок. Айлам кеткенде Акүйдүн же Башпрокуратуранын астына барып отурайын десем, денсоолугум жарабайт. Уулумду өлтүргөн кылмышкерлерди таап берер бирөө барбы же карга карганын көзүн чукубайбы?" деген эне окуяны гезит бетине чагылдырып берүүнү суранды...

-Менин уулум Сооронбеков Бакытбек Кара-Кулжа районунун тургуну, 1977-жылы туулган. Кара-Кулжада Мамлекеттик каттоо кызматында юрист болуп иштеген. Ушул жылдын 3-августунда саат 20.30 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келбеди. Ошол күнү классташ балдарынын жанында жүрөбү (?) деп кам санаган жокмун. Эртеси да келбей жаткандыктан, дагы бир уулум Касымбек биртууганынын артынан түштү. Ал ошол күнү Бакыт менен кошо жүргөн Мамкаттоодо техник болуп иштеген Исабаев Искендер менен биргеликте издеп баштады. Искендер Касымбектен бир нерсе жашыргандай, "камсанабагыла, ал келет" деп атып, биринчи күндү өткөрөт. Касымбек ага болбой, "кечээ кайда бардыңар, эмне кылдыңар?" деп аны ээрчитип алып, экинчи күнү издөөсүн улантып жүргөндө, Касымбекке милиция кызматкерлери телефон чалып, Бакыттын денеси жардан табылганын кабарлашып, ал жерге чакырышат. Өзгөн районунун соттук медициналык эксперти А.Зиядинов жана Кара-Кулжа РИИБнин башчысы Ж.Чобоев моргтун ичинде, биздин чоң аталаш туугандарыбызга Бакыттын жарааттарын көрсөтүп, "кокустан жардан түшүп кетиптир, кызыл-жаян кылып сойдурбай эле үйүңөргө алып кеткиле" деп үгүттөшкөн. Тергөөчү Н.Ташов токтом чыгарып, экспертиза жүргүзүшүп, андан кийин "алып кете берсеңер болот" деп сөөктү беришкен. Бирок, А.Зиядинов экспертизаны жүргүзбөй туруп, Бакыттын курсагын 25 см кесип, кайра тигип койгон. Мындайча айтканда, А.Зиядинов милициялар менен ичкертен сүйлөшүп алып, "калп" экспертиза жүргүзүшкөн. Биз "эксгумация кылдырабыз" дегенде, "туугандары тополоң кылгандыктан, экспертизаны аягына чыгара албадым" - деп шылтоолоду. А биз 6-августта Бакыттын ариетин жасап жерге бердик.
Эртеси уулум Касымбек Кара-Кулжа райондук РИИБнин тергөөчүсү Ташов Нуржигитке барып, Бакыттын өлүмүнүн себептери жана иликтөөсү кандай болуп жаткандыгын сураган эле. Ал топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнүн (ТБ) башчысында экендигин билдирип, арызды эртеси 8-август, дүйшөмбү күнү ТБнын башчысы менен сүйлөшүүдөн кийин жазуусун билдирген. Ташов Н.Бакыт жардан кулап кетип каза болгондугун айткан. Ал эми дененин ички органдарынын кандай абалда экендигин сураганда, аны Өзгөндөн келген соттук медициналык эксперт биле тургандыгын билдиришти. Ал эми эксперт А.Зиядиновтон уулум Касымбек өлүмдүн себебин сураганда, А.Зиядинов: "Ал өзү түшүп кеткен. Практикада адам бийиктиктен түшкөндө биринчи кезектеги сокку, экинчи кезектеги сокку, үчүнчү кезектеги сокку болот. Аныкы биринчи сокку сол жак тизе болгон. Демек, сол жак тизеси менен түшкөн, тизеде шагылдын издери бар, экинчи сокку кабыргага болгон, 3 кабырга сынып кеткен, анан үчүнчү сокку баштын төбө жагына жакын жерге болгон. Бирок, ички органдар, дененин оң жак капталы баштын оң жана сол жагы жабырланган эмес" деп жооп кайтарган. Касымбек "ал жерден тизесинин ич жагы менен жана жарга