СПОРТ

Бильярд
Миллиондук байгеге жакындаган Азиз
Орусиянын Ульянов облусунун губернатору бильярддын шайкеш пирамида түрүнөн мелдеш өткөзүп, оюнга кубоктон тышкары миллион рубль байге койгон. Кыргызстандан Ильяс Адамов, Азиз Мадаминов жана быйылкы жылдын чемпиону Кубанычбек Сагындыков аттанган эле. Ильяс алгачкы оюндарынан ары жыла алган эмес. Кубанычбек эки атаандаштын мизин майтарып, үчүнчүсүнөн утулуп калган. Бул турнирде Азиз миллиондук байгеге жакындап чейрек финалга чейин жеткен. 4 атаандашты айласыз кылып уткан.

Эрежесиз эр уруш
Белек Евразия чемпиону болду
Казакстандын ордосу Астана шаарында эрежесиз эр уруш боюнча Евразия биринчилиги жана панкратион мелдеши боюнча дүйнөлүк биринчилик болуп өттү. Евразия биринчилигинде чемпиондук титул үчүн 80 килограммдык салмак чени боюнча Белек Абдыжапаров жергиликтүү эр уруштун балбаны Асиф Тагиев менен чыгып, биздин балбан атаандаштын "тишин күбүп" салган. Мындан сырткары, Барибай уулу Медетбек 70 килограммдык салмак чени боюнча дүйнөлүк биринчиликтин финалында мушташып, атаандашына алдырып ийген.

Волейбол
С.Чокморовдун эскерүү турнири
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо СССРдин эл артиси, КР эл сүрөтчүсү жана волейбол оюну боюнча спорттун чебери, киноактер Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол оюну боюнча кезектеги салтка айланып калган ХХ республикалык мелдеш башталды. Акыркы жылдары өлкөбүздө волейбол оюну бир топ эле жанданып, мелдештердин баркы көтөрүлүп келатканы сезилет. Буга биринчи оюнда келген күйөрмандардын зал ичине батпай калганы күбө десем жаңылышпайм. Бу жолу командалар да катуу даярданышыптыр. Алсак, "Ош бажысы" эки оюн өткөрүп, экөөсүн тең утуп алды. Анда биринчи күндүн жыйынтыгы менен тааныштыра кетели: "Салам-Алик" - "Чаткал" 3:0, "ВВ МВД+К" - "Алай Датка" 3:0, "К2-Спартак" - "Теңир-Тоо Замандаш" 0:3, "Динамо" - "Жаңы Муун" 0:3, "Улар" - "Сольвейг спорт" 3:1, "Ош бажысы" - "Жаш Күч" 3:0, "Жаштык" - "Ош бажысы" 0:3.

Шахмат
Облуста федерация ачылды
Ысык-Көл облусунда шахмат боюнча федерация ачылды. Мындай иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов, Улан Чолпонбаев жана спикердин пресс-катчысы Асел Алиевалар катышып, жаңы ачылган облусттук федерацияга 25 оюн тактасы сааты менен белек кылышты. Федерация президенттигине Ислам Байсынов шайланып, ошол эле күнү чоң мелдеш башталды. Турнир алдында ЖКнын депутаты Дастан Бекешов Азиянын чемпиону Нуриза Оторбаева менен жолдоштук беттешүү өткөзүп, бүйүр кызыткан таймаш тең чыгуу менен аяктады.

Эрнесто Инаркиев келеби?
Декабрдын башында Кыргызстандан чыккан гроссмейстер Эрнесто Инаркиев туулуп өскөн жери Бишкек шаарына келип, өзүнүн наамындагы мелдеш өткөзүп кетерин кабарлаган. Байге куржуну миң доллар жана бул мелдеш жаштарга гана арналары белгилүү болду. Эскерте кетсек, Эрнесто Инаркиев Бишкек шаарында туулуп, кийин
Орусияга ата-энеси менен көчүп кеткен.

