Аалы 3-орунга татыды

Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата чоң масштабда өткөрүлгөн айтышка ар өлкөдөн 42 акын катышты. Кыргызстандын намысын коргоп барган төкмө акын Аалы Туткучев 3-орунга татыды. Казактын кыргызга тийишкен акындары менен атайын Аалы мырзаны чыгарышыптыр. Кызыгы, казактарда чүчүкулак кармоо деген жок, каалаганын чыгара беришет экен. Алар биздин төкмө акынга "мындан ары ынтымагыбыз артып турсун" деп сахнадан чепкен жаап, калпак кийгизип, домбра белекке беришти.

Айжамал жаңы жылды кайдан тосот?

Турмушка чыккандан кийин жолдошунун жумушуна байланыштуу Москвага көчүп кеткен ырчы Айжамал Кабылова жыл сайын сентябрь айында мекенине бир айга келип, 2-3 ыр жаздырып кеткенди салтка айлантып алган. 2011-жыл ырчы айым үчүн башка жылдардан өзгөчө болгону турат. Себеби, жолдошу Азамат жубайынын жаңы жылдык көгүлтүр отко катышкысы келгенин эске алып, 2012-жаңы жылды Кыргызстандан тосолу деп чечиптир. Ага кошумча, Айжамал "Алтын үн-2011" долбоорунда финалга чыгып, учурда оркестрге барып, жандуу үн менен ырдоо үчүн даярдык көрүп, конкурста ырдаганга "Махабат айылында" аттуу жаңы ыр жаздырып жүргөн чагы.

"Кош жылдыздын" өзгөчө шоу-кечеси

2-декабрда "Кош жылдыз" мега долбоору 2009-жылдан берки тандалган мыктыларынын жаңы жылдык шоу-концертин элге тартуулады. Концерт жогорку деңгээлде өтүп, келген күйөрмандар ыраазы болуп кайтышты. Программада элдик ырлардан баштап, дүйнөлүк классикага чейин ырдалды. Академик Жамин Акималиев менен Гүлзат Батырканова "Ак кептерим" аттуу чыгарманы аткарышып, мыкты аталып, "Кош жылдыз" кубогун жеңип алышты. "Аталган концертти жаңы жылдын алгачкы күнүндө көрсөңүздөр болот" дейт долбоордун негиздөөчүсү Калипа Сейдалиева.


"Тамашоу" чемпион!

2011-жылы жыл бою Евразия супер лигасынын сезону болуп, 1-декабрда Алматыда финал өтүп, Кыргызстандан барган "Тамашоу" курама командасы чемпион аталды. Эске сала кетсек, 2010-жылдын чемпионун да биздин тамашоучулар илип кеткен. Ал эми 4-декабрда түрк тилдүүлөрдүн лигасында башкалар жалаң казак тилинде ойношсо, биздин патриот жигиттер эне тилинде ойноп, бул оюнда да жеңишке жетишти. "Ушуну менен Казакстанда 3 ирет чемпион болдук" дейт кубанган "Тамашоунун" жетекчиси Эрмек Нурбаев.

Москвада "Кыргыз сулуусу" тандалат

Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Москва шаарында "Жаш Толкун" жаштар союзу "Кыргыз Сулуусу" аттуу жаңы долбоор өткөргөнү турат. Бул конкурс Москвадагы кыргыз кыздарынын талантын, жөндөмүн баса белгилөө максатында уюштурулууда. Чыныгы кыргыз кызы улуттук сулуулукту, энелик жоопкерчиликти билиши керек экен. Финалга чыккан кыздар, бир ай бою образ жаратканды, баскан-турганды тажрыйбалуу мугалимдерден сабак алып, профессионал сүрөтчүлөр менен иштешет. Бул кечеге Кыргызстандан конок катары Ырыскелди Осмонкулов, Иса Өмүркулов барат. Ал эми алпаруучу Эркин Рыскулбеков болмокчу.

Айя баласын кыргыз
бала бакчага берет
Назик үндүү ырчы Айя Садырова ноябрь айынын аягында Улуттук Консерваториянын эстрадалык вокал бөлүмүн ийгиликтүү аяктап, артыкчылык дипломдуу болду. Буга чейинки жарым жыл аралыгын үйбүлөсү менен Алматыда өткөрүп келди. "Алматыда жандуу инструменттер менен иштеп, менин көптөн берки максатым орундалды. Алты ай ичинде топтогон тажрыйбамды кыргыз эстрадасында жаңылык киргизүү үчүн колдоном. Бала менен үйдө отуруп, чыгармачылыктан алыстай түштүм. Бир жаш, тогуз айлык болуп калган уулум Искендерди 2 жашка толгондо кыргыз бала бакчасына берем. Жолдошум экөөбүз кыргыз тилинен кыйналабыз. Жок дегенде балабыз эне тилинен кыйналбасын" дейт Садырова.


"Кыз Бурактын" концерти жылдырылды

Легендарлуу "Кыз Бурак" тобу 35 жылдык юбилейин 8-9-декабрда Улуттук Филармониянын чоң залында жандуу үн менен элдин эсинен кеткис кылып белгилешмек. Бирок, "Кыз Буракта" ырдап кеткен, аспаптарда ойногон эки экс-солистканын жакын адамдары кайтыш болуп, ошондой эле Сайкал Садыбакасованын денсоолугуна байланыштуу аталган чоң той 2012-жылдын март айына жылдырылды. Күйөрмандарына ар дайым сапаттуу концерт тартуулаганды адатка айланткан "Кыз Бурактын" жадыраган жаз айындагы концертинде, топто ырдап кеткен баардык кыздардын жандуу ырдагандарына күбө боло алат экенбиз.

Адинай МАРИПОВА