эч кандай из калтырбастан түшүп кетүү мүмкүн эмес. Ал жардын рельефи 1,5-2 метрдей жантайып барып тик жар башталат, ал жерден баратып түшүп кеткен адам сөзсүз түрдө бош топуракка из калтырып, куурап турган бирин серин узун чөптү кайрып же сындырып кетиш керек эле. Ошол жантайышка тийбей жерге тизеси менен түшүш үчүн жарга карай күүлөнүп келип, секириш керек же аны күүлөнтүп ыргытып жибериш керек эле" деп безилдейт. Кийин Бакыттын денеси табылган жерден эксперимент кылып, "Борцовский манекенди" үч жолу таштап көрүштү, бирок, ал Бакыттын жаткан жерине жетпей койду. Бул эксперимент натыйжасы, Бакыт ал жерден өзү түшүп кетпегендигин дагы бир жолу тастыктады. Ошондой эле, 8-август күнү келген Ош Облустук ИИБнин кызматкерлери Исабаев Искендерди "Бакыт менин жанымда бара жатып жардан кулап кетти" деп күнөөсүн моюнуна алдыргандыктан, 9-августта менин арызымдын негизинде КР КЖКнин 121 - беренесинин экинчи бөлүгү менен Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Исабаев Искендерге кылмыш иши козголгон. Бирок, 11-августта Кара-Кулжа районунун соту Т.Б.Асанов И.Исабаевтин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү. А тергөөчү К.Шеров "Эгерде И.Исабаевди сот чыгарып жиберсе, кылмыш ишин биз ача албайбыз" - деп бизге ультиматум койду. Бирок, кылмыш иши Кара-Кулжа РИИБнин тергөөчүлөрү Н.Ташов жана К.Шеров тарабынан жүргүзүлбөгөндүктөн, Ош облусттук прокуратурасынын орун басары Шакир уулу Атайга арыз менен кайрылып, кылмыш иши Ош облусттук ИИБге алынып, тергөө жүргүзүлө баштады. Менин өтүнүчүм менен 19-августта үч кишиден турган (А.Орозалиев, С.Исаков, К.Насиров) соттук медициналык комиссия Кара-Кулжа районуна тергөөчү О.Абдыкахаров жана Ош облусттук ИИБнин эксперт-криминалисти болуп барышып, эксгумация жасашты. Андан кийин Бакыттын денеси табылган жерди үстүнөн дагы, алдынан да көрүшүп, О.Абдыкахаров менен эксперт-криминалист дагы бир жолу кароо жүргүзүштү. Мүрзөнүн жанында жана окуя болгон жерде эксперттер бир ооздон Бакыттын киши колдуу болуп өлгөндүгүн айтып турушкан. Бирок, 2011-жылдын 15-сентябрында уулум Бакыттын денесин эксгумация жана комиссиондук, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнүн корутундусу чыгып, эксперттердин тыянактары эки ача болуп калды. Комиссиондук жана соттук медициналык экспертизанын мүчөлөрү С.Исаков менен К.Насировтун корутундусу негизделип, илимий тыянактарга таянып, Бакыттын өлүмү "бийиктиктен түшкөндөн болбогондугу" анык көрсөтүлгөн. Ал эми А.Орозалиев өзү лабороториялык изилдөө жүргүзбөстөн, комиссиянын составында болбогон, Р.Ахунжановтун көз карашына таянып, "бийиктиктен түшүп кеткен" - деген корутунду чыгарды. Экспертиза чыккандан кийин мен тергөөчү О.Абдыкахаровко жана Ош облусунун прокурору А.К.Турганбаевке кылмыш ишин КР КЖКнин 121-беренесинен 97-беренесине өткөрүүнү өтүндүм, бирок алар өтүнүчтү четке кагып, комплекстүү экспертиза кылууга өтүштү.
Эмне, милиция кызматкерлерине "өлүм жардан учкандай болгон эмес" деп баардык эксперттер айтканда, анан кылмышкерди издей баштайбы же ошондой корутунду чыкса кылмышкер өзү келип, колго түшүп береби?