Теннис
Клубдук биринчиликте...
Стол үстүндөгү теннис боюнча Кыргызстандын клубдар арасындагы ачык биринчилик аяктады. Жыл бою өткөрүлүп келген мелдеште "Шмель" (Кыргызстан) командасы көп упай топтоп, өлкөнүн чемпиону болуп калышты. Командада Саида Кудусова, Марат Сүртүбаев, Рашид Ахмедов жана Виталий Юрлов ойноду. Экинчи орунду "Best Oil - Масанчи" (Казакстан) командасы жеңди. Бул команда былтыр өлкөнүн чемпиону болушкан. Ал эми коло медалды "Газпром-Нефть Азия" (Бишкек) курамы багынтты.

Данияр экинчисин утту
Астана (Казакстан) шаарында чоң теннис боюнча эл аралык мелдеш башталды. Финалдык таймаштарга иргеп алуу оюндардын алгачкыларында биздин жердеш Данияр Дулдаев эки ирет кортко чыгып, экөөсүн тең утуп алганы маалым болду. Бүгүн дагы бирөөсү менен чыгат. Бу жолу казакстандык Кайрат Көшөров менен "былчылдашат". Менимче атаандашы анча деле күчтүү эмес.

Оор атлетика
Кош, Миталл!
Миталл Шарипов айыкпас илдеттин азабынан көз жумду. Ал болгону 39 жашта эле. Он гүлүнүн бир бүрү ачыла электе бу жашоо менен кош айтышты. Эчендеген мыкты атлеттерди даярдамак. Аттиң, шум ажал алып кетти. Миталл КРнын оор атлетика боюнча көп жолку чемпиону, 7 жолку өлкөнүн мыкты спортчусу деп таанылган. Азияны багынткан. Спорттогу жетишкен ийгиликтери үчүн КРнын ардак грамотасы жана "Манас" медалы менен сыйланган. Кош, Миталл, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.

Бокс
Өлкөнүн мыктылары аныкталат
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо бокс боюнча чоңдор арасында өлкөнүн биринчилиги башталды. Республиканын булуң-бурчтарынан мен кыйын дегендер иргелип келди. Жуманын аягына чейин өлкөнүн мыкты мушкерлери аныкталат да, келерки жылы Лондондо өтүүчү жайкы олимпиада оюндарына катышуу жолдомолорун алуучу мелдештерге даярдана башташат.

Эх, Роза айым, кел, муз тебели!
Роза Отунбаева 1,5 жылдай өлкөнү катаал учурда башкарды. Кыргыздын тарыхында биринчи жолу "мурунку президент" деген наам-даражага толук ыйгарым менен татып олтурат. Роза айым президент кезинде спортко жакшы эле көңүл бөлүп, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен спортчуларды өз убагында кубаттап, шык, дем берип турду. Өзү да спорттон алыс эмес жана спорт жандуу адам экенин бир нече ирет далилдеди. Муз үстүндө конькини катыра тээп, стол үстүндөгү теннисти жакшы ойнорун билебиз. Ал эми кыргыз атын сыпаттай минип бастыра келсе, анча-мынча "аткошчулар" жете албай артта калгандарына коомчулук күбө. Ажолукту өткөрүп бергенден кийин ышкы туткан спорт жаатына көбүрөөк көңүл бөлүп ык коебу же баягы эле саясатка бет алып,
муз тепкенди, ат мингенди, теннис ойногонду көмүскөгө калтырабы?

Мылтык атуу
Көзгө атарлар мелдеши
Ордо калаада мылтык атуу боюнча Кыргызстандын биринчилиги аяктады. Пневматикалык аз найлуу (калибрлүү) тапанча атуу боюнча кыз-келиндер арасынан өлкө чемпиону деген наамга Бактыгүл Махмадова татыды. Ушундай эле аз найлуу мылтык атууда Сабина Исмаилова менен Руслан Исмаилов жеңишке жетишкен. Эркектер арасында тапанча менен жакынкы жана орто аралыкта бута
атууда Нурбек Сарыгуловдун көрсөткүчү жогору болуп чемпион аталган.

Сурат Жылкычиев