Амир АСКАРОВ, ырчы, аранжировщик:
"Сүйгөнүм мени алдап кеткен"

Акыркы убакта хит ырлардын катарын толуктап, ар бир экинчинин соткасынан жаңырган "Алдадың" деген ырды аткарган Амир Аскаров ырдын тарыхы, өзүндөгү жаңылыктар менен бөлүштү.

- Амир, "алгачкы ырым революция болгондо жаңырган" дедиң эле?
- Сөзү, обону өзүмө таандык "I LOVE YOU" деген эң биринчи ырым 2010-жылдын 3-апрелинде даяр болуп, 7-апрелде саат 11де "Тумар" радиосунда алгачкы ирет жаңырган. Ошол убакта ызы-чуу чыгып, абал курчуй баштаган эле. А бирок мен ошол убакта эч нерседен кабарым жок, ырым жаңырганына кубанып отургам. 7-апрель тарыхта кара так болуп жазылып калса да, мен үчүн эң бактылуу күндөрдүн бири болгон.
- Хит-параддарда алдыңкы орундан түшпөй келаткан "Алдадың" деген ырыңды кандайча аткарып калдың?
- Азыркы учурда баары эле алдап көргөн, алданып көргөн. Себеби, сүйүү деген ушундай нерсе экен. Сүйүп каласың, бирок ал адамдын ички дүйнөсүн билбейт экенсиң. Ал сени менен жакшы сүйлөшүп койсо эле, "ой, бул укмуш экен" деп ойлоп каласың. Тилекке каршы, жашоодогу актёрлор көп экен. Сенин ак сүйүүңдөн пайдаланып, сүйгөнүң алдап кетсе, аябай жаман абалда калат экенсиң.
- Сени сүйгөнүң алдап кетти беле?
- Чынында эле мени сүйлөшкөн кызым алдап кеткен. "Сүйөм" дегенден сырткары көп жолу алдаган. Аны чын дилимден сүйгөнүм үчүн баарына көз жуумп жүргөм. Бирок акыркы жолу кылган жоругун эч убакта кечире албайм. Экс-сүйгөнүм менен "ажырашканыма" бир жыл, эки ай болду. Сүйүүдөн көңүл калып калгандыктанбы, азыр кыз жандап жүргүм келбей калды. Ошол себептен тагдырымды акын Кудрет Тайчабаровго айтып, "сүйгөн адамыңдын чыккынчылыгы тууралуу ыр жазып бериңизчи?" дедим. Ошентип, "Алдадың" жаралган.
- Продюсерсиз жалгыз иштеп, кыйналбай элесиңби?
- Кыйынчылыктар болбой койбойт. Тоскоолдуктарды жеңип, өзүңдүн ак эмгегиң менен ийгиликке жетишсең, кандай сонун! Эгер Кудай Таалам кааласа, миң адам бут тоссо да, мен баардык ийгиликтерди багынтам деп ойлойм.
- Атың элге тааныла баштабадыбы, дарегиңе "жылдыз болуп калыптырсың" деген сөздөр айтыла баштагандыр?
- Мурда Көлдө жүргөндө мени тоготпогондор ырдап чыккандан кийин башкача сүйлөп калышты. "Тойго келип ырдап бербейсиңби?" дешет. Мен да алардын өздөрүнө жараша мамиле жасап койсом, "ой, Амир жылдыз болуп кетиптир" деп сөз таратып ийишет.
- Кийин ырчылык менен гана үйбүлөңдү багып кетээриңе көзүң жетеби?
- Мен ырчылыктан сырткары музыкантмын. Ырларга аранжировка жасайм. Бактыгүл Бадыева, "Импульс" тобу, Асема Токтобекова, Тата Уландын айрым чыгармаларына көйнөк кийгизип кооздоп бергем.
- Аранжировкалоочулар бай болчу эле, бир ырды канчага жасайсың?
- Акча жакшы эле табам. Бирок канчалык көп тапсаң, ошончолук коройт экен. Каражаттын баарын кайра эле ошол ыр жасоочу аппаратурага жумшайм. Бай деле эмесмин, машинам жок, жөө жүрөм. Баары өз убагы менен болот. Бир ырдын аражировкасын 200 доллардан жогору жасайм.
- Кандай ырларды арзан жасайсың?
- Клубга ылайыктуу, жандуу, инструмент кошулбаган ырлар оңой жасалат. Ошондуктан алар арзан. Ал эми фольклор багытындагы ырларды жасоо - укмуш көп убакытты жана эмгекти талап кылат.
- Үйдөгүлөр чыгарма-чылыгыңды колдойбу?
- Башында "Кой, Амир, биздин уруудан ырчы чыккан эмес, ырчы болбой эле кой" дешкен. Себеби үйдө музыканттар жок. Баары эле жогорку билимдүү. Атам - инженер, апам, эжем - педагог, байкем - аскер адамы. Атам менин инженер болушумду каалачу. Мен да "чоңойгондо инженер болом" дейт элем. Анан эле "BACK STREET BOYS" тобунун ырдаганын көрүп, "ырчы болом" деп көгөрүп туруп алдым. Эгер ата-энеңдин айтканы менен болуп, туура эмес кесип тандап алсаң, анда эч убакта ишиңдин өтөөсүнө чыкпайсың. Андыктан, жүрөк сүйгөн кесиптин ээси болгонубуз дурус.




