Жакшылык жылоологондо
Коён жылында:
кубанычка бөлөнгөн жылдыздар

Көз ачып жумганча 2011-коён жылы да сапарын карытып баратат. Бул жыл "Курманжан Датка жылы" деп жарыяланып, Курманжан апабыздын 200 жылдыгын, Уркуя Салиеванын 100 жылдыгын өзгөчө шаң менен белгилегенибиз - чоң сыймык болду. Аны менен катар, "ак менен кара дайыма чогуу жүрөт" дегендей, кыргыз эли жоготууга учурап, мыкты азаматтарыбыз Мухтар Өмүракунов, Мелис Эшимкановдон ажырадык. Ошондой болсо да, бул ирет шоу жылдыздарынын жакшылыктары боюнча азыноолак кеп козгой өтөлү...


Бир башы эки болгондор

"Чү" дегенде эле тойлордун парадын патриоттук ырларга басым жасаган, репер ырчы Добр "5-каналдын" Жылдызай аттуу сулуу кызына үйлөнүп, жол баштап берди. Андан соң июль айында "Муз Обо" телеберүүсүнүн ажарлуу алпаруучусу Роза Ибраимова сүйүктүүсү Амандын колун кармап, уядан учуп кетти. Ал эми чимириле бийлеп, 800 кыздын экинчи энеси, бийчи Назик да ошол эле жайдын саратанында ак жоолук салынып, күркүрөгөн күздө ак көйнөк кийип, Кубат мырзанын өмүрлүк жары болду. Сентябрдын сегизинде болсо, "Тамашоунун" "атасы" Эрмек Нурбаев апасын Чолпон аттуу келиндүү кылып, колун узартса, көп өтпөй октябрь айынын соңунда "Чын эле мен сени таптымбы?" деп жүрүп, ырчы Бегимай Эсенгулова сүйүктүүсүн казак улутунан таап, турмуш жолуна аттанды. Кийинки кезек сүйгөнүн "кызыл өрүккө" салыштырган Мирлан Баековго жетип, ал 30га чукулдап калганда, Созул аттуу созулган татына кызга баш кошту. Шайырдыгы менен кишини алдына салдырбаган ырчы Нена 21-ноябрда коргоо министрлигинде иштеген жигитке турмушка чыкса, тойдун сезонун 26-ноябрда жалалабаддык Талант деген мырза менен үйбүлө очогун куруп, "Кыз Бурактын"
сулуусу Айзирек Ташматова жапты.


Бешик терметкендер
2011-жыл көптөн бери балалуу боло албай жүргөндөр үчүн ийгиликтүү жылдардан болду окшойт. Турмушка чыккандан кийин, 7 жылдан соң ырчы Гүлнара Калдарова өтүп бараткан коён жылынын 5-мартында кыздуу болуп, жолдошу Мыктыбекке кубаныч тартуулап, ымыркайга Аяна аттуу ысым ыйгарышты. Ал эми 15-мартта бал-ширин жубайлар Урмат менен Неля тун уулу Нурэлди Жазэл деген карындаштуу кылышты. Ошондой эле эки элдин эрке уулу Султан Садыралиев да май айында перзенттүү болуп, чоң атасы небересине Акмырза деген ат койду. "Апакай аккуу" болгусу келген Айпери Сыдыкова жай аяктап калганда жолдошу Мирзамирди Исак деген орунбасарлуу кылса, 36 жашында турмушка чыгып, 37 жашында ырчы Кенже Дүйшеева "эне" деген статуска ээ болуп, тун кызы Томиристи жарык дүйнөгө алып келди. Этно акын Тата Улан экинчи ирет үйбүлө куруп, октябрда Аман аттуу уулдуу болуп, кубанычы көктө. Ал эми 27-ноябрда ырчылар Акбар Сүйүнбаев менен Съездбек Искеналиевдер эркек балалуу болушканын айта кетели. Ди-джей Назира Кадыева менен ырчы Мэри Шакулина ноябрда Акназар, Искак деген "балапандарды" жолдошторуна белекке беришти.


Ити чөп жегендер
6 өлкөнүн ортосунда уюштурулуп жаткан "Евразия жылдызы" долбооруна Кыргызстандан жаш ырчы Гүлжигит Калыков тандалып алынып, 2011-жыл ал үчүн эң бир эсте калаарлык, жемиштүү жылдардан болгону шексиз. Эскерте кетсек, "Евразия жылдызында" Кыргызстандын желегин желбиретем (!) деп, кастингге 500дөй таланттар ат салышкан.
Ошондой эле тиши менен самолет сүйрөп, дүйнөлүк "Гиннес" китебине киргенге арызын жазган "Ташчайнар" деген каймана аты менен таанылган, таластык Нурлан Алишеров быйыл 15-ноябрда ОРТ телеканалындагы "Минута Славы" долбооруна катышып кайтты. Ташчайнардын түшүндө "35 жашыңда укмуштуудай өнөрүң ачыкка чыгып, көпчүлүктү таңгалдырасың" деп аян берген экен.
Ал эми бийчи Атай Өмүрзаков Словакиянын борбору Братиславада өткөн "Чехия-Словакияда таланттар бар" телесынагында укмуштуудай бийи менен калыстар тобу жана көрүүчүлөрдү таң калтырып, баш байгеге коюлган 100 000 еврону утуп алып, кубанычы асман-жерге сыйбай турган чагы. Коёндой окшош жылдардан айырмаланып, бул жыл Атайдын эсинде өзгөчө сакталып калса керек.

Адинай МАРИПОВА