Кылмыш ишин О.Абдыкахаров тергей баштаганда эле Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерлери кылмышка аралашкандыгын Касымбекке кыйытып айта баштаган. Биз да бул ишке милициянын тиешеси бар экенине күмөнүбүз жок. Сиздерге түшүнүктүү болуш үчүн, түшүндүрүп берейин: 2011-жылдын 2-февралында уулум Бакыт, Искендер анан Кайрат деген достору менен мончого барышып, кызымтал абалдарында жолдо келатышып, милицияда "уборщица" болуп иштеген Саткынбү Бозова деген аялга жолдон жолугуп калышат. Кызымтал Искендер аны сөгүп таштайт. Аны уккан Саткынбү да тил кайрап, ортодо уруш чыгат. Ошол эле күнү Бозованын арызы менен беш милиция (Жолдошев Каныбек, Чиркешов Алым, Шабданов Бектурсун, Асанов Садыкжан жана Санжар аттуу тергөөчү) аларга "зордуктоого аракет кылды" дешип, "кылмыш ишин козгойбуз" деп коркутканга өтүшөт. Беркилерди билбейм, Бакыттан "15000 сом алып келсең, козгобойбуз" деп сунушташат. Аны мен да кокусунан акча санап аткан жерден көрүп калсам, "апа, кызылдай акчаны жөн жерден берип атам. Күнөө илип атышат моюнума" деп акчаны үстөккө алып бергени бар. Бизге ошол эле тармакта иштеген (милицияга жакын) айрым адамдардын айтымында, 30-август күнү Бакыт менен Искендер отурган кафеде ызы-чуу чыгып кетет. Баягы милициялар барып, ошол жерде отургандарды алып кетишкен экен. Алар "аа булар акча берет" деп кынык алып калышса керек да. Искендер "мен жок болчумун, эрте эле кетип калгам" деп бошонуп кеткенби, эмне кылган билбейм. Иши кылып Бакытты алып калышат. Ошол себептен, Искендер "Бакыт келет" деп ишенимдүү айтып атса керек да. Бирок, муну дагы милициялар такыр моюндарына албай жатышат. Болжолу, алар Бакытты абдан катуу уруп, өлтүрүп алышкан да, жанагы жарга алып барып, "кокустан кулап өлдү" кылып таштап коюшкан... Биз кайрадан экспертиза кылабыз деп ачканда, кабыргасы жети жеринен сынып, сөөгү өпкөсүнө кирип кеткен. Милициялар Бакытка кылмыш ишин моюнуна алдырабыз (!) деп аракет кылып, аягында алар күтпөгөндөй жыйынтык болуп, өлүп калды деп эле ойлоп атабыз. Искендерге калп көрсөтмө бердиртип, кайра бат эле бошотуп жибергендери да ошондон.
Милициянын үстүнөн жазган арыз боюнча тергөөчү О.Абдыкахаров эч нерсе кылбай койду. Прокуратурага кайрылганымда, Токтосунов Азат беш милицияны тапты, бирок андан нары эч нерсе кылбады. Азыркы мезгилге чейин көп күбөлөр суракка алына элек. Тергөөчү О.Абдыкахаров менин өтүнүчүмө токтом чыгарып, андан башка иш козголгон жок. 2011-жылдын 26-октябрында Ош облусттук ИИБнин башчысы А.Тагаевке киргенимде, ал буйрук чыгарып, өзүнүн эки орун басарын буйрукка жооптуу кылып топ түздү эле, бирок ал буйрук кагаз бетинде калды. Башкы тергөө башкармалыгынан келген тергөөчү дагы "карга карганын көзүн чокубайт" кылдыбы, бир эки күбөнү сурамыш болду да, Бишкекти көздөй "шуу" койду. Милициянын жогорудагы жасаган иштеринен кийин бул кылмыш ишин ИИМдин кызматкерлери ачат дегенге такыр ишеничибиз кетти. Ошондуктан, "милиция мени коргойт" дегенди "милиция мени кордойт" деп алмаштыруу азыркы мезгилге ылайыктуу окшойт. Мындай ойго аргасыздан келесиң. Азыр кылмыш ишин прокуратура же милиция
тергебей эле, орто жолдо турган учуру.

Даярдаган
Эльмира Мадиева







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??