Чийме каш
Алтынай Эмилбекова, модель:
"Клипке түшсөң акча төлөшпөйт..."

Алтынай - жаш модель. Жакында эле Нурлан Насиптин "Эркелетсемби?" деген жаңы ырынын клибине тартылды. Учурда КРСУда журналистика факультетинде окуйт.

- Алтынай, үйбүлөң жөнүндө айтып кетсең?
- Биздин үйбүлө абдан чоң жана ынтымактуу. Атам - бизнесмен, апам - үй кожойкеси. Ата-энем - менин кумирлерим. Мен абдан энергиясы күчтүү кызмын. Учурда КРСУда журналист кесибинде билим алып жүрөм. Эжем, анан Бакирдин, Байчоро жана Даниель деген инилерим бар. Алардын кылыктарын карап отуруп эле, эч качан эрикпейбиз. Бош убакытта бийге барам жана модель болуп да иштейм.
- Модель катары биринчи кадамың эмнеден башталды?
- Кичинекей кезимен подиумда баскан модельдерди көрүп суктанчумун. Ошондон улам "мен модель болом!" деп максат койгом. Чоңойгондо "Витлайн" моделдик агенттиктин мектебине бардым, ошол балалык тилегиме жеттим деп айта алам. Учурда модель катары кызыктуу сунуштарды да ала баштадым. Моделдик бизнес бизде жакшы өнүкпөсө да, биздин кыздар эл аралык сынактарда өлкөбүздү татыктуу жана жогорку деңгээлде көрсөтүп жүрүшөт.
- Сүйлөшкөн жигитиң барбы, кандай жигиттер жагат?
- Мага акылдуу, алдына максат койгон жана алдыга умтулган жигиттер жагат. Мени ар дайым колдогон жигитке кезиксем деп тилейм. Бирок, азыр жигитим жок.
- Биринчи орунга карьераны коёсуңбу же үйбүлөнүбү?
- Чыгыштын кыздары баары бир биринчи орунга үйбүлөнү коюш керек. Менин эң чоң максатым - сүйүктүү жар жана беш баланын мээримдүү энеси болуу, ал эми мыкты карьераны кийин деле жасап алсаң болот.
- Нурлан Насиптин "Эркелетсемби?" ырынын клибине кантип тартылып калдың?
- Мага режиссёр Эрнист Сыдыков чалып, "клипке тартылбайсыңбы?" деп сунуштады, макул болдум. Анткени ал адамды өз ишин мыкты билген профессионал катары билем. Азыр деле өкүнбөйм, өзүмө, тааныштарыма клип абдан жакты, бирок чоң желдеткичтин астында туруп, тоңуп калдым.
- Сыр болбосо, моделдер жарнама роликтерден канча маяна табышат?
- Мисалы, ар кандай компаниялардын жүзү болсоң, 200-300 доллар төлөшөт, ал эми кино, клипке тартылганда төлөшпөйт, анткени бул өзүң үчүн эле пиар болот деп эсептелет. Подиумга чыкканда, категорияңа жараша акча аласың. A,B,C деген категориялар бар. Жаңы стажер болуп жүрсөң, акча төлөшпөйт. Эң жогорку категория - A.
- Кандай сулуулук сынактарга катыштың?
- Мисс School (1-орун), Мисс Бишкек- 2011-жыл (2-орун), Mисс Diamond (1-орун) деген сынактарга катышып, алдыңкы титулдарга ээ болгом.
- Канча тилде эркин сүйлөйсүң?
- Кыргызча, орусча, англисче жана түркчө эркин сүйлөйм. Учурда француз тилин үйрөнүп жатам.
- Сулуулук сынактарда кандайдыр бир күлкүлүү же ыңгайсыз окуяга кабылдың беле?
- Ооба, бир жолу сынакта бийлеп атсам, туфлимдин такасы сынып калган. "Кетип калсамбы, же аягына чейин бийлейинби?" деп ойлонуп, анан таканы алып туруп, артыма ыргытып жибердим
дагы, бийди аягына чыгардым. Ошол сынакта биринчи орунду алгам.