Тынара КУБАНЫЧ кызы, ырчы:
"шеф менен көңүлдөш болгонго жол жок"

"Тагдырым болчу сен менин", "Апакебай", "Жумгал вальсы" деген ырларды жандуу үн менен аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон бүгүнкү биздин мейман атак-даңк үчүн эмес, элдин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган чыгармаларды жеткирсем деген максатта ырчылыкка аттанган. Анда Тынара айымдын маегине көңүл буралы.

- Тынара, чындыгында үнүң абдан мыкты экен. Сахнага чыкканыңа эки жыл болсо дагы белгилүү боло элексиң. Таланты бар таанышы жок болуп атасыңбы?
- "Кыбыраган кыр ашат" деп айтылат. Бир заматта атактуулукка жетишип, элге таанылгандан кийин "жалп" өчүп калгандан абдан чочулагам. Ошондуктан чыгармачылыкта ар бир тепкичти басып, ак эмгегим менен бара-бара ийгиликке жетишем деп ойлойм. Балким, силер айткандай чын эле "талантым бар, бирок таанышым жок" болуп жүрдүмбү? Азыр Элмира Тезекбаева деген эже менен иштеше баштадым. Продюсеримдин колдоосу менен жаңыдан чыгармачылыкта баш көтөрүп келатам.
- Стилиң фольклордук чыгармалар экен, эстрадалык ырларды аткарайын деген оюң барбы?
- Негизинен мага фольклор жааты аябай жагат. Өзүм шайыр жүргөнүм менен ырларымдын баары оор басырыктуу, сүйүүсүнө жетпей калган темадагы лирикалуу ырлар. Жеңил ырларды ырдагым келбейт.
- Таланттуу кыз кайсы жердин абасы менен дем алып, суусун ичип чоңойду экен?
- Киндик кан тамган жерим Нарын областына караштуу Жумгал районунун Дыйкан айылы. 3 жашка чейин ошол жерде өскөм. Андан соң атамдын жумушуна байланыштуу Суусамыр өрөөнүнө көчүп келгенбиз. 9-класска чейин ошол жерден билим алып, 11ди Бишкектен бүттүм.
- Жашың 30га чукулдап калган экен. Турмушка чыгууга эмнеге ашыкпадың? - Аялзаты эң негизги бакытты бала эмизгенде сезет деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай мээримдүү эне, сүйүктүү жар, ыймандуу келин болгум келет. Бирок баардыгы Кудайдын буйругу менен болот тура. Мүмкүн, мен табитимдеги мырзага жолуга электирмин. Анын үстүнө былтыр сүйүүдөн көңүлүм катуу калып калган. Андыктан сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп, турмушка чыгуудан бир аз кооптонуп турам.
- "Служебный романдарга", жеңил ойлуулук менен кызматынан көтөрүлгөндөргө кандай көз караштасың?
- Өзүм кыз болгон соң, ушул нерсе туура дегенден алысмын. Чындыгында ушундай окуялар тилекке каршы акыркы күндөрү көп кездешип калды. Бирок көп учурда кыздардан кетет. "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" деп бекеринен айтылбаган чыгаар. Айымдар өздөрүн тыя билиш керек. Мага Кудай ыйман берген, намаз окуйм. Шеф менен көңүлдөш болгонго жол жок! "Мага үй, машина алып берет экен" же "клибимди тартып берет экен" деп бузук жолго бардыңбы, өмүр бою атың булганып калат. Ошол нерселерди сунуштаган адам эртең өзү ушак жайып ийиши мүмкүн.
- Өзүңдөн 5-10 жаш кичүү жигит колуңду сураса, кандай жооп кайтарасың?
- Эгерде ал мени, мен аны сүйсөм, эмне үчүн турмуш курууга болбосун?! Сүйүү жашка карабайт. Ошондуктан мырза кичүү болгондон эч кандай комплекс болбошу керек. Эң негизгиси анын ата-энеси туура түшүнүп, эч кандай чыр-чатак чыгарбаса, өзүмдөн кичүү мырзанын колун кармаганга даярмын.
- Эртең мененки шоу программаларга барган ырчылар жандуу үн менен ырдагандан качышат. А сен уктап аткан жериңден ойготуп ырдап бер десе, ырдай аласыңбы?
- Эгерде 3-4 ай жандуу үн менен ырдабай, фонограмма менен жүрө берсең, жандуу үн менен ырдасаң дагы жеткиликтүү болбой калат. Ошондой болбош үчүн вокалга барып туруш керек. Мен учурда Улукмырза Полотов агайдан сабак алам. Азыркы тапта вокалга барып атканыма байланыштуу уктап аткан жеримден ойготуп ырдатса, жандуу ыр менен жеткиликтүү ырдай алам деп ишеничтүү айта алам.
- Жазгы жаандан кийин чыккан козу карындай көбөйүп кеткен, үнү жок "жылдыздарды" кантип азайтса болот?
- Жакында Сагын Ниязалиева "21-кылымдын жылдыздары" аттуу долбоорду жандуу үн менен өткөргөнү турат. Эгерде ар бир концерт жандуу үн менен өтсүн деген катуу талап коюлса, чыныгы таланттуу ырчылар өздөрүнөн өздөрү эле иргелип калат деген пикирдемин. Мен өзүмдү укмуш таланттуумун деп айтпайм. Бирок жандуу үн менен, оркестрдин коштоосунда ырдай алам.

Бетти даярдаган
Адинай МАРИПОВА