Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/uch/11/1215_13.htm on line 2


п»ї
Асел Сүйөрманова:
"Финалда көйнөгүм жоголгон..."

Модель тармагында иштеп, ийгиликтерге жетишкен Асел Сүйөрманова учурда сүйүктүү жар, мээримдүү эне. Карьера эмес, үйбүлөнү биринчи орунга койгон модель менен баарлаштык.

-Асел, балачагың кайсы жерде өткөн?
-Кара-Балтада төрөлүп, чоңойдум. Үйбүлөмдө жалгыз кызмын. Ата-энем ажырашып кетишкен, бирок, атам менен катташып турабыз. Атам жеке ишкер, апам англис, француз тилдеринен котормочу болуп иштейт. Өзүм жалгыз болгонум менен, бөлөлөрүм абдан көп, аларды биртуугандарымдай жакшы көрөм.
-Моделдик чөйрөгө кандай аралашып калдың?
-Студент кезимде "KG Models" моделдик агенттиктен кастингден өтүп, келишимдин негизинде ошол жерде иштеп калгам.
-Учурда эмне менен алектенип жүрөсүң?
-Азыр сүйүктүү жар, мээримдүү эне болуп үйдө отурам. Баламдын биринчи басканын, кыял-жоруктарын көрүп, таттуу тилин угуп, сүйүнүп аткан кезим. Аялзатына мындан өткөн бакыттын кереги жок экен, мен абдан бактылуумун.
-Кумир туткан адамың барбы?
-Мага туруктуу адамдар жагат. Кичинекей кезимде, Войничтин "Овод" романын окуп алып, абдан суктангам. Башкы каармандын башына түшкөн кыйынчылыктарды көтөрө алганы, мага катуу таасир калтырган. Ал эми кийинчерээк Хилари Клинтонду жактыра баштадым. Интеллигент, илим-билим жагынан караганда Эрнест Акрамовду сыйлайм. Жашы өтүп калганына карабай, ооруканага бүт дүйнөсүн тартуулап, оорукчан адамдарга жардам берип келет.
-Жолдошуңдун кайсы сапаттары жагат?
-Жолдошум токтоо адам. Бой көтөрбөгөн, жөнөкөй, акылдуулугу менен мени өзүнө тартып алган. Кандай кырдаал болбосун ойлонуп, акыл калчап иш кылат.
-Сулуулугуңду кантип сактайсың?
-Ар дайым жылмайып, жакшы маанайда болууга аракет кылам. Эч кандай диета деле кармабайм. Азыр кичинекей баламдын аркасынан жүрүп, көп кыймылдап атат окшойм, арык элемин.
-Сулуулар сынактарына катыштың беле?
-"Мисс Кара-Балта", "Жайыл периси", "Мисс Туризм", "Мисс АУПКР" менен "Мисс Жаз" сынактардан Гран-прини жеңип алгам.
-Модельдер жөнүндө кандай гана ушактарды айтышпайт, бул жөн эле ушакпы же…
-Мен иштеген убакта моделдик кесиптин ыплас тарабын байкаган жокмун. Бирок, чоң сынактарга катышканда, достук жөнүндө баары эле унутуп калышат, "Мисс" деген титул үчүн баарына даяр болушат. Бир жолу "Мисс Жаз" сынагында финалга чыктык. Мен дизайнер Олег Беда тигип берген сонун көйнөктү киймекмин. Анан таппай калгам. Маанайым түшүп, ыйлагым келип турганда, Олег келип калган. Кудай сактап, анын жанында дагы бир көйнөк бар экен. Ал көйнөк кыска болсо дагы узун кездемени асты жагына ороп, оригиналдуу костюм кылып, кийип чыккам. Көралбастык кылып, жоголгон көйнөгүмдү катып коюшса да, буйрук экен, баары бир жеңиш мен тарапта болгон.

Айсалкын САМСАЛИЕВА




Чиновниктер келбеген чай концерт...