Адинай Кемелова, модель:
"Мисс Азия сынагынан Гран-Прини утуп алдым"

Адинай Кемелова Кыргызстандын эң ийгиликтүү моделдердин бири. 2009-жылы "Мисс Бишкек" наамына ээ болгон модель жакында дагы бир ийгилик жаратты. Санкт-Петербургда өткөн "Мисс Азия" сынакта Гран-Приге ээ болду. Сынак кандай өткөнүн жана жеке жашоосу тууралуу сөз кылдык.

- Адинай, жеңишиң менен куттуктайм! Ал сынакка кантип катышып калдың?
- Бул эл аралык сынакка Санкт-Петербургдагы ар бир өлкөнүн диаспорасы өздөрүнүн татыктуу кыздарын чакырышкан. Мага да чалып, "сынакка катышып көрбөйсүңбү?" деп сунуш кылышты. Эрежелерине жараша, бүт документ, портфолиомду сынактын калыстар тобуна көргөзүүгө жибердим. Анан алардан "Учуп кел!" деген жооп келди. Учакка отурганга 4 саат калганда, мен Бишкекте көйнөк издеп жүргөм. Араң таап, учуп кеттим. Биринчи турда 40 катышуучунун ичинен 15 кыз финалга чыгышты. Финалда "Улуттук кийимдин көргөзмөсү", "Интервью", "Таланттар сынагы", "Кечки кийимдин көргөзмөсү" деген номинациялар болду. Ал жактан биздин диаспора мага абдан жардам берди, мисалы, мен "Таланттар сынагында" улуттук бий бийледим, мага кыргыз диаспора таап берген комузчулар ансамбли аккомпанемент ойноп беришти. Аягында Гран-Прини мен алдым, калган кыздардын баарына номинация берилди, ошон үчүн эч ким таарынычта калган жок.
- Баш байгеге эмне беришти?
- "AN65" деген белгилүү мода үйү менен чоң суммадагы келишим түздүм, жакында бүткүл Азиянын өлкөлөрү боюнча менин жүзүм менен жарнама кампаниясы башталат. Биздин шаарда да ал бутиктин филиалы ачылат.
- Санкт-Петербург сага эмнеси менен эсиңде калды?
- Оо, Санкт-Петербург абдан кооз шаар экен. Архитектурасы, маданияты, музейлери абдан жакты. Бул сынакты эч качан унутпайм, ал жакта жүргөн эки жума бир заматта эле өтүп кетти. Кудай буюрса, дагы бир жолу Питерге барып келем деген оюм бар.
- Учурда эмне менен алектенип жүрөсүң?
- Азыр окуу, жумушума жаңыдан аралаша баштадым. Өзүңөр билгендей эле, мен азыр Күрөш Федерациясында катчы болуп иштейм, биздин спотчуларыбызды олимпиадаларга даярдайм. Мекениме келгенден кийин ар кандай компаниялардан жарнамага тартылганга жаңы сунуштар түшүп жатат, ойлонуп жүрөм. Азырынча эң башкы максатым - окуумду кызыл диплом менен аяктап, ынтымактуу үйбүлөлүү болсом дейм.
- Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
- Сүйлөшкөн жигитим жок. Мага ыймандуу, акылдуу, биринчи орунга үйбүлөнү койгон жигиттер жагат. Өзүм тунук сүйүүгө ишенем.
- Күйөрмандарың көп эле болсо керек. Сага кандайдыр бир сюрприз жасаган жигит болду беле?
- Ооба, ушул жайында бир жигит менин сүрөттөрүмдөн
слайд жасап, белгилүү видеопорталдардын баарына салып коюптур.
- Бош убакытта кантип эс аласың?
- Өзүм чыгармачыл адамдардын катарына кирем, ошон үчүн сүрөт тартканды, жагымдуу музыка укканды жактырам. Досторум менен киного көп барам, экономикалык жана психологиялык илимий китептерди окуйм.

Бетти даярдаган
Чынара Сыдыкбекова