Өткөн жумада телевидение күнү белгиленип, өлкөдөгү баардык теле кызматкерлер кесиптик майрамын белгилешти. Алардын ичинен он жылдык тарыхы бар "Манас жаңырыгы" телеканалынын кызматкерлери өткөргөн өзгөчө шаңдуу майрамга биз да күбө болдук.

Бул жолу теле кызматкерлеринин күнү телевидениенин студиясында эмес, "Египет" кафесинде белгиленди. Кечени "Манас жаңырыгы" телеканалындагы "Таңкы супа" көрсөтүүсүнүн продюсери Анара Касымбекова жана жалпы кызматкерлер уюштуруптур. Кечки саат 18.00дө башталган майрамдын тамадалары "Таңкы супанын" алпаруучулары: Алмаш Бектурова, Рустам Сагыналиев, Айпери Суранчиева, Тынчтык Өскөнбай уулу, Керемет Сабыржанова, Нияз Сманбеков, Кутберди Алмаз уулу, Света Тыныбек кызы болушту. Келген меймандардын көңүлүн эстрада ырчылары: Нурзат Садыкова, Айгүл Чалова, Мирлан Баевков, Нурлан Насиптер көтөрүштү. Ал эми куйкум сөздүү куудулдар: Тынар Курбаналиев, Назира Жетигенова жана "Тамашоунун" жигиттери боорду эзген тамашалары менен күлкү безин ойготту. Тынар мырза ал жерден да саясатчыларга тийишип, тамаша-чыны аралаш "көрдүңөрбү, мындай жерлерге депутат, министрлер келбейт, алар качан гана бийликтен түшкөндө келишет. Спорт ордосуна концерт коюп атсаң, 2000 кишинин алдына чыгып алып, "бийликтегилер, өнөр адамдарына көңүл бурушпайт, карагылачы, отурган ордуңардын кейпин, отургучтар тешилип калган, сахнанын арты суук, ушундай кантип болсун?" дешет. А өзү бийликте отурганда деле келип койгон эмес" деп чымчылай сүйлөдү. Андан аркы куттуктоо сөздү жаштар министри Алиясбек Алымкулов, телекомпаниянын директору Темирбек Токтогазиев улантты. Темирбек мырза жалпы жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, кесиптештерине ардак грамоталарды жана сыйлыктарды тапшырды. Бул кечеде спирт ичимдиктери таптакыр болгон жок. Анткени, төрдө Өзбек ажы Чотонов, журналист Мыктыбек Арстанбек ж.б.меймандар отурушту. Бирок, тойдун баарын ушундай кылып, спирт ичимдиксиз өткөрсөк деле жарашат экен. "Агар" суусундугу менен тост көтөрүп аткан жаштар ,шаңдуу каткырык-күлкү менен чер жазышты.
Он жаштагы телеканал
"Манас жаңырыгы" телеканалы алгач 2001-жылы Жалал-Абад облусунда ачылган. 2005-жылдан баштап Чүй, Ош шаарларында көрсөтүлө баштаган. Он жыл ичинде көп ийгиликтерге жетишкен жамаат бүгүнкү күндө "Таңкы супа", "Кадам", "Жаштар сүйлөйт", "Ачык сүйлөшүү", "Өзгөчө пикир", "Алтынчы күнү кечинде", "Дагы бир суроо", "Башканы коюп Манасты айт", "Жаңы ысым"
ж.б. көрсөтүүлөрдү тартуулап келишет.

"Таңкы супа"
Айлана-чөйрөгө таң супа салгандан тартып, таңкы көнүгүү, эртең мененки таттуу даам, атактуулар ааламы, пайдалуу кеңештер менен көрүүчүнүн маанайын көтөргөн көрсөтүү, таңкы саат сегизден онго чейин уланат. Түз эфирге чакырылган белгилүү адамдар кызыктуу маек курушуп, жандуу үн менен ырдап, төкмө акындар айтышып,
манасчылар "Манас" айтып беришет.

Айнура Касымова







кыргыз тилиндеги гезит "Учур"









